Шемуелдин 1-китеби
1 Эпрайым уруусуна караштуу тоолуу аймактагы Раматайым-Сопимде*+ Элкана+ деген эпрайымдык+ бир киши жашачу. Ал Жерохамдын уулу эле. Жерохам Элихунун, Элиху Тохунун, Тоху Зуптун уулу болгон. 2 Элкананын Анна жана Пенина деген эки аялы бар эле. Пенинанын балдары бар болчу, Аннаныкы жок болчу. 3 Асман аскерлеринин Кудайы Жахабага* сыйынып, курмандык чалыш үчүн Элкана жыл сайын өзү жашаган шаардан Шилого барчу.+ Ал жерде Эйлинин эки уулу — Копни менен Пинехас+ — Жахабанын дин кызматчысы болуп кызмат кылчу.+
4 Бир жолу Элкана курмандыкка мал чалып, андан Пенина менен анын уул-кыздарына бир нече устукан берди.+ 5 Аннага болсо өзгөчө устукан берди. Анткени Жахаба Аннага бала бербесе да, Элкана аны аябай жакшы көрчү. 6 Жахаба Аннага бала бербегендиктен, күндөшү аны дайыма шылдыңдап, ызалантып, көңүлүн оорута берчү. 7 Алар жыл сайын Жахабанын ыйык чатырына* барганда да,+ Пенина аны ошентип ыза кылчу. Анна болсо ыйлап, тамак жечү эмес. 8 Күйөөсү Элкана ага: «Анна, айтчы, эмнеге ыйлап, тамак жебей жатасың? Эмнеге мынча кайгырып жатасың? Мен сен үчүн 10 уулдан артык эмесминби?» — деди.
9 Алар Шилодо тамак ичип бүтүшкөндөн кийин, Анна туруп, сыртка чыгып кетти. Ошол убакта дин кызматчы Эйли Жахабанын ибадатканасынын*+ кире беришинде отургучта отурган эле. 10 Көкүрөгү муңга толгон Анна көз жашын төгүп, Жахабадан тилене баштады.+ 11 Ал ага: «Оо, асман аскерлеринин Кудайы Жахаба, эгер күңүңдүн кайгысына назарыңды салып, мени эстесең, күңүңдү унутпай, эркек бала берсең,+ анда, Жахаба, аны сага өмүр бою кызмат кылганга берем, анын башына устара тийбейт»,+— деп ант берди.
12 Анна Жахабадан көпкө чейин тиленди. Ошол учурда Эйли аны карап турган эле. 13 Анна ичинен тиленгендиктен, сөздөрү угулган жок, эриндери гана кыбырап жатты. Ошондуктан Эйли аны мас деп ойлоп: 14 «Мас болуп алып биякка эмнеге келдиң? Бар, соолугуп кел»,— деди. 15 Анна ага: «Жок, мырзам, мен мас эмесмин. Мен кайгыга батып турам. Шарап да, башка ичимдик да ичкен эмесмин. Мен Жахабага жүрөгүмдөгүнү төгүп жатам.+ 16 Күңүңүздү начар аял деп ойлобоңуз. Кайгыга чөгүп, ызаланганымдан ушунча узак тилендим»,— деди. 17 Ошондо Эйли: «Эч кабатыр болбо, бара бер. Ысрайылдын Кудайы тилегиңди берсин»,— деди.+ 18 Анна: «Мырзам мен жөнүндө жаман ойдо болбосо экен» — деди да, ал жерден кетти. Ошондон кийин тамак иче баштады. Ал мурдагыдай капаланбай калды.
19 Алар эртең менен эрте турушту да, Жахабага сыйынгандан кийин Рамага,+ үйүнө жол тартышты. Элкана Анна менен жатты. Жахаба Аннага назарын салды.+ 20 Ошентип, анын боюна бүтүп, бир жылга жетип-жетпей* уул төрөдү да: «Бул баланы Жахабадан тилеп алдым» — деп, атын+ Шемуел* койду.
21 Бир канча убакыт өткөндөн кийин Элкана үйүндөгүлөрү менен Жахабага жыл сайын чалынчу курмандык+ менен ант курмандыгын чалганы жөнөдү. 22 Анна болсо барган жок.+ Ал күйөөсүнө: «Баламды Жахабанын ыйык чатырына* эмчектен чыгаргандан кийин алып барайын. Ал ошол жерде биротоло калсын»,— деди.+ 23 Элкана ага: «Макул, өзүң туура көргөндөй кыл. Бала эмчектен чыкканча, үйдө кал. Жахаба айтканыңды аткарсын»,— деди. Ошентип, баласы эмчектен чыкканга чейин, Анна үйдө болду.
24 Баласы эмчектен чыккандан кийин, Анна аны алып алып, Шилого барды. Өзү менен кошо үч жашар бука, 11 килограммдай* ун, бир чоң кумара шарап ала барды.+ Ал жактан баласын Жахабанын ыйык чатырына+ алып барды. 25 Алар алып келген бука союлгандан кийин, баланы Эйлиге алып барышты. 26 Анна ага: «Мырзам, мен ушул жерде Жахабадан тиленген сиз көргөн баягы аялмын.+ 27 Ошондо ушул баланы сурап тиленген элем. Жахаба тилегимди берди.+ 28 Эми баламды Жахабага берип* жатам. Ал биротоло Жахабага таандык болот»,— деди.
Ал* ошол жерде Жахабага сыйынды.