Дөөтүнүн забуру.
א [Алеф]
37 Жамандык кылгандарды көрүп кыжырланба+,
Ыймансыздык кылгандарга көз артпа+.
2 Анткени алар чөп сыяктуу тез эле куурап+,
Көк чөптөй соолуп калышат+.
ב [Бет]
3 Жахабага таян, жакшылык кыл+,
Жер бетинде жашап, ишенимдүүлүгүңөн жазба+.
4 Жахабадан кубаныч алып, ырахаттан+,
Ошондо ал жүрөгүңдөгү ой-тилектерди орундатат+.
ג [Гимел]
5 Жолуңду Жахабага тапшыр+,
Ага таян+, ошондо ал өзү иш-аракет кылат+.
6 Адилдигиңди жарыктай+,
Адилеттүүлүгүңдү чак түштөй кылат+.
ד [Далет]
7 Жахабанын алдында унчукпа+,
Аны чыдамсыздык менен күт+.
Өз жолунда ийгиликке жеткен бирөөгө+,
Ойлорун ишке ашырган адамга кыжырланба+.
ה [Хе]
8 Ачууңду тый, каарыңды бас+,
Жамандыкка барбаш үчүн кыжырланба+.
9 Анткени жамандык кылгандар кырылат+,
Ал эми Жахабага үмүт арткандар жерди мураска алат+.
ו [Вав]
10 Дагы бир аздан кийин ыймансыз жок болот+,
Ордун карап, аны таппай каласың+.
11 Ал эми мүнөзү жумшактар жерди мураска алышат да+,
Мол тынчтыкка ырахаттанышат+.
ז [Зайин]
12 Ыймансыз адил адамга каршы жамандык ойлойт+,
Ага тишин кычыратат+.
13 Бирок Жахаба ага күлөт+,
Анткени анын өлөр күнү жакындап калганын көрүп турат+.
ח [Хет]
14 Бей-бечара менен жакырды сулатуу үчүн+,
Түз жолдо жүргөндөрдү өлтүрүү үчүн+,
Ыймансыздар кылычын сууруп чыгышты, жааларын ийишти+.
15 Бирок кылычтары өз жүрөктөрүнө сайылат+,
Жаалары талкаланат+.
ט [Тет]
16 Адил адамдын аз нерсеси+
Ыймансыздардын молчулугунан артык+.
17 Анткени ыймансыздардын колу сынат+,
Ал эми адил адамдарды Жахаба колдойт+.
י [Йод]
18 Жахаба кынтыксыздардын күндөрүн билет+,
Алардын мурасы түбөлүккө калат+.
19 Алар алаамат учурунда уятка калышпайт+,
Ачарчылык күндөрү ток болушат+.
כ [Каф]
20 Ал эми ыймансыздар жок болушат+,
Жахабанын душмандары жайыттын шибер чөбүндөй куурап калышат,
Алар түтүндөй тарап+, жок болушат+.
ל [Ламед]
21 Ыймансыз карыз алат да, кайрып бербейт+,
Ал эми адил адам кайрымдуу, берешен келет+.
22 Кудайдын батасын алгандар жерди мурасташат+,
Ал эми каргышына калгандар кырылып жок болушат+.
מ [Мем]
23 Жахаба адамдын кадамдарын туруктуу кылат+,
Анын жолу Ага ырахат тартуулайт+.
24 Ал жыгылып баратса да, кулабайт+,
Анткени Жахаба аны колунан кармап турат+.
נ [Нун]
25 Мен жаш элем, эми карыдым+,
Бирок Кудайдын адил адамды калтырып койгонун+
Же анын урпактарынын нан сурап жүргөнүн көргөн жокмун+.
26 Ал күнүгө жакшылык кылат, карыз берет+,
Ошондуктан анын урпактарына бата тиет+.
ס [Самех]
27 Жамандыктан алыс бол, жакшылык кыл+,
Ошондо түбөлүк жашайсың+.
28 Анткени Жахаба адилеттикти сүйөт+,
Өзүнүн берилген кызматчыларын таштабайт+.
ע [Айин]
Аларды кылымдар бою коргоп жүрөт+,
Ал эми ыймансыздардын тукуму кырылып жок болот+.
29 Адил адамдар жерди мураска алып+,
Жер бетинде түбөлүк жашашат+.
פ [Пе]
30 Адил адамдын оозунан акылмандык чыгат+,
Тили адилеттикти сүйлөйт+.
31 Кудайынын мыйзамы анын жүрөгүндө+,
Анын буту олку-солку болбойт+.
צ [Цаде]
32 Ыймансыз адам адил адамды аңдып+,
Аны өлтүрүүнүн жолун издейт+.
33 Бирок Жахаба аны ыймансыздын колуна салып бербейт+,
Сотто айыпка жыкпайт+.
ק [Коф]
34 Жахабага үмүт арт, анын жолунан чыкпа+,
Ошондо, жерди мураска алышың үчүн, ал сени жогорулатат+.
Сен ыймансыздардын кырылып жатканын өз көзүң менен көрөсүң+.
ר [Реш]
35 Мен ыймансыз, зулум адамды көрдүм+,
Ал өз топурагында шагын жайып өскөн дарактай эле+.
36 Бирок ал көздөн кайым болду, жок болду+.
Мен аны издеп, таппай калдым+.
ש [Шин]
37 Кынтыксыз адамды байкап жүр, чынчылдан көзүңдү алба+,
Анткени анын келечеги — тынчтык+.
38 Ал эми мыйзамды бузгандар жок кылынат+,
Ыймансыздардын келечеги ойрон болот+.
ת [Тав]
39 Жахаба адил адамдарды куткарат+,
Кыйынчылык учурунда аларга чеп болот+.
40 Жахаба аларга жардам берет, аларды коргойт+.
Андан баш маана издешкендиктен+,
Аларды ыймансыздардан куткарат, сактайт+.