26-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ
123-ЫР: Теократияга берилгендикте баш иебиз
Баарын билип-түшүнө бербей турганыңарды моюнга алгыла
«Кудурети Чексиз Кудай жөнүндө баарын түшүнгөнгө акылыбыз жетпейт» (АЮП 37:23).
МАКАЛАНЫН ӨЗӨГҮ
Бардык нерсени биле бербей турганыбызды моюнга алганыбыздын жана билген нерсебизге көңүл топтоп, Жахабага таянганыбыздын пайдасы.
1. Жахаба бизге кандай жөндөм берген жана эмне үчүн?
ЖАХАБА бизди ой жүгүртүп, жаңы бир нерселерди билип, түшүнүп, анан билгендерибизди иш жүзүндө колдоно алгыдай кылып жараткан. Эмне үчүн ошондой кылып жараткан? Себеби аны таанып-билип, ага акыл жөндөмүбүздү колдонуп кызмат кылышыбызды каалайт (Накыл 2:1—5; Рим. 12:1).
2. Эмнени моюнга алышыбыз керек жана эмне үчүн ошенткенибиз жакшы? (Аюп 37:23, 24). (Сүрөттү да карагыла.)
2 Көп нерсени билгенге жөндөмдүү болсок да, биздин биле ала турган нерселерибиз чектелүү. (Окугула: Аюп 37:23, 24.) Аюп пайгамбарды мисалга алалы. Жахаба ага бир катар суроолорду бергенде, анын көп нерсени билбей турганы айкын болгон. Ал ошону мойнуна алып, оюн оңдогон (Аюп 42:3—6). Биз да бардык эле нерсени биле бербей турганыбызды моюнга алсак, өзүбүзгө эле жакшы. Мунун аркасында момун болуп, Жахаба бизден бизге туура чечим чыгарганга жардам бере турган зарыл маалыматты жашырбай турганына ишенебиз (Накыл 2:6).
Аюп пайгамбарга окшоп, биз билбеген нерселер бар экенин моюнга алганыбыз жакшы (2-абзацты карагыла)
3. Бул макалада эмнелерди талкуулайбыз?
3 Бул макалада эмнелерди билбей турганыбызды жана бул эмне үчүн кыйын болушу мүмкүн экенин талкуулайбыз. Айрым нерселерди билбегенибиз эмне үчүн жакшы экенине да токтолобуз. Ушул ойлорду карап чыккандан кийин «билими жеткилең» Жахабанын бизге керектүү маалыматты сөзсүз ачып берерине көбүрөөк ынана алабыз (Аюп 37:16).
БУЛ ДҮЙНӨНҮН АКЫРЫ КАЧАН КЕЛЕРИН БИЛБЕЙБИЗ
4. Матай 24:36га ылайык, эмнени билбейбиз?
4 Окугула: Матай 24:36. Биз азыркы дүйнөнүн акыры качан келерин билбейбиз. Атүгүл Иса да жерде жүргөн кезинде «ал күндү жана саатты» билген эмесa. Кийинчерээк ал өзүнүн элчилерине убакыт-мөөнөттөрдүн Кожоюну Жахаба белгилүү бир окуялардын болор убактысын өзү гана белгилей турганын айткан (Элч. 1:6, 7 шилт.). Бул дүйнөнүн жок боло турган убагын Жахаба аныктап койгон. Бирок биз анын так убактысын биле албайбыз.
5. Бул дүйнөнүн акыры качан келерин билбегенибиз бизге кандай таасир этиши мүмкүн?
5 Исанын айтканын эске алганда, биз дүйнөнүн акыры келгенге чейин дагы канча күтүшүбүз керектигин билбейбиз. Ошон үчүн, өзгөчө ал күндү бир канча убакыттан бери күтүп келатсак, чыдамыбыз кетип, көңүлүбүз чөгүшү мүмкүн. Ошондой эле үйдөгүлөрүбүз же башкалар шылдыңдагандыктан, чыдап күтүш кыйын болуп кетиши мүмкүн (Пет. 2-к. 3:3, 4). Андай учурларда эгер ал күндүн качан келерин так билсек, чыдап күткөнгө, элдин шылдыңын көтөргөнгө оңоюраак болмок деп ойлошубуз мүмкүн.
6. Бул дүйнөнүн акыры качан келерин билбегенибиздин эмнеси жакшы?
6 Ооба, Жахаба бизге ал күндүн качан келерин ачып берген эмес. Себеби бизге аны сүйгөндүктөн, ага ишенгендиктен кызмат кылып жатканыбызды далилдегенге мүмкүнчүлүк берип жатат. Биз Жахабага кайсы бир убакытка чейин эле эмес, түбөлүк кызмат кылабыз. Биздин ишенимибиздин кайсы бир нерсенин жарактуулук мөөнөтүндөй мөөнөтү жок. Ошондуктан Жахабанын күнү качан келерин ойлой бербей, ал күн келгенде эмнелер ишке ашарына көңүл топтогонубуз жакшы. Ошондо Жахабага ого бетер жакын болуп, ага жагыш үчүн колубуздан келгендин баарын кылабыз (Пет. 2-к. 3:11, 12).
7. Биз эмнелерди билебиз?
7 Биз билбеген эмес, билген нерселерибизге, мисалы, акыркы күндөрдүн 1914-жылы башталганына көңүл топтогонубуз жакшы. Жахаба Ыйык Китепке ошол жылы акыркы күндөр башталарын көрсөткөн белгилерди алдын ала жаздыртып койгон. Бирок аны эле эмес, андан кийин да дүйнөнүн абалы кандай болорун майда-чүйдөсүнө чейин жаздыртып койгон. Ошон үчүн «Жахабанын улуу күнүнө аз калганына» эч шектенбейбиз (Сеп. 1:14). Ошондой эле Жахабанын бизден эмне кылышыбызды күтөрүн да билебиз. Биз «Кудайдын Падышалыгы жөнүндөгү. . . жакшы кабарды» мүмкүн болушунча көп адамга айтышыбыз керек (Мт. 24:14). Бул жакшы кабар учурда 240тай өлкө менен аймакта, 1 000ден ашык тилде жарыяланып жатат. Бул маанилүү ишти жан-дилден аткарыш үчүн бул дүйнөнүн акыры качан келеринин так убакыт-саатын билиштин кажети жок.
ЖАХАБАНЫН КАЧАН ЖАНА КАНДАЙ ИШ-АРАКЕТ КЫЛАРЫН БИЛБЕЙБИЗ
8. Кудайдын иштеринин баарын түшүнө алабызбы? (Насаатчы 11:5.)
8 Биз «чыныгы Кудайдын иштерин» дайыма эле түшүнө бербейбиз. (Окугула: Насаатчы 11:5.) Башкача айтканда, Жахаба өз эркин ишке ашырыш үчүн эмнелерди кылып жатканын жана эмнелердин болушуна жол берерин билбейбиз. Бизге кандай жол менен жардам берерин да так биле албайбыз (Заб. 37:5). Окумуштуулар түйүлдүктүн кантип өрчүүрүн толук түшүнбөгөндөй эле, биздин да Кудайдын иштерине акылыбыз жетпейт.
9. Жахабанын кандайча иш-аракет кыларын билбегендиктен эмне деп ойлой башташыбыз мүмкүн?
9 Бирок кээде Жахабанын бизге кантип жардам берерин билбегендиктен чечкинсиз болуп калышыбыз мүмкүн. Мисалы, Жахабага көбүрөөк кызмат кылыш үчүн жашообузду жөнөкөйлөтүү же жарчыларга муктаждык чоң болгон жакка көчүп баруу биз үчүн кыйын болушу мүмкүн. Же кайсы бир рухий максатка жетпей жатканда, колубуздан келишинче кызмат кылып жатсак да, натыйжасын көрбөй жатканда же теократиялык иш-долбоорлорду аткарып жатып тоскоолдуктарга туш болгондо Жахаба бизди чын эле жакшы көрөбү деп шектене башташыбыз мүмкүн.
10. Жахабанын кандайча иш кыларын билбегенибиздин аркасында кандай керектүү сапаттарды өрчүтө алабыз?
10 Жахабанын кандайча иш-аракет кыларын билбегенибиз, чынында, бизге абдан керектүү сапаттарды өрчүткөнгө жардам берет. Алсак, мүмкүнчүлүктөрүбүз чектелүү экенин түшүнүп, момундукту өрчүтө алабыз. Жахабанын ою менен иштери биздикинен алда канча бийик экенин түшүнөбүз (Ыш. 55:8, 9). Кандай иш кылбайлы, кандай жагдай болбосун, Жахабага көбүрөөк таянганды үйрөнөбүз. Эгер кызматыбызда же уюмубуздун кандайдыр бир иш-долбоорлорунда жакшы натыйжага жетсек, Жахабага ал татыктуу болгон даңкты ыйгарабыз (Заб. 127:1; Кор. 1-к. 3:7). Ал эми бир нерсе биз күткөндөй болбой калса, Жахаба баарын толугу менен көзөмөлдөп турарын унутпайбыз, ошондо жан дүйнөбүз тынч болот (Ыш. 26:12). Биз өзүбүз тараптан колубуздан келгенин кыла беребиз, калганын болсо Жахабага тапшырып коёбуз. Байыркы убактагыдай кереметтүү жол менен болбосо да, Жахаба бизге туура багытты көрсөтөрүнө бекем ишенебиз (Элч. 16:6—10).
11. Биз кайсы маанилүү нерселерди билебиз?
11 Биз жакшы билген нерселерибиз жөнүндө ой жүгүртүп турушубуз керек. Мисалы, Жахаба бизди сүйөт, ал — адилеттүү, акылман Кудай. Ал биздин ал үчүн жана бир туугандарыбыз үчүн кылгандарыбыздын баарын абдан баалайт. Ошондой эле ага берилгендигин сактагандарды эч качан сыйлыксыз калтырбайт (Евр. 11:6).
ЭРТЕҢ ЭМНЕ БОЛОРУН БИЛБЕЙБИЗ
12. Жакыптын каты 4:13, 14тө айтылгандай, эмнени билбейбиз?
12 Окугула: Жакыптын каты 4:13, 14. Дагы бир нерсени моюнга алыш керек: эртеңки күндүн кандай болорун эч кимибиз билбейбиз. Азыркы убакта, тилекке каршы, баарыбыз эле «күтүлбөгөн убакта күтүлбөгөн жагдайга кабылабыз» (Нас. 9:11). Ошон үчүн оюбуз ишке ашабы, жокпу, ал тургай эртең тирүү болобузбу, жокпу, айта албайбыз.
13. Эртеңки күнүбүздүн белгисиз болгону бизге кандай таасир этиши мүмкүн?
13 Көп учурда жашоодо биз ойлобогон, биз күтпөгөн кыйынчылыктарга туш болуп калабыз. Андайда жашообуз бир заматта астын-үстүн болуп, кайгыга батып, көңүлүбүз чөгүшү мүмкүн. Биз күткөн нерсе ишке ашпай калганда көңүлүбүз калып, ындыныбыз өчүп калат. Ошондон улам дагы эмне болуп кетер экен деп коркуп жашап калабыз. Анан ошонун баарын көтөрүш кыйын болуп, мурункудай жадырап-жайнабай, шаабайыбыз сууп калышы ыктымал (Накыл 13:12).
14. Биздин бактылуу болушубуз эмнеден көз каранды? (Сүрөттөрдү да карагыла.)
14 Эгер башка түшкөн кыйынчылыктарга туруштук берип, көтөрүп кетсек, Асмандагы Атабызга, жагдайыбыз кандай болбосун, өз кызыкчылыгыбызды көздөгөндүктөн эмес, аны сүйгөндүктөн кызмат кыларыбызды далилдеген болобуз. Ыйык Китепти окугандыктан Жахаба бизди бардык эле кыйынчылыктан калкалай бербесин жана жашообузда кандай окуя болорун алдын ала белгилеп койбой турганын билебиз. Жахаба бактылуу болушубуз алдыда эмнелерге туш болорубузду билгенибизден көз каранды эмес экенин билет. Себеби бактыбыз Жахабанын бизди жетектешин каалайбызбы, анын жетегине баш иебизби, анын жетеги менен жүрөбүзбү, жокпу, мына ушундан көз каранды (Жер. 10:23). Эгер чечим чыгарарда анын эркин эске алсак, анда «Жахаба кааласа, аман болсок, муну же тигини кылабыз» деп айткандай болобуз (Жкп. 4:15).
Жахабанын бизди жетектешин каалап, ага баш ийсек, коопсуз болобуз (14, 15-абзацтарды карагыла)b
15. Келечек жөнүндө эмнени билебиз?
15 Эртеңки күнү эмне күтүп турганын билбесек да, Жахаба убада кылгандай, же асманда, же жерде түбөлүк жашай турганыбызды билебиз. Ошондой эле Жахаба эч качан калп айтпай турганын, өз убадаларын аткарганга ага эч ким, эч нерсе тоскоолдук кыла албай турганын билебиз (Тит 1:2). «Аягында эмне болорун» жана «боло элек нерселерди» ал гана айта алат (Ыш. 46:10). Анын алдын ала айткандары дайыма аткарылат. Алар мурун да аткарылган, келечекте да аткарылат. Андан тышкары, Жахабанын сүйүүсүнөн бизди эч ким ажырата албай турганын билебиз (Рим. 8:35—39). Башыбызга кандай мүшкүл түшпөсүн, ал аны көтөрүп кеткенге акылмандык, күч берет, жубатып-сооротот. Анын бизди колдоп, батасын берерине түк да шектенбейли (Жер. 17:7, 8).
ЖАХАБА БИЗДИ КАНЧАЛЫК ЖАКШЫ БИЛЕРИН ТОЛУК ТҮШҮНӨ АЛБАЙБЫЗ
16. Забур 139:1—6-аяттарда жазылгандай, Жахаба эмнени билет жана бул бизге кандай таасир этет?
16 Окугула: Забур 139:1—6. Жараткан Кудай биздин кандай жаратылганыбызды, дене түзүлүшүбүздү, эмоциялык абалыбызды, аң-сезимибизди, ошондой эле азыркыдай калыптанып калышыбызга эмнелер таасир эткенин эң сонун билет. Жашообузга да дайыма кызыгып турат. Ал эмне деп айтып жатканыбызды эле эмес, эмне дегибиз келип жатканын да, эмне кылып жатканыбызды эле эмес, эмне үчүн кылып жатканыбызды да жакшы билет. Дөөтү пайгамбар айткандай, бизди коргош үчүн дайыма көз салып турат жана кандай болбосун, бизге жардам бергенге кудурети жетет. Бүт ааламдын Эгедери, асман менен жерди жараткан Кудурети Чексиз Кудайдын өзү бизге ушунчалык көңүл буруп жатканы кандай гана сонун! Бул тууралуу Дөөтү: «Мени ушунчалык жакшы билериңе айран-таң калам. Муну акылыма сыйдыра албайм»,— деген (Заб. 139:6 шилт.).
17. Жахаба бизди чындап түшүнөт дегенге ишениш эмне үчүн кыйын болушу мүмкүн?
17 Балким, чоңоюп-өскөн чөйрөбүздөн, маданиятыбыздан же мурун ишенген нерселерибизден улам Жахабаны жашообузга абдан кызыккан, бизди сүйгөн Ата катары көрүш кыйындыр. Же мурун кетирген ката-кемчиликтерибиздин айынан өзүбүздү ушунчалык жаман сезип, Жахаба бизди билгиси келбегендей, бизден алыс болгондой сезилиши мүмкүн. Жадагалса Дөөтү пайгамбардын да ушинтип ойлогон учурлары болгон (Заб. 38:18, 21). Же оңолгонго бүт күчүн жумшап, Кудайдын талаптары боюнча жашаганга аракет кылып жаткан кимдир бирөө: «Эгер Кудай мени чындап жакшы билсе, чындап жакшы түшүнсө, анда эмне үчүн мени кандай болсом, ошондой кабыл албай, өзгөрүшүмдү каалап жатат?» — деп ойлонушу мүмкүн.
18. Жахаба бизди өзүбүзгө караганда жакшы билерин түшүнгөнүбүз эмне үчүн маанилүү? (Сүрөттөрдү да карагыла.)
18 Жахаба бизди өзүбүзгө караганда кыйла жакшы билет, биздин өзүбүз көрө албаган жакшы сапаттарыбызды да көрө билет. Ал кемчиликтерибизди да көрүп турат, эмне үчүн тигиндей же мындай сезимде болуп жатканыбызды, эмне үчүн тигиндей же мындай иш кылып жатканыбызды түшүнөт. Бирок оңоло аларыбызды билгендиктен жакшы көрө берет (Рим. 7:15). Эгер Жахаба биздин кандай адам боло аларыбызды көрө билерин түшүнсөк, бул ага берилгендигибизден жазбай жана көңүлүбүздү чөгөрбөй кызмат кыла бергенге дем-күч берет.
Жахаба жаңы замандагы жаркын келечекке болгон ишенимибизди чыңдап, эртеңкибиз белгисиз болгонунан улам пайда болгон азыркы кыйынчылыктарды көтөргөнгө жардам берип жатат (18, 19-абзацтарды карагыла)c
19. Жахаба жөнүндө эмнени билебиз?
19 Биз Жахаба өзү сүйүү экенин билебиз. Буга эч кандай шек жок (Жкн. 1-к. 4:8). Анын адил талаптары бизди сүйөрүн далилдеп турат. Ал дайыма бизге жакшылык гана каалайт. Ошондой эле биз Жахабанын түбөлүк жашашыбызды каалай турганын билебиз, ошол нерсеге жол ачылышы үчүн ал биздин кунубузду төлөгөн. Бул бизди, жеткилең эмес болсок да, Жахабага жага аларыбызга ынандырып турат (Рим. 7:24, 25). Мындан тышкары, Жахабанын «жүрөгүбүздөн чоң экенин жана баарын билерин» билебиз (Жкн. 1-к. 3:19, 20). Жахаба бизди алаканга салгандай эле көрүп турат жана анын эркин аткара аларыбызга толук ишенет.
20. Канткенде ашыкча тынчсызданбайбыз?
20 Жахаба бизге керектүү маалыматты бизден эч качан жашырбайт. Эгер ушуну түшүнсөк, колубуздан келбеген нерселерге ашыкча тынчсызданбай, чындап маанилүү болгон нерселерге көңүл топтой алабыз. Ошентсек, «билими жеткилең» Жахабага толук таянарыбызды көрсөтөбүз (Аюп 36:4). Азырынча айрым нерселерди түшүнбөсөк да, бизди алдыда Улуу Кудайыбыз бизди дагы көп нерсеге үйрөтө турган жана анын өзү жөнүндө да көп жаңы нерселерди биле бере турган түбөлүктүү келечек күтүп турат (Нас. 3:11).
104-ЫР: Ыйык рух — Кудайдын белеги
b СҮРӨТТӨРДҮН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ. Атасы менен баласы үй-бүлөсү үчүн өзгөчө кырдаалга керектүү баштыкты чогуу даярдап жатат.
c СҮРӨТТӨРДҮН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ. Кыйынчылыктар менен алпурушуп жаткан бир тууганыбыз жаңы заманда аны кандай кубанычтуу убак күтүп жатканы жөнүндө ой жүгүртүп жатат.