Кыйынчылыктардын кысымынан арылуунун жолу
«Бардык мээнеттенгендер жана түйшүк тарткандар,мага келгиле, мен силерди сергитем» (МАТФЕЙ 11:28, ЖД).
1, 2. а) Ыйык Китепте кыйынчылыктардын кысымынан арылууга жардам берерлик эмне бар? б) Ыйсанын окуулары канчалык пайдалуу болгон?
ӨТӨ көп стресске чалдыгуунун залакалуу, атүгүл азаптуу экенин эч кимибиз деле танбайт чыгарбыз. Ыйык Китепте айтылгандай, адамзаттын жүгү ушунчалык оор болгондуктан, азыр көптөр турмуш түйшүктөрүнөн арылар күндү эңсеп жатышат (Римдиктер 8:20—22). Бирок Ыйык Китепте оор абалдан канткенде азыркы убакта да кутула аларыбыз көрсөтүлөт. Ан үчүн 20 кылым мурун жашаган бир адамдын кеңештерине, үлгүсүнө кайрылышыбыз зарыл. Устачылык кесибин жакшы көрсө да, ал биринчи кезекте адамдарды сүйгөн. Ал адамдардын жүрөгүнө таасир калтырып, муктаждыктарына сезимтал болгон, алсыздарга жардам берип, көңүлү чөккөндөрдү жубаткан. Анан да, көптөгөн адамдарга рухий дараметин толук пайдаланууга көмөк кылган. Ошондуктан алар кыйынчылыктардын кысымынан бошоно алышкан — демек, биз да бошоно алабыз (Лука 4:16—21; 19:47, 48; Иоанн 7:46).
2 Бул адам — назареттик Ыйса. Байыркы Римдеги, Афиныдагы же Александриядагы кээ бир адамдарга окшоп, ал тажрыйбалуулук, илим-билимдүүлүк менен жетектелген эмес. Ошентсе да анын окуулары жалпыга белгилүү болгон. Ыйсанын окууларынын темасы Кудайдын жерди ийгиликтүү башкара турган өкмөтүнө байланышкан. Мындан тышкары, Ыйса жашоого катышы бар негизги принциптерди — бүгүнкү күндө мааниси зор принциптерди — талкуулаган. Анын окуулары менен таанышып, аларды иш жүзүндө колдонгондор азыртан эле пайда алып, кыйынчылыктардын кысымынан арылышууда. Силер дагыбы?
3. Ыйса кандай жагымдуу чакыруу менен кайрылган?
3 Бирок силер: «Тээ алмустакта жашаган адам менин жашоомо кантип таасир тийгизе алсын?» — деп шектенишиңер мүмкүн. Анда Ыйсанын жанга жагымдуу төмөнкү сөздөрүнө кулак төшөгүлөчү: «Бардык мээнеттенгендер жана түйшүк тарткандар, мага келгиле, мен силерди сергитем. Менин моюнтуругумду алып, менден үйрөнгүлө, себеби мен жоошмун жана жүрөгүм момун, ошондо жаныңар сергийт. Анткени менин моюнтуругум ыңгайлуу жана жүгүм жеңил» (Матфей 11:28—30, ЖД). Бул сөздөр эмнени билдирет? Келгиле, алардын маанисине кеңирирээк токтолуп, кыйынчылыктардын кысымынан арылууга ал сөздөрдүн кандай жардам берерин карап көрөлү.
4. Ыйса өзүнүн сөздөрү менен кимдерге кайрылган жана эмне үчүн Ыйсанын угуучуларына анын чакыруусун кабыл алуу оңойго турбашы мүмкүн эле?
4 Ыйса ал сөздөрдү мыйзамга ылайык иш кылууга аракеттенген, бирок иудей дин жетекчилеринин динди оор жүккө айлантканынан улам «түйшүк тарткан» көп адамдарга айткан (Матфей 23:4). Диний жетекчилер жашоонун дээрлик бардык тармактарына толгон токой эрежелерди киргизишкен болчу. Кимдир бирөө кечке эле «муну кылба, тигини кылба» деп турса, стресске чалдыкпайт белеңер? Ал эми Ыйсанын чакыруусу адамдарды чындыкка, адилеттикке жана аны угуу менен жакшыраак жашоо алып барууга үндөгөн. Ооба, чыныгы Кудайды таанып-билүү үчүн Ыйса Машайыкка назар салуу зарыл эле, анткени адамдар ал аркылуу Иегованын кандай экенин көрө алышкан жана көрө алышат. «Мени ким көрсө, ал Атамды көргөнү»,— деген Ыйса (Иоанн 14:9).
Кыйынчылыктардын кысымына дуушарланып жатасыңарбы?
5, 6. Ыйсанын убагындагы жумуш шарттары менен эмгек акы бүгүнкүгө салыштырмалуу кандай болгон?
5 Жумуштагы же үй-бүлөдөгү жагдайыңардын оордугунан улам жашооңор кыйынчылыктардын курчоосунда өтүп жатышы мүмкүн. Башка жоопкерчиликтериңер да оор жүктөй көрүнүшү ыктымал. Эгер ошондой болсо, силер Ыйса жолуктурган жана жардам берген чын ыкластуу адамдардайсыңар. Мисалга жашоого каражат табуу көйгөйүн алып көрөлү. Муну менен бүгүн көптөр алпурушуп жатышат, Ыйсанын убагында да ошондой болгон.
6 Ал кезде жумушчу бир жумада 6 күн бою 12 сааттан кара жанын карч уруп иштеп, адатта, бир күндө бир эле динарий тапчу (Матфей 20:2—10). Муну өзүңөрдүн же жоро-жолдошторуңардын маянасы менен салыштырып болобу? Байыркы мезгил менен азыркы убактын маяналарын салыштыруу оңойго турбашы ыктымал. Ан үчүн, мисалы, акчанын күчүн баалап, ага эмне сатып алса болорун карап көрүү зарыл. Бир окумуштуунун айтымында, Ыйса жашаган убакта бир килодой буудай ундан жасалган нандын баасы болжол менен бир сааттык эмгек акыга барабар болчу. Экинчи окумуштуунун пикири боюнча, бир чөйчөк мыкты шараптын наркы эки сааттай эмгек акыга тең келчү. Мындан ошо кездеги адамдардын жан багуу үчүн көп саат бою жан үрөп эмгектенгенин көрсөк болот. Алар, биз сыяктуу эле, жардамга жана сергитүүгө муктаж болушкан. Балким, иштеген жериңерде көбүрөөк эмгектенүүгө мажбур болуп аткандырсыңар. Адатта, жакшылап ойлонуп чечим чыгарууга да убакыт табылбайт. Ошондуктан кыйынчылыктардын кысымынан бошонууну самап жатканыңарды жашырбайт чыгарсыңар.
7. Ыйсанын кабары кандай кабыл алынган?
7 Ыйсанын бардык «мээнеттенгендерге жана түйшүк тарткандарга» айткан чакыруусу көптөгөн угуучулардын купулуна төп келгени талашсыз (Матфей 4:25; Марк 3:7, 8). Анан да, Ыйсанын: «Мен силерди сергитем»,— деп убадалаганын эстесеңер. Ал убада бүгүн да күчүндө. Эгер биз мээнеттенип, түйшүк тартып жүрсөк, Ыйсанын убадасы бизге да, жагдайы биздикиндей жакындарыбызга да тиешелүү болот.
8. Бала тарбиялоо жана карылык кандайча кыйынчылыктардын кысымын күчөтүүдө?
8 Адамдарды башка нерселер да түйшөлтөт. Балдарды чоңойтуу — чоң кыйынчылыктардын бири. Ал түгүл балдардын да өз кыйынчылыктары бар. Психикалык жана денелик саламаттыгы жабыркаган адамдардын саны (жаш-кары дебей) улам көбөйүүдө. Азыр адамдар узагыраак өмүр сүрө алышканы менен, медицинадагы жетишкендиктерге карабай кары-картаңдарга өзгөчө көйгөйлөр менен күрөшүүгө туура келүүдө (Үгүтчү 12:1).
Моюнтурук кийип иштөө
9, 10. Байыркы убакта моюнтурук эмненин символу болгон жана эмне үчүн Ыйса адамдарды анын моюнтуругун алууга чакырган?
9 Ыйсанын Матфей 11:28, 29-аяттарда: «Менин моюнтуругумду алып, менден үйрөнгүлө»,— деп айткан сөздөрүнө көңүл бурдуңарбы? А кезде карапайым киши өзүн моюнтурук кийип иштеп жаткандай сезиши мүмкүн эле. Эзелтен бери моюнтурук кулчулуктун жана көз карандылыктын символу болуп келген (1 Муса 27:40; 3 Муса 26:13; 5 Муса 28:48). Ыйса жолуктурган көптөгөн жалданма жумушчулар ийиндерине кадимки моюнтурукту кийип, оор жүк көтөрүп иштешкен. Кандай жасалганына жараша, моюнтурук же ыктуу болмок, же моюн менен ийинди өйкөмөк. Ыйса жыгач уста болгондуктан, моюнтурук жасаганды жана аны кантип «ыңгайлуу» формага келтирсе болорун билген чыгар. Мүмкүн болушунча ыктуу болушу үчүн, Ыйса моюнтурукту моюн менен ийинге тийип турчу жерлерине булгаары же кездеме төшөп жасаса керек эле.
10 «Менин моюнтуругумду алгыла» — деп, Ыйса өзүн жумушчунун мойнуна жана ийиндерине «ыңгайлуу» болорлук жакшы моюнтуруктарды жасаган устага теңей алмак. Анан ал: «Жүгүм жеңил»,— деп айткан. Бул болсо моюнтуруктун колдонууга эпсиз, а жумуштун кулдун ишиндей оор болбогонун билдирет. Ырас, Ыйса угуучуларын анын моюнтуругун алууга чакыруу менен аларга ошо кездеги оор шарттардын баарынан заматта арылууну сунуш кылган эмес. Ошентсе да, анын сунушу боюнча, башка көз карашка ээ болуп, адамдар кыйла сергий алышмак. Өздөрүнүн жашоо образын жана иш-аракеттерин өзгөртүү менен алар жеңилдене да алышмак. Андан да маанилүүсү, айкын-даана жана бекем үмүткө ээ болуп, алар кыйынчылыктардын кысымына мүмкүн болушунча азыраак кабылышмак.
Силер сергий аласыңар
11. Эмне үчүн Ыйса моюнтуруктарды алмаштырып коюуну сунуш кылган эмес?
11 Бирок Ыйсанын адамдар бир моюнтурукту экинчисине алмаштырат деп айтпаганын байкасаңар. Бүгүн Ыйсанын жолдоочулары жашап жаткан жерлер өкмөттөрдүн көзөмөлүндө болгондой эле, I кылымда өлкө Рим империясынын башкаруусу астында кала бермек. I кылымда римдиктердин салык салуу системасы жоюлган эмес эле. Ден соолукка жана экономикага байланыштуу проблемалар жок болуп кетмек эмес. Жеткилеңсиздик жана күнөө адамдарга мурдагыдай эле таасирин тийгизе бермек. Буга карабай, Ыйсанын жолдоочулары анын окутуусун кабыл алуу аркылуу сергий алышкан, биз да сергий алабыз.
12, 13. Ыйса сергитерлик кайсы ишке басым койгон жана буга кээ бирөөлөр кандай жооп кайтарышкан?
12 Ыйсанын моюнтурук жөнүндөгү мисалы негизинен шакирт даярдоо ишине байланыштуу айкындалган. Кудайдын Падышалыгына басым коюп, башкаларды окутуу Ыйсанын негизги иши болгону күмөнсүз (Матфей 4:23). Ошондуктан анын: «Менин моюнтуругумду алгыла»,— деген сөздөрү анын жолун жолдоп, ошол ишке катышууну да билдирет. Инжилде көрсөтүлгөндөй, Ыйса пейли таза адамдарга өздөрүнүн аткарып жүргөн ишин — көптөрдү тынчсыздандырган нерсени — өзгөртүүгө түрткү берген. Анын Пётрду, Андрейди, Жакыпты жана Иоаннды: «Мени ээрчигиле, Мен силерди адам кармоочу кылам»,— деп чакырганын эстесеңер (Марк 1:16—20). Ыйса бул балыкчыларга анын жетекчилигин жана жардамын кабыл алып, ал өзүнүн жашоосунда биринчи орунга койгон ишти аткарышса кандай канааттануу алышарын көрсөткөн.
13 Ыйсаны угуп турган иудейлердин айрымдары анын сөзүнүн маңызын түшүнүп, айткандарын жүзөгө ашырышкан. Лука 5:1—11-аяттарда сүрөттөлгөн көлдүн жээгиндеги көрүнүштү элестетип көрсөңөр. Төрт балыкчы түнү бою балык уулап, эч нерсе кармай алышпайт. Анан заматтын ичинде торлору балыкка толуп чыгат! Бул кокустук эмес, а Ыйсанын кийлигишүүсүнүн натыйжасы. Эми алар жээкке көз чаптырып, Ыйсанын окууларын дилгирлик менен угуп жаткан көп сандаган адамдарды көрүшөт. Бул болсо Ыйсанын: «Ушундан баштап, адамдарды кармайсың»,— деген сөздөрүнүн маанисин түшүнүүгө жардам берген. Алар эми эмне кылышат? «Эки кайыкты тең жээкке чыгарышып, бардыгын таштап, Анын артынан кетишет».
14. а) Биз кантип сергий алабыз? б) Ыйса жан сергитерлик кайсы жакшы кабарды тараткан?
14 Силер да ошондой иш-аракет жасай ала аласыңар. Адамдарды Ыйык Китептеги чындыкка үйрөтүү иши азыр да улантылууда. Дүйнө жүзү боюнча алты миллиондой Иегованын Күбөлөрү Ыйсанын «моюнтуругун алып», «адам кармоочу» болуп эмгектенишүүдө (Матфей 4:19). Айрымдар бул ишке убактысын толук жумшаса, калгандары буга мүмкүнчүлүгүнө жараша убакыт арноодо. Натыйжада баары тең сергишкендиктен жашоодогу кыйынчылыктардын кысымына азыраак кабылышат. Бул ишке катышуу, башкаларга жакшы кабарды — «Падышалык жөнүндөгү Жакшы Кабарды» — жарыялоо жагымдуу (Матфей 4:23). Жакшы кабарды, айрыкча, ушул жакшы кабарды таратуу дайыма кубанычтуу. Ыйык Китепте адамдарды кыйынчылыктардын кысымына азыраак дуушар болгудай жашоо алып барууга ынандырарлык негизги маалымат бар (2 Тимофей 3:16, 17).
15. Ыйсанын жашоо жөнүндөгү окууларынан кандай пайда алууга болот?
15 Ыйсанын жашоого тиешелүү окууларынан Кудайдын Падышалыгы жөнүндө жаңы эле биле баштагандар да кандайдыр бир деңгээлде пайда алышат. Көп адамдар Ыйсанын окуулары аларды сергиткенин жана жашоолорун түп-тамырынан бери өзгөртүүгө жардам бергенин тастыктай алышат. Буга ынануу үчүн, Ыйсанын жашоосу менен кызматы тууралуу билдирүүлөрдө, өзгөчө, Матфей, Марк жана Лука жазган Инжилдерде берилген жашоого байланыштуу айрым принциптерди карап чыгууга болот.
Сергүүнүн жолу
16, 17. а) Ыйсанын негизги окууларынын айрымдарын каерден табууга болот? б) Ыйсанын окууларын колдонуп сергиш үчүн эмне зарыл?
16 Б.з. 31-жылынын жазында Ыйса сүйлөгөн дарс ушу күнгө дейре дүйнөгө белгилүү. Ал, адатта, Тоодогу насаат деп аталып, Матфей 5—7-баптарда, Лука 6-бапта жазылган жана анда Ыйсанын көп окуулары жыйынтыкталган. Инжилдин бөлөк жерлеринен анын башка да окууларын табууга болот. Анын айткан сөздөрүнүн көбү айкын эле берилген, бирок аларды иш жүзүнө ашыруу оңойго турбашы мүмкүн. Ошо баптарды кылдат, кунт коюп окуп чыгууга эмне үчүн болбосун? Ыйса айткан ойлор ой жүгүртүүңөргө жана көз карашыңарга таасир этсин.
17 Арийне, Ыйсанын окууларын ар кандайча жайгаштырууга болот. Келгиле, ал окуулардын негизгилерин айдын ар бир күнүнө бирден бөлүштүрүп, турмушубузда колдонуп көрөлү. Кантип? Аларды көз жүгүртүп эле окуп койбогула. Бай жетекчинин Ыйса Машайыктан: «Түбөлүк өмүргө мураскор болуу үчүн, мен эмне кылуум керек?» — деп сураганын эстесеңер. Ыйса Кудайдын Мыйзамынан маанилүү талаптарды санап өткөндө, ал жетекчи буларды мурунтан бери аткарып келгенин айткан. Ошентсе да бул бай адам андан көбүрөөк нерсе талап кылынарын түшүнүп турган. Ыйса аны көбүрөөк күч-аракет жумшап, Кудайдын принциптерин иш жүзүндө колдонууга, жигердүү шакирт болууга үндөгөн. Сыягы, бул адам буга даяр болбогон көрүнөт (Лука 18:18—23). Демек, бүгүн Ыйсанын окууларын таанып-билгиси келген адам аларды макул көрүү менен аларды иш жүзүндө колдонуунун ортосунда айырма бар экенин унутпашы керек. Экинчиси кыйынчылыктардын кысымын солгундатат.
18. Тиркеме кутуну кантип пайдалуу колдонууга болорун көрсөткүлө.
18 Ыйсанын окууларын өздөштүрүп, иш жүзүндө колдоно баштоо максатында тиркеме кутудагы 1-пунктка көңүл бургула. Анда Матфей 5:3—9-аяттарга шилтеме берилет. Чынында, бул аяттарда берилген сонун кеңештердин үстүнөн ой жүгүртүүгө ар бирибиз мерчемдүү убакыт бөлө аларбыз. Ал аяттарды бүтүндөй карап чыгып, маанай жөнүндө кандай тыянак чыгарасыңар? Жашооңордогу кыйынчылыктардын кысымын жеңүүнү чындап кааласаңар, силерге эмне жардам берерин байкадыңарбы? Рухий нерселерге көбүрөөк көңүл буруп, алардын ой-санааларыңардын көбүн ээлешине жол берсеңер, кандайча бул силерге оң таасирин тийгизе алат? Кандайдыр бир тынчсызданууңар болсо, ага анчалык көп маани бербей, рухий иштерге көбүрөөк көңүл бура аласыңарбы? Ошенткениңер бактыңарды арттырат.
19. Түшүнүгүңөрдү кеңейтүү үчүн эмне кылууга болот?
19 Эми андан кийинки кадамга өткүлө. Ошол аяттарды Кудайдын бөлөк бир кызматчысы менен, балким, никелик жолдошуңар, жакын тууганыңар же досуңар менен талкуулап көрсөңөр кандай? (Аңгемелер 18:24; 20:5). Бай жетекчинин маселеге катышы бар нерселер жөнүндө башка бирөөдөн — Ыйсадан — сураганын эстесеңер. Ыйсанын жообуна жараша иш кылса, ал адам бактылуу болуп, чексиз өмүр сүрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болмок. Силер менен аяттарды талкуулашкан ишенимдешиңер Ыйсага тең келбесе да, Ыйсанын окуулары жөнүндө сүйлөшүү экөөңөргө тең пайда алып келет. Бул кадамды жакын арада жасап көргүлө.
20, 21. Ыйсанын окууларын таанып-билүү үчүн кайсы программаны ишке ашырууга болот жана кантип ийгиликке жетүүгө болот?
20 «Турмушта колдонорлук окуулар» деген тиркеме кутуга кайрадан назар салгыла. Бул окуулар бир күндө, жок дегенде, бир окууну талдап чыгууга чакталып бөлүштүрүлгөн. Адегенде ал аяттарда Ыйсанын эмне дегенин окуп чыксаңар болот. Анан анын сөздөрүнүн үстүнөн ойлонуп көргүлө. Аларды өз турмушуңарда кантип колдоно аларыңарга ой салгыла. Кудайдын бул окуусун мурунтан эле колдонуп келатам деп эсептесеңер, ага ылайык жашоо үчүн дагы эмне кылууга болору жөнүндө ой жүгүрткүлө. Ал окууну ошол күндүн ичинде колдонууга аракеттенгиле. Эгер аны түшүнүүгө же кантип колдонууга болорун көрүүгө күч-аракет талап кылынса, буга дагы бир күн жумшагыла. Бирок биринчисин өздөштүрүп бүтпөсөңөр да кийинки окууга өтө берсе болорун эсиңерден чыгарбагыла. Эмки күнү кийинки окуунун үстүнөн иштей берсеңер болот. Жуманын аягында болсо Ыйсанын төрт же беш окуусун өздөштүрүүдө канчалык ийгиликтүү болгонуңарды карап чыксаңар болот. Наркы жумада андан кийинки окуулардын үстүнөн байма-бай иштей бергиле. Кээ бир окууларды иш жүзүндө колдоно албай калсаңар, башты жерге салбагыла. Мындай абалга Ыйсанын ар бир жолдоочусу туш болот (2 Тарых 6:36; Забур 129:3; Үгүтчү 7:20; Жакып 3:8). Тиркеме кутудагы үчүнчү жана андан кийин жумага белгиленген окуулардын үстүнөн андан ары иштей бергиле.
21 Бир айда же ошонун тегерегинде 31 пункттун баарын колдоно алышыңар мүмкүн. Кандай болбосун, жыйынтыгында өзүңөрдү бактылуураак, а балким, жеңилирээк сезип калбайсыңарбы? Жылыш аз болсо да, кыйынчылыктардын кысымынан арыла түшкөнүңөрдү сезишиңер мүмкүн же жок эле дегенде, аны ооздуктоого жөндөмдүү болуп, Ыйсанын окууларын андан ары да колдоно билип каласыңар. Ыйсанын бул тизмеге кирбеген окууларында башка да көптөгөн сонун пункттар бар экенин эстен чыгарбайлы. Алардын айрымдарын издеп таап, ишке ашырып көрүүгө эмне үчүн болбосун? (Филиппиялыктар 3:16).
22. Ыйсанын окууларын колдонуу кандай натыйжа бериши мүмкүн жана дагы кайсы аспект изилденүүгө тийиш?
22 Силер Ыйсанын моюнтуругу анчалык жеңил болбосо да, ыңгайлуу экенин көрөсүңөр. Анын окууларынын жана шакирттигинин жүгү жеңил. Ыйсанын жакын досу расул Иоанн 60 жылдан ашык убакыт бою топтогон жекече тажрыйбасына таянып: «Кудайды жакшы көргөнүбүз ошол — Анын парыздарын сактап жүргөнүбүз; Анын парыздары болсо кыйын эмес»,— деп айткан (1 Иоанн 5:3). Буга силер да ынана аласыңар. Ыйсанын окууларын канчалык көбүрөөк колдонсоңор, бүгүн көптөрдү азапка салып жаткан кыйынчылыктардын кысымын ошончолук азыраак сезесиңер. Ошондой эле кандайдыр бир деңгээлде жеңилдеп калганыңарды туясыңар (Забур 33:9). Бирок Ыйсанын ыңгайлуу моюнтуругунун талдоого аларлык дагы бир аспектиси бар. Ыйса өзүнүн «жоош жана жүрөгү момун» болгонун да кеп кылган. Бул биздин Ыйсадан үлгү алып, аны туурап жатканыбызга канчалык дал келет? Муну эмки макалада талкуулайбыз (Матфей 11:29).
[Шилтемелер]
Турмушта колдонорлук окуулар
Матфей 5—7-баптардан кандай жакшы нерселерге үйрөнө аласыңар? Бул баптарда Улуу Окутуучу Ыйсанын Галилея тоосунун боорунда айткан окуулары камтылган. Ыйык Китебиңерден келтирилген аяттарды окуп чыккыла да, өзүңөргө төмөнкү суроолорду берип көргүлө.
1. Матфей 5:3—9 Бул мага өзүмдүн демейки маанайым тууралуу эмне айтып турат? Дагы да көбүрөөк бактылуу болуу үчүн эмне кылсам болот? Рухий муктаждыктарыма канткенде көбүрөөк көңүл бура алам?
2. Матфей 5:25, 26 Көп адамдар чыр-чатакчыл келишет, бирок кандай маанайга ээ болгон жакшы? (Лука 12:58, 59).
3. Матфей 5:27—30 Ыйсанын сөздөрүндө сексуалдык кыялданууга байланыштуу эмне баса белгиленген? Андайдан алыс болуу кандайча менин бактылуу болушума жана көңүлүмдүн тынч болушуна өбөлгө түзөт?
4. Матфей 5:38—42 Азыркы коомдо абдан агрессивдүү болууга көп маани берилип жатканда, эмне үчүн мындай рухтан качууга аракеттенишим керек?
5. Матфей 5:43—48 Мен душман деп эсептеп жүргөн адамдар менен жакыныраак таанышуу мага кандай пайда алып келет? Бул кас сезимдердин табын кайтарууга же жок кылууга кандай салым кошо алышы ыктымал?
6. Матфей 6:14, 15 Кээде кечиримсиз болууга ийкемдүү болсом, мунун негизги себеби көрө албастыкта же таарынгандыкта эмеспи? Бул жагынан канткенде оңоло алам?
7. Матфей 6:16—18 Ички дүйнөмө эмес, көбүрөөк сырткы көрүнүшүмө кам көрүүгө жакын эмесминби? Эмнеге көбүрөөк көңүл бурушум керек?
8. Матфей 6:19—32 Акчага жана мал-мүлккө ашкере кызыгуу эмнеге алып келет? Бул жактан тең салмактуу болуш үчүн, эмне тууралуу ойлонушум керек?
9. Матфей 7:1—5 Кылдан кыйкым таап, айыптоого, сындоого маш адамдардын арасында өзүмдү кандай сезем? Эмнеге андай рухтан качуу мен үчүн маанилүү?
10. Матфей 7:7—11 Кудайга өтүнүч менен кайрылууда тырышчаак болуу туура болсо, жашоонун башка аспектилерине байланыштуу эмне десе болот? (Лука 11:5—13).
11. Матфей 7:12 «Алтын эрежени» билсем да, башкаларга мамиле кылууда бул кеңешти канчалык көп колдоном?
12. Матфей 7:24—27 Жашоомо багыт берүүгө өзүм жоопкер болгон соң, кыйынчылыктардын соккусуна жана кырсыктардын ташкынына канткенде жакшыраак даяр боло алам? Бул жөнүндө эмне үчүн азыр ойлошум керек? (Лука 6:46—49).
Талдап чыгууга болорлук кошумча окуулар:
13. Матфей 8:2, 3 Ыйсага окшоп, бей-бечараларга кантип боор ооруй алам?
14. Матфей 9:9—38 Ырайым кылууга мен кандай маани берем жана кантип көбүрөөк ырайымдуулук көрсөтө алам?
15. Матфей 12:19 Ыйса жөнүндөгү пайгамбарлыктан сабак алып, талаш-тартыштардан качууга аракеттенемби?
16. Матфей 12:20, 21 Башкаларга сөзүм менен да, иш-аракеттерим менен да кысымчылык көрсөтпөй, аларга кантип жакшылык кыла алам?
17. Матфей 12:34—37 Көп учурда эмне жөнүндө сүйлөйм? Апельсинди сыкса, ширеси агып чыгары белгилүү. Демек, эмне үчүн мен ички дүйнөмдүн, жүрөгүмдүн абалы тууралуу кылдат ойлонушум керек? (Марк 7:20—23).
18. Матфей 15:4—6 Ыйсанын сөздөрүнөн мен кары-картаңдарга сүйүү менен кам көрүү зарылдыгы тууралуу эмнени байкадым?
19. Матфей 19:13—15 Эмнеге убакыт бөлүү зарыл?
20. Матфей 20:25—28 Бийликти өз кызыкчылыгына колдонуу эмне үчүн пайдалуу эмес? Бул жактан Ыйсаны кантип туурай алам?
Марк жазган кошумча ойлор:
21. Марк 4:24, 25 Башкаларга кандай мамиле жасап жатканым маанилүүбү?
22. Марк 9:50 Сүйлөгөн сөзүм, кылган ишим орундуу болсо, бул кандай натыйжаларды алып келиши мүмкүн?
Лука жазган айрым окуулар:
23. Лука 8:11, 14 Эгер жашоомо тынчсыздануунун, байлыктын жана ырахаттануунун ээлик кылышына жол берсем, мунун кесепети кандай болушу мүмкүн?
24. Лука 9:1—6 Ыйса оорулууларды айыктырууга кудуреттүү болсо да, биринчи орунга эмнени койгон?
25. Лука 9:52—56 Мен тарынчаак эмесминби? Өч алуу рухунан алысмынбы?
26. Лука 9:62 Кудайдын Падышалыгы тууралуу кабар айтуу жоопкерчилигине кандай карашым керек?
27. Лука 10:29—37 Башкаларга өзүмдүн кайдыгер адам эмес, тескерисинче, алардын жакыны экенимди кантип далилдей алам?
28. Лука 11:33—36 Жөнөкөйүрөөк жашоо алып баруу үчүн кандай өзгөрүүлөрдү жасасам болот?
29. Лука 12:15 Өмүр мал-мүлктөн көз карандыбы?
30. Лука 14:28—30 Чечимдеримди кылдат таразалоого убакыт бөлүп, эмнелерден кача алам жана бул кандай пайда алып келет?
31. Лука 16:10—12 Адил жашоо алып баруунун мага кандай пайдалары бар?
Эмне деп жооп бересиңер?
• Кыйынчылыктардын кысымынан арылуу үчүн эмне себептен Ыйсаны туурашыбыз керек?
• Моюнтурук эмненин символу болгон жана эмне үчүн?
• Эмне себептен Ыйса адамдарды анын моюнтуругун алууга чакырган?
• Кантип рухий жактан сергүүгө болот?
[9-беттеги рамка]
«Мага келгиле, мен силерди сергитем»,— деген аят 2002-жылы Иегованын Күбөлөрүнүн жылдык аяты болот (Матфей 11:28, ЖД).
[8-беттеги сүрөт]
Ыйсанын моюнтуругун кийип өмүр берерлик ишти аткаруу сергитет.