21-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ
21-ЫР: Биринчи кезекте Падышалыкты издейли
Түбөлүккө кала турган шаарды күткүлө
«Биз келечекте курула турган шаарды чыдамсыздык менен күтүп жатабыз» (ЕВР. 13:14).
МАКАЛАНЫН ӨЗӨГҮ
Еврейлерге жолдонгон каттын 13-бөлүмүндө жазылгандардын бүгүнкү күндө да, келечекте да тийгизе турган пайдасы.
1. Иса 1-кылымдагы Иерусалим жөнүндө алдын ала эмнени айткан?
ӨЛӨРҮНӨ бир нече күн калганда, Иса Машаяк өзүнүн жолдоочуларына боло турган бир окуя жөнүндө алдын ала айткан. Анын айткандары биринчи жолу Иерусалим менен андагы ибадаткана талкаланар алдында аткарылмак. Ал күндөрдүн биринде Иерусалим шаарын «аскер кошуундары курчап аларын» эскерткен (Лк. 21:20). Анын айтканы боюнча, жолдоочулары аскерди көргөндө, дароо ошол аймактан чыгып кетиши керек болчу. Ал аскер кошууну римдиктердин аскери болуп чыккан (Лк. 21:21, 22).
2. Элчи Пабыл Исанын еврей жолдоочуларына Жүйүт жери жана Иерусалим жөнүндө эмнени эскерткен?
2 Римдик аскерлер Иерусалимди курчап аларына бир нече эле жыл калган. Ошол убакта элчи Пабыл Исанын еврей жолдоочуларына олуттуу бир кат жазган. Кийинчерээк ал «Еврейлерге жазылган кат» деп белгилүү болуп калган. Ал катта маанилүү нерселер жазылган. Ошолорду эске алып Жүйүт жеринде жана Иерусалимде жашагандар алдыда боло турган окуяларга даярдана алмак. Аларды эмне күтүп турган эле? Иерусалим шаары жакында талкаланмак. Эгер Исанын жолдоочулары аман калгысы келсе, үй-жайын, ишин таштап кетиши керек болчу. Ошон үчүн Пабыл Иерусалим жөнүндө: «Бул жерде биздин туруктуу шаарыбыз жок»,— деп айткан. Анан: «Биз келечекте курула турган шаарды чыдамсыздык менен күтүп жатабыз»,— деп кошумчалаган (Евр. 13:14).
3. Пайдубалы бекем шаар деген эмне жана эмне үчүн аны күтүп келебиз?
3 Иерусалим менен Жүйүт жерин калтырып кетебиз деп чечкен Исанын жолдоочулары кеп-сөзгө, шылдыңга калса керек. Бирок так ошол чечими алардын өмүрүн сактап калган. Бүгүнкү күндө бизди да адамдарга үмүт артпаганыбыз үчүн жана бул дүйнөдөгү майкөл-сүткөл жашоого умтулбаганыбыз үчүн шылдыңдашат. Биз эмне үчүн ошентпейбиз? Себеби азыркы замандын бүтүп баратканын жакшы билебиз. Биз келечекте курула турган «пайдубалы бекем» шаарды, тактап айтканда Кудайдын Падышалыгын күтүп келебизa (Евр. 11:10; Мт. 6:33). Бул макаланын ар бир бөлүкчөсүндө төмөнкүлөргө токтолобуз: 1) Жахабанын Пабыл аркылуу айткандары Исанын 1-кылымдагы жолдоочуларына келечектеги шаарды күткөнгө кандайча жардам берген? 2) Пабыл аларды келечекте боло турган окуяларга кантип даярдаган? 3) Анын жазгандарынын бүгүнкү күндө бизге кандай пайдасы бар?
СИЛЕРДИ ЭЧ КАЧАН КАЛТЫРБАЙ ТУРГАН ЖАХАБАГА ҮМҮТ АРТКЫЛА
4. Иерусалим шаары Исанын жолдоочулары үчүн эмнеге чоң мааниге ээ болчу?
4 Исанын жолдоочулары үчүн Иерусалим шаары абдан чоң мааниге ээ болчу. Себеби б. з. 33-жылы биринчи жыйналыш ошол жакта түптөлгөн. Жетектөөчү Кеңеш дагы ошол жерде болчу. Анын үстүнө, Исанын жолдоочуларынын көбүнүн үй-жайы, тапкан ташыганынын баары ошол жакта болчу. Бирок Иса өзүнүн жолдоочуларын Иерусалимден, ал тургай Жүйүт жеринен чыгып кеткенге үндөгөн (Мт. 24:16).
5. Пабыл Исанын жолдоочуларын боло турган окуяларга кантип даярдаган?
5 Исанын жолдоочуларын боло турган нерселерге даярдаш үчүн Пабыл аларга Жахабанын Иерусалимге болгон көз карашын жакшыраак түшүнгөнгө жардам берген. Себеби Жахабанын көз алдында Иерусалимдеги ибадаткана да, дин кызматчылардын кызматы да, малдан курмандык чалуу да ыйык болбой калган. Пабыл мына ушуну эске салган (Евр. 8:13). Иерусалимдин тургундарынын басымдуу бөлүгү Машаякты кабыл албай коюшкан. Ошентип, Иерусалимдеги ибадаткана Жахабага болгон таза сыйынуунун борбору болбой калган жана жакында таш-талканы чыкмак (Лк. 13:34, 35).
6. Пабылдын Еврейлерге 13:5, 6да жазгандары эмне үчүн өз убагында берилген эскертүү болгон?
6 Пабыл еврейлерге кат жазган кезде Иерусалим гүлдөп-өскөн шаар болчу. Ошол доордогу римдик бир жазуучу Иерусалимди «Чыгыштагы эң белгилүү шаар» деп атаган. Ар кайсы жакта жашаган жүйүттөр ал жакка майрамдаш үчүн жылына 3 жолу келишчү. Бул, албетте, шаардын экономикасына абдан жакшы таасир эткен. Ошондой гүлдөп-өскөн шаарда жашаган Исанын айрым жолдоочулары да тыйын-тыпыр таап, мунун пайдасын көрсө керек. Ошон үчүн Пабыл аларга: «Акчаны сүйбөгүлө, колуңарда болгонуна ыраазы болгула»,— деп жазган көрүнөт. Андан кийин болсо Ыйык Жазмада Жахабанын: «Силерди эч качан калтырбайм, эч убакта таштабайм»,— деп жекече кепилдик бергенин эсине салган. (Окугула: Еврейлерге 13:5, 6; Мыйз. 31:6; Заб. 118:6.) Иерусалим менен Жүйүт жеринде жашаган Исанын жолдоочуларына так ушул нерсе керек болгон. Эмне үчүн? Себеп дегенде ошол катты алгандан көп өтпөй эле, алар үй-жайын, жүргүзгөн ишин, дүнүйө-мүлкүн таштаганга аргасыз болушмак. Андан кийин аларды алдыда дагы далай нерселер күтүп турган.
7. Эмне үчүн азыртадан эле Жахабага көбүрөөк таяна беришибиз керек?
7 Мындан эмнени билсек болот? Биз жашап жаткан азыркы дүйнө да жакында «улуу алааматта» соңуна чыгат (Мт. 24:21). Исанын 1-кылымдагы жолдоочуларына окшоп, биз да сергек болуп, ошого даяр турушубуз керек (Лк. 21:34—36). Улуу алаамат учурунда биз да айрым нерселерибизден же бүт мүлкүбүздөн кол жууп калышыбыз мүмкүн. Ошондо өз элин эч качан таштабай турган Жахабага толук таянышыбыз керек болот. Атүгүл азыр эле, улуу алаамат башталганга чейин эле, кимге таянарыбызды көрсөтө алабыз. Ошон үчүн: «Иштерим менен максаттарыман байлыкка таянарым көрүнүп турабы? Же Кудайдын мага кам көрөрүнө ишенерим көрүнүп турабы?» — деп ойлонуп көрсөк болот (Тим. 1-к. 6:17). Албетте,1-кылымда болгон окуялардан көп нерсеге үйрөнө алабыз. Бирок бизди келечекте андан да кыйын мезгил — улуу алаамат — күтүп турат. Анда ошол алаамат башталганда эмне кылышыбыз керектигин кантип билебиз?
ЖЕТЕКЧИЛИКТИ КОЛГО АЛГАНДАРГА БАШ ИЙГИЛЕ
8. Иса шакирттерине кандай көрсөтмө берген?
8 Пабылдын катын алгандан бир нече жыл өткөн соң Исанын жолдоочулары Иерусалим шаарын Рим аскерлери курчап алганын көрүшкөн. Бул алар качышы керектигинин белгиси болгон, себеби Иерусалим кыйратылмак (Мт. 24:3; Лк. 21:20, 24). Бирок алар каякка качышы керек эле? Иса: «Жүйүт жериндегилер тоого качсын»,— деп эле койгон (Лк. 21:21). Ал аймакта тоолор көп болгондуктан, алар кайсынысына качышы керек эле?
9. Эмне үчүн Исанын жолдоочуларында кайсы тоого качабыз деген суроо туулса керек? (Картаны да карагыла)
9 Келгиле, алардын кайсы тоолорго качса болмоктугун карап көрөлү. Мисалы, Самариянын тоолору, Галилеянын тоолору, Хермон тоосу, Лебанондун тоолору , Иордандын наркы өзүндөгү тоолор бар болчу. (Картаны карагыла.) Ошол тоолуу аймактардагы айрым шаарлар коопсуз көрүнгөн. Гамла шаары жөнүндө айта турган болсок, ал бийик тоонун кырынан орун алган, ага жетиш оңой эмес болчу. Айрым жүйүттөр аны коргон кылганга эң ылайыктуу шаар катары көрүшкөн. Бирок так ошол шаарда жүйүттөр менен римдиктердин ортосунда кандуу салгылаш болуп, көптөгөн тургундары набыт болгон.b
1-кылымдагы Исанын жолдоочулары кача ала турган тоолор көп болчу, бирок баары эле коопсуз эмес болчу (9-абзацты карагыла)
10, 11. а) Жахаба элин кантип жетектеши мүмкүн эле? (Еврейлерге 13:7, 17). б) Исанын жолдоочуларынын жыйналышта жетекчиликти колго алгандарга тил алганынын пайдасы кандай болгон? (Сүрөттү да карагыла).
10 Сыягы, Жахаба Исанын жолдоочуларын жыйналыштагы жетекчиликти колго алгандар аркылуу жетектеген. Евсевий деген тарыхчы кийинчерээк: «Кудай Иерусалимдеги жыйналыштагыларга алардын арасындагы дайындалган эркектерге аян берип, эмне болорун ачып берген. . . Аларга согуш башталганга чейин эле шаардан чыгып, Переядагы Пелла деп аталган шаарга барып отурукташуу буйрук кылынган»,— деп жазган. Пелла качып барганга аябай ылайыктуу шаар болгон. Ал Иерусалимден анча алыс эмес эле, ага жетиш салыштырмалуу оңоюраак болгон. Анын тургундарынын көбү жүйүттөр эмес болчу. Ошондой эле ал шаарда, негизинен, римдиктер менен салгылашып, эркиндик үчүн күрөш жүргүзгөн жүйүттөрдүн таасири күчтүү эмес болчу. (Картаны карагыла.)
11 Тоого качып кеткен Исанын жолдоочулары Пабылдын «араңарда жетекчиликти колго алгандарга» тил алып, баш ийгиле деген кеңешине ылайык иш кылышкан. (Окугула: Еврейлерге 13:7, 17.) Ошонун натыйжасында Кудайдын эли аман калган. Тарых тастыктап тургандай, пайдубалы бекем шаарды, тактап айтканда, Кудайдын Падышалыгын күткөндөрдү Кудай калтырган эмес (Евр. 11:10).
Пелла качканга ылайыктуу коопсуз шаар болгон (10, 11-абзацтарды карагыла)
12, 13. Кыйын кезеңде Жахаба өз элин кантип жетектейт?
12 Мындан эмнени билсек болот? Жахаба жетекчиликти колго алгандарды өзүнүн элине багыт бериш үчүн колдонот. Ыйык Китепте Жахаба өз элин кыйын кезеңде жетектеш үчүн белгилүү бир адамдарды колдонгонуна көптөгөн далилдер бар (Мыйз. 31:23; Заб. 77:20). Жахабанын бүгүнкү күндө да элин ошентип жетектеп жатканына далилдер арбын.
13 Мисалы, COVID-19 пандемиясы башталганда, жетекчиликти колго алган ошондой адамдар зарыл көрсөтмөлөрдү беришкен. Алар аксакалдарга Жахабага чогуу сыйынып, жыйналыштарды кантип өткөрсө болоруна байланыштуу көрсөтмөлөрдү беришкен. Пандемия күч ала баштагандан көп өтпөй эле, региондук жыйындарыбызды интернет, телевизор, радио аркылуу 500дөн ашуун тилде өткөрө алдык. Биз рухий тамактан эч өксүгөн жокпуз. Ошонун аркасында мурункудай эле биримдүү бойдон кала алдык. Ошондуктан келечекте кандай гана кыйынчылыктарга кабылбайлы, бир нерседен шектенбесек болот: Жахаба жетекчиликти колго алгандар аркылуу туура багытты сөзсүз көрсөтө берет. Жахабага таянгандан жана анын буйруктарына баш ийгенден тышкары, улуу алааматка даяр болуш үчүн жана ошондой коогалаңдуу учурда акылдуулук менен иш кылыш үчүн бизге дагы кандай сапаттар керек?
БИРИ-БИРИҢЕРДИ БИР ТУУГАНЫҢДАРДАЙ СҮЙҮП, МЕЙМАНДОС БОЛГУЛА
14. Еврейлерге 13:1—3-аяттарга ылайык, 1-кылымда Исанын жолдоочуларында кандай сапаттардын болушу зарыл эле?
14 Улуу алаамат башталганда ортобуздагы сүйүү болуп көрбөгөндөй күчтүү болушу керек. Ошол учурда биз Иерусалим менен Жүйүт жеринде жашаган Исанын жолдоочуларындай иш кылышыбыз керек болот. Алар бири-бирин абдан жакшы көрүшкөн (Евр. 10:32—34). Бирок жүйүттөрдүн ошол доору соңуна чыгып баратканда Исанын жолдоочулары бири-бирин өз бир тууганындай көрүп, мурункудан да көбүрөөк жакшы көрүп, мурункудан да меймандос болушу керек болчу. (Окугула: Еврейлерге 13:1—3.) Азыркы заман соңуна чыгып келе жаткандыктан, бул бизге да тиешелүү.
15. Шаардан качып чыккандан кийин Исанын еврей жолдоочулары эмне үчүн бири-бирин өз бир тууганындай сүйүп, меймандос болушу керек эле?
15 Иерусалимди курчап алган римдик аскерлер күтүүсүздөн артка чегингенде, Исанын жолдоочуларында шаардан качып кеткенге мүмкүнчүлүк пайда болгон. Бирок алар өздөрү менен кошо көп нерсе алып кете албайт болчу (Мт. 24:17, 18). Ошон үчүн тоону көздөй сапар тартып баратканда жана жаңы жерге барып отурукташканда бири-биринин жардамына муктаж болмок. Алар жардамга зар болгон учурлар көп эле болсо керек, так ошондой учурларда алар бири-бирин өз бир тууганындай сүйөрүн, жөлөк-таяк болуп, колунда болгонун бөлүшүп меймандостугун көрсөтө алмак (Тит 3:14).
16. Жардамыбызга зар бир туугандарыбызды сүйөрүбүздү кантип көрсөтө алабыз? (Сүрөттү да карагыла.)
16 Мындан эмнени билсек болот? Боордошторубуз жардамга зар болгондо, аларга жардам бергенге бизге сүйүү сапаты түрткү берет. Акыркы учурда табигый кырсыктардан, согуштардан улам айрым бир туугандарыбыз жер которгонго аргасыз болду. Кудайдын элинин арасында андай бир туугандарыбызга рухий жактан, материалдык жактан жардам бергиси келгендер көп. Согуштун айынан үйүн таштап кеткенге аргасыз болгон украиналык бир карындашыбыз: «Биз Жахаба бизди жетектеп жатканын, боордошторубуз аркылуу бизге жардам берип жатканын кадимкидей сездик. Украинадагы, Венгриядагы бир туугандарыбыз да бизди кучак жайып тосуп алып, жардам беришти, учурда Германиядагылар да ошентип жатышат»,— дейт. Ушундай бир туугандарыбызга кам көрүш үчүн Жахаба так ошондой меймандос, камкор бир туугандарыбызды колдонуп жатат (Накыл 19:17; Кор. 2-к. 1:3, 4).
Баш калкалаш үчүн өз жеринен качып келген бүгүнкү күндөгү бир туугандарыбыз да жардамга муктаж (16-абзацты карагыла)
17. Азыртадан эле бири-бирибизди өз бир тууганыбыздай сүйгөнүбүз, меймандос болгонубуз эмне үчүн маанилүү?
17 Ушундай жардамга муктаж болгондор келечекте мындан да көп болору турган иш (Хаб. 3:16—18). Жахаба азыртадан эле бизди меймандос болгонго, бири-бирибизди өз бир тууганыбыздай сүйгөнгө үйрөтүп жатат.
КЕЛЕЧЕКТЕ БИЗДИ ЭМНЕ КҮТҮП ТУРАТ?
18. Исанын 1-кылымдагы еврей жолдоочуларынан кандай үлгү алсак болот?
18 Тарых бышыктап тургандай, Иерусалим шаарынын тургундарынын башына түшкөн балээ тоого качып кеткен Исанын жолдоочуларынан кыя өткөн. Алар өз үйүн өлөң төшөгүн таштап кетишкен. Бирок Жахаба аларды эч качан таштаган эмес. Ал эми биздин күндөр жөнүндө эмне деп айтса болот? Келечекте эмне болорун эч кимибиз так айта албайбыз. Бир билгенибиз, Иса эскерткендей, баш ийгенге даяр болушубуз керек (Лк. 12:40). Мындан тышкары, бизде элчи Пабылдын еврейлерге жолдогон каты да бар. Ал жакта 1-кылымга тиешелүү болгондой эле, биздин күндөргө да тиешелүү жакшы кеңештер жазылган. Ошондой эле силерди эч качан таштабайм деген Жахабанын өзү берген кепилдиги бар (Евр. 13:5, 6). Ошон үчүн мындан ары да түбөлүккө кала турган шаарды, тактап айтканда, Кудайдын Падышалыгын күтө берели! Ошондо түбөлүктөн түбөлүккө Кудайдын батасын алабыз (Мт. 25:34).
157-ЫР: Тынч заман
a Байыркы убакта шаарларды көп учурда падыша башкарчу. Андай шаарлар падышалык катары каралышы мүмкүн болчу (Башт. 14:2).
b Бул б. з. 67-жылы Исанын жолдоочулары Жүйүт жери менен Иерусалимден чыгып кетишкенден кийин эле болгон.