Элчилер
1 Теопил, биринчи китебимде сага Исанын эмнелерди кылып, эмнелерди окутканын,+ 2 тактап айтканда, өзү тандап алган элчилерине Кудайдын ыйык руху* аркылуу көрсөтмөлөрдү берип,+ асманга көтөрүлүп кеткенге чейинки иштеринин баарын баяндап жазгам.+ 3 Ал азап чегип өлүп, кайра тирилгенден кийин элчилерине өзүнүн тирүү экенин көптөгөн төгүндөлгүс далилдер менен көрсөттү.+ 40 күндүн аралыгында аларга көп жолу көрүнүп, Кудайдын Падышалыгы* жөнүндө айтып берди.+ 4 Элчилерине жолукканда аларга буйрук берип: «Иерусалимден кетпей,+ Атам убада кылган нерсени күткүлө.+ Силер ал жөнүндө менден уккансыңар. 5 Жакан элди сууга чөмүлдүргөн*, силер болсо бир нече күндөн кийин Кудайдын ыйык рухуна чөмүлөсүңөр*»,— деди.+
6 Алар дагы бир жолу чогулганда Исадан: «Мырзам, Ысрайылда падышалыкты азыр калыбына келтиресиңби?» — деп сурашты.+ 7 Ал: «Силерге Атам белгилеген* убакыт-мөөнөттөрдү билиштин зарылдыгы жок.+ 8 Бирок силерге Кудайдын ыйык руху берилгенде,+ күчкө толосуңар да, Иерусалимде,+ бүт Жүйүт жеринде, Самарияда,+ ошондой эле жердин учу-кыйырына чейин мен жөнүндө күбөлөндүрөсүңөр*»,+— деди.+ 9 Ушуларды айткандан кийин алардын көзүнчө жогору көтөрүлдү да, булут каптап, көрүнбөй калды.+ 10 Ал көтөрүлүп баратканда, элчилер асманды карап турушту. Күтүлбөгөн жерден алардын жанына ак кийимчен эки киши+ пайда болуп: 11 «Галилеялыктар, эмнеге асманды карап турасыңар? Асманга алынып кеткен бул Иса силердин көзүңөрчө асманга кандай көтөрүлүп кетсе, кайра ошондой жол менен келет»,— деди.
12 Андан кийин элчилер Зайтун тоосунан Иерусалимге кайтып барышты.+ Ал тоо Иерусалимден бир чакырымдай эле алыстыкта жайгашкан болчу*. 13 Алар барып, убактылуу токтогон үйүнүн үстүнкү бөлмөсүнө чыгышты. Ал элчилер — Петир, Жакан, Жакып, Андрес, Филип менен Томас, Барталамей менен Матай, Алпейдин уулу Жакып, ынталуу дешкен Симон, Жакыптын уулу Жүйүт.+ 14 Алар Исанын инилери менен, энеси Мариям+ жана башка аялдар+ менен дайыма чогулуп, Кудайдан тиленип жүрүштү.
15 Ошол күндөрдүн биринде, баары биригип 120дай шакирт чогулганда, Петир ортого туруп: 16 «Бир туугандарым, Дөөтүнүн Исаны кармап кеткендерге жол көрсөтүп берген Жүйүт+ жөнүндө Кудайдын ыйык рухунун таасири менен алдын ала айткандары аткарылышы керек болчу.+ 17 Жүйүт биздин катарыбызга кошулуп,+ биз менен чогуу кызмат кылганга тандалган эле. 18 Кийинчерээк ал арам жол менен тапкан акчасына талаа сатып алган.+ Анан башы менен ылдый кулап түшкөндө, курсагы тарс жарылып, ичеги-карыны чубалып калган.+ 19 Бул тууралуу Иерусалимде жашагандардын баары уккан. Алар ошол талааны өздөрүнүн тилинде Акелдама, башкача айтканда, Кандуу-Талаа деп атап коюшкан. 20 Забур китебинде: „Үй-жайы ээн калсын, анда эч ким жашабасын“,+ „Көзөмөлчүлүк милдети* башкага берилсин“,— деп жазылган.+ 21 Ошондуктан анын ордун Мырзабыз Иса арабызда кызмат кылып жүргөн убакта дайыма биз менен чогуу жүрүп, анын иштерин көргөндөрдүн бири ээлеши керек. 22 Ал киши, Иса Жаканга барып чөмүлтүлгөндөн+ асманга көтөрүлүп кеткенге чейин,+ биз менен бирге жүрүп, анын тирилгенине күбө болгондордон болушу керек»,— деди.+
23 Ошондо шакирттер экөөнү: Барзаба деп да, Жуст деп да коюшкан Жусупту жана Матийди сунуш кылышты. 24 Анан Кудайдан тиленип: «Оо, Жахаба*, сен ар бир адамдын жүрөгүн билесиң.+ Ошондуктан бул эки кишинин кимисин тандаганыңды, 25 элчилик кызматын таштап, туура эмес жолго түшүп кеткен Жүйүттүн ордуна кимисин дайындаганыңды көрсөтө көр»,— дешти.+ 26 Андан кийин өкчөмө таш* ыргытышты.+ Өкчөмө таш Матийге түшүп, ал 11 элчинин катарына кошулду.