Күзөт мунарасынын ОНЛАЙН КИТЕПКАНАСЫ
Күзөт мунарасы
ОНЛАЙН КИТЕПКАНА
кыргыз
  • ЫЙЫК КИТЕП
  • АДАБИЯТТАР
  • ЖОЛУГУШУУЛАР
  • Лука 6
  • Ыйык Китеп

Бул жерде видео жок.

Кечиресиз, ката кеткендиктен видео ойнотулбай жатат.

Лука. Мазмуну

      • Иса — дем алыш күндүн Кожоюну (1—5)

      • Колу сенек киши айыгат (6—11)

      • 12 элчи (12—16)

      • Иса элди окутуп, ооруларды айыктырат (17—19)

      • Кимдер бактылуу, кимдердин башына каран түн түшөт? (20—26)

      • Душманды сүйүү (27—36)

      • Сындабагыла (37—42)

      • Дарактын жакшы же жаман экени жемишинен билинет (43—45)

      • Жакшы курулган үй; пайдубал тургузулбай эле курулган үй (46—49)

Лука 6:1

Байланышы бар аяттар

  • +Мз 23:25
  • +Мт 12:1—8; Мр 2:23—28

Лука 6:2

Байланышы бар аяттар

  • +Чг 20:9, 10; Мз 5:13, 14; Жн 5:9, 10

Лука 6:3

Байланышы бар аяттар

  • +Шм1к 21:1—6

Лука 6:4

Шилтемелер

  • *

    Же: «Кудайдын алдында турушу керек болгон нандардан».

Байланышы бар аяттар

  • +Лб 24:5—9

Лука 6:5

Байланышы бар аяттар

  • +Мт 12:8; Мр 2:27, 28

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Күзөт мунарасы»,

    15/2/2008, 28-б.

Лука 6:6

Шилтемелер

  • *

    Же: «шал».

Байланышы бар аяттар

  • +Лк 13:14; Жн 9:16
  • +Мт 12:9—14; Мр 3:1—6

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Иса Машаяк - жол», 78-б.

Лука 6:7

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Иса Машаяк - жол», 78-б.

Лука 6:8

Байланышы бар аяттар

  • +Лк 5:22; Жн 2:24, 25

Лука 6:9

Байланышы бар аяттар

  • +Мт 12:11; Мр 3:4; Жн 7:23

Лука 6:12

Байланышы бар аяттар

  • +Мт 6:6; Мр 3:13
  • +Мт 14:23

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Түбөлүккө рахаттанып өмүр сүр!», 17-сабак

    «Күзөт мунарасы» (изилдөөгө арналган),

    6/2016, 4-б.

    «Иса Машаяк - жол», 82-б.

Лука 6:13

Байланышы бар аяттар

  • +Мт 10:2—4; Мр 3:14—19; Элч 1:13

Лука 6:14

Байланышы бар аяттар

  • +Жн 14:8

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Иса Машаяк - жол», 82-б.

Лука 6:15

Байланышы бар аяттар

  • +Жн 11:16

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Иса Машаяк - жол», 82-б.

Лука 6:16

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Иса Машаяк - жол», 82-б.

Лука 6:19

Байланышы бар аяттар

  • +Мр 5:30

Лука 6:20

Байланышы бар аяттар

  • +Мт 5:2, 3; Жкп. 2:5

Лука 6:21

Байланышы бар аяттар

  • +Зб 107:9; Ыш 55:1; Жр 31:25; Мт 5:6
  • +Ыш 61:3; Аян 21:4

Лука 6:22

Байланышы бар аяттар

  • +Мт 5:10, 11; Жн 16:2; 17:14; Пт1к 3:14

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Күзөт мунарасы» (изилдөөгө арналган),

    7/2019, 6—7-бб.

Лука 6:23

Байланышы бар аяттар

  • +Жл2к 36:16; Мт 5:12; Лк 11:47; Элч 7:52

Лука 6:24

Байланышы бар аяттар

  • +Жкп. 5:1
  • +Мт 6:2

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Иса Машаяк - жол», 85—86-бб.

Лука 6:25

Байланышы бар аяттар

  • +Ыш 65:13

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Иса Машаяк - жол», 85—86-бб.

Лука 6:26

Байланышы бар аяттар

  • +Жкп. 4:4; Жн1к 4:5

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Иса Машаяк - жол», 85—86-бб.

Лука 6:27

Шилтемелер

  • *

    Сөзмө-сөз: «сүйө бергиле».

Байланышы бар аяттар

  • +Чг 23:4; Нкл 25:21; Мт 5:44; Рим. 12:20

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Күзөт мунарасы»,

    15/5/2008, 8-б.

Лука 6:28

Байланышы бар аяттар

  • +Элч 7:59, 60; Рим. 12:14

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Күзөт мунарасы»,

    15/5/2008, 8-б.

Лука 6:29

Байланышы бар аяттар

  • +Мт 5:39, 40; Кр1к 6:7

Лука 6:30

Байланышы бар аяттар

  • +Мз 15:7, 8; Нкл 3:27; 21:26; Мт 5:42

Лука 6:31

Байланышы бар аяттар

  • +Мт 7:12

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Суроолор жана жооптор», 177-б.

    «Күзөт мунарасы»,

    15/5/2015, 25-б.

    15/5/2014, 11—12-бб.

Лука 6:32

Байланышы бар аяттар

  • +Мт 5:46, 47

Лука 6:34

Шилтемелер

  • *

    Б. а. үстөгү жок карыз берсеңер.

Байланышы бар аяттар

  • +Лб 25:35, 36; Мз 15:7, 8; Мт 5:42

Лука 6:35

Шилтемелер

  • *

    Сөзмө-сөз: «сүйө бергиле».

  • *

    Сөзмө-сөз: «уулдары».

Байланышы бар аяттар

  • +Чг 22:25; Лб 25:37; Мз 23:20; Зб 37:25, 26
  • +Мт 5:45; Элч 14:17

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Күзөт мунарасы»,

    15/5/2008, 7—8-бб.

Лука 6:36

Байланышы бар аяттар

  • +Мт 5:48; Эф 5:1, 2; Жкп. 2:13

Лука 6:37

Шилтемелер

  • *

    Же: «сындабагыла».

  • *

    Же: «сынга алынбайсыңар».

Байланышы бар аяттар

  • +Мт 7:1, 2; Рим. 14:10
  • +Мт 6:14; Мр 11:25

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Жахабага жакында», 162—164-бб.

    «Күзөт мунарасы»,

    15/5/2008, 9-б.

Лука 6:38

Шилтемелер

  • *

    Же: «Башкаларга кандай мамиле кылсаңар, силерге да ошондой мамиле кылышат».

Байланышы бар аяттар

  • +Нкл 19:17

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «„Ыйык кызматыбыз жана жашообуз“ окуу куралы»,

    7/2018, 2-б.

    «Күзөт мунарасы» (жалпыга арналган),

    № 2 2017 14—15-бб.

    «Күзөт мунарасы»,

    15/2/2009, 13-б.

Лука 6:39

Байланышы бар аяттар

  • +Мт 15:14

Лука 6:41

Шилтемелер

  • *

    Сөзмө-сөз: «бир тууганыңдын». Бул Кудайга чогуу сыйынып, бир динди туткан кишини билдирет.

Байланышы бар аяттар

  • +Мт 7:3—5

Лука 6:43

Байланышы бар аяттар

  • +Мт 7:16—18

Лука 6:44

Байланышы бар аяттар

  • +Мт 12:33

Лука 6:45

Байланышы бар аяттар

  • +Мт 12:34, 35

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Түбөлүккө рахаттанып өмүр сүр!», 51-сабак

    «Күзөт мунарасы»,

    1/11/2001, 18—19-бб.

Лука 6:46

Байланышы бар аяттар

  • +Мт 7:21; Лк 13:24; Рим. 2:13; Жкп. 1:22

Лука 6:47

Байланышы бар аяттар

  • +Мт 7:24—27

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Күзөт мунарасы»,

    1/1/2007, 32-б.

Лука 6:48

Байланышы бар аяттар

  • +Зб 125:1

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Күзөт мунарасы»,

    1/1/2007, 32-б.

Лука 6:49

Байланышы бар аяттар

  • +Жкп. 1:23, 24

Башка котормолор

Байланышы бар аяттар чыгышы үчүн аяттын санын басыңыз

Башкасы

Лк. 6:1Мз 23:25
Лк. 6:1Мт 12:1—8; Мр 2:23—28
Лк. 6:2Чг 20:9, 10; Мз 5:13, 14; Жн 5:9, 10
Лк. 6:3Шм1к 21:1—6
Лк. 6:4Лб 24:5—9
Лк. 6:5Мт 12:8; Мр 2:27, 28
Лк. 6:6Лк 13:14; Жн 9:16
Лк. 6:6Мт 12:9—14; Мр 3:1—6
Лк. 6:8Лк 5:22; Жн 2:24, 25
Лк. 6:9Мт 12:11; Мр 3:4; Жн 7:23
Лк. 6:12Мт 6:6; Мр 3:13
Лк. 6:12Мт 14:23
Лк. 6:13Мт 10:2—4; Мр 3:14—19; Элч 1:13
Лк. 6:14Жн 14:8
Лк. 6:15Жн 11:16
Лк. 6:19Мр 5:30
Лк. 6:20Мт 5:2, 3; Жкп. 2:5
Лк. 6:21Зб 107:9; Ыш 55:1; Жр 31:25; Мт 5:6
Лк. 6:21Ыш 61:3; Аян 21:4
Лк. 6:22Мт 5:10, 11; Жн 16:2; 17:14; Пт1к 3:14
Лк. 6:23Жл2к 36:16; Мт 5:12; Лк 11:47; Элч 7:52
Лк. 6:24Жкп. 5:1
Лк. 6:24Мт 6:2
Лк. 6:25Ыш 65:13
Лк. 6:26Жкп. 4:4; Жн1к 4:5
Лк. 6:27Чг 23:4; Нкл 25:21; Мт 5:44; Рим. 12:20
Лк. 6:28Элч 7:59, 60; Рим. 12:14
Лк. 6:29Мт 5:39, 40; Кр1к 6:7
Лк. 6:30Мз 15:7, 8; Нкл 3:27; 21:26; Мт 5:42
Лк. 6:31Мт 7:12
Лк. 6:32Мт 5:46, 47
Лк. 6:34Лб 25:35, 36; Мз 15:7, 8; Мт 5:42
Лк. 6:35Чг 22:25; Лб 25:37; Мз 23:20; Зб 37:25, 26
Лк. 6:35Мт 5:45; Элч 14:17
Лк. 6:36Мт 5:48; Эф 5:1, 2; Жкп. 2:13
Лк. 6:37Мт 7:1, 2; Рим. 14:10
Лк. 6:37Мт 6:14; Мр 11:25
Лк. 6:38Нкл 19:17
Лк. 6:39Мт 15:14
Лк. 6:41Мт 7:3—5
Лк. 6:43Мт 7:16—18
Лк. 6:44Мт 12:33
Лк. 6:45Мт 12:34, 35
Лк. 6:46Мт 7:21; Лк 13:24; Рим. 2:13; Жкп. 1:22
Лк. 6:47Мт 7:24—27
Лк. 6:48Зб 125:1
Лк. 6:49Жкп. 1:23, 24
  • Ыйык Китеп
  • Окуңуз: Жаңы дүйнө котормосу (bi12)
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8
  • 9
  • 10
  • 11
  • 12
  • 13
  • 14
  • 15
  • 16
  • 17
  • 18
  • 19
  • 20
  • 21
  • 22
  • 23
  • 24
  • 25
  • 26
  • 27
  • 28
  • 29
  • 30
  • 31
  • 32
  • 33
  • 34
  • 35
  • 36
  • 37
  • 38
  • 39
  • 40
  • 41
  • 42
  • 43
  • 44
  • 45
  • 46
  • 47
  • 48
  • 49
Ыйык Китеп
Лука 6:1—49

Лука

6 Дем алыш күндөрдүн биринде Иса эгин талааларын аралап баратты. Жанындагы шакирттери буудайдын башын үзүп,+ колу менен ушалап, жеп баратышты.+ 2 Ошондо фарисейлердин айрымдары: «Эмнеге дем алыш күнү кылганга болбой турган ишти кылып жатасыңар?» — дешти.+ 3 Иса аларга: «Өзү да, жанындагы кишилери да ачка болгондо, Дөөтүнүн эмне кылганын эч качан окуган эмес белеңер?+ 4 Анын Кудайдын үйүнө кирип, ал жердеги ыйык нандардан* жегенин, жанындагыларга да бергенин билбейсиңерби? Аларды дин кызматчылардан башка эч ким жебеши керек болчу да»,— деди.+ 5 Анан: «Адам Уулу — дем алыш күндүн Кожоюну»,— деп кошумчалады.+

6 Дем алыш күндөрдүн+ дагы биринде Иса сыйынуу жайына кирип, элди окута баштады. Ал жерде оң колу сенек* бир киши бар эле.+ 7 Диний мыйзамдарды окуткандар менен фарисейлер Исаны айыпка жыгыштын жолун издеп, дем алыш күнү ал кишини айыктырар бекен деп, тигиле карап турушту. 8 Бирок Иса алардын оюн билип,+ колу сенек кишиге: «Ордуңан туруп, ортого чык»,— деди. Ал туруп, ортого чыкты. 9 Иса тигилерге: «Силерге суроо берейин: Мыйзам боюнча, дем алыш күнү жакшылык кылыш керекпи же жамандык кылыш керекпи? Жанды сактап калыш керекпи же өлтүрүш керекпи?» — деди.+ 10 Анан баарын тегерете карап чыккандан кийин тиги кишиге: «Колуңду сун»,— деп айтты. Ал сунганда, колу айыгып калды. 11 Бирок тигилердин каары кайнап, Исаны эмне кылсак деп, өз ара сүйлөшө башташты.

12 Ошол күндөрдүн биринде Иса Кудайдан тилениш үчүн тоого барып,+ түнү бою тиленип чыкты.+ 13 Эртеси күнү болсо шакирттерин жанына чакырып, 12син тандады да, аларды элчилер деп атады.+ 14 Алар — Симон (Иса аны Петир деп да койчу), анын бир тууганы Андрес, Жакып, Жакан, Филип,+ Барталамей, 15 Матай, Томас,+ Алпейдин уулу Жакып, ынталуу деп коюшкан Симон, 16 Жакыптын уулу Жүйүт, кийинчерээк Исага чыккынчылык кылган Жүйүт Искариот.

17 Иса алар менен чогуу тоодон түшүп, жайык жерге келди. Ал жерде анын көп шакирттери жана бүт Жүйүт аймагынан, Иерусалимден, деңиз боюндагы Тир менен Сидон аймактарынан келген калың эл бар эле. Алар Исанын сөздөрүн угуш үчүн, ооруларынан айыгыш үчүн келишкен болчу. 18 Атүгүл жиндердин айынан азап чегип жүргөндөр да айыгып жатты. 19 Исадан чыккан күчтүн таасири менен баары айыгып жаткандыктан, элдин баары ага колун тийгизгенге аракет кылып жатты.+

20 Андан кийин Иса шакирттерин карап, мындай деди:

«Жакырлар, силер бактылуусуңар, анткени Кудайдын Падышалыгынын баталарын аласыңар.+

21 Азыр ачка жүргөндөр, силер бактылуусуңар, анткени тоёсуңар.+

Азыр ыйлап жаткандар, силер бактылуусуңар, анткени күлөсүңөр.+

22 Башкалар силерди адам Уулу үчүн жек көрүшсө, куушса, кордошсо, жаманатты кылышса, бактылуусуңар.+ 23 Ошентишкенде кубанып-шаттангыла, анткени асмандагы сыйлыгыңар чоң. Алардын ата-бабалары да пайгамбарларга ушундай мамиле кылышчу.+

24 Ал эми, байлар, башыңарга каран түн түшөт,+ анткени алчу нерселериңерди толугу менен алдыңар.+

25 Азыр ток жүргөндөр, башыңарга каран түн түшөт, анткени ачка болосуңар.

Азыр күлүп жаткандар, башыңарга каран түн түшөт, анткени боздоп ыйлайсыңар.+

26 Элдин баары силер жөнүндө жакшы сөздөрдү айтышса, анда бул жакшы эмес.+ Себеби алардын ата-бабалары да жалган пайгамбарларга ушундай мамиле кылышчу.

27 Мени угуп тургандар, мен болсо силерге мындай дейм: душманыңарды сүйгүлө*, силерди жек көргөндөргө жакшылык кыла бергиле,+ 28 силерди каргагандарга батаңарды бергиле, силерди кордогондор үчүн Кудайдан тилене бергиле.+ 29 Бир жаагыңа чапканга экинчи жаагыңды да тосуп бер. Сырт кийимиңди тартып алганга ички кийимиңди да бер.+ 30 Бирөө сенден бир нерсе сураса, бер;+ берген нерсеңди кайра сураба.

31 Башкалардын өзүңөргө кандай мамиле кылышын кааласаңар, силер да аларга ошондой мамиле кылгыла.+

32 Силерди жакшы көргөндөрдү гана жакшы көрсөңөр, эмнеңер мактоого татыктуу? Атүгүл күнөөкөрлөр деле аларды жакшы көргөндөрдү жакшы көрүшөт эмеспи.+ 33 Силерге жакшылык кылгандарга гана жакшылык кылсаңар, эмнеңер мактоого татыктуу? Күнөөкөрлөр деле ошентишет эмеспи. 34 Ошондой эле кайтарып бере ала тургандарга эле карыз берсеңер*, эмнеңер мактоого татыктуу?+ Канча берсе, кайра ошончо алыш үчүн, күнөөкөрлөр деле бири-бирине карыз беришет эмеспи. 35 Силер болсо душманыңарды сүйгүлө*, башкаларга жакшылык кыла бергиле, карыз бергенде эч нерсе үмүт этпей бергиле.+ Ошондо чоң сыйлык аласыңар жана Эң Жогорку Кудайдын балдары* болосуңар, себеби ал жакшылыкты билбегендер менен жамандарга да жакшылык кылат.+ 36 Асмандагы Атаңар кандай кайрымдуу болсо, силер да дайыма ошондой кайрымдуу болгула.+

37 Ошондой эле мындан ары эч кимди айыптабагыла*, ошондо өзүңөр да айыпталбайсыңар*;+ эч кимди күнөөлөбөгүлө, ошондо силерге да күнөө коюлбайт. Башкалардын күнөөлөрүн кечире бергиле, ошондо силердин да күнөөлөрүңөр кечирилет.+ 38 Башкаларга бергиле, ошондо силерге да берилет:+ жакшы ченем менен койнуңарга шыкай салып, ыкшап, ашыра толтуруп беришет. Анткени кандай ченем менен өлчөп берсеңер, силерге да ошондой ченем менен өлчөнүп берилет*».

39 Анан Иса дагы мындай мисалдарды келтирди: «Сокур сокурду жетелеп жүрө алабы? Экөө тең аңга түшүп кетпейби?!+ 40 Шакирт устатынан ашып түшпөйт. Эгер мыкты үйрөтүлсө, ар бир шакирт устатындай болот. 41 Эмнеге өз көзүңдөгү дөңгөчтү көрбөйсүң да, башка бирөөнүн* көзүндөгү кыпынды көрөсүң?+ 42 Өз көзүңдөгү дөңгөчтү көрбөй туруп, ага: „Бир тууганым, кел, көзүңдөгү кыпынды алып салайын“,— деп кантип айтасың? Эки жүздүү! Адегенде өз көзүңдөгү дөңгөчтү алып ташта, ошондо бирөөнүн көзүндөгү кыпынды кантип алып салса болорун көрөсүң.

43 Жакшы дарак жаман жемиш бербейт, ал эми жаман дарак жакшы жемиш бербейт.+ 44 Ар бир дарак жемишинен билинет.+ Мисалы, адамдар тикенектен анжир, тикенектүү бадалдан жүзүм тербейт. 45 Жакшы киши жүрөгүндөгү жакшы казынасынан жакшы нерселерди алып чыгат, ал эми жаман киши жүрөгүндөгү жаман казынасынан жаман нерселерди алып чыгат. Анткени адамдын жүрөгү эмнеге толсо, оозу ошону сүйлөйт.+

46 Эмне үчүн мени „Мырзам! Мырзам!“ деп чакырасыңар да, айткандарымды аткарбайсыңар?+ 47 Мага келип, сөздөрүмдү уккан жана аларды аткарган ар бир адам кимге окшош экенин силерге айтайын:+ 48 ал жерди терең казып, пайдубалын аска таштын үстүнө тургузуп үй курган кишиге окшош. Сел жүрүп, дарыя ташкындап, үйдү каптаганда, үй эч нерсе болгон жок, анткени жакшы курулган болчу.+ 49 Ал эми сөздөрүмдү угуп, бирок аткарбагандар+ пайдубал тургузбай эле үй курган кишиге окшош. Дарыя ташкындап, үйдү каптаганда, ал ошол замат урап, таш-талканы чыгып калды».

Кыргызча адабияттар (1997-2025)
Чыгуу
Кирүү
  • кыргыз
  • Бөлүшүү
  • Жөндөө
  • Copyright © 2025 Күзөт мунарасы, Ыйык Китеп жана баракчалар коому (Пенсильвания)
  • Колдонуу шарттары
  • Купуялуулук саясаты
  • Колдонуу шарттарын жөндөө
  • JW.ORG
  • Кирүү
Бөлүшүү