46-ЫР
Ыракмат сага, Жахаба
Кагаз түрүндө
1. Ыракмат, Жахаба, күнү-түнү да
Бизге чачып жаткан жарыгыңа.
Тиленүү белегиңе ыраазыбыз,
Күн сайын биз сага кайрылабыз.
2. Ыракмат, Уулуң үчүн бизге берген,
Дүйнөнү жеңди ишеним менен.
Ыракмат, жетегиңе, жардамыңа,
Күч берет эркиңди аткарууга.
3. Сыймыгына ээ кылдың кабар айтуу,
Ысмыңды жарыялайбыз даңктуу.
Ыракмат, жок кыларыңа ый-зарды.
Бийлигиң төгөт мол баталарды.
(Кара: Заб. 50:14; 95:2; 147:7; Кол. 3:15.)