Рухий нерселерден сергитүү ал
«Менин моюнтуругумду алгыла... Ошондо жаныңар сергийт» (МТ. 11:29).
1. Кудай Синай тоосунда кандай чара караштырган жана эмне үчүн?
СИНАЙ тоосунда күчүнө киргизилген Мыйзам келишиминде ишемби күнүн тутууга байланыштуу чара караштырылган. Жахаба өзүнүн өкүлү Муса аркылуу ысрайыл элине: «Алты күн иштеп, жетинчи күнү эс ал. Ошондо өгүзүң да, эшегиң да, күңүңдүн баласы да, келгин да эс алат»,— деп буйруган (Чыг. 23:12). Ооба, Жахаба сүйүүсүнөн улам Мыйзамдын бийлиги астындагы элине кам көрүп, алар «эс алышы», тактап айтканда, сергиши үчүн, ошол күндү караштырган.
2. Ысрайылдыктар ишемби күндү тутуудан кандай пайда алышкан?
2 Ишемби күн тек гана эс алууга арналган күн беле? Жок, ал ысрайылдыктардын Жахабага сыйынуусунун маанилүү бөлүгү болгон. Ишемби күндү тутуу менен үй-бүлө башчылары үйүндөгүлөрүн «адилеттүүлүк менен жашоого», «Теңирдин жолунда жүрүүгө» үйрөтө алышкан (Башт. 18:19). Ошондой эле ал үй-бүлөлөргө жана досторго чогулуп, Жахабанын иштери жөнүндө ой жүгүртүүгө жана пикир алышуудан кубаныч алууга шарт түзгөн (Ыш. 58:13, 14). Андан да маанилүүсү, ишемби күн Машаяктын Миң жылдык башкаруусундагы чындап сергите турган маалдын прообразы болгон (Рим. 8:21). Ал эми биздин күндөр жөнүндө эмне айтууга болот? Жахабанын жолунда жүрүүнү каалаган Исанын чыныгы жолдоочулары каяктан жана кантип сергитүү ала алышат?
Бир туугандар менен пикирлешүүдөн сергитүү ал
3. Исанын алгачкы жолдоочулары кантип бири-бирин бекемдешкен жана мунун натыйжасы кандай болгон?
3 Элчи Пабыл Исанын жолдоочуларынын жыйналышын «чындыктын түркүгү жана тиреги» деп атаган (1 Тим. 3:15). Исанын алгачкы жолдоочулары сүйүү менен бири-бирин бекемдеп-колдоодон көп пайда алышкан (Эф. 4:11, 12, 16). Пабыл Эфесте жүргөндө, Корунттагы жыйналыштагы бир туугандар аны бекемдөө үчүн ага барышкан. Мунун натыйжасы кандай болгонуна көңүл бурсаңар: «Истепандын, Фортунаттын жана Ахайиктин бул жерде экенине кубанып жатам,— деген Пабыл.— Алар менин... көңүлү[мдү] көтөрүштү» (1 Кор. 16:17, 18). Ошондой эле Тит бир туугандарга кызмат кылуу үчүн Корунтка барып келгенден кийин, Пабыл ал жактагы жыйналышка алардын Титке дем-күч бергенин жазган (2 Кор. 7:13). Бүгүнкү күндө да Жахабанын Күбөлөрү бир туугандары менен пикирлешүүдөн чындап сергишет.
4. Жыйналыш жолугушуулары бизди кандайча сергитет?
4 Сен жыйналыш жолугушууларынын зор кубанычтын булагы экенин өз тажрыйбаңдан билесиң. Ал жактан «ишенимибиз менен бири-бирибизди бекемдейбиз» (Рим. 1:12). Бир туугандарыбыз биз үчүн кез-кезде эле көрүшкөн, жакын мамиледе болбогон тааныштар эмес. Алар биздин чыныгы досторубуз, биз жакшы көргөн жана урматтаган адамдар. Жыйналыш жолугушууларында алар менен дайыма чогулуп туруу бизди кубанычка бөлөп, жубатат (Флм. 7).
5. Жыйындарда бири-бирибизди кантип сергитсек болот?
5 Жыл сайын өткөрүлүп турган облустук, райондук жана бир күндүк атайын жыйындар — сергитүүнүн дагы бир булагы. Андай чоң жыйындарда Кудайдын Сөзү Ыйык Китептен өмүр тартуулоочу чындык суусу берилгенден тышкары, жүрөгүбүздү «кенен ачууга» жакшы мүмкүнчүлүк түзүлөт (2 Кор. 6:12, 13). Бирок уялчаак болгондуктан бизге башкалар менен таанышуу кыйынга турсачы? Бир туугандарыбыз менен таанышуунун бир жолу — жыйындарда жардамыбызды сунуштоо. Эл аралык жыйында жардамын сунуш кылган бир эже мындай деген: «Мен үй-бүлөмөн, бир нече жакын досумдан башка эч кимди деле таанычу эмесмин. Бирок тазалоого жардам берип жатып, көптөгөн бир туугандар менен тааныштым! Бул абдан кубанычтуу болду!»
6. Эс алууда сергитүү алуунун бир жолу кайсы?
6 Ысрайылдыктар жыл сайын өткөрүлгөн үч майрамда Кудайга сыйынуу үчүн Иерусалимге барып турушчу (Чыг. 34:23). Ан үчүн көп учурда алар талаасын, дүкөнүн калтырып, чаң жолдор менен бир канча күн жөө жүрүшү керек болчу. Ошентсе да алар ибадатканага барып, Жахабаны даңктап жаткандарды көрүүдөн «зор кубаныч» алышкан (2 Жылн. 30:21). Бүгүн да Жахабанын көптөгөн кызматчылары үй-бүлөсү менен жакын жерде жайгашкан Бейтелге, Жахабанын Күбөлөрүнүн филиалдарынын бирине, баруудан зор кубаныч алышат. Балким, эмки үй-бүлөлүк эс алууда Бейтелге барууну пландаштырсаңар болоттур.
7. а) Үй-бүлөбүз, досторубуз менен чогуу убакыт өткөрүү канчалык пайдалуу? б) Жолугушуунун эсте каларлык, бекемдээрлик болушуна эмне өбөлгө түзөт?
7 Үй-бүлөбүз, досторубуз менен чогуу убакыт өткөрүү да дем-шык берет. Даанышман падыша Сулайман: «Адам үчүн күн астында жеп-ичип көңүл ачкандан артык эч нерсе жок»,— деген (Нас. 8:15). Андай жолугушуулар жан сергиткенден тышкары, бир туугандарыбыз менен жакшыраак таанышууга өбөлгө түзүп, ортобуздагы сүйүү түйүнүн чыңдайт. Эсте каларлык, бекемдээрлик болушу үчүн андай жолугушуулар чакан болушу жана өзгөчө, ичимдик берилсе, жакшы көзөмөлдөнүшү абзел.
Кызмат сергитет
8, 9. а) Исанын кабары китепчилер менен фарисейлердикинен канчалык айырмаланган? б) Ыйык китептик кабарды башкаларга айтуудан кандай пайда алабыз?
8 Иса кызматта ынталуу болгон; шакирттерин да ошого үндөгөн. Бул анын төмөнкү сөздөрүнөн айкын көрүнүп турат: «Түшүм көп, ал эми жумушчулар аз. Ошондуктан оруп-жыюуга жумушчуларды жибериши үчүн, оруп-жыюу ишинин Кожоюнуна жалынгыла» (Мт. 9:37, 38). Иса айткан кабар адамдарды чындап сергиткен; ал «жакшы кабар» болчу (Мт. 4:23; 24:14). Ал фарисейлердин адамдарга оор жүк арткан эрежелеринен кескин айырмаланган (Оку: Матай 23:4, 23, 24).
9 Башкаларга Падышалыктын кабарын айтканыбызда биз аларды рухий жактан сергитебиз, ошол эле учурда ыйык китептик чындыктарды өзүбүздүн акылыбызга жана жүрөгүбүзгө терең сиңиребиз. Забурчу: «Теңирди мактагыла, анткени Кудайыбызды даңктап ырдаган жакшы, анткени бул жагымдуу»,— деп таасын айткан (Заб. 146:1). Адамдарга Жахаба жөнүндө айтып, аны даңазалоодо кубанычыңды арттыра аласыңбы?
10. Кызматтагы ийгилигибиз адамдардын кабарыбызга кулак какканынан көз карандыбы? Түшүндүргүлө.
10 Ырас, айрым аймактарда жакшы кабарды жакшы кабыл алышса, башкаларында андай эмес (Оку: Элчилер 18:1, 5—8). Эгер сен эл Падышалыктын кабарына көп деле жооп кайтарбаган аймакта жашасаң, кызматыңдын аркасында ишке ашып жаткан жакшы нерселерге көңүл топтогонго аракет кыл. Жахабанын ысмын жарыялоо үчүн кылып жаткан аракеттериңдин текке кетпей турганын унутпа (1 Кор. 15:58). Анын үстүнө, биздин ийгилигибиз адамдардын жакшы кабарга кулак каккан-какпаганынан көз каранды эмес. Биз Жахабанын жүрөгү таза адамдарды байкап, аларга Падышалыктын кабарына жооп кайтарууга мүмкүнчүлүк берерине эч шектенбесек болот (Жкн. 6:44).
Үй-бүлөлүк сыйынуу сергитет
11. Жахаба ата-энелерге кандай жоопкерчилик берген жана алар аны кантип аткара алышат?
11 Кудайдан корккон ата-энелер балдарына Жахаба жана анын жолдору жөнүндө үйрөтүүгө жооптуу (Мыйз. 11:18, 19). Эгер ата же эне болсоң, балдарыңа асмандагы сүйүктүү Атабыз жөнүндө билим берүүгө атайын убакыт бөлүп койдуңбу? Бул маанилүү жоопкерчилигиңди аткарууга жана үй-бүлөңдүн муктаждыктарын канааттандырууга көмөк кылуу үчүн Жахаба китеп-журналдар, аудио-видео жаздыруулар аркылуу пайдалуу рухий тамакты мол берүүдө.
12, 13. а) Үй-бүлөлөр үй-бүлө менен сыйынуу кечинен кандай пайда ала алышат? б) Ата-энелер үй-бүлөлүк сыйынуунун сергитүүнүн булагы болуп жатканына кантип ынана алышат?
12 Мындан тышкары, ишенимдүү жана акылдуу кул үй-бүлө менен сыйынуу кечин караштырып берди. Бул кеч жума сайын үй-бүлөлүк изилдөө өткөрүүгө арналган. Көптөр анын үй-бүлөнүн биримдигин чыңдоого, бири бирине болгон сүйүүсүн арттырууга жана Жахаба менен болгон мамилесин бекемдөөгө жардам берип жатканын байкашууда. Бирок ата-энелер үй-бүлөлүк сыйынуунун рухий жактан сергитүүнүн булагы болуп жатканына кантип ынана алышат?
13 Үй-бүлөлүк сыйынуу кызыксыз, көңүлсүз болбошу керек. Анткени биз «бактылуу Кудайга» сыйынабыз жана ал биздин ага кубанычтуу кызмат кылышыбызды каалайт (1 Тим. 1:11; Флп. 4:4). Ооба, Ыйык Китептеги асыл чындыктар тууралуу талкуулоого кошумча кеч бөлүү — зор бата. Ата-энелердин үй-бүлөлүк сыйынууда окутуу ыкмаларын колдонууда ийилчээк, чыгармачыл, тапкыч болууга аракет кылганы дурус. Мисалы, бир үй-бүлө он жашар баласы Брендонго «Ыйык Китепте Шайтан эмне үчүн жылан деп аталган?» деген темада сөз даярдап келүүнү тапшырган. Ал суроо Брендонду көп ойлондурчу, себеби жыландарды жакшы көргөндүктөн ал Шайтандын жылан деп аталганына капа болчу. Кээ бир үй-бүлөлөр мезгил-мезгили менен ыйык китептик окуяларга негиздеп, драма коюшат. Аларда үй-бүлөнүн ар бир мүчөсү Ыйык Китептен өзүнө бөлүштүрүлгөн каармандын сөздөрүн анын образын чагылдырып окуп берет, же болбосо ошол окуяны сахналаштырышат. Мындай окутуу ыкмалары кызыктуу эле болбостон, балдарды да катыштырып, ыйык китептик принциптердин алардын жүрөгүн козгошуна өбөлгө түзөтa.
Чарчатып-чаалыктыра турган нерселерден кач
14, 15. а) Кандайча акыркы күндөрдө стресс көбөйүп, жашоо барган сайын кооптуу болууда? б) Биз кандай кошумча стресске дуушар болушубуз мүмкүн?
14 Бул бузулган дүйнө түзүлүшүнүн акыркы күндөрүндө стресс көбөйгөндөн көбөйүп, жашоо барган сайын кооптуу болууда. Жумушсуздук жана башка экономикалык кыйынчылыктар миллиондогон адамдарга таасир этүүдө. Атүгүл жумушу барларга да көп учурда тапкан акчасы үйгө түбү тешик намыянга салынып келип, үй-бүлөсүнө аз эле пайда алып келип жаткандай сезилет (Салыштыр: Акай 1:4—6). Саясатчылар, бийлик башчылары террорчулукту жана жамандыктын башка себептерин жоё албачудай туюлат. Көптөр өздөрүнүн кемчилик-каталарынан улам кыйналышат (Заб. 37:5).
15 Шайтандын дүйнө түзүлүшүндөгү мындай кыйынчылык-кысымдар Исанын чыныгы жолдоочуларын кыя өтпөйт (1 Жкн. 5:19). Кээ бир учурларда Машаяктын шакирттери Жахабага ишенимдүү болууга аракет жасагандыктан кошумча стресске дуушар болушат. «Эгер мени куугунтукташса, силерди да куугунтукташат»,— деп айткан Иса (Жкн. 15:20). Бирок биз «куугунтукталып жатсак да», «ташталган жокпуз» (2 Кор. 4:9). Эмне үчүн минтип айтууга болот?
16. Кубанычыбызды сактоого эмне жардам берет?
16 Иса: «Мээнеттенгендер жана түйшүк тарткандар, баарыңар мага келгиле. Мен силерди сергитем»,— деген (Мт. 11:28). Машаяктын куткаруу курмандыгына толук ишеним артуу менен биз, мындайча айтканда, өзүбүздү Жахабанын колуна тапшырабыз. Ошентип, «адаттан тышкаркы күчкө» ээ болобуз (2 Кор. 4:7). «Жардамчы», Кудайдын ыйык руху, ишенимибизди бекемдеп, сыноолорду жана кыйынчылыктарды көтөрүп кетүүгө жардам берет, андан сырткары, кубанычыбызды сактоого көмөк кылат (Жкн. 14:26; Жкп. 1:2—4).
17, 18. а) Кайсы рухка каршы турушубуз керек? б) Ырахат алууну жашоодо негизги орунга коюу эмнеге алып келиши мүмкүн?
17 Бүгүнкү күндө Исанын чыныгы жолдоочулары кандай жол менен болбосун ырахат алууга үндөгөн дүйнөнүн рухунан сак болушу керек (Оку: Эфестиктер 2:2—5). Сак болбосок, «дене кумары, көз кумары жана колунда болгон нерселери менен мактангандыктын» кылтагына илинип калышыбыз ыктымал (1 Жкн. 2:16). Же дене кумарын кандыруу сергитет деген ойго алданып калышыбыз мүмкүн (Рим. 8:6). Маселен, айрымдар сезимдерин козгоо үчүн баңгизат колдонуп, ичимдикти кыянат пайдаланып, порнографияга, спорттун кооптуу түрлөрүнө жана ар кандай туура эмес иштерге иришип кетишкен. Шайтандын «айла-амалдары» чынында сергитпеген нерселерди сергите тургандай кылып көрсөтүүгө багытталып, адамдарды адаштырат (Эф. 6:11).
18 Чынында, чеги менен ичип-жегендин, пайдалуу көңүл ачкандын эч жаман жери жок. Бирок биз андай нерселердин жашообузда негизги орунду ээлеп алышына жол бербейбиз. Айрыкча, кайсы убакта жашап жатканыбызды эске алганда, тең салмактуу болуу жана өзүбүздү башкара билүү абдан маанилүү. Жеке кызыкчылыктарыбызды көздөө чарчатып-чаалыктырып, Мырзабыз Иса Машаяк жөнүндөгү так билимибизди колдонууда «иш-аракетсиз же жемишсиз» болуп калышыбызга алып келиши мүмкүн (2 Пет. 1:8).
19, 20. Кантип чыныгы сергитүү ала алабыз?
19 Жахабанын нормаларына ылайык ой жүгүрткөнүбүздө дүйнө кандай ырахат сунуштабасын, анын убактылуу экенине көзүбүз жетет. Муса муну жакшы түшүнгөн, биз да ошентишибиз керек (Эвр. 11:25). Атабыздын эркин аткаруудан чыныгы сергитүү ала алабыз. Мындай сергитүү бизге терең, узакка созулуучу кубаныч жана канааттануу тартуулайт (Мт. 5:6).
20 Андыктан рухий нерселерден сергитүү алууга умтула берели. Ошентүү менен «кереметтүү үмүттүн ишке ашышын, улуу Кудайдын жана Куткаруучубуз Машаяк Исанын даңк менен ачык көрүнүшүн күтүп жатканыбызда» «ыймансыздык менен дүйнөнүн каалоолорун четке кагабыз» (Тит 2:12, 13). Эмесе, Исанын бийлигине жана жетекчилигине баш ийүү менен анын моюнтуругун алып жүрүүгө чечкиндүү бололу. Ошондо чындап бактылуу болобуз жана жаныбыз сергийт!
[Шилтемелер]
a Үй-бүлөлүк сыйынууну кантип кызыктуу жана маңыздуу кылып өткөрсө болоруна байланыштуу кошумча маалымат алуу үчүн 2009-жылдын 15-октябрындагы «Күзөт мунарасынын» 29—31-беттерин карагыла.
Исанын моюнтуругун алсак, бизди көп нерсе сергитет
Эмне деп жооп берет элеңер?
• Жахабанын эли бүгүнкү күндө кантип сергитүү алууда?
• Кызматыбыз бизди жана биз кабар айткан адамдарды кандайча сергитет?
• Үй-бүлө башчылары үй-бүлөлүк сыйынуунун сергитип жатканына кантип ынана алышат?
• Кайсы нерселер бизди рухий жактан чарчатып-чаалыктырат?