Күзөт мунарасынын ОНЛАЙН КИТЕПКАНАСЫ
Күзөт мунарасы
ОНЛАЙН КИТЕПКАНА
кыргыз
  • ЫЙЫК КИТЕП
  • АДАБИЯТТАР
  • ЖОЛУГУШУУЛАР
  • kl 16-бөл. 150—159-бб.
  • Кудайга кандайча жакындаса болот?

Бул жерде видео жок.

Кечиресиз, ката кеткендиктен видео ойнотулбай жатат.

  • Кудайга кандайча жакындаса болот?
  • Түбөлүк өмүргө алпаруучу билим
  • Бөлүмчөлөр
  • Окшош материалдар
  • КУДАЙГА ЭМНЕ ҮЧҮН ЖАКЫНДОО КЕРЕК?
  • КУДАЙГА ЖАКЫНДАГЫСЫ КЕЛГЕНДЕР ҮЧҮН КОЮЛГАН ТАЛАПТАР
  • КУДАЙГА КАЧАН ТИЛЕНСЕ БОЛОТ?
  • ЖАХАБА КАБЫЛ КЫЛА ТУРГАН ТИЛЕНҮҮЛӨР
  • КУДАЙГА ДАЙЫМ ТИЛЕН
  • ЖАХАБА МЕНЕН БАЙЛАНЫШУУ БИР ТАРАПТУУ ЭМЕС
  • Тиленүү аркылуу Кудайга жакында
    Ыйык Китепте чынында эмне делет?
  • «Каалооңорду... Кудайга айткыла»
    Күзөт мунарасы Жахабынын Падышалыгын жарыялайт—2006
  • Кудайдан тиленүү
    Ыйык Китептен эмнелерди билебиз?
  • Тиленүү Кудай менен болгон мамилеңди чыңдайт
    Түбөлүккө рахаттанып өмүр сүр! Ыйык Китепти түшүнгөнгө жардам
Дагы башкасы
Түбөлүк өмүргө алпаруучу билим
kl 16-бөл. 150—159-бб.

16-бөлүм

Кудайга кандайча жакындаса болот?

1. Көптөгөн диндер эмнеси менен окшош?

АЗИЯДАГЫ бир өлкөгө саякаттап барган аял буддистер сыйынган жайда жасалган диний ырым-жырымдарды көрүп айран-таң калган. Ал жерде Мариям менен Машайактын сүрөтү болбосо да, ырым-жырымдардын көпчүлүгү анын чиркөөсүн эстеткен. Мисалы, ал сыйынуу үчүн келген адамдардын теспе тартып, тиленүүлөрүн кырааттап окушарын байкаган. Башкалар да ушу сыяктуу окшоштуктарды белгилешкен. Чыгыштагы да, Батыштагы да адамдардын Кудайга же сыйынуучу нерселерине жакындоо үчүн жасаган аракеттери бири-бириникине таң калтырарлык түрдө окшош.

2. Тиленүүгө кандай аныктама берилет жана көптөр кандай максат менен тиленишет?

2 Көптөр Кудайга тиленүү аркылуу жакындоого өзгөчө аракеттенишет. Тиленүү деген, адатта, «Кудайга, ыйыктарга кайрылуу» дегенди билдирет (17 томдук «Азыркы орус адабий тилинин сөздүгү», ор.). Бирок кээ бир адамдар Кудайга андан бир нерсе алууну каалагандыктан эле кайрылышат. Мисалы, бир киши Жахабанын Күбөсүнөн: «Эгерде силер мен үчүн тиленсеңер, үй-бүлөмө, жумушума жана ден соолугума байланыштуу кыйынчылыктарым чечилип калабы?» — деп сураган. Ал киши ошого үмүттөнгөн көрүнөт, бирок көптөр тиленишсе деле, кыйынчылыктары ошо бойдон эле калууда. Ушундан улам бизде Кудайга эмне үчүн жакындашыбыз керек деген суроо туулушу ыктымал.

КУДАЙГА ЭМНЕ ҮЧҮН ЖАКЫНДОО КЕРЕК?

3. Тиленгенде кимге кайрылышыбыз керек жана эмне себептен?

3 Тиленүү маанисиз диний ырым эмес жана бир нерсе алуунун жолу да болуп эсептелбейт. Кудайга жакындоонун эң негизги себеби — аны менен өз ара тыгыз мамиледе болуу. Ошондуктан тиленгенде Жахаба Кудайга кайрылышыбыз керек. Забурчу Дөөт: «Теңир Өзүн чакыргандардын бардыгына жакын»,— деп жазган (Забур 144:18). Жахаба аны менен тыгыз мамиледе болууга чыкырат (Ышайа 1:18). Бул чакырыкты кабыл алгандар забурчунун: «Мага болсо Кудайга жакындаган жакшы!» — деген сөзүнө кошулушат. Эмне себептен? Себеби Жахаба Кудайга жакындагандар чыныгы бакыт менен жан дүйнө бейкуттугун табышат (Забур 72:28).

4, 5. а) Эмне себептен Кудайга тиленгенибиз маанилүү б) Тиленүү Кудай менен кандай мамиледе болууга жол ачат?

4 Кудай биздин «эмнеге муктаж экенибизди сурай элегибизде эле билсе», ага кайрылып тиленүүнүн эмне зарылдыгы бар? (Матай 6:8; Забур 138:4). Тиленүү Кудайга ишенерибизди жана аны «ар кандай жакшы нерсенин, ар кандай жеткилең белектин» Булагы деп эсептерибизди айгинелейт (Жакып 1:17; Эврейлерге 11:6). Жахаба биздин тиленүүлөрүбүздү сүйүнүп кабыл кылат (Накыл сөздөр 15:8). Баласынын ыраазычылыгын уккан ата кандай кубанса, Кудайга да жүрөктүн түпкүрүнөн чыккан алкыш-мактоолорду угуу жагымдуу (Забур 118:108). Эгер атасы менен баласы жакшы мамиледе болушса, бири-бири менен ачык, чын көңүлдөн сүйлөшө алышат. Атасынын жакшы көрөрүн билген бала ар дайым аны менен пикир алышкысы келет. Кудай менен болгон мамилелерибиз тууралуу да ушуну айтса болот. Эгерде Жахаба жөнүндө билгендерибизди, бизге көрсөтүп жаткан сүйүүсүн чындап бааласак, анда ага тиленүү аркылуу кайрылып ичибиздегинин баарын айтууну каалайбыз (1 Жакан 4:16—18).

5 Эң Жогорку Кудайга кайрылганда сөздөрүбүздүн канчалык так экендигине тынчсыздануунун кереги жок болсо да, урматтоо сезими менен кайрылганыбыз абзел (Эврейлерге 4:16). Жахабага бардык учурда тилене алабыз. Тиленүү аркылуу «жүрөгүбүздөгүнү ага [Кудайга] төгүү» — кандай зор артыкчылык! (Забур 61:9). Жахабага болгон ыраазычылыгыбыз, анын «Кудайдын досу» деп аталган ишенимдүү кызматчысы Ыбрайым экөөнүкүндөй ынак мамиледе болууга жол ачат (Жакып 2:23). Бирок Ааламдын Эгедерине тиленүү менен кайрылганда белгилүү талаптарга жооп бергидей болушубуз керек.

КУДАЙГА ЖАКЫНДАГЫСЫ КЕЛГЕНДЕР ҮЧҮН КОЮЛГАН ТАЛАПТАР

6, 7. Кудай бизден тиленүү үчүн акы төлөөнү талап кылбаса да, эмнени күтөт?

6 Кудайга кайрылуу үчүн акча керекпи? Көптөр биз үчүн тиленип коюшсун деп диний кызматчыларга акы төлөшөт. Айрымдар атүгүл садаганы канчалык көбүрөөк берсе, тиленүүлөр Кудайга ошончолук батыраак жетет деп ишенишет. Бирок Кудай Сөзүндө Жахабага тиленүү үчүн акы төлөш керек деп айтылбайт. Кудай тиленүү аркылуу берип жаткан рухий жардамы менен баталарына эч кандай акы талап кылбайт (Ышайа 55:1, 2).

7 Анда кандай талап коюлат? Таза жүрөккө ээ болуу маанилүү (2 Жылнаама 6:29, 30; Накыл сөздөр 15:11). Жахаба Кудайдын «тиленүүнүн Угуучусу» экенине жана «Аны издегендерге тиешелүүсүн» берерине чын жүрөгүбүз менен ишенишибиз керек (Забур 64:3 [65:2, ЖД]; Эврейлерге 11:6). Ошондой эле момун болуу абзел (2 Падышалар 22:19; Забур 50:19). Ыйса Машайак үлгү-насаат аңгемесинде Кудайга момундук менен кайрылган салык жыйноочу менменсинген фарисейге караганда адил болуп эсептелгенин көрсөткөн (Лука 18:10—14). Кудайга тиленип жатканда «жүрөгү текебер адам Теңирдин алдында жийиркеничтүү» экенин эсибизден чыгарбашыбыз керек (Накыл сөздөр 16:5).

8. Эгерде тиленүүлөрүбүзгө Кудайдын жооп берүүсүн кааласак, эмнелерден тазаланышыбыз керек?

8 Тиленүүлөрүбүздүн кабыл болушун кааласак, күнөө деп эсептелген иштерди кылууну токтотушубуз керек. Шакирт Жакып башкаларды Кудайга жакындоого чакырып: «Күнөөкөрлөр, колуңарды тазалагыла. Эки ойлуулар, жүрөгүңөрдү тазалагыла»,— деп кошумчалаган (Жакып 4:8). А түгүл күнөөкөрлөр да, күнөөлөрүн моюнга алып өкүнүп, жүрүм-турумун өзгөртүшсө, Жахаба менен жакшы мамиле түзө алышат (Накыл сөздөр 28:13). Эгерде сыртыбыздан эле оңолгондой болуп койсок, Жахабанын бизге көңүл бөлөрүнө үмүттөнө албайбыз. «Теңир адил адамдарга назарын салат, алардын сыйынууларына [«тиленүүлөрүнө», СК] кулак төшөйт, ал эми жамандык жасагандардан Теңир Өз жүзүн бурат»,— деп айтылат Кудайдын Сөзүндө (1 Петир 3:12).

9. Жахабага ким аркылуу кайрылышыбыз керек жана эмне себептен?

9 Ыйык Китеп: «Жер жүзүндө жакшылык гана кылып, эч качан күнөө кетирбеген бир да адам жок»,— деп билдирет (Насаатчы 7:20, БМК). Ошондуктан сен да Жахаба Кудайга кантип кайрылышыбыз керек деп сурайттырсың. «Эгерде ким күнөө кылса, Атанын алдында адил арачыбыз Ыйса Машайак бар»,— деп жооп берет Ыйык Китеп (1 Жакан 2:1). Күнөөлүү болсок дагы, биз үчүн өлгөн Ыйса Машайак аркылуу Кудайга тартынбастан кайрылсак болот (Матай 20:28). Жахаба Кудайга жалгыз Ыйса аркылуу гана кайрыла алабыз (Жакан 14:6). Билип туруп күнөө жасап, Ыйсанын куткаруучу курмандыгына жеңил ойлуу мамиле кылбашыбыз зарыл (Эврейлерге 10:26). Жаман иштерди кылбоого жан-дилибизден аракеттенсек да, баары бир эле кээде күнөө кетирип алсак, өкүнүп, Кудайдан кечирим сурап тилене алабыз. Эгер ага момундук менен кайрылсак, ал бизди угат (Лука 11:4).

КУДАЙГА КАЧАН ТИЛЕНСЕ БОЛОТ?

10. Тиленүү жагынан Ыйсадан кандай үлгү алсак болот жана Кудайга кайсы учурларда жекече тиленгенибиз ыңгайлуу?

10 Ыйса Жахаба менен болгон мамилесин абдан баалаган. Ал Кудай менен сүйлөшүү үчүн атайы убакыт бөлчү (Марк 1:35; Лука 22:40—46). Ыйсадан үлгү алып, Кудайга такай тиленсек жакшы болот (Римдиктерге 12:12). Күндү тиленүү менен баштоо, анан жатардын алдында да жашаган күнүбүз үчүн Жахабага ыраазычылык билдирүү эң туура. Күндүз Кудайга «бардык учурда» кайрылганга аракеттен (Эфестиктерге 6:18). Жахаба бизди сөзсүз уга тургандыктан, ичтен да тиленсе болот. Кудайга жекече түрдө кайрылуу аны менен болгон мамилебизди бекемдейт, ал эми күн сайынкы тиленүүлөрүбүз Жахабага жакындоого жардам берет.

11. а) Эмнеге үй-бүлөбүз менен чогуу тиленишибиз керек? б) Тиленүүнүн аягындагы «оомийин» деген сөз эмнени билдирет?

11 Жахаба адамдардын тобу үчүн айтылган тиленүүлөрдү да угат (1 Падышалар 8:22—53). Кудайга үй-бүлөбүз менен кайрылсак да болот, андайда үй-бүлөнүн башчысы тиленет. Бул үй-бүлө түйүнүн бекемдейт, андан сырткары, балдар ата-энелеринин момундук менен Кудайга кайрылып жатышканын укканда, Жахаба алар үчүн реалдуу боло баштайт. Кимдир бирөө адамдардын тобу үчүн, мисалы, Жахабанын Күбөлөрүнүн жыйналышында тиленсе эмне кылышыбыз керек? Эгерде чогулушка катышып олтурсак, анда тиленүүнү кунт коюп угуп, аягында чын ниеттен «оомийин» дейбиз, бул сөз «ушундай болсун» дегенди билдирет (1 Корунттуктарга 14:16).

ЖАХАБА КАБЫЛ КЫЛА ТУРГАН ТИЛЕНҮҮЛӨР

12. а) Эмне себептен Кудай айрым тиленүүлөргө жооп бербейт? б) Тиленгенде эмнеге өзүбүздү эле ойлобошубуз керек?

12 Айрымдарга, Кудайга Машайак аркылуу тиленип жатышса деле, Жахаба тиленүүлөрүнө жооп бербей жаткандай сезилет. Бирок элчи Жакан: «Анын эрки боюнча эмнени сурасак да, Ал бизди угат»,— деп айткан (1 Жакан 5:14). Демек, биз Кудайдын эркине ылайык нерселерди сурашыбыз керек. Ал биздин рухийлигибизге кызыкдар болгондуктан, рухий нерселерге байланыштуу нерселер жөнүндө тиленсек орундуу болот. Денелик муктаждыктарыбыз жөнүндө эле ойлой берүүдөн алыс болушубуз керек. Ооруган учурда акыл-эстүүлүк, туруктуулук жөнүндө тиленгенибиз туура дечи, бирок ден соолугубуз үчүн болгон тынчсыздануулар рухий кызыкчылыктарды басып салбашы кажет (Забур 40:2—4). Бир ишенимдешибиз ден-соолугуна өтө эле тынчсызданып жатканын байкап, оорусуна туура көз карашта болуу үчүн Жахабадан жардам сураган. Натыйжада ден соолугуна байланыштуу кыйынчылыктарга анчалык тынчсызданбай калган да, Кудайдан «кудуреттүү күч» алганын сезген (2 Корунттуктарга 4:7). Анда башкаларга дагы көбүрөөк рухий жардам көрсөтүү каалоосу пайда болуп, Падышалыктын толук убактагы жарчысы катары кызмат кыла баштаган.

13. Матай 6:9—13-аяттарда көрсөтүлгөндөй, эмнелер жөнүндө тиленүү жөндүү?

13 Тиленүүлөрүбүз Жахабага жаккыдай болсун үчүн, эмне жөнүндө тиленсек болот? Ыйса Машайак жолдоочуларын тиленгенге үйрөткөн. Матай 6:9—13-аяттарда жазылган тиленүүдө Ал жалпы жонунан эмнелер жөнүндө тиленсе туура болорун көрсөткөн. Тиленүүлөрүбүздө өзгөчө эмнелерге көңүл бурушубуз керек? Биринчи кезекте Жахаба Кудайдын атына жана анын Падышалыгына. Ошондой эле күнүмдүк турмушка зарыл нерселер тууралуу сураган туура. Андан тышкары, күнөөлөрдүн кечирилишин, азгыруулардан куткарышын жана Шайтан Ибилистен сакташын тиленгенибиз маанилүү. Ыйса биздин бул тиленүүнү жатка айтып же анын маанисин түшүнбөй эле кайра-кайра окуй беришибизди каалаган эмес (Матай 6:7). Эгерде бала атасы менен сүйлөшкөндө дайыма бир эле нерсени кайталай берсе, анда эмне деген пикир алышуу болмок эле?

14. Тиленүүлөрүбүзгө өтүнүчтөрдөн башка дагы эмнелерди камтышыбыз керек?

14 Тиленгенде чын жүрөктөн чыккан өтүнүч-жалынычтардан сырткары Кудайды мактап, ага болгон ыраазычылыгыбызды билдиргенибиз да талап (Забур 33:2; 91:2; 1 Тесалоникалыктарга 5:18). Башкалар үчүн да тиленсек болот. Кырсыкка кабылган же куугунтуктарга дуушар болуп жаткан ишенимдештерибиз үчүн тиленгенибиз алар үчүн тынчсызданганыбызды көрсөтөт. Ошондуктан андай тиленүүлөр Жахабага жагымдуу (Лука 22:32; Жакан 17:20; 1 Тесалоникалыктарга 5:25). Буга байланыштуу элчи Пабыл мындай деп жазган: «Эч нерсе тууралуу кам санабагыла, ар дайым сыйынганда жана жалынганда, каалооңорду ыраазычылык билдирүү менен Кудайга айткыла. Ошондо Кудайдын акыл жеткис тынчтыгы силердин жүрөгүңөрдү жана ойлоруңарды Ыйса Машайак аркылуу сактайт» (Филипиликтерге 4:6, 7).

КУДАЙГА ДАЙЫМ ТИЛЕН

15. Эгерде тиленүүлөрүбүз жоопсуз калып жаткандай сезилсе, эмнени эстен чыгарбашыбыз керек?

15 Кудай жөнүндө билим алып жатканыңа карабастан, кээде тиленүүлөрүң жоопсуз калып жаткандай сезилиши ыктымал. Кайсы бир тиленүүңө Кудай жооп берүүчү убакыт келе элек болгондуктан ошондой болушу мүмкүн (Насаатчы 3:1—9). Жахаба бир нече убакыт бою бардыгы мурункусундай бойдон кала беришине жол бериши ыктымал, ал бирок тиленүүлөрүбүзгө жооп берет жана кайсы убакта жооп берсе биз үчүн жакшыраак болорун да билет (2 Корунттуктарга 12:7—9).

16. Эмнеге дайым тиленишибиз керек жана бул Кудай менен болгон мамилебизге кандай таасир этет?

16 Дайым тиленип жүрүү менен Кудайдан сурап жаткандарыбыз өзүбүз үчүн канчалык маанилүү экендигин көрсөтөбүз (Лука 18:1—8). Мисалы, Жахабадан кандайдыр бир алсыздыгыбызды жеңгенге жардам сурайттырбыз. Ал жөнүндө ар убак тиленип жана ага жараша иш кылуу менен чындап эле кааларыбызды көрсөтө алабыз. Өтүнгөндө так жана ачык сурашыбыз керек. Өзгөчө, азгырыктар пайда болгондо, чын дилден кайра-кайра тиленгенибиз абдан маанилүү (Матай 6:13). Тиленип жана күнөөгө азгырган кумарларыбызды ооздуктаганга аракеттенсек, Жахабанын жардам берип жатканын сезебиз. Бул ишенимибизди жана Кудай менен болгон мамилебизди бекемдейт (1 Корунттуктарга 10:13; Филипиликтерге 4:13).

17. Оюбузда дайыма тиленип жүрүү Кудайга кылган кызматыбызга кандай таасир этет?

17 Жахаба Кудайга кызмат кылууда оюбузда дайыма тиленип жүргөнгө үйрөнсөк, кызматты өз күчүбүз менен аткара албасыбызды түшүнөбүз. Кызматты Жахабанын жардамы менен гана аткара алабыз (1 Корунттуктарга 4:7). Муну түшүнсөк, момун болобуз, демек, Кудай менен болгон мамилебизди бекемдейбиз (1 Петир 5:5, 6). Ооба, дайыма тиленип турууга бардык негиздер бар. Чын дилибизден айткан тиленүүлөрүбүз жана асмандагы мээримдүү Атабызга жакындоого жардам берген баа жеткис билимибиз бизди чыныгы бакытка жеткирет.

ЖАХАБА МЕНЕН БАЙЛАНЫШУУ БИР ТАРАПТУУ ЭМЕС

18. Кудайды кантип уга алабыз?

18 Тиленүүлөрүбүздү Кудайдын угушун кааласак, биз да аны угушубуз керек (Захария 7:13). Ал адамдар менен өзү шыктандырган пайгамбарлар аркылуу байланышпай калган жана албетте, спиритизмди да колдонбойт (Мыйзам 18:10—12). Биз Кудайды анын Сөзүн, Ыйык Китепти, окуп-изилдегенде уга алабыз (Римдиктерге 15:4; 2 Тиметейге 3:16, 17). Ден соолукка пайдалуу тамакты жегенге үйрөнүш керек болгондой эле, «таза сүттү» да сүйүүгө үйрөнүшүбүз керек. Кудайдын Сөзүн күн сайын окуп, рухий тамакка болгон табитиңди өрчүтө бер (1 Петир 2:2, 3; Элчилер 17:11).

19. Эмне себептен Ыйык Китептен окугандарыбыздын үстүнөн ой жүгүрткөнүбүз пайдалуу?

19 Ыйык Китептен окугандарыңдын үстүнөн ойлон (Забур 1:1—3; 76:12, 13). Окугандарыңдын маанисин түшүнүүгө аракеттен. Бул тамакты сиңиргенге окшош. Окугандарыңды мурун билгендериң менен байланыштыруу менен рухий тамакты сиңирсең болот. Билгендериңди жашооңдо кандайча пайдалансаң болору же анда Жахабанын сапаттары менен кылган иштери тууралуу эмнелер айтылгандыгы жөнүндө ой жүгүрт. Ушинтип, өз алдыңча изилдөө жүргүзүү менен Жахаба берген рухий тамакты өздөштүрө аласың. Бул сени Кудайга жакындатат жана күнүмдүк кыйынчылыктарды чечкенге чындап эле жардам берет.

20. Кудай элинин жыйналыш жолугушууларына баруу сени Кудайга кандайча жакындатат?

20 Кудайдын Мыйзамын кунт коюп угуу үчүн чогулган ысрайылдыктардай болуп, Ыйсанын жолдоочуларынын жыйналыштарында Кудай Сөзү талкууланып жатканда көңүл коюп угуу менен ага жакындай аласың. Окулгандарды эл түшүнүп, турмушунда колдонсун үчүн, алардын насаатчылары Мыйзамды чечмелеп беришчү. Андай талкуулар чоң кубаныч менен коштолчу (Некемия 8:8, 12). Ошондуктан Жахабанын Күбөлөрүнүн жыйналыштарына үзгүлтүксүз барууга аракет кыл (Эврейлерге 10:24, 25). Бул Кудай жөнүндө билим алууга жана аны жашоодо колдонууга жардам берүү менен бирге бактылуу болушуңа өбөлгө түзөт. Бүткүл дүйнөлүк бир туугандык Жахаба менен тыгыз мамиледе калышыңа көмөк көрсөтөт. Кийинки бөлүмдөн көрө тургандай, сен Кудайдын элинин арасынан чыныгы коопсуздукту табаласың.

БИЛИМИҢДИ ТЕКШЕР

Эмне үчүн Жахабага жакындаганың абзел?

Кудайга жакындоо үчүн эмне талап кылынат?

Тиленүүлөрүңө эмнелерди камтысаң болот?

Эмне себептен дайым тиленип жүрүү керек?

Бүгүнкү күндө Жахабаны кантип уга алабыз?

    Кыргызча адабияттар (1997-2025)
    Чыгуу
    Кирүү
    • кыргыз
    • Бөлүшүү
    • Жөндөө
    • Copyright © 2025 Күзөт мунарасы, Ыйык Китеп жана баракчалар коому (Пенсильвания)
    • Колдонуу шарттары
    • Купуялуулук саясаты
    • Колдонуу шарттарын жөндөө
    • JW.ORG
    • Кирүү
    Бөлүшүү