Лука
3 Император Тиберийдин башкаруусунун он бешинчи жылында, Жүйүт жеринде Понтий Пилат башкаруучу болуп турганда, Галилея аймагында Ирод*+, Итурея жана Трахонит аймактарында анын агасы Филип, ал эми Абиленея аймагында Лусаний дубан башчысы болуп турганда, 2 Каяпа+ менен башкы дин кызматчы Анастын күндөрүндө Закарыянын уулу Жаканга+ ээн талаада+ Кудайдан сөз болду.
3 Ошондуктан ал Иордан дарыясынын тегерек-четиндеги аймактардын баарын кыдырып, элге күнөөлөрү кечирилиши үчүн өкүнүп, чөмүлтүлүшү керектигин жар сала баштады+. 4 Бул жөнүндө Ышая пайгамбардын китебинде: «Уккула! Ээн талаада бирөө мындай деп жар салып жүрөт: „Жахабага жол даярдагыла! Анын жолдорун түздөгүлө+. 5 Ойдуңдун баары толтурулсун, тоолор менен адырлардын баары тегизделсин, ийри-буйру жолдор менен өңгүл-дөңгүл жерлер түздөлсүн+. 6 Ошондо бардык адамдар Кудайдын куткаруусун көрөт“»,— деп жазылган+.
7 Жакан чөмүлтүлүү үчүн өзүнө келаткандарга: «Кара чаар жыландын тукумдары+, силерге Кудайдын каары төгүлө турган күндөн качып кутулууну ким үйрөттү?+ 8 Өкүнгөнүңөрдү иш жүзүндө көрсөткүлө*+. „Биздин атабыз — Ыбрайым“,— дебегиле. Силерге айтып коёюн, Кудайдын Ыбрайымга мына бул таштардан да балдарды жаратып берүүгө кудурети жетет. 9 Тамырын кыя чабыш үчүн дарактардын түбүндө балта жатат. Жакшы жемиш бербеген ар бир дарак кыйылып, отко ыргытылат»,— деди+.
10 Эл Жакандан: «Анда эмне кылышыбыз керек?» — деп сурап жатты+. 11 Ал: «Кимдин эки кийими бар болсо, бирин кийими жокко берсин. Кимдин тамак-ашы бар болсо, ал да ошентсин»,— деп жооп берди+. 12 Салык жыйноочулар да чөмүлтүлүү үчүн келип, андан: «Устат, биз эмне кылышыбыз керек?» — деп сурашты+. 13 Ал: «Белгиленген салыктан ашык эч нерсе талап кылбагыла»,— деди+. 14 Аскерлер да андан: «Биз эмне кылышыбыз керек?» — деп сурашты. Жакан: «Күч колдонуп же жалаа жаап, бирөөдөн бир нерсесин тартып албагыла+. Кызматыңар үчүн алган акыңарга ыраазы болгула»,— деди+.
15 Эл Машаякты күтүп жүргөндүктөн, баары Жакан жөнүндө: «Бул Машаяк эмеспи?»+ — деп ойлонуп жатышты. 16 Жакан аларга: «Мен силерди сууга чөмүлдүрүп жатам. Бирок менден күчтүү бирөө келатат, мен анын сандалынын боосун чечкенге да татыксызмын+. Ал силерди ыйык рухка жана отко чөмүлдүрөт+. 17 Колундагы эгин сапыра турган күрөгү менен кырманын тазалап, буудайын кампага жыйнайт+, ал эми топонду+ өчпөс отко ыргытат»,— деди+.
18 Жакан дагы көп нерселер жөнүндө насаат айтып, элге жакшы кабар жарыялап жүрдү. 19 Ал дубан башчысы Иродду агасынын аялы Иродияны алганы үчүн жана башка бардык жаман иштери үчүн ашкереледи+. 20 Ирод, ошол иштери аздык кылгансып, Жаканды түрмөгө отургузуп койду+.
21 Элдин баары чөмүлтүлгөндө, Иса да чөмүлтүлдү+. Ал тиленип жатканда, асман ачылып+, 22 ыйык рух көгүчкөндөй болуп көрүнүп, анын үстүнө түштү. Ошондо асмандан: «Сен менин сүйүктүү Уулумсуң. Мен сени колдойм»,— деген үн угулду+.
23 Иса кызматын баштаганда+ отуз жаштарда эле+. Эл ойлогондой, ал
Жусуптун+,
Элинин,
24 Мататтын,
Лебинин,
Мелхинин,
Жанайдын,
Жусуптун,
25 Мататиянын,
Амостун,
Накумдун,
Эслинин,
Нагайдын,
26 Мааттын,
Мататиянын,
Шемейдин,
Жосектин,
Жоданын,
27 Жаханандын,
Ресанын,
Зоробабылдын+,
Шалтиелдин+,
Неринин,
28 Мелхинин,
Адынын,
Косамдын,
Элмадамдын,
Эрдин,
29 Исанын,
Элиезердин,
Жоримдин,
Мататтын,
Лебинин,
30 Шымондун,
Жүйүттүн,
Жусуптун,
Жонамдын,
Элиакимдин,
31 Мелеянын,
Менанын,
Мататанын,
Натандын+,
Дөөтүнүн+,
Обейттин+,
Бууздун+,
Салмондун+,
Нахшондун+,
Кесрондун+,
Перестин+,
Жүйүттүн+,
Ыскактын+,
Ыбрайымдын+,
Терахтын+,
Нахордун+,
Реунун+,
Пелектин+,
Эбердин+,
Шелахтын+,
36 Кайнандын,
Арпакшаттын+,
Шемдин+,
Нухтун+,
Лемектин+,
Энохтун+,
Жареттин+,
Маалалелдин+,
Кайнандын+,
Шеттин+,
Адамдын+,
Кудайдын уулу болгон+.