Күзөт мунарасынын ОНЛАЙН КИТЕПКАНАСЫ
Күзөт мунарасы
ОНЛАЙН КИТЕПКАНА
Кыргыз
  • ЫЙЫК КИТЕП
  • АДАБИЯТТАР
  • ЖОЛУГУШУУЛАР
  • kl 18-бөл. 170—180-бб.
  • Кудайга түбөлүк кызмат кылууну максат кыл

Бул жерде видео жок.

Кечиресиз, ката кеткендиктен видео ойнотулбай жатат.

  • Кудайга түбөлүк кызмат кылууну максат кыл
  • Түбөлүк өмүргө алпаруучу билим
  • Бөлүмчөлөр
  • Окшош материалдар
  • ЫЙСА КУДАЙ ЖӨНҮНДӨГҮ БИЛИМИН КАНДАЙЧА КОЛДОНГОН?
  • ТҮБӨЛҮК ӨМҮРГӨ АЛПАРУУЧУ КАДАМДАР
  • ЧӨМҮЛТҮЛҮҮ СЕН ҮЧҮН ЭМНЕНИ БИЛДИРЕТ?
  • ЧӨМҮЛТҮЛГӨНГӨ ДАЯРСЫҢБЫ?
  • КАНДАЙЧА АРНАЛУУҢА ЖАНА ЧӨМҮЛТҮЛҮҮҢӨ ЖАРАША ЖАШАСАҢ БОЛОТ?
  • Чөмүлүү жана Кудай менен болгон мамилең
    Ыйык Китепте чынында эмне делет?
  • Чөмүлтүлүүң эмнени билдирет?
    Жалгыз чыныгы Кудайга сыйынгыла
  • Чөмүлүү жаркын келечекке жол ачат!
    Түбөлүккө рахаттанып өмүр сүр! Ыйык Китепти түшүнгөнгө жардам
  • Эмне үчүн чөмүлтүлүш керек?
    Күзөт мунарасы Жахабынын Падышалыгын жарыялайт—2002
Дагы башкасы
Түбөлүк өмүргө алпаруучу билим
kl 18-бөл. 170—180-бб.

18-бөлүм

Кудайга түбөлүк кызмат кылууну максат кыл

1, 2. Кудай жөнүндө билим алгандан кийин, эмне кылуу талап?

ТҮГӨНГҮС кенч сакталган, эшиги кулпуланган бөлмөнүн алдында турганыңды элестетсең. Кимдир бирөө ачкычты сунуп, каалаганыңды алууга уруксат берди дейли. Ачкычты колдонмоюн, анын пайдасы тийбейт. Билим тууралуу да ушуну айтсак болот, анын баалуулугун колдонгонуңда гана билесиң.

2 Бул, өзгөчө, Кудай жөнүндөгү билимге тиешелүү. Анткени Жахаба Кудай менен Ыйса Машайак жөнүндөгү билим түбөлүк өмүргө алпарат (Жакан 17:3). Бирок ал үмүт ишке ашышы үчүн билимге эле ээ болуу аздык кылат. Баалуу ачкычты пайдалангандай эле, Кудай жөнүндөгү билимди да турмушуңда колдонушуң керек. Ыйса Кудайдын эркин аткаргандар «Падышачылыкка кирерин» айткан. Андай адам Кудайга түбөлүккө кызмат кылуу артыкчылыгына ээ болот! (Матай 7:21; 1 Жакан 2:17).

3. Кудайдын бизге карата кандай эрки бар?

3 Кудайдын эркин билгенден кийин аны аткаруу маанилүү. Сага карата Кудайдын эрки эмнеде деп ойлойсуң? Аны үч сөз менен туюнтса болот: Ыйсанын жолун жолдоо. 1 Петир 2:21ден: «Анткени силер ушуга чакырылгансыңар. Себеби Машайак да биз үчүн азап тарткан. Анын изи менен басышыбыз үчүн, Ал бизге үлгү калтырып кеткен»,— дегенди окуйбуз. Демек, Кудайдын эркин аткаруу үчүн, сен мүмкүн болушунча Ыйсаны туураганга аракеттенишиң керек. Ушундай жол менен Кудай жөнүндөгү билимиңди колдоносуң.

ЫЙСА КУДАЙ ЖӨНҮНДӨГҮ БИЛИМИН КАНДАЙЧА КОЛДОНГОН?

4. Ыйса эмне үчүн Жахаба жөнүндө көп билет жана ал билимин кандайча колдонгон?

4 Кудайды Ыйса Машайак башкаларга караганда алда канча жакшы билет. Жерге келгенге чейин ал узак убак бою асманда Жахаба Кудай менен жашап, бирге эмгектенген (Колостуктарга 1:15, 16). Ыйса алган билиминин баарын эмне кылган? Ал билимге ээ болгонуна эле ыраазы болгон эмес, аны жашоосунда колдонгон. Анын адамдарга сүйүү менен мамиле кылып, абдан кайрымдуу, чыдамдуу болгонунун себеби ушунда. Ыйса бул жагынан асмандагы Атасынан үлгү алган, ошондой эле Жахабанын сапаттары жана жолдору жөнүндө алган билимине ылайык иш кылган (Жакан 8:23, 28, 29, 38; 1 Жакан 4:8).

5. Ыйса эмне үчүн чөмүлтүлгөн жана кандайча чөмүлтүлүүсүнүн маанисине жараша жашаган?

5 Ошондой эле алган билими Ыйсага чечкиндүү кадам шилтөөгө түрткү берген: ал Галилеядан Иордан дарыясына барат да, ал жерден Жакан аны чөмүлдүрөт (Матай 3:13—15). Анын чөмүлтүлүшү эмнени билдирген? Ыйса эврей болгон, а эврейлер мурунтан эле Кудайга арналган эл болчу. Демек, Ыйса төрөлгөндө эле Кудайга арналган болчу (Чыгуу 19:5, 6). Чөмүлтүлүү менен ал ошо кезде ага карата Кудайдын эрки эмне болсо ошону аткаруу үчүн өзүн Жахабага арнаган (Эврейлерге 10:5, 7). Ооба, Ыйса чөмүлтүлүүсүнүн маанисине жараша жашаган. Ал бардык күчүн Жахабага кызмат кылууга жумшап, адамдар менен Кудай жөнүндөгү билимин бөлүшүүгө ар бир мүмкүнчүлүктү пайдаланган. Ыйса Кудайдын эркин аткаруудан кубаныч тапчу, атүгүл ал ишти иче турган тамагына салыштырган (Жакан 4:34).

6. Ыйса кандайча «өз жанынан кечкен»?

6 Кудайдын эркин аткаруу чоң курмандыкка барууну, атүгүл өз өмүрүн берүүнү талап кыларын Ыйса жакшы түшүнгөн. Ошого карабастан жеке кызыкчылыктарын экинчи орунга коюу менен «өз жанынан кечкен». Ал үчүн Кудайдын эрки ар дайым биринчи орунда болчу. Ыйсанын жеткилең үлгүсүн кандайча туурай алабыз?

ТҮБӨЛҮК ӨМҮРГӨ АЛПАРУУЧУ КАДАМДАР

7. Чөмүлтүлөрдүн алдында кандай кадамдарды жасоо керек?

7 Ыйсадай жеткилең болбогондуктан биз төмөнкү маанилүү кадамдарды жасагандан кийин гана чөмүлтүлө алабыз. Алгач Жахаба Кудай жана Ыйса Машайак жөнүндөгү билимди бүткүл жүрөгүбүз менен кабыл алышыбыз керек. Ошондо бизде Кудайга болгон ишеним жана терең сүйүү пайда болот (Матай 22:37—40; Римдиктерге 10:17; Эврейлерге 11:6). Кудайдын мыйзамдарына, принциптерине жана нормаларына баш ийүү буга чейин жасаган күнөөлөрүбүз үчүн өкүнүп, Кудайдан кечирим суроого түрткү берет. Ал болсо кайрылууга, башкача айтканда, Кудайды таанып-биле элегибизде кылып жүргөн жаман иштердин баарынан баш тартып, өзгөрүлүүгө алпарат (Элчилер 3:19). Эгер адил иштерди кылуунун ордуна жашыруун түрдө мурункудай эле кандайдыр бир күнөө жасай бере турган болсок, анда чындап оңоло элекпиз жана албетте, Кудайды алдай албайбыз. Жахаба эки жүздүүлүктүн бардык түрүн көрүп турат (Лука 12:2, 3).

8. Падышалык жөнүндөгү кабар таратуу ишине катышкың келсе, эмне кылышың керек?

8 Бир нече убактан бери сен Кудай жөнүндө билим алып жатасың. Рухий максаттарың жөнүндө тереңирээк ойлоно турган учур келип калган жокпу? Балким, билгендериң тууралуу туугандарыңа, жоро-жолдошторуңа жана башка адамдарга айткың келип аткандыр. Жакшы кабарды ар бир мүмкүнчүлүктү пайдаланып айткан Ыйсага окшоп, сен да кабар айтып баштагандырсың (Лука 10:38, 39; Жакан 4:6—15). Мүмкүн, эми көбүрөөк кылууну каалап жаткандырсың. Жахабанын Күбөлөрүнүн кабар айтуу ишине үзгүлтүксүз катышканга даяр экендигиңди аныкташ үчүн, жыйналыштын аксакалдары сени менен маектешип, эгер даяр болсоң, Күбөлөрдүн бири менен кызматташууңа кубанычтуулук менен чара көрүшөт. Ыйсанын шакирттери анын көрсөтмөсү менен уюшкандыкта кызмат кылышкан (Марк 6:7, 30; Лука 10:1). Падышалык жөнүндө үйдөн үйгө кыдырып же башка жолдор менен кабар таратканыңда, ушундай жардам сага да пайдалуу болот (Элчилер 20:20, 21).

9. Адам Кудайга кантип арналат жана арналуу анын жашоосуна кандай таасир этет?

9 Жыйналыштын аймагында жашаган бардык адамдарга жакшы кабар айтуу менен, бир чети, жүрөгү таза адамдарды тапсак, бир чети, өзүбүздүн ишенимибизди көргөзөбүз (Элчилер 10:34, 35; Жакып 2:17, 18, 26). Жыйналыш жолугушууларына жана жакшы кабар айтуу ишине өз эркиң менен үзгүлтүксүз катышып, өкүнгөнүңдү, өзгөргөнүңдү жана мындан ары Кудай жөнүндөгү билимге ылайык жашоону чечкениңди көрсөтөсүң. Кийинки кадам кайсы? Жахаба Кудайга арналуу. Бул өмүрүңдү даярдуулук менен жана жан-дилиңден ага тапшырганыңды жана анын эркин аткарууну кааларыңды чын жүрөктөн тиленүү аркылуу Кудайга айтууну билдирет. Ушундай жол менен Жахабага арналууга жана Ыйса Машайактын жакшы моюнтуругун кийүүгө болот (Матай 11:29, 30).

ЧӨМҮЛТҮЛҮҮ СЕН ҮЧҮН ЭМНЕНИ БИЛДИРЕТ?

10. Жахабага арналгандан кийин эмне үчүн чөмүлтүлүү керек?

10 Ыйса шакирттеринин баары чөмүлтүлүшү керек экенин айткан (Матай 28:19, 20). Эмне үчүн Кудайга арналганыңдан кийин чөмүлтүлүүң керек? Өзүңдү арнаган соң, Жахаба сенин сүйөрүңдү билет дечи. Бирок Кудайды сүйөрүңдү башкалар да билишин кааларың шексиз. Чөмүлтүлүү аркылуу Жахаба Кудайга арналганыңды баарына билдире аласың (Римдиктерге 10:9, 10).

11. Чөмүлтүлүү эмнени билдирет?

11 Чөмүлтүлүү өтмө мааниге ээ. Сени сууга чумкутканда же, каймана мааниде айтканда, сууга «көмгөндө», мурунку жашооң үчүн өлгөндөй болосуң. Суудан чыгарылганыңда, мындан ары өзүңдүн эркиңе эмес, а Кудайдын эркине ылайык келген жаңы жашоого төрөлгөндөй болосуң. Бул, албетте, мындан ары такыр жаңылбайсың дегенди билдирбейт, анткени баарыбыз жеткилең эмеспиз жана күнүгө күнөө кетиребиз. Бирок Жахабанын арналган жана чөмүлтүлгөн кызматчысы катары аны менен өзгөчө мамилеге ээ болосуң. Жахаба сенин өкүнгөнүңдү жана момундук менен чөмүлгөнүңдү көрүп, күнөөлөрүңдү Ыйсанын куткаруу курмандыгынын негизинде кечирүүгө даяр. Ошентип, чөмүлтүлүү Кудайдын алдында таза абийирге ээ кылат (1 Петир 3:21).

12. а) «Атанын... атынан», б) «Уулдун... атынан», в) «ыйык рухтун атынан» чөмүлтүлүү деген эмнени билдирет?

12 Ыйса шакирттерине жаңы жолдоочуларын «Атанын, Уулдун жана ыйык рухтун атынан» чөмүлдүрүүгө буйрук берген (Матай 28:19, ЖД). Ал муну менен эмнени айткысы келген? «Атанын... атынан» чөмүлтүлүү чөмүлтүлүп жаткан адамдын Жахабанын Кудай, Жараткан жана Ааламдын толук укуктуу Ээси экенин кабыл алганын билдирет (Забур 35:10; 82:19; Насаатчы 12:1). «Уулдун... атынан» чөмүлтүлүү адамдын Ыйса Машайак — айрыкча анын куткаруу курмандыгы — Кудай караштырган жападан жалгыз куткаруу чарасы экенине ишенерин көрсөтөт (Элчилер 4:12). «Ыйык рухтун атынан» чөмүлтүлүү чөмүлтүлүүгө талапкер адамдын Жахаба ыйык рухун, башкача айтканда, иш-аракеттүү күчүн, өзүнүн ой-ниеттерин ишке ашыруу үчүн жана кызматчыларына рух аркылуу жетектелген уюму менен бирге анын адилеттүү эркин аткара алышына күч берүү үчүн колдонуп жатканына ишенерин айгинелеп турат (Башталыш 1:2; Забур 103:30; Жакан 14:26; 2 Петир 1:21).

ЧӨМҮЛТҮЛГӨНГӨ ДАЯРСЫҢБЫ?

13, 14. Жахаба Кудайга кызмат кылууну тандап жатканда эмне үчүн чочулабашыбыз керек?

13 чөмүлтүлүүнүн мааниси ушунчалык терең жана адамдын жашоосунда эң маанилүү кадам болгондуктан, андан чочулоо керекпи? Эч убакта! Чөмүлтүлүүнү олуттуу ойлонуп чечүү талап болсо да, бул сенин эң эле акылдуу чечимиң экенине шек жок.

14 Чөмүлтүлүү Жахаба Кудайга кызмат кылууну тандагандыгыңды күбөлөндүрөт. Сен билген адамдар тууралуу эле ойлонуп көрсөң. Алардын ар бири кандайдыр бир жол менен өз «кожоюнуна» кызмат кылып жаткан жокпу? Кай бирлери байлыкка кызмат кылышат (Матай 6:24). Башкалары мансапка умтулушат же өздөрүнүн гана көмөчүнө күл тартышат, ошондуктан каалоолорунун аткарылышы өмүр менен өлүмдү чечүүчү маселеге айланат. Үчүнчүлөрү болсо жалган кудайларга сыйынышат. А сен чыныгы Кудай Жахабага кызмат кылууну тандадың. Андан башка эч ким мынчалык кайрымдуулук, боорукердик жана сүйүү көрсөтө албайт. Кудай адамдарга куткарылууга алпарчу иш берүү менен алардын кадырын көтөрүп жатат. Ал кызматчыларына түбөлүк өмүрдү сыйлыкка берет. Ооба, Ыйсаны туурап, өмүрүбүздү Жахабага арнап жатканыбыздын коркунучтуу эч нерсеси жок. Чын-чынында, мындай иш-аракет Кудайга жагат жана чоң мааниге ээ (1 Падышалар 18:21).

15. Чөмүлтүлүүгө тоскоолдук кылган айрым нерселер кайсылар?

15 Ошентсе да чөмүлтүлгөнгө сени башка адамдар түртпөшү керек. Бул сенин Жахаба менен болгон жекече ишиң (Галаттыктарга 6:4). Албетте, буга чейин рухий жактан кандайдыр бир ийгиликтерди жасадың, ошондуктан чөмүлтүлүшүңө эмне тоскоолдук кылып жатканын ойлоп аткандырсың (Элчилер 8:35, 36). Өзүңдөн: «Туугандарымдын каршылыгы кармаган жокпу? Ыйык Китептин көз карашына туура келбеген иштер менен мурдагыдай эле алектенип, кандайдыр күнөө жасап жүргөн жокмунбу? Балким, эл эмне дейт деп коркуп жаткандырмын?» — деп сурап көрсөң болот. Булар ойлоно турган нерселердин айрымдары гана, баарын жакшылап таразалаганың дурус.

16. Жахабага кызмат кылуу сага кандай пайдаларды берет?

16 Жахабага кызмат кылуунун артыкчылыктарын көңүлгө албай, эмнелерден айрылганыңды эле эсептей берүү акылсыздык. Мисалга үй-бүлө тараптан көрсөтүлгөн каршылыкты алып көрөлү. Ыйса шакирттерине аны жолдоо үчүн жакындарын «таштоого» туура келсе да, алардын чоң рухий үй-бүлөгө ээ болорун убадалаган (Марк 10:29, 30). Ишенимдештериң бир туугандык сүйүү көрсөтүшөт, куугунтукка чыдаганга жардам берип, өмүргө алпаруучу жолдо сага жөлөк-таяк болушат (1 Петир 5:9). Көйгөйлөрүңдү жана кыйынчылыктарыңды чечүүгө жыйналыштын аксакалдары өзгөчө жардам беришет (Жакып 5:14—16). Ал эми бул дүйнөнүн пикирине карата өзүңө тек гана: «Ааламдын Жаратканынын ырайымына ээ болуудан жана тандаган жолум менен аны кубандыруудан артык эмне бар?» — деген суроону берсең болот (Накыл сөздөр 27:11).

КАНДАЙЧА АРНАЛУУҢА ЖАНА ЧӨМҮЛТҮЛҮҮҢӨ ЖАРАША ЖАШАСАҢ БОЛОТ?

17. Эмне себептен чөмүлтүлүүнү жолдун аягындай эмес, а башталышындай эсептешибиз керек?

17 чөмүлтүлүү рухий өсүштүн акыркы чеги эместигин эстен чыгарбоо маанилүү. Ал Кудайдын жактырган кызматчысы жана Жахабанын Күбөлөрүнүн бири катары түбөлүккө кылуучу кызматыңдын башталышы гана. Чөмүлтүлүү абдан маанилүү болсо да, куткарылууну кепил кылбайт. Ыйса: «Ар бир чөмүлтүлгөн адам куткарылат»,— деп айткан эмес. Тескерисинче: «Акырына чейин чыдаган адам куткарылат»,— деген (Матай 24:13). Андыктан, Кудайдын Падышалыгын жашоодо биринчи орунга коюп, баарынан мурда аны издөө маанилүү (Матай 6:25—34).

18. Чөмүлтүлгөндөн кийин кандай максаттарга умтулса болот?

18 Жахабага мындан ары да кызмат кылуу үчүн, алдыга рухий максаттарды коюу маанилүү. Мындай арзырлык максаттардын бири — Кудай жөнүндөгү билимиңди анын Сөзүн өз алдыңча үзгүлтүксүз изилдөө менен кеңейтүү. Ыйык Китепти күнүгө окууну пландаштыр (Забур 1:1, 2). Жыйналыш жолугушууларына калтырбай катыш, себеби ал жердеги пикирлешүү сага рухий күч-кубат берет. Жыйналыштан жооп берүү менен Жахабаны даңктоону жана башкаларды кайраттандырууну максат кылып коюуга эмне үчүн болбосун? (Римдиктерге 1:11, 12). Мындан сырткары, тиленүүлөрүңдү мазмундуураак кылууну да максат кылсаң болот (Лука 11:2—4).

19. Ыйык рух кандай касиет-сапаттарды өрчүткөнгө жардам берет?

19 Чөмүлтүлүүңө жараша жашагың келсе, кылган иштериңе ар дайым көңүл буруу менен Кудайдын ыйык рухунун сенде сүйүү, кубаныч, тынчтык, чыдамдуулук, ак көңүлдүк, боорукердик, ишенимдүүлүк, момундук, өзүн-өзү токтото билүү сыяктуу касиет-сапаттарды өрчүтүшүнө жол берүү зарыл (Галаттыктар 5:22, 23; 2 Петир 3:11). Жахаба ыйык рухун аны сурагандардын жана Ага тил алгандардын баарына берерин эсиңен чыгарба (Лука 11:13; Элчилер 5:32). Ошондуктан Жахабадан ыйык рух сурап тилен, анан ага жаккан сапаттарды иш жүзүндө көргөзүүгө жардам сура. Кудайдын рухуна канчалык баш ийсең, ал сапаттар сүйлөгөн сөздөрүңдөн, жасаган иштериңден ошончолук көбүрөөк көрүнө берет. Ооба, жыйналыштагы ар бир адам, Машайакты жакшыраак тууроо үчүн, «жаңыланган» адам болгонго аракет кылат (Колостуктарга 3:9—14). Ар бирибиз рухий жактан ар кандай деңгээлде болгондуктан, кыйынчылыктарыбыз да ар башка. Жеткилеңсиз болгондуктан, Машайакты тууроо үчүн көп күч-аракеттерди жумшашың керек. Бирок багынба, анткени Кудайдын жардамы менен муну кыла аласың.

20. Кызмат кылууда Ыйсаны кандайча туурасаң болот?

20 Кубанычтуу кызмат кылуу жагынан Ыйсаны мүмкүн болушунча жакшыраак тууроо — рухий максаттарыңдын бири болушу зарыл (Эврейлерге 12:1—3). Ал кызмат кылууну жакшы көрчү. Падышалык жөнүндө кабар таратуу артыкчылыгына ээ болсоң, кабар айтуунун боло жүргөн нерселердей болуп калышына жол бербе. Башкаларды Кудайдын Падышалыгы жөнүндө окутуудан Ыйсага окшоп канааттануу алганга аракет кыл. Кудай Сөзүнүн жакшы окутуучусу болушуң үчүн жыйналыштан берилген кеңештерди колдон жана кызматыңды улантууга Жахаба күч берерине толук ишен (1 Корунттуктарга 9:19—23).

21. а) Жахаба чөмүлтүлгөн ишенимдүү адамдарды баалаарын кайдан билебиз? б) Кудай каардуу түзүлүшкө чыгарган өкүмүн ишке ашырганда аман калуу үчүн чөмүлтүлүү маанилүү экени эмнеден көрүнүп турат?

21 Кудай ага өзүн арнаган, чөмүлтүлгөн жана Ыйсадан үлгү алууга умтулган адамдарды өтө жогору баалайт. Жахаба миллиарддаган адамдардын жүрөгүн көрүп тургандыктан, мындай адамдар чанда эле болорун билет. Ошондуктан аларды баалуу кенч, «элдердин асылдары» катары көрөт (Акай 2:7, МАК). Ыйык китептик пайгамбарлыктарда Кудай аларды бул каардуу түзүлүшкө чыгарган өкүмүн ишке ашырганда аман калуу үчүн белги коюлган адамдар катары эсептээри көрсөтүлгөн (Жезекиел 9:1—6; Малахия 3:16, 18). Сен «түбөлүк өмүргө карата туура маанайда» болгондордонсуңбу? (Элчилер 13:48, ЖД). Кудайдын кызматчысы катары белгиленишиңди каалайсыңбы? Кудайга арналуу жана чөмүлтүлүү ошол белгинин бөлүгү жана алар куткарылуу үчүн зарыл.

22. «Эбегейсиз көп» адамдардын кандай үмүтү бар?

22 Дүйнөлүк топон суудан кийин Нух жана анын үй-бүлөсү кемеден тазаланган жерге чыгышкан. Ошо сыяктуу эле Кудай жөнүндөгү билимди жашоосунда колдонуп, Жахабанын ырайымына ээ болгон «эбегейсиз көп» адамдардын да бул каардуу түзүлүш жок кылынганда аман калууга жана толук тазаланган жер бетинде өмүр сүрүүгө үмүттөрү бар (Аян 7:9, 14). Ал кезде жашоо кандай болот?

БИЛИМИҢДИ ТЕКШЕР

Жахабанын эркине ылайык, ал жөнүндөгү билимиңди кандайча колдонушуң керек?

Чөмүлтүлгөнгө чейин кандай кадамдарды жасоо талап?

Эмне себептен чөмүлтүлүү жолдун аягы эмес,а башталышы гана?

Кантип арналуубузга жана чөмүлтүлүүбүзгө жараша жашай алабыз?

[172-беттеги сүрөт]

Тиленүү аркылуу Кудайга арналдыңбы?

[174-беттеги сүрөт]

Чөмүлтүлүшүңө эмне тоскоолдук кылууда?

    Кыргызча адабияттар (1997-2025)
    Чыгуу
    Кирүү
    • Кыргыз
    • Бөлүшүү
    • Жөндөө
    • Copyright © 2025 Күзөт мунарасы, Ыйык Китеп жана баракчалар коому (Пенсильвания)
    • Колдонуу шарттары
    • Купуялуулук саясаты
    • Колдонуу шарттарын жөндөө
    • JW.ORG
    • Кирүү
    Бөлүшүү