Забур
Жетекчиге. Жедутун*. Дөөтүнүн ыры.
Ал мени куткарат.+
2 Ал — менин аскам, куткаруучум, коопсуз баш маанам*.+
Мен эч качан кулап калганчалык теңселбейм.+
3 Адамды өлтүрүш үчүн ага качанкыга чейин кол сала бересиңер?+
Баарыңар кыйшайып калган дубалдай коркунучтуусуңар, урайын деп калган таш дубалдайсыңар*.
Оозу менен бата беришет да, ичинен каргашат.+ (Села)
6 Ал — менин аскам, куткаруучум, коопсуз баш маанам.
Мен эч качан теңселбейм.+
7 Менин куткарылышым да, даңкталышым да Кудайдан.
Кудай — бекем аскам, баш маанам.+
8 Оо, адамдар, ага ар убак таянгыла.
Анын алдында жүрөгүңөрдөгүнү төккүлө.+
Кудай бизге баш маана.+ (Села)
Таразага тартканда баары биригип демден да жеңил болуп чыгат.+
10 Башкаларды опузалап байлыкка жетем деп ойлобогула,
Талап-тоноочулук кылып байыйм деп үмүттөнбөгүлө.
Мүлкүңөр көбөйө турган болсо, жүрөгүңөр ага байланбасын.+
12 Оо, Жахаба, туруктуу сүйүү да сага таандык.+
Себеби сен баарына иштерине жараша тийиштүүсүн бересиң.+