5-бөлүм
Кудайга кандай сыйынуу жагат?
1. Самариялык аял сыйынуу жөнүндө эмне билгиси келген?
КУДАЙГА кандай сыйынуу жагат болду экен деп ойлонуп көрдүң беле? Самариядагы Гаризим тоосунун жанынан Ыйса Машайак менен сүйлөшкөн бир аялда ушундай суроо пайда болгон көрүнөт. Ал жүйүттөр менен самариялыктардын эки башка сыйынышарын айтып: «Биздин ата-бабаларыбыз мына бул тоодо Кудайга табынышчу экен; силер болсо Кудайга табынуучу жай Иерусалимде болуш керек дейсиңер»,— деген (Жакан 4:20). Ыйса самариялык аялга Кудайга каалагандай эле сыйына берсе болот деп жооп берди беле? Же Кудайга жагуу үчүн өзгөчө бир нерсе талап кылынарын айтканбы?
2. Ыйса самариялык аялга эмне деп жооп берген?
2 Ыйсанын: «Бул тоонун үстүндө да, Иерусалимде да Атага табынбай турган убак келет»,— деген жообу ал аялды ого бетер ойлондурган (Жакан 4:21). Самариялыктар көп убакыт бою Жахабаны ыйык тутушкан, бирок ошол эле учурда Гаризим тоосунда башка кудайларга сыйынып келишкен (2 Падышалар 17:33). Эми болсо Ыйса чыныгы сыйынууда ал тоо да, Иерусалим да эч кандай роль ойнобоорун айтып отурат.
РУХТА ЖАНА ЧЫНДЫКТА СЫЙЫНУУ
3. а) Эмне үчүн самариялыктар Кудайды жакшы билишкен эмес? б) Ишенимдүү жүйүттөр жана башкалар Кудай жөнүндө кантип билишсе болот эле?
3 Анан Ыйса аялга: «Эмнеге табынып жүргөнүңөрдү билбейсиңер, биз болсо билебиз, анткени куткарылуу жүйүттөрдөн келет»,— дейт (Жакан 4:22). Самариялыктар жалган диний көз караштарга карманышкан; алар Ыйык Китептин беш китебин эле, болгондо да өздөрүнүн оңдоосу менен жаратылган, Самариялыктардын Тоораты деген аталыш менен таанымал болгон китепти гана Кудайдын рухунун жетеги менен жазылган деп эсептешчү. Ошондуктан Кудай жөнүндө жакшы деле билишкен эмес. Ал эми жүйүттөргө Кудай Өз Сөзүн ишенип тапшырган (Римдиктерге 3:1, 2). Жазмаларда ишенимдүү жүйүттөр менен башка жүрөгү таза адамдардын Кудай жөнүндө билим алышына зарыл нерселердин баары болгон.
4. Ыйсанын сөзүнө ылайык, жүйүттөр менен самариялыктар сыйынуулары Кудайга жаккыдай болушу үчүн эмне кылыш керек эле?
4 Бирок Ыйса жүйүттөр да, самариялыктар да, Кудайга жагууну каалашса, сыйынуусун өзгөртүшү керек экенин көрсөткөн. Ал: «Чыныгы сыйынуучулар Атага рухта жана чындыкта сыйына турган убак болот, анткени ошондой сыйынуучуларды Ата өзүнө издеп жатат. Кудай — Рух, ага сыйынуучулар рухта жана чындыкта сыйынышы керек»,— деп айткан (Жакан 4:23, 24, ЖД). Жахаба Кудайга «рухта» сыйынуу үчүн, биз Анын рухуна ээ болуп, ошол рухтун жетекчилигине баш ийишибиз керек. «Чындыкта» сыйынуу Кудай Сөзүн, Ыйык Китепти, изилдеп, андагы чындыкка жараша сыйынышыбыз керек дегенди билдирет. Сенде ушундай каалоо барбы?
5. а) «Сыйынуу» деген эмне? б) Сыйынуубуз Кудайга жаккыдай болушу үчүн эмне кылышыбыз керек?
5 Кудай чыныгы сыйынууну гана кабыл аларын Ыйса баса белгилеген. Бул Жахабага жакпаган да сыйынуу бар экенин көргөзүп турат. Кудайга сыйынуу аны даңктап, ага ыйык кызмат кылууну билдирет. Эгерде зор бийликке ээ өкмөт башчысына урмат-сый көрсөткүң келсе, ага берилип кызмат кылып, ал жактырганды гана жасоого умтулмак чыгарсың. Биз Кудайга андан да көбүрөөк жагууну каалайбыз. Ойлонбостон эле өзүмдүн диним жагат дегенден көрө, сыйынууңдун Кудай койгон талаптарга жооп берер-бербесин текшерип көргөнүң дурус.
АТАНЫН ЭРКИН АТКАРУУ
6, 7. Өздөрүн Ыйсанын жолдоочуларыбыз деп атаган айрым адамдарды Ыйса эмне үчүн кабыл албайт?
6 Кел, Матай 7:21—23-аяттарды окуп, Кудайга сыйынуунун бардык түрү жагар-жакпасын эмне аныктарын карап көрөлү. Ыйса: «Мени „Теңир! Теңир!“ дегендин баары эле Асман Падышачылыгына кирбейт, асмандагы Атамдын каалоосун [эркин] аткаргандар гана кирет. Ошол күнү көп адамдар Мага: „Теңир! Теңир! Биз Сенин атыңан пайгамбарчылык кылчу эмес белек? Сенин ысымың менен жиндерди [каардуу рухий жаратууларды] куучу эмес белек? Сенин ысымың менен кереметтерди көрсөтчү эмес белек?“ — дешет. Ошондо Мен аларга: „Мен силерди эч качан таанычу эмесмин. Менин жанымдан кеткиле, мыйзамсыздар“— деп айтамын»,— деген.
7 Чыныгы сыйынууда Ыйса Машайактын Эге экенине ишенип, аны урматтоо маанилүү. Бирок жогорудагы сөздөрдөн көрүнүп тургандай, өздөрүн Ыйсанын жолдоочуларыбыз деп атагандардын сыйынуусунда бир нерсе жетишпейт. Ыйса айрымдар «кереметтерди», мисалы, табияттан тыш айыктырууларды жасашат деп айткан. Бирок алар Ыйса маанилүү деп эсептегенди кылбай, тактап айтканда, «[анын] Атасынын каалоосун [эркин] аткарбай жатышат». Эгер Кудайга жагууну кааласак, алгач анын эркин билип, анан аткарышыбыз зарыл.
БИЛИМ БИЗ ҮЧҮН КАЛКАНЧ
8. Эгер Кудайдын эркин аткарууну кааласак эмне кылып жана кандай туура эмес ойлордон качышыбыз керек?
8 Кудайдын эркин аткаруу үчүн, Жахаба Кудай жана Ыйса Машайак жөнүндө билим алуу зарыл. Ал билим түбөлүк өмүргө алпарат. Ошондуктан Кудайдын Сөзүнөн, Ыйык Китептен, алган билимге олуттуу мамиле кылууга тийишпиз. Кээ бирөөлөр сыйынуубузда ынталуу болуп, чын дилден сыйынсак башкасы анча деле маанилүү эмес деп ойлошот. Башкалар: «Билип күнөөлүү болгуча, билбей күнөөлүү болгон жакшы»,— деген ойдо. Бирок Ыйык Китеп Кудай жана анын ниеттери жөнүндөгү билимибизди өстүрүүгө үндөйт (Эфестиктерге 4:13; Филипиликтерге 1:9; Колостуктарга 1:9).
9. Билим эмнеден коргойт жана эмне үчүн ушундай калканч керек?
9 Мындай билим сыйынуубузду ар кандай ыпыластыктардан коргойт. Элчи Пабыл өзүн «Жарыктын Периштеси» кылып көрсөткөн рухий тирүү жан жөнүндө айткан (2 Корунттуктарга 11:14). Ал рухий тирүү жан — Шайтан — бизди Кудайдын эркине каршы иш жасатууга аракеттенип жатат. Пабылдын: «Бутпарастар курмандыктарын Кудайга эмес, жиндерге багышташат»,— деген сөзүнөн көрүнүп тургандай, Шайтан тараптагы рухий жаратуулар да адамдардын сыйынуусун булгап жатышат (1 Корунттуктарга 10:20). Көптөр Кудайга сыйынып атабыз деп ойлошкону менен, Кудайдын сыйынууга карата койгон талаптарын аткарышпаган. Ошентип, ыпылас жана жалган сыйынууга аралашып кетишкенин өздөрү да байкабай калышкан. Шайтан жана анын жин-перилери жөнүндө кийин дагы көбүрөөк билебиз, бирок Кудайдын бул душмандары адамзаттын сыйынуусун булгап салганы ушул бөлүмдөн деле түшүнүктүү болду.
10. Эгерде бирөө суунун башатын атайын ууландырып салса, эмне кылат элең жана Кудай Сөзүндөгү билим кандай жардам берет?
10 Суунун башатын бирөө атайын ууландырып салганын билсең, ошондон эле иче берет белең? Албетте, билериң менен таза суунун башатын издемексиң да. Кудай Сөзүнөн алган билимибиз чыныгы динди айырмалоого жана сыйынуубузду булгай турган нерселердин баарынан арылууга жардам берет.
ҮЙРӨТКӨНДӨРҮ — АДАМДЫК ЭРЕЖЕЛЕР
11. Көпчүлүк жүйүттөр кандайча туура эмес сыйынышкан?
11 Ыйсанын убагындагы көпчүлүк жүйүттөр Кудай жөнүндөгү билимине жараша жашабагандыктан, Жахабанын көз алдындагы жакшы атынан ажыраган. Пабыл алар жөнүндө: «Мен аларга Кудай үчүн тырышчаактык көрсөтүшөрүн, бирок алардын тырышчаактыгы туура эмес түшүнүк боюнча экенин күбөлөндүрөмүн»,— деп жазган (Римдиктерге 10:2). Алар Кудайды угуунун ордуна, ага кандай сыйыныш керектигин өздөрү чечип алышкан.
12. Ысрайылдыктардын сыйынуусун эмне арамдаган жана бул эмнеге апкелген?
12 Адегенде ысрайыл эли Кудай негиздеген чыныгы динди туткан, бирок бара-бара динге адамдык окуулар жана философиялык ой толгоолор кошулуп кеткен (Жеремия 8:8, 9; Малахия 2:8, 9; Лука 11:52). Фарисейлер деп белгилүү болгон жүйүт дин кызматчылары өздөрүнүн сыйынуусун Кудайга жагат деп эсептешсе да, Ыйса аларга: «Бул адамдар Мени тили менен урматташат, бирок алардын жүрөктөрү Менден алыс. „Алардын урматтаганы — бекер, анткени алардын үйрөткөнү — адамдык эрежелер“,— деп, Ышайа эки жүздүүлөр, силер жөнүндө туура пайгамбарчылык кылган»,— деген (Марк 7:6, 7).
13. Кантип фарисейлердей болуп калышыбыз мүмкүн?
13 Биз да фарисейлердей болуп калышыбыз мүмкүнбү? Ооба, эгер сыйынууга карата Кудайдын айткандарына кулак каккандын ордуна, диний үрп-адаттарга илээше бере турган болсок. Ушул коркунучту эскертип, Пабыл: «Рух болсо мындай деп ачык айтып жатат: акыркы убактарда кээ бирөөлөр ишеним жолунан четтешет, адаштыруучу рухтарга жана жиндердин окутууларына кулак салышат»,— деп жазган (1 Тиметейге 4:1). Мындан сыйынуубуз Кудайга жагат деп эсептөө эле жетишсиз экени анык болду. Ыйсага жолуккан самариялык аялга окшоп, мүмкүн, биз да ата-бабабыз туткан динди тутуп жүргөндүрбүз. Бирок кылып жаткандарыбыздын Кудайга жагарына толук ынангандай болушубуз керек.
КУДАЙДЫН ЭРКИНЕ КАРШЫ ИШ КЫЛУУДАН САКТАН
14, 15. Кудайдын эрки жөнүндө анча-мынча билимибиз бар болсо да, эмне үчүн сак болушубуз керек?
14 Эгер сак болбосок, Кудайга жакпаган нерсени оңой эле жасап коюшубуз ыктымал. Мисалы, элчи Жакан периштеге «таазим кылуу үчүн» бүк түшкөн. Бирок периште аны: «Мындай кылба. Мен Ыйса Машайакты күбөлөндүргөн сенин жана сенин бир туугандарыңдын кызматташымын. Кудайга таазим кыл»,— деп эскерткен (Аян 19:10). Демек, сыйынууң буркандарга табынуучулук менен арамдалбаганын текшерип көрүү зарыл экенин түшүнүп жатасыңбы? (1 Корунттуктарга 10:14).
15 Ыйсанын айрым жолдоочулары Кудайга жакпаган диний салттарга кармана баштаганда, Пабыл алардан: «Кантип кайрадан алсыз жана жакыр алгачкы негиздерге кайрылып жатасыңар? Кайрадан аларга кул болгуңар келеби? Кээ бир күндөрдү, айларды, мезгилдерди, жылдарды сактап жатасыңар. Мен силердин араңарда куру бекер эмгектендимби деп коркуп жатам»,— деп сурайт (Галаттыктарга 4:8—11). Алар Кудай жөнүндө билим алышса да, кийин ойлонбостук менен Жахабага жакпаган диний майрамдарды белгилеп, салттарга кармана башташкан. Биз Пабыл айткандай, «Кудайга эмне жагарын ажырата билишибиз» керек (Эфестиктерге 5:10).
16. Кудайга кайсы майрамдар менен салттар жагар-жакпасын түшүнүүгө Жакан 17:16 жана 1 Петир 4:3 кандай жардам берет?
16 Кудайдын принциптерине каршы болгон диний каада-салттан жана майрамдардан качканыбыз кажет (1 Тесалоникалыктарга 5:21). Мисалы, Ыйса өзүнүн жолдоочулары тууралуу: «Мен сыяктуу эле, алар да бул дүйнөдөн эмес»,— деп айткан (Жакан 17:16). Сен туткан динде Ыйсанын ушул сөзүнө карама-каршы келген ырым-жырымдар жана майрамдар жокпу? Же айрым учурларда ушундай салт-санаа, майрамдарга катышып, өздөрүн элчи Петир айткандай алып жүргөн адамдар барбы? Ал: «Анткени буга чейин бутпарастык жашоо менен, бузуктук кылып, кумарларга (бачабаздыкка, мал менен жанашуучулукка, арам ойлуулукка), аракечтикке, тамаксоолукка жана жийиркеничтүү бутка табынуучулукка берилүү менен жашап келгениңер жетишет»,— деген (1 Петир 4:3).
17. Эмне үчүн дүйнөнүн рухун чагылдырган кылык-жоруктардын баарынан сактанышыбыз керек?
17 Элчи Жакан азыркы кудайдан безген дүйнөнүн рухун чагылдырган кылык-жоруктардан качуу керектигин баса белгилеген. Ал: «Бул дүйнөнү жана дүйнөдөгүнү сүйбөгүлө. Ким бул дүйнөнү сүйсө, ал адамда Атага болгон сүйүү жок. Анткени бул дүйнөдө болгон нерсенин баары: дене кумары, көз кумары жана турмуш тиричиликтеги текебердик. Булар Атадан эмес, бул дүйнөнүкү. Бул дүйнө өзүнүн кумарлары менен жок болот. Ал эми Кудайдын эркин аткарган адам түбөлүк жашайт»,— деп жазган (1 Жакан 2:15—17). «Кудайдын эркин аткаргандар» түбөлүк жашайт дегенге көңүл бурдуңбу? Ооба, эгер Кудайдын эркин аткарып, дүйнөнүн рухун чагылдырган кылык-жоруктардан качсак, түбөлүк өмүргө үмүттөнө алабыз.
КУДАЙДЫН ЖОГОРКУ НОРМАЛАРЫН САКТА
18. Айрым корунттуктар жүрүм-турумга байланыштуу кандай жаңылыштык кетиришкен жана мындан эмнеге үйрөнөбүз?
18 Кудай сыйынуучуларынын адеп-ахлактын бийик нормаларын сакташын каалайт. Байыркы Корунттагы Ыйсанын айрым жолдоочулары, Кудай ыпылас жүрүм-турумга чыдай берет деген туура эмес ойдо болушкан. Бирок 1 Корунттуктарга 6:9, 10-аяттардан көрүнүп тургандай, алар терең жаңылышкан. Эгерде Кудай туура көргүдөй сыйынгыбыз келсе, анда ага жеке эле сөзүбүз менен эмес, ишибиз менен жагышыбыз керек. Сен Кудайга ушундай сыйынып жатасыңбы? (Матай 15:8; 23:1—3).
19. Чыныгы сыйынуу башкалар менен болгон мамилебизге кандай таасир этет?
19 Адамдарга жасаган мамилебизде да Кудайдын нормаларын чагылдырып турушубуз керек. Ыйса Машайак башкалардын кандай мамиле кылышын кааласак, аларга да ошондой мамиле кылуу зарылдыгын айткан, бул да чыныгы сыйынуунун маанилүү бөлүгү (Матай 7:12). Ошондой эле бир туугандык сүйүү тууралуу эмне деп айтканына да көңүл бурсаң: «Эгерде бири-бириңерди сүйсөңөр, башкалар силердин Менин шакирттерим экениңерди билишет» (Жакан 13:35). Ыйсанын жолдоочулары бири-бирин сүйүп, ишенимдештерине да, башкаларга да жакшылык кылышы керек (Галаттыктарга 6:10).
ЧЫН ЖҮРӨКТӨН СЫЙЫНУУ
20, 21. а) Кудайга кандай сыйынуу жагат? б) Жахаба эмнеге Малахиянын убагында ысрайыл элинин сыйынуусун четке каккан?
20 Кудайга ал жактыргыдай сыйынууну кааласаң, сыйынууга карата Жахабанын көз карашына карманууң зарыл. Шакирт Жакып бардык маселеде өзүбүздүн эмес, Кудайдын көз карашы маанилүү экенин белгилеген. Ал: «Кудай Атанын алдындагы таза жана кемчиликсиз такыбаалык — бул жетим-жесирлерге кам көрүү жана өзүн бул дүйнөдөн таза сактоо»,— деген (Жакып 1:27). Кудайга жагуу каалоосу бизди сыйынуубуз ыпылас иштер менен арамдалган жокпу же Кудай маанилүү деп эсептеген нерселерди эске албай жаткан жокпузбу деп текшерип көрүүгө түртөт (Жакып 1:26).
21 Жахаба таза жана чын жүрөктөн чыккан сыйынууну гана кабыл алат (Матай 22:37; Колостуктарга 3:23). Ысрайыл эли Кудайдын алдындагы милдеттерин аткарбай калганда, Жахаба: «Уулу атасын, кулу кожоюнун урматтайт... Мен ата болсом, анда кана Мени сыйлаганыңар? Эгерде Мен Теңир болсом, анда кана Менин алдымда коркуп турганыңар?» — дейт. Кудайга сокур, аксак жана оорулуу малдан түлөө чалуу менен акарат кылышкандыктан, Кудай алардын сыйынуусун четке каккан (Малахия 1:6—8). Жахаба акактай таза сыйынууга татыктуу жана ал толук берилгендикти гана кабыл алат (Чыгуу 20:5; Накыл сөздөр 3:9; Аян 4:11).
22. Эгерде сыйынуубуз Кудайга жаксын десек, эмнеден качып, тескерисинче, эмне кылышыбыз керек?
22 Ыйса менен сүйлөшкөн самариялык аял Кудайга жаккан сыйынуу кандай болушу керектигине кызыккан көрүнөт. Таза сыйынуу бизди да кызыктырса, арамдоочу бардык окуулардан жана үрп-адаттардан качабыз (2 Корунттуктарга 6:14—18). Анын ордуна Кудай жөнүндө билим алууга бүт күчүбүздү жумшап, анын эркин аткарууга аракеттенебиз. Ошондой эле Кудай жактырган сыйынуунун талаптарын аткарууга далалат кылабыз (1 Тиметейге 2:3, 4). Жахабанын Күбөлөрү ушундай кылууга аракеттенишүүдө жана сени да «рухта жана чындыкта» сыйынууга чын көңүлдөн чакырышат (Жакан 4:24, ЖД). Ыйса: «Ата... өзүнө ошондой табынуучуларды издейт»,— деп айткан (Жакан 4:23). Сенин да ушундай адамдардын бири экениңе үмүттөнөбүз. Себеби, самариялык аялга окшоп, сен да түбөлүк өмүр сүрүүнү каалайсың да (Жакан 4:13—15). Бирок адамдар картайып, өлөрүн жашыра албайбыз. Мунун себеби кийинки бөлүмдө түшүндүрүлөт.
БИЛИМИҢДИ ТЕКШЕР
Кудайга кандай сыйынуу жагары Жакан 4:23, 24-аяттардан кандайча көрүнүп турат?
Майрамдар менен салттардын Кудайга жагар-жакпасын кантип билсе болот?
Кудайга жаккан сыйынууга карата кандай талаптар коюлат?