17-БӨЛҮМ
Кудайдан тиленүү
«Асман менен жерди жараткан» Кудай бизди угууга дайым даяр (Забур 115:15)
1, 2. Кудайга кайрылууну эмне үчүн өзгөчө белек десек болот жана бул тууралуу Ыйык Китепте жазылгандарды эмне үчүн билишибиз зарыл?
ЧЕГИ ЖОК ааламга салыштырмалуу Жер кымындай эле нерсе болуп калат. Ал эми Жерде жашаган адамдардын баары Жахаба Кудайдын көз алдында чакадан тамган бир тамчы суудай (Забур 115:15; Ышая 40:15). Ошондой болсо да, Ыйык Китепте: «Жахаба Өзүн чакыргандардын баарына, чындык боюнча чакыргандардын баарына жакын. Ал Өзүнөн корккондордун каалоосун аткарат, зарлаган үндөрүн угат, аларды куткарат»,— деп жазылган (Забур 145:18, 19). Ага кайрылуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгонубузга кандай гана ыраазыбыз! Кудурети күчтүү Жараткан Жахаба биз менен жакын мамиледе болууну жана ага кайрылганда үнүбүздү угууну каалайт. Кудайга кайрылып, андан тиленүү мүмкүнчүлүгүн ар бирибизге берилген өзгөчө белек катары көрсөк болот.
2 Бирок Кудай үнүбүздү угушу үчүн, биз ага жаккандай жол менен кайрылышыбыз керек. Келгиле, Ыйык Китепте бул туурасында эмне делерине токтололу.
ЭМНЕ ҮЧҮН ЖАХАБАДАН ТИЛЕНИШИБИЗ КЕРЕК?
3. Эмне үчүн Жахабага кайрылып, аны менен сүйлөшүшүбүз керек?
3 Жахаба Кудай биздин ага кайрылып, аны менен сүйлөшүшүбүздү каалайт. Муну кайдан билебиз? Филипиликтер 4:6, 7ни окуп көрсөңөр. Ооба, бүткүл ааламдын Эгедери силердин жашооңорго кызыгат. Ал жүрөктөгү сезимдериңерди жана кыйынчылыктарыңарды ага айтышыңарды каалайт.
4. Кудайга жүрөгүбүздөгүнү дайыма айтып турсак, мамилебиз кандайча бекемделет?
4 Кудайга жүрөгүбүздөгүнү төгүп, аны менен канчалык көп сүйлөшсөк, ошончолук ынак боло беребиз. Мисалы, эки дос бири-бирине ойлорун, жүрөгүн өйүгөн нерселерин жана сезимдерин айтып, канчалык көп сүйлөшсө, ортодогу достугу ошончолук бекемделе берет. Жахаба Кудай менен болгон мамиле жөнүндө да так эле ушуну айтууга болот. Ал Ыйык Китеп аркылуу бизге өзүнүн ойлорун, сезимдерин жана келечекте эмнелерди кыларын ачып берген. Биз да ага жүрөгүбүздүн түпкүрүндөгү сезимдерибизди айта алабыз. Ошонун аркасында аны менен болгон достугубуз барган сайын чыңдала берет (Жакып 4:8).
КУДАЙ ҮНҮБҮЗДҮ УГУШУ ҮЧҮН, ЭМНЕ КЫЛЫШЫБЫЗ КЕРЕК?
5. Жахаба ага кайрылгандардын баарынын эле үнүн укпай турганын кайдан билебиз?
5 Жахаба Кудай ага кайрылган бардык эле адамдардын үнүн угабы? Жок. Ышая деген пайгамбардын убагында ал ысрайылдыктарга: «Көп тиленсеңер да, укпайм. Колуңар кан төккөн»,— деген (Ышая 1:15). Бул аяттан көрүнүп тургандай, Жахаба үнүбүздү угушу үчүн, ага жакпаган жана бизди андан алыстата турган иштерди кылбашыбыз керек.
6. Кудай тилегибизди угушу үчүн ага ишенүү канчалык маанилүү? Ага ишенерибиз эмнеден көрүнөт?
6 Жахабанын тилегибизди угушун кааласак, ага ишенгенибиз маанилүү (Марк 11:24). Кудайдын Пабыл деген кызматчысы: «Ишеним болбосо, Кудайга жагуу мүмкүн эмес, анткени Кудайга жакындагандар анын бар экенине жана аны талыкпай издегендерге сыйлык берерине ишениши керек»,— деген (Еврейлер 11:6). Бирок «Кудайга ишенем» деп коюу жетишсиз. Ага ишенерибизди ишибиз менен көрсөтүшүбүз керек. (Окугула: Жакып 2:26.)
7. а) Кудайга кайрылганда эмнени унутпашыбыз керек? б) Сөздөрүбүз жүрөгүбүздөн чыгып жатканы эмнеден көрүнөт?
7 Кудайга кайрылганда адам күнөөкөр пенде экенин унутпай, Кудайды терең урматтаарын көрсөтүшү керек. Эмне үчүн? Анткени президентке же бийлиги бар башка бирөөгө кайрылганда деле сый-урмат көрсөтөбүз, чынбы? Жахаба болсо Кудуреттүү Кудай, андыктан ал андан да терең урмат-сыйга татыктуу (Башталыш 17:1; Забур 138:6). Андан сырткары, Кудайга кайрылганда окшош эле сөздөрдү кайталай бербей, дайыма жүрөгүбүздөн чыкканды айтышыбыз керек (Матай 6:7, 8).
8. Кудайдан тиленгенде өзүбүз эмне кылышыбыз керек?
8 Кудайдан бир нерсе сурап тиленгенде өзүбүз тараптан да аракет кылышыбыз керек. Мисалы, жашоо үчүн зарыл болгон күнүмдүк нерселерди сураганда Жахаба тилегибизге керемет жолу менен жооп берет деп күтпөйбүз. Андайда, кандай жумуш болбосун, иштегенге даяр болушубуз жана күжүрмөн эмгектенишибиз кажет (Матай 6:11; 2 Тесалоникалыктар 3:10). Ал эми Кудайдан кайсы бир жаман ишке азгырылбоого жардам беришин сурансак, азгырылышыбыз мүмкүн болгон жагдайлардан өзүбүз да качышыбыз керек (Колосалыктар 3:5). Эми тиленүүгө байланыштуу көптөрдү кызыктырган суроолорго токтололу.
КӨПТӨРДҮ КЫЗЫКТЫРГАН СУРООЛОР
9. Кимге кайрылып тиленишибиз керек? Жакан 14:6дан тиленүүгө байланыштуу эмнени билүүгө болот?
9 Кимге кайрылып тиленишибиз керек? Иса пайгамбар жолдоочуларына «Асмандагы Атабызга» кайрылып тиленүү керектигин үйрөткөн (Матай 6:9). Ошондой эле ал: «Мен жолмун, чындыкмын жана өмүрмүн. Атама мен аркылуу гана барууга болот. Менсиз эч ким бара албайт»,— деген (Жакан 14:6). Андыктан биз Жахаба Кудайдан гана жана Иса Машаяк аркылуу гана тиленишибиз керек. Иса Машаяк аркылуу тиленүү деген эмнени билдирет? Кудай тилегибизди кабыл кылышы үчүн, анын Исага ыйгарган өзгөчө ролун сыйлашыбыз керек. Буга чейин билгенибиздей, Иса Машаяк жерге бизди күнөө менен өлүмдөн арылтыш үчүн келген (Жакан 3:16; Римдиктер 5:12). Андан тышкары, Кудай Иса Машаякты Башкы дин кызматчы жана Сот кылып дайындаган (Жакан 5:22; Еврейлер 6:20).
Кудайга каалаган учурда кайрылсак болот
10. Тиленгенде денебиз белгилүү бир абалда болушу керекпи? Түшүндүргүлө.
10 Тиленгенде денебиз белгилүү бир абалда болушу керекпи? Жок, Жахаба ага тизелеп, отуруп же туруп кайрылышыбызды талап кылбайт. Ыйык Китептен Кудайдан тиленгенде, эң негизгиси, денебиздин абалы аны урматтаарыбызды көрсөтүп тургудай болушу керектигин биле алабыз (1 Жылнаама 17:16; Некемия 8:6; Даниел 6:10; Марк 11:25). Кудай үчүн баарынан да чын жүрөктөн тиленгенибиз маанилүү. Андан, кайсы жерде, кайсы учурда болбосун, тиленсек болот. Ал бизди атүгүл ичибизден тиленгенде да угат (Некемия 2:1—6).
11. Жахабадан эмнелерди тилесек болот?
11 Эмнени тилесек болот? Жахабадан ага жакпаган нерселерден башкасынын баарын тилесек болот. Ыйык Китепте: «Биз Кудайдын эркине ылайык эмне сурабайлы, анын бизди угарына шектенбейбиз»,— деп жазылган (1 Жакан 5:14). Кудайдан жеке өзүбүзгө керектүү нерсе сурасак болобу? Ооба, болот. Ал биздин ага жакын досубузга кайрылгандай кайрылышыбызды каалайт. Кудайга оюбузда жана жүрөгүбүздө эмне болсо, ошонун баарын айтсак болот (Забур 62:8). Ошондой эле туура иш кылышыбыз үчүн андан ыйык рух сурай алабыз (Лука 11:13). Андан тышкары, туура чечимдерди чыгарууга акылмандык, кыйынчылыктар менен күрөшүүгө күч беришин өтүнө алабыз (Жакып 1:5). Күнөөлөрүбүздүн кечиришин да суранышыбыз керек (Эфестиктер 1:3, 7). Кудайдан башкаларга, анын ичинде үй-бүлөбүзгө, жыйналыштагы ишенимдештерибизге да, жакшылык тилешибиз керек (Элчилер 12:5; Колосалыктар 4:12).
12. Кудайдан биринчи кезекте эмнени тилешибиз керек?
12 Биринчи кезекте эмнени тилешибиз керек? Жахабага жана анын эркине байланышкан нерселерди. Биз ага кылып жаткан бардык жакшылыгы үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирсек болот (1 Жылнаама 29:10—13). Иса пайгамбар өзүнүн шакирттерине так ушуну үйрөткөн (Окугула: Матай 6:9—13.) Ал алардын эң алды Кудайдын ысмынын ыйыкталышын, андан соң Кудайдын Падышалыгынын бийлик кылышын жана бүт жер бетинде Кудайдын эркинин аткарылышын суранышы керектигин айткан. Иса ошондой эң маанилүү нерселерден кийин гана жеке өзүбүздүн муктаждыктарыбыз жөнүндө тиленишибиз керектигин айткан. Биринчи кезекте Жахаба жана анын эрки жөнүндө тиленсек, биз үчүн баарынан да эмне маанилүү экенин көрсөтөбүз.
13. Канчалык узак тиленүү керек?
13 Канчалык узак тиленүү керек? Ыйык Китепте бул тууралуу айтылбайт. Жагдайыбызга жараша кээде кыска, кээде узак тиленишибиз мүмкүн. Мисалы, тамак алдында кыскача эле кайрылсак болот. Ал эми Кудайга ыраазычылык билдиргибиз келгенде же бизди тынчсыздандырган нерселер жөнүндө айткыбыз келгенде узагыраак тиленишибиз мүмкүн (1 Шемуел 1:2, 15). Иса пайгамбардын күндөрүндөгү айрым кишилердей болуп, башкаларды таасирлентүү үчүн эле узак убакыт тиленүү туура эмес (Лука 20:46, 47). Жахаба Кудай андай тиленүүлөрдү укпайт. Ал үчүн баарынан да чын жүрөктөн тиленгенибиз маанилүү.
14. Күнүнө канча жолу тиленүү керек жана мындан Жахаба жөнүндө эмнени билүүгө болот?
14 Күнүнө канча жолу тиленүү керек? Кудай ага дайыма кайрылып турушубузду каалайт. Ыйык Китеп бизди «үзгүлтүксүз тиленүүгө» жана тиленгенибизди токтотпоого үндөйт (Матай 26:41; Римдиктер 12:12; 1 Тесалоникалыктар 5:17). Себеп дегенде Жахаба Кудай бизди угууга дайыма даяр. Сүйүүсү жана марттыгы үчүн биз ага күн сайын ыраазычылык билдирсек болот. Ошондой эле андан күч беришин, жетектешин жана жубатышын сурана алабыз. Эгер Кудайдан тиленүү мүмкүнчүлүгүн бааласак, буга ар дайым убакыт табабыз.
15. Тиленүүнүн аягында эмне үчүн «оомийн» деп айтышыбыз керек?
15 Тиленүүбүздүн аягында эмне үчүн «оомийн» деп айтышыбыз керек? «Оомийн» деген сөз «туура» же «ушундай болсун» деген маанини туюнтат. Бул сөздү айтканда сөздөрүбүздүн чын жүрөктөн чыкканын бышыктаган болобуз (Забур 41:13). «Оомийн» деп көпчүлүктүн атынан Кудайга кайрылып жаткан кишинин сөздөрүнө кошуларыбызды билдириш үчүн да айтабыз. «Оомийн» деп үнүбүздү чыгарып же ичибизден айтсак болот (1 Жылнаама 16:36; 1 Корунттуктар 14:16).
КУДАЙ ТИЛЕГИБИЗГЕ КАНТИП ЖООП БЕРЕТ?
16. Жахаба биздин үнүбүздү чынында эле угабы? Түшүндүргүлө.
16 Жахаба биздин үнүбүздү чынында эле угабы? Ооба, угат. Ыйык Китепте ал «тиленүүлөрдү Угуучу» деп аталган (Забур 65:2). Ал андан чын ыкластан тиленген миллиондогон адамдардын үнүн угуп, ар түрдүү жол менен жооп берет.
17. Тиленүүлөрүбүзгө жооп бериш үчүн Жахаба периштелерди жана ага кызмат кылган адамдарды кандайча колдонот?
17 Тиленүүлөрүбүзгө жооп бериш үчүн Жахаба периштелерди жана ага кызмат кылган адамдарды колдонот (Еврейлер 1:13, 14). Ыйык Китепти түшүнгүсү же Кудайды таанып-билгиси келгендиктен Кудайдан жардам сурап кайрылгандан көп өтпөй эле Жахабанын Күбөлөрүнө жолугуп калган адамдардын мисалы көп. Мындай окуялар «жакшы кабардын» бүт жер жүзүнө жарыялоо ишин периштелер жетектеп жатканын далилдөөдө. (Окугула: Аян 14:6.) Ошондой эле Жахабага кыйынчылыктарыбызды же муктаж болгон нерселерибизди айтып кайрылганда жыйналыштагы ишенимдештерибиз аркылуу жардам алган учурлар көп болот (Накыл сөздөр 12:25; Жакып 2:16).
Жахаба тиленүүбүзгө ишенимдештерибиз аркылуу жооп бериши мүмкүн
18. Тиленүүлөрүбүзгө жооп бериш үчүн Жахаба ыйык рухун жана Ыйык Китепти кантип колдонушу мүмкүн?
18 Тиленүүлөрүбүзгө жооп бериш үчүн Жахаба ыйык рухун колдонот. Кайсы бир көйгөйдү чечүүгө жардам сурап кайрылганыбызда, күч-кубат берип, жетектеш үчүн ал ыйык рухун бериши мүмкүн (2 Корунттуктар 4:7). Андан сырткары, туура чечим чыгарууга жардам бериш үчүн Жахаба Ыйык Китепти да колдонот. Маселен, Ыйык Китептен бизге жардам бере турган аятты окуп калышыбыз мүмкүн. Же болбосо бизге керектүү ойду жыйналыштагы ишенимдештерибиздин бири же аксакал айтышы ыктымал (Галатиялыктар 6:1).
19. Эмне себептен Жахаба тиленүүбүзгө жооп бербей жаткандай сезилиши мүмкүн?
19 Бирок кээде Жахаба тиленүүбүзгө жооп бербей жаткандай сезилиши мүмкүн. Андайда анын качан жана кантип жооп беришти эң жакшы билерине күмөн санабасак болот. Ал бизге эмне керектигин жакшы билет. Андыктан Кудайдан тилеп жаткан нерсебиз биз үчүн чындап эле маанилүү экенин, ошондой эле Кудайга чындап ишенерибизди көрсөтүш үчүн тиленгенибизди токтотпошубуз керек (Лука 11:5—10). Айрым учурларда Жахаба тиленүүбүзгө биз күтпөгөндөй жол менен жооп бериши мүмкүн. Мисалы, кайсы бир кыйынчылыгыбызды айтып тиленгенде, ал бизди андан арылтпашы деле мүмкүн, бирок көтөрүп кетүүгө күч бериши ыктымал (Окугула: Филипиликтер 4:13.)
20. Эмне үчүн Жахабага көп кайрылып турушубуз керек?
20 Жахабага кайрылып, андан тилене аларыбызга кандай гана ыраазы болсок болот! Биз анын үнүбүздү угарына кымындай да шектенбейбиз (Забур 145:18). Ага чын жүрөктөн канчалык көп кайрылсак, аны менен болгон мамилебиз ошончолук чыңдала берет.