42-ЫР
Кудайдын кызматчысынын тиленүүсү
Кагаз түрүндө
1. Жаратканыбыз, улук ысымың
Түбөлүккө ыйыкталып, даңкталсын.
Ишке ашат ниетиң сенин,
Падышалыгың жерге да келсин.
Белгиленген ал күндү
Самайбыз биз көрүүнү.
2. Мол баталарыңа ыраазыбыз,
Марттык менен бересиң, Кудайыбыз.
Дем бергенсиң тирүү жандарга,
Ээ кыласың сен акылмандыкка.
Алкыш айтып күн сайын,
Даңктайлы сени дайым.
3. Бул дүйнө азап-кайгыга толгон,
Үмүт берген Кудайсың сен соороткон.
Жүгүбүздү артабыз сага,
Күч бер талыкпай кызмат кылганга.
Эркиңди аткаралы,
Сөзүбүзгө туралы.
(Кара: Заб. 36:9; 50:14; Жкн. 16:33; Жкп. 1:5.)