Күзөт мунарасынын ОНЛАЙН КИТЕПКАНАСЫ
Күзөт мунарасы
ОНЛАЙН КИТЕПКАНА
Кыргыз
  • ЫЙЫК КИТЕП
  • АДАБИЯТТАР
  • ЖОЛУГУШУУЛАР
  • jy 9-бөл. 26-б.—27-б. 1-абз.
  • Назарет шаарында чоңоюп-өсүшү

Бул жерде видео жок.

Кечиресиз, ката кеткендиктен видео ойнотулбай жатат.

  • Назарет шаарында чоңоюп-өсүшү
  • Иса Машаяк - жол, чындык, өмүр
  • Окшош материалдар
  • Ыйсанын бала чагы
    Тарыхтагы эң улуу адам
  • Ал мыкты үй-бүлө башчысы болгон
    Ишеними күчтүү инсандардан үлгү алгыла
  • Милдетин мыкты аткарган ата
    Күзөт мунарасы Жахабынын Падышалыгын жарыялайт—2012
  • Исанын бала чагы
    Ыйык Китептен таалим-тарбия ал
Дагы башкасы
Иса Машаяк - жол, чындык, өмүр
jy 9-бөл. 26-б.—27-б. 1-абз.
Жусуп Исага жыгач устачылык өнөрдү үйрөтүп жатат

9-БӨЛҮМ

Назарет шаарында чоңоюп-өсүшү

МАТАЙ 13:55, 56; МАРК 6:3

  • ЖУСУП МЕНЕН МАРИЯМДЫН БАШКА ДА БАЛДАРЫ ТӨРӨЛӨТ

  • ИСА ЖЫГАЧ УСТАЛЫКТЫ ӨЗДӨШТҮРӨТ

Иса чакан, анча белгилүү эмес Назарет шаарында чоңоюп-өсөт. Ал шаар Жүйүт жеринин түндүгүндөгү Галилея деп аталган тоолуу аймакта жайгашкан. Назареттин чыгышында Галилея деңизи деп белгилүү болгон чоң көл бар.

Кыязы, Иса экиге чыкканда, Жусуп менен Мариям Мисирден көчүп келишкен. Ошол маалда алардын Исадан башка баласы жок болгон көрүнөт. Бирок кийинчерээк Жакып, Жусуп, Симон жана Жүйүт деген уулдары төрөлгөн. Алардын кыздары да болгон. Ошентип, Исанын, бери дегенде, 6 бир тууганы болгон.

Албетте, Исанын башка да туугандары болгон. Буга чейин Элизабет менен анын уулу Жакан жөнүндө окуганбыз. Алар тээ түштүктө, Жүйүт жеринде, жашашат. Мариямдын, кыязы, Саломе деген бир тууганы бар. Ал Галилеяга жакын жерде жашайт. Саломе — Исанын таежеси. Анын күйөөсүнүн аты — Зебедей. Алардын Жакып, Жакан деген эки уулу Исанын бөлөлөрү болгон көрүнөт. Иса кичинекей кезинде алар менен канчалык көп убакыт өткөргөнүн так билбейбиз, бирок ал экөө кийин Исанын жакын достору жана элчилери болушат.

Бала-бакырасын багыш үчүн Жусуп кара жанын карч уруп иштейт. Ал — жыгач уста. Жусуп Исаны өз баласындай көрүп чоңойткондуктан, эл аны «жыгач устанын... уулу» деп атай турган (Матай 13:55). Ал уулуна жыгач усталык өнөрдү үйрөтөт. Иса болсо атасынын ар бир сөзүн илип алып, мыкты уста болуп чыга келет. Ошондуктан кийинчерээк эл ичинде Иса жөнүндө: «Бул жыгач уста эмеспи?» — деген сөздөр айтыла баштайт (Марк 6:3).

Жусуп менен Мариям балдарын Кудайдын мыйзамына ылайык насааттап жатышат

Жусуптун үй-бүлөсүндө Жахабага сыйынуу негизги орунда турган. Жусуп менен Мариям, Мыйзамда айтылгандай, балдарына үйдө отурганда да, жолдо баратканда да, жатканда да, турганда да Кудай жөнүндө талыкпай билим беришчү (Мыйзам 6:6—9). Назаретте синагога да бар болчу. Жусуптун бүт үй-бүлөсүн Кудайга сыйынуу үчүн ал жерге алып барып турганы шексиз. Анткени кийинчерээк Иса Машаяктын «ишемби күнү адатынча синагогага киргени» айтылган (Лука 4:16). Алар Жахабанын Иерусалимдеги ибадатканасына жыл сайын барганды да жакшы көрүшчү.

  • Исанын бери дегенде канча бир тууганы болгон?

  • Иса кайсы өнөрдү өздөштүргөн? Ал аны кантип өздөштүргөн?

  • Жусуп балдарын кантип тарбиялаган?

    Кыргызча адабияттар (1997-2025)
    Чыгуу
    Кирүү
    • Кыргыз
    • Бөлүшүү
    • Жөндөө
    • Copyright © 2025 Күзөт мунарасы, Ыйык Китеп жана баракчалар коому (Пенсильвания)
    • Колдонуу шарттары
    • Купуялуулук саясаты
    • Колдонуу шарттарын жөндөө
    • JW.ORG
    • Кирүү
    Бөлүшүү