31-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ
Тиленүү белегин баалагыла
«Сенин алдыңда тиленүүм даярдалган жыпарзаттай болсун» (ЗАБ. 141:2).
47-ЫР: Кудайдан күндө тилен
БУЛ МАКАЛАДАa
1. Жахабага кайрылып тилене аларыбызга кандай карашыбыз керек?
БИЗГЕ теңдешсиз белек берилген: биз асман менен жерди жараткан Кудайга кайрылып тилене алабыз. Ойлонуп көрсөңөр, биз алдын ала белгиленген убактарда эле эмес, каалаган учурубузда, каалаган тилибизде Кудайга жүрөгүбүздөгүнүн баарын төгө алабыз. Ооруканада баш көтөрө албай жатканда да, түрмөгө отуруп калганда да мээримдүү Атабыздын тилегибизди угарына бекем ишенсек болот. Бул белекти боло жүргөн кадимки нерсе катары көргүбүз келбейт.
2. Дөөтү падышанын тиленүүнү баалай турганы эмнеден көрүнгөн?
2 Дөөтү падыша Кудайдан тиленүүнү сыймык катары көргөн. Ал Жахабага: «Сенин алдыңда тиленүүм даярдалган жыпарзаттай болсун»,— деп ырдаган (Заб. 141:1, 2). Анын күндөрүндө ыйык жыпар зат Жахабага сыйынууда колдонулчу. Аны дин кызматчылар абдан кылдат даярдашчу (Чыг. 30:34, 35). Дөөтү пайгамбардын тиленүүнү жыпар затка салыштырганынан анын асмандагы Атасына кайрылып тиленерден мурун эмнелерди айтарын кылдат ойлонуштурганын байкаса болот. Биз да ошенткибиз келет. Анткени тиленүүбүздүн Жахабага жагышын каалайбыз.
3. Жахабага кантип кайрылышыбыз керек жана эмне үчүн?
3 Жахабадан тиленип жатканда сөздөрүбүздөн аны терең урматтаарыбыз, кастарлаарыбыз көрүнүп турушу керек. Ышая, Жезекиел, Даниел жана Жакан пайгамбарлар алган жүрөк толкуткан аяндар жөнүндө ойлонуп көрсөңөр. Ал аяндар бири-биринен айырмаланса да, баарынын бир окшош жагы бар. Алардын баары Жахабаны көрүнүшү кереметтүү, даңктуу Падыша катары сүрөттөшкөн. Мисалы, Ышая пайгамбар Жахабанын «бийик, улуу тактыда отурганын» көргөн (Ыш. 6:1—3). Ал эми Жезекиел Жахабанын «асман арабасында» отурганы, «айланасындагы жаркырактын көрүнүшү... асан-үсөндөй экени» көрсөтүлгөн аян алган (Жез. 1:26—28). Даниел пайгамбар болсо Жахабаны «Күндөрү Байыркы» деп айткан жана «анын кийими кардай аппак,... тактысы оттун жалынындай экенин» көргөн (Дан. 7:9, 10). Жакан Жахабанын укмуштуудай кооз «зымырыт ташына окшогон асан-үсөн курчап турган» тактыда отурганы жөнүндө аян алган (Аян 4:2—4). Жахабанын айтып бергенге сөз кубаты жетпеген даңкы ага канчалык терең урмат-сый менен кайрылышыбыз керектигин, кайрылганга жол бергени үчүн канчалык ыраазы болушубуз керектигин эске салып турат. Анда эмне жөнүндө тиленсек болот?
«ОШОНДУКТАН МЫНДАЙ ДЕП ТИЛЕНГИЛЕ»
4. Матай 6:9, 10догу үлгү иретиндеги тиленүүнүн алгачкы сөздөрүнөн эмнени билсек болот?
4 Окугула: Матай 6:9, 10. Тоодо айткан насаатында Иса пайгамбар шакирттерине Кудай тилегин кабыл кылышы үчүн кантип тилениши керектигин үйрөткөн. «Ошондуктан мындай деп тиленгиле»,— дегенден кийин Иса Жахабанын эркине түздөн-түз байланышы бар төмөнкү маанилүү нерселер жөнүндө сөз кылган: Жахабанын ысмынын ыйыкталышы, анын душмандарын жок кыла турган Падышалыктын келиши жана Кудайдын жерди бейишке айлантып, адамзатка мол бата төгүшү. Ушулар тууралуу тиленсек, Кудайдын эрки биз үчүн абдан маанилүү экенин көрсөтөбүз.
5. Өзүбүзгө тиешелүү нерселер жөнүндө тиленүү орундуубу?
5 Андан ары Иса жеке өзүбүзгө тиешелүү болгон нерселерди сурасак орундуу болорун да айткан. Мисалы, Жахабадан күнүмдүк тамак-ашыбызды беришин, күнөөлөрүбүздү кечиришин, азгырылышыбызга жол бербешин, кара өзгөйдөн сакташын сурансак болот (Мт. 6:11—13). Ушулар тууралуу тиленсек, Жахабадан көз каранды экенибизди түшүнөрүбүздү, анын ырайымына ээ болгубуз келерин көрсөтөбүз.
Үй-бүлө башчысы аялы менен чогуу эмнелер жөнүндө тиленсе болот? (6-абзацты карагыла)b
6. Иса үлгү иретиндеги тиленүүдө айткан нерселерден тышкары, дагы эмнелер тууралуу тиленсек болот? Түшүндүргүлө.
6 Иса пайгамбар өзүнүн жолдоочуларына анын үлгү иретиндеги тиленүүдөгү сөздөрүн жаттап алып кайра-кайра айтышын буйруган эмес. Ыйык Китепте анын башка учурларда да тиленгени айтылат. Ал Жахабадан ошол учурларда аны эмнелер тынчсыздандырса, ошолор тууралуу тиленген (Мт. 26:39, 42; Жкн. 17:1—26). Демек, биз да эмнеге сары санаа болсок, ошолор тууралуу тиленсек болот. Алсак, чечим чыгарыш керек болгондо акылмандык жана түшүнүк сураганыбыз туура (Заб. 119:33, 34). Оор тапшырма алганда аны аткара алышыбыз үчүн акыл сурасак орундуу болот (Накыл 2:6). Ата-энелер балдары, балдары ата-энелери үчүн тиленгени жакшы. Ошондой эле баарыбыз өзүбүз Ыйык Китепти изилдегенге жардам берип жаткандар үчүн жана бизден кабар уккан кишилер үчүн тилене алабыз, тиленишибиз да керек. Бирок Кудайдан тиленгенде бир нерсени сурангандан тышкары, дагы башка нерсени кылышыбыз керек.
Жахабаны эмнелер үчүн даңктап, ыраазычылык билдирсек болот? (7—9-абзацтарды карагыла)c
7. Эмне үчүн тиленгенде Жахаба Кудайыбызды даңктаганды унутпашыбыз керек?
7 Биз тиленгенде Кудайды даңктаганды да унутпашыбыз керек. Макталып-даңкталууга Жахабадан артык эч ким татыктуу эмес. Анткени ал «бизге дайыма жакшылык кылат, кечирүүгө даяр». Ошондой эле ал — «кайрымдуу, ырайымдуу, ачууланууга шашпаган; мээримдүүлүгү менен чындыгы чексиз Кудай» (Заб. 86:5, 15). Ооба, Жахаба Кудайыбыздын ушундай сонун сапаттары бар. Ал бизге ушунчалык көп жакшылык кылат. Ошондуктан Кудайды мактап-даңктаганга көптөгөн себептер бар.
8. Жахабага дагы эмнелер үчүн ыраазычылык билдирсек болот? (Забур 104:12—15, 24)
8 Жахабага кайрылып тиленгенде аны даңктагандан тышкары, бизге кылып жаткан бардык жакшылыктарына ыраазычылык билдиришибиз керек. Мисалы, көз жоосун алып, кулпурган гүлдөр үчүн, тамактын түгөнгүс түрлөрү үчүн жана жандап жүргөн сүйүктүү досторубуз үчүн ыраазычылык билдирсек болот. Асмандагы кайрымдуу Атабыз ушуларды жана башка көптөгөн нерселерди биздин бактыбыз үчүн берип жатат. (Окугула: Забур 104:12—15, 24.) Баарынан маанилүүсү, ишенимибизди бек сактаганга жардам берип жаткан таалим-тарбиясына жана жаңы заман болот деген жаркын үмүтүбүзгө ыраазы болсок болот.
9. Жахабага ыраазычылык билдиргенди унутпаганга эмне жардам берет? (1 Тесалоникалыктар 5:17, 18)
9 Кээде Кудайдын бизге кылган жакшылыктарына ыраазычылык билдиргенди унутуп коюшубуз мүмкүн. Анда унутпаганга эмне жардам берет? Балким, эмнелерди сураганыңарды жазып коюп, маал-маалы менен Жахабанын аларга кантип жооп бергенин карап тураттырсыңар. Анан жардам бергени үчүн ыраазычылык билдирип тиленсеңер болот. (Окугула: 1 Тесалоникалыктар 5:17, 18.) Мисалы, биз да кылган жакшылыктарыбыз үчүн башкалар рахмат айтканда, өзүбүздү керектүү сезип кудуңдап сүйүнүп калабыз. Анын сыңарындай, Жахабага жакшылыктары үчүн ыраазычылык билдиргенди унутпасак, ал да сүйүнөт (Кол. 3:15). Бирок Жахабага рахмат айтышыбыз керек болгон дагы бир маанилүү себеп бар.
СҮЙҮКТҮҮ УУЛУН БЕРГЕНИ ҮЧҮН ЖАХАБАГА ЫРААЗЫЧЫЛЫК БИЛДИРГИЛЕ
10. 1 Петир 2:21ге ылайык, Жахабага эмне үчүн Исаны жерге жибергенине ыраазы болсок болот?
10 Окугула: 1 Петир 2:21. Биз Жахабага билим берсин деп өз сүйүктүү Уулун жөнөткөнү үчүн рахмат айтышыбыз керек. Анткени Исанын жашоосу тууралуу изилдегендин аркасында гана Жахаба жөнүндө жана ага кантип жакса болору жөнүндө көп нерсени биле алабыз. Эгер Исанын биз үчүн курман болгонуна бекем ишенсек, Жахаба Кудай менен ынак, жакын мамиледе боло алабыз. Ошондой эле аны менен тынчтыкта болобуз (Рим. 5:1).
11. Эмне үчүн Исанын атынан тиленишибиз керек?
11 Биз Жахабага Уулу аркылуу андан тиленгенге жол ачканына ыраазы болсок болот. Анткени ал сураган нерселерибизди Иса аркылуу гана берет. Жахаба Исанын атынан тиленгенибизде гана угуп, кабыл кылат. Иса өзү: «Менин атыман эмне сурабагыла, Атасы Уулу аркылуу даңкталышы үчүн, баарын аткарам»,— деп айткан (Жкн. 14:13, 14).
12. Жахабага Уулун бергенине ыраазы болгонго дагы кандай себеп бар?
12 Биздин кунубузга Иса өз өмүрүн бергени үчүн Жахаба күнөөлөрүбүздү кечире алат. Ыйык Жазмада Иса «асманда Улуу Кудайдын тактысынын оң жагына отурган» Башкы дин кызматчы катары сүрөттөлөт (Евр. 8:1). Ошондой эле ал — Атабыздын жанындагы жардамчыбыз (1 Жкн. 2:1). Биздин канчалык алсыз экенибизди түшүнө билген, «биз үчүн арачылык кылган» ушунчалык боорукер Башкы дин кызматчыбыз бар. Бул үчүн Жахаба Кудайыбызга кандай гана ыраазыбыз! (Рим. 8:34; Евр. 4:15) Биз ушунчалык күнөөкөр пенде болгондуктан, Иса биз үчүн өмүрүн бербесе, эч качан Жахабага кайрылып тилене албайт болчубуз. Жахаба бизге ушунчалык баалуу белек — өзүнүн сүйүктүү Уулун — берген. Ошол белеги үчүн Жахабага канчалык ыраазы болбойлу, дайыма аздык кылат. Ал жакшылыгын эч качан актай албайбыз!
ИШЕНИМДЕШТЕРИҢЕР ҮЧҮН ТИЛЕНГИЛЕ
13. Иса өлтүрүлөр алдындагы түнү шакирттерин жакшы көрөрүн кантип көрсөткөн?
13 Өлтүрүлөр алдындагы түнү Иса шакирттери үчүн узакка чейин тиленген. Ошондо ал Атасынан аларды «кара өзгөйдөн коргошун» өтүнгөн (Жкн. 17:15). Мындан Исанын шакирттерин канчалык жакшы көргөнү көрүнүп турат! Ал бир аз убакыттан кийин ушунчалык азап тартып өлтүрүлөрүн билсе да, элчилеринин камын ойлогон.
Ишенимдештерибиз үчүн эмнелерди сурап тиленсек болот? (14—16-абзацтарды карагыла)d
14. Ишенимдештерибизди жакшы көрөрүбүздү кантип көрсөтө алабыз?
14 Биз тиленгенде өзүбүзгө керектүү нерселерди эле сурай бербей, Исадай болуп ишенимдештерибиз үчүн дайыма тиленип турушубуз керек. Ошентсек, Исанын «бири-бириңерди сүйгүлө» деген осуятына баш ийген болобуз. Ошондой эле Жахабага ишенимдештерибизди канчалык жакшы көрөрүбүздү көрсөтөбүз (Жкн. 13:34). Бир туугандарыбыз үчүн тиленгенибиздин акыбети сөзсүз кайтат. Анткени Кудайдын Сөзүндө: «Адил адамдын жалындуу тиленүүсү зор күчкө ээ»,— деп жазылган (Жкп. 5:16).
15. Эмне себептен ишенимдештерибиз үчүн тиленип турушубуз керек?
15 Ишенимдештерибиз үчүн тиленгенибиз эмне себептен маанилүү? Анткени алар көптөгөн кыйынчылыктарга дуушар болуп жатышат. Алардын арасында ооруп жаткандар, табигый кырсыктарга кабылгандар, жарандык согуштун, куугунтуктун азабын чегип жаткандар жана башка кыйынчылыктарды башынан кечирип жаткандар бар. Жахабадан аларга жардам беришин сурап жалынсак болот. Кара жанын карч уруп кырсыктан жапа чеккендерге жардам берип жаткандар үчүн да тиленсек болот. Балким, ушундай кыйынчылыктардан жабыр тарткандардын айрымдарын билеттирсиңер. Анда аларды атынан атап тиленсеңер болот. Эгер Жахабадан боордошторубузга сыноолорго сынбаганга жардам беришин сурасак, аларды чындап жакшы көрөрүбүздү көрсөтөбүз.
16. Бизге баш-көз болгонго дайындалгандар үчүн эмне үчүн тиленишибиз керек?
16 Жыйналышта бизге баш-көз болгондор үчүн тиленсек, алар бизге аябай ыраазы болушат. Тиленгенибиз аларга бир топ жардам берет. Пабыл да ишенимдештеринин ал үчүн тиленишине муктаж болгон. Ошондуктан ал: «Мен үчүн да тиленгиле: сүйлөөгө жөндөмдүү болуп, жакшы кабардын ыйык сыры жөнүндө эркин айта алгыдай болоюн»,— деп жазган (Эф. 6:19). Бүгүнкү күндө да жыйналышта, уюмда биз үчүн талбай эмгектенип жаткан агаларыбыз, инилерибиз бар. Жахабадан алардын эмгегине батасын беришин сурансак, аларды жакшы көрөрүбүздү көрсөтөбүз.
БАШКАЛАРДЫН АТЫНАН ТИЛЕНГЕНДЕ
17, 18. Кайсы учурларда башкалардын атынан тиленишибиз мүмкүн жана эмнени эстен чыгарбашыбыз керек?
17 Кээде башкалардын атынан тиленген учурларыбыз болот. Мисалы, изилдөө өткөргөнү барган эже-карындаштарыбызды алалы. Изилдөөнү алып бара турганы шеригинен тиленип коюшун суранышы мүмкүн. Шериги изилдеген кишини жакшы билбегендиктен, балким, изилдөөнүн аягында тиленүүнү туура көрөттүр. Ошондо изилдеп жаткан киши жөнүндө эмнелерди айтса болорун жакшыраак билип калат.
18 Дагы бир жагдайга токтололу. Кабар айтуу жолугушуусунан же жыйналыштан чөмүлгөн эркек киши тилениши керек болот. Ошондой сыймыктуу жоопкерчилик тапшырылган ишенимдешибиз жолугушуунун кандай максатта өткөрүлөрүн эсинен чыгарбашы керек. Ал тиленип жатканда акыл айтып же кулактандырууларды айтып кирбеши керек. Жолугушуулардын көбүндө ыр менен тиленүүгө беш мүнөт берилет. Ошондуктан башкалардын атынан тилене турган киши, айрыкча, жолугушуулардын башында узакка тиленип туруп албашы керек (Мт. 6:7).
БАСКАН-ТУРГАН САЙЫН ТИЛЕНИП ТУРГУЛА
19. Жахабанын сот күнүнө даяр турганга эмне жардам берет?
19 Жахабанын сот күнү тездик менен жакындап келатат. Ошондуктан ар дайым баскан-турган сайын тиленип турушубуз керек. Бул тууралуу Иса: «Андыктан алдыда боло тургандарга кабылбаш үчүн... дайыма жалындуу тиленип, сергек болгула»,— деп айткан (Лк. 21:36). Ооба, тынбай тиленип турсак, рухий жактан сак жана сергек болуп, Кудайдын күнүнө даяр турабыз.
20. Канткенде тиленүүбүз жыты жагымдуу жыпар заттай болот?
20 Бул макалада эмнелерди карап чыктык? Жахабадан тиленүү — биз үчүн чоң сыймык. Бул белекти биз жогору баалайбыз. Тиленип жатканда биринчи кезекте Кудайдын эркине байланыштуу нерселерди сурашыбыз керек. Жаратканыбызга биз үчүн Уулун бергенине, жөлөп-таяган боордошторду бергенине ыраазычылык билдиргенибиз маанилүү. Падышалык үчүн да рахмат айтсак болот. Ошондой эле күнүмдүк наныбызды тапканга жана ишенимибизди бек сактаганга жардам сурашыбыз зарыл. Тиленер алдында эмнелерди айтарыбызды жакшылап ойлонуп алсак, тиленүү белегин жогору баалаарыбызды, аны сыймык катары көрөрүбүздү далилдейбиз. Ушуларды эске алсак, тиленүүбүз Жахаба үчүн жыты жагымдуу жыпар заттай болот (Накыл 15:8).
45-ЫР: Жүрөгүмдөгү ойлорум
a Биз Жахабага кайрылып тиленгенибизди сыймык катары көрөбүз жана муну жогору баалайбыз. Тиленүүбүз жыты жагымдуу жыпар заттай болушун каалайбыз. Бул макалада Кудайдан эмнелер тууралуу тиленсек болоруна токтолобуз. Ошондой эле башкалардын атынан тиленгенде эмнелерди эске алышыбыз керектигин да карап чыгабыз.
b СҮРӨТТҮН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ. Үй-бүлө башчысы аялы менен чогуу Жахабадан кызы мектепте коопсуз жүрүшүн, карып калган кайнатасына ден соолук беришин жана алар менен изилдеген аялга ийгилик жасаганга жардам беришин сурап тиленип жатат.
c СҮРӨТТҮН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ. Бир жигит Жахабага Уулун курмандыкка бергени үчүн, көз жоосун алган кооз жер планетабыз үчүн жана түркүн-түстүү тамак-аш үчүн ыраазычылык билдирип жатат.
d СҮРӨТТҮН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ. Ишенимдешибиз Жахабадан Жетектөөчү Кеңешти ыйык руху менен колдошун, табигый кырсыктардан, куугунтуктан жапа чеккендерге жардам беришин сурап тиленип жатат.