Тесалоникалыктарга 1-кат
4 Бир туугандарым, биз силерге Кудайга жагыш үчүн кандай жашашыңар керектиги жөнүндө насаат айтканбыз.+ Силер, чын эле, ошондой жашап жатасыңар. Бирок бул жагынан дагы да жакшыра беришиңерди Мырзабыз Исанын атынан суранып, баарыңарды ошого чакырабыз. 2 Себеби силерге Мырзабыз Исанын атынан кандай көрсөтмөлөрдү бергенибизди билесиңер.
3 Кудай ыйык болушуңарды,+ жыныстык адеп-ахлаксыздыктан* алыс болушуңарды каалайт.+ 4 Ар бириңер ыйык болуп,+ Кудайга жагыш үчүн* өзүңөрдү* башкара билгиле.+ 5 Кудайды билбеген башка элдерге окшоп+ ээ-жаа бербеген жыныстык кумарларга берилип, ач көздөнбөгүлө.+ 6 Араңардан эч ким ушундай адепсиз иштерди кылып, чектен чыкпасын жана боордошуна зыян келтирбесин. Анткени буга чейин айтып, катуу эскерткенибиздей, Жахаба андай күнөөлөр үчүн жазалайт. 7 Себеби Кудай бизди ыпылас иштерди кылганга эмес, ыйык болгонго чакырган.+ 8 Ошондуктан ким бул эскертүүлөрдү четке какса, ал адамды эмес, силерге ыйык рухун берген+ Кудайды четке каккан болот.+
9 Ал эми бири-бириңерди бир тууганыңардай жакшы көрүшүңөр+ керектиги жөнүндө силерге жазыштын зарылдыгы жок, анткени муну силерге Кудай өзү үйрөткөн.+ 10 Ооба, силер бүтүндөй Македониядагы бир туугандарыбыздын баарына так ошондой мамиле кылып жатасыңар. Ошентсе да, боордошторум, силерди бул жагынан дагы да жакшыра бергенге үндөйбүз. 11 Өзүңөргө айтканыбыздай, тынч жашап,+ башкалардын ишине кийлигишпегиле,+ ак эмгек кылганга умтулгула.+ 12 Ошентсеңер, өзүңөрдү үлгүлүү алып жүргөндүктөн башка адамдардын урмат-сыйына татыйсыңар+ жана эч нерсеге муктаж болбойсуңар.
13 Андан сырткары, боордошторум, үмүтү жок башка адамдарга+ окшоп кайгырбашыңар үчүн, өлгөндөр* жөнүндө билишиңерди каалайбыз.+ 14 Анткени Исанын өлгөнүнө жана кайра тирилгенине ишенсек,+ анда Кудайдын Исанын жолдоочусу болуп жүрүп өлгөндөрдү, аны менен бирге болушу үчүн, тирилтерине да ишенебиз.+ 15 Жахабанын айткандарынын негизинде силерге айтарыбыз бул: Мырзабыз кайра келген убакта тирүү жүргөндөрүбүз өлгөндөрдөн озуп кетпейбиз. 16 Мырзабыз өзү Кудайдын сурнайын кармап асмандан түшүп келет. Анын — башкы периштенин+ — буйрук берген үнү жаңырганда, көзү өтүп кеткен шакирттери биринчи болуп тирилет.+ 17 Андан кийин биз, тирүү жүргөндөр, алар менен жана Мырзабыз менен асманда жолугуш үчүн+ булуттар менен алынып кетебиз да,+ дайыма Мырзабыздын жанында болобуз.+ 18 Бири-бириңерди дайыма ушуларды айтып кайраттандыргыла.