72-САБАК
Исанын бала чагы
Жусуп менен Мариям Назарет шаарында жашаган. Алардын Исадан башка дагы уул-кыздары болгон. Жусуп жыгач уста болуп иштеп, үй-бүлөсүн бакчу. Ал балдарына Жахаба жана анын мыйзамдары жөнүндө дайыма айтып берчү. Алар Жахабага сыйыныш үчүн сыйынуу жайына үзбөй барышчу. Ал эми жыл сайын Иерусалимге Куткарылуу майрамына барып турушчу.
Иса 12 жашка чыкканда, алар адаттагыдай эле Иерусалимге майрамга барышкан. Шаар Куткарылуу майрамына келгендерге жык толуп калган. Майрам бүткөндөн кийин, Жусуп менен Мариям кайра үйүнө кайткан. Алар Исаны башкалар менен келатат деп ойлошкон. Бирок аны туугандарынын арасынан издеп, таппай коюшкан.
Ошондо алар кайра Иерусалимге барып, Исаны үч күн издешкен. Акыры, аны ибадатканадан табышкан. Иса устаттардын айткандарын кунт коюп угуп, суроолорду берип отуруптур. Устаттар болсо Исанын сөздөрүнө абдан таң калып, суроолорду беришкен. Анын берген жооптору да аларды таасирленткен. Алар Исанын Жахабанын Мыйзамын жакшы түшүнөрүн көрүшкөн.
Жусуп менен Мариям Исаны тапканча аябай сарсанаа болушкан. Ошон үчүн Мариям: «Балам, атаң экөөбүздүн сени издебеген жерибиз калган жок. Каякта жүрөсүң?» — деген. Иса болсо: «Менин Атамдын үйүндө болушум керектигин билген эмес белеңер?» — деп жооп берген.
Ошентип, Иса алар менен Назаретке кайтып барган. Ал Жусуптан жыгач устачылыкка үйрөнө берген. Иса кандай бала болгон деп ойлойсуң? Ал чоңойгон сайын акылдуу болуп, Кудайга да, адамдарга да жага берген.
«Оо, Кудайым, эркиңди аткаргандан рахат алам, мыйзамың менин жүрөгүмдө» (Забур 40:8)