Күзөт мунарасынын ОНЛАЙН КИТЕПКАНАСЫ
Күзөт мунарасы
ОНЛАЙН КИТЕПКАНА
Кыргыз
  • ЫЙЫК КИТЕП
  • АДАБИЯТТАР
  • ЖОЛУГУШУУЛАР
  • Падышалар 2-китеп 2
  • Ыйык Китеп

Бул жерде видео жок.

Кечиресиз, ката кеткендиктен видео ойнотулбай жатат.

Падышалар 2-китеп. Мазмуну

      • Илияс асманга куюн менен көтөрүп кетет (1—18)

        • Элиша Илиястын кийимин алат (13, 14)

      • Элиша Жериходогу сууну тазартат (19—22)

      • Аюулар Бейтелден чыккан балдарды жара тартышат (23—25)

Падышалар 2-китеп 2:1

Байланышы бар аяттар

  • +Пд1к 17:1
  • +Пд2к 2:11
  • +Пд1к 19:16
  • +Пд2к 4:38

Падышалар 2-китеп 2:2

Байланышы бар аяттар

  • +Бш 28:18, 19; Пд1к 12:28, 29; Пд2к 2:23

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Күзөт мунарасы»,

    15/4/2015, 12—13-бб.

    15/8/2013, 29-б.

Падышалар 2-китеп 2:3

Шилтемелер

  • *

    Сөзмө-сөз: «пайгамбар уулдары». Бул сөз айкашы чогуу атайын таалим алган же чогуу кызмат кылган пайгамбарлардын тобун билдириши мүмкүн.

Байланышы бар аяттар

  • +Пд1к 19:16

Падышалар 2-китеп 2:4

Байланышы бар аяттар

  • +Жш 6:26; Пд1к 16:34

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Күзөт мунарасы»,

    15/4/2015, 12—13-бб.

    15/8/2013, 29-б.

Падышалар 2-китеп 2:6

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Күзөт мунарасы»,

    15/4/2015, 12—13-бб.

Падышалар 2-китеп 2:8

Байланышы бар аяттар

  • +Пд1к 19:19
  • +Чг 14:21, 22; Жш 3:17; Пд2к 2:13, 14

Падышалар 2-китеп 2:9

Шилтемелер

  • *

    Бул Кудайдын ыйык күчүн же Илиястын маанайын, чагылдырган рухун билдириши мүмкүн.

  • *

    Же: «сиздеги күчтүн эки бөлүгү берилсинчи».

Байланышы бар аяттар

  • +Мз 34:9; Пд1к 19:16; Лк 1:17
  • +Мз 21:17

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Күзөт мунарасы»,

    15/8/2013, 29-б.

    1/8/2005, 9-б.

Падышалар 2-китеп 2:10

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Күзөт мунарасы»,

    15/8/2013, 29-б.

Падышалар 2-китеп 2:11

Байланышы бар аяттар

  • +Пд2к 6:17; Зб 68:17
  • +Жл2к 21:5, 12; Жн 3:13

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Күзөт мунарасы»,

    15/4/2015, 13-б.

    15/8/2013, 29—30-бб.

    1/8/2005, 9-б.

    1/2/1998, 23-б.

Падышалар 2-китеп 2:12

Байланышы бар аяттар

  • +Пд2к 13:14
  • +Шм2к 1:11, 12; Ап 1:19, 20

Падышалар 2-китеп 2:13

Байланышы бар аяттар

  • +Пд1к 19:19; Пд2к 1:8; Зак 13:4; Мт 3:4

Падышалар 2-китеп 2:14

Байланышы бар аяттар

  • +Жш 3:13; Пд2к 2:8

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Күзөт мунарасы»,

    15/4/2015, 13-б.

Падышалар 2-китеп 2:15

Байланышы бар аяттар

  • +Сн 11:24, 25; 27:18, 20; Пд2к 2:9

Падышалар 2-китеп 2:16

Шилтемелер

  • *

    Же: «шамалы».

Байланышы бар аяттар

  • +Пд1к 18:11, 12

Падышалар 2-китеп 2:18

Байланышы бар аяттар

  • +Жш 6:26; Пд1к 16:34

Падышалар 2-китеп 2:19

Шилтемелер

  • *

    Же балким: «топурагынан улам аялдарыбыздын боюнан түшүп калып жатат».

Байланышы бар аяттар

  • +Мз 34:1—3

Падышалар 2-китеп 2:21

Шилтемелер

  • *

    Же: «бойдон түшпөйт». Бул адамдарга да, жаныбарларга да тиешелүү болушу мүмкүн.

Байланышы бар аяттар

  • +Чг 15:23—25; Пд2к 4:38—41

Падышалар 2-китеп 2:23

Байланышы бар аяттар

  • +Жл2к 36:15, 16; Лк 10:16

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Күзөт мунарасы»,

    1/8/2005, 9-б.

Падышалар 2-китеп 2:24

Байланышы бар аяттар

  • +Нкл 17:12
  • +Пд2к 1:10

Падышалар 2-китеп 2:25

Байланышы бар аяттар

  • +Пд2к 4:25

Башка котормолор

Байланышы бар аяттар чыгышы үчүн аяттын санын басыңыз

Башкасы

Пад. 2-к. 2:1Пд1к 17:1
Пад. 2-к. 2:1Пд2к 2:11
Пад. 2-к. 2:1Пд1к 19:16
Пад. 2-к. 2:1Пд2к 4:38
Пад. 2-к. 2:2Бш 28:18, 19; Пд1к 12:28, 29; Пд2к 2:23
Пад. 2-к. 2:3Пд1к 19:16
Пад. 2-к. 2:4Жш 6:26; Пд1к 16:34
Пад. 2-к. 2:8Пд1к 19:19
Пад. 2-к. 2:8Чг 14:21, 22; Жш 3:17; Пд2к 2:13, 14
Пад. 2-к. 2:9Мз 34:9; Пд1к 19:16; Лк 1:17
Пад. 2-к. 2:9Мз 21:17
Пад. 2-к. 2:11Пд2к 6:17; Зб 68:17
Пад. 2-к. 2:11Жл2к 21:5, 12; Жн 3:13
Пад. 2-к. 2:12Пд2к 13:14
Пад. 2-к. 2:12Шм2к 1:11, 12; Ап 1:19, 20
Пад. 2-к. 2:13Пд1к 19:19; Пд2к 1:8; Зак 13:4; Мт 3:4
Пад. 2-к. 2:14Жш 3:13; Пд2к 2:8
Пад. 2-к. 2:15Сн 11:24, 25; 27:18, 20; Пд2к 2:9
Пад. 2-к. 2:16Пд1к 18:11, 12
Пад. 2-к. 2:18Жш 6:26; Пд1к 16:34
Пад. 2-к. 2:19Мз 34:1—3
Пад. 2-к. 2:21Чг 15:23—25; Пд2к 4:38—41
Пад. 2-к. 2:23Жл2к 36:15, 16; Лк 10:16
Пад. 2-к. 2:24Нкл 17:12
Пад. 2-к. 2:24Пд2к 1:10
Пад. 2-к. 2:25Пд2к 4:25
  • Ыйык Китеп
  • Окуңуз: Жаңы дүйнө котормосу (bi12)
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8
  • 9
  • 10
  • 11
  • 12
  • 13
  • 14
  • 15
  • 16
  • 17
  • 18
  • 19
  • 20
  • 21
  • 22
  • 23
  • 24
  • 25
Ыйык Китеп
Падышалар 2-китеп 2:1—25

Падышалар 2-китеп

2 Жахаба Илиясты+ асманга куюн менен көтөрүп кеткени+ жаткан эле. Ошол убакта Илияс менен Элиша+ Гилгалдан+ келатышкан болчу. 2 Илияс Элишага: «Жахаба мени Бейтелге жиберди, сен ушул жерде кал»,— деди. Бирок ал: «Тирүү Кудай Жахабаны, сизди оозанып ант берем: мен сизден калбайм»,— деди. Ошентип, экөө Бейтелге+ жөнөштү. 3 Бейтелдеги пайгамбарлардын тобу* Элишага келип: «Бүгүн Жахаба мырзаңды, устатыңды, алып кетерин билесиңби?»+ — деп сурашты. Ал: «Ооба, билем. Унчукпагыла»,— деди.

4 Илияс кайрадан: «Элиша, Жахаба мени Жерихого+ жиберди, сен ушул жерде кал»,— деди. Бирок ал: «Тирүү Кудай Жахабаны, сизди оозанып ант берем: мен сизден калбайм»,— деди. Ошентип, экөө Жерихого барышты. 5 Жериходогу пайгамбарлардын тобу Элишага келип: «Бүгүн Жахаба мырзаңды, устатыңды, алып кетерин билесиңби?» — деп сурашты. Ал: «Ооба, билем. Унчукпагыла»,— деди.

6 Илияс Элишага дагы: «Жахаба мени Иорданга жиберди, сен бул жерде кал»,— деди. Бирок ал: «Тирүү Кудай Жахабаны, сизди оозанып ант берем: мен сизден калбайм»,— деди. Ошентип, экөө андан ары жөнөштү. 7 Ал жакка 50 пайгамбар да барып, тиги экөө Иордандын жээгинде турганда, аларды алысыраак жерден карап турушту. 8 Илияс кийимин+ ороп туруп сууну чапканда, суу экиге бөлүнүп, экөө кургак жер менен өтүп кетишти.+

9 Аркы өйүзгө өтүшкөндө, Илияс Элишага: «Кудай мени алып кеткенге чейин, эмне кылып берейин, айт»,— деди. Элиша: «Мага сиздеги рухтан*+ эки эсе көп+ рух берилсинчи*»,— деди. 10 Илияс: «Сен оңой эмес нерсени сурап жатасың. Эгер жаныңдан алынып кетип баратканымды көрсөң, сен сурагандай болот. Эгер көрбөй калсаң, анда сураганыңдай болбойт»,— деди.

11 Ошентип, экөө жолдо сүйлөшүп кетип баратканда, күтүлбөгөн жерден оттой жалындаган араба менен оттой жалындаган аттар+ пайда болуп, экөөнү эки жакка бөлдү. Илияс куюн менен асманга көтөрүлдү.+ 12 Элиша аны карап: «Ата, ата! Карасаңыз, Ысрайылдын арабасы менен атчандары!»+ — деп кыйкырды. Анан Илияс көрүнбөй калганда, Элиша үстүндөгү кийимин айрып салды.+ 13 Андан кийин Илиястын жерге түшүп калган кийимин+ алды да, кайра артка бурулуп, Иордандын жээгине келип турду. 14 Анан Илиястын кийими менен сууну чаап: «Илиястын Кудайы Жахаба кана?» — деди. Элиша сууну чапканда, суу экиге бөлүндү. Ал аркы өйүзгө өттү.+

15 Жериходогу пайгамбарлардын тобу аны алыстан көрүп: «Илиястагы рух Элишага берилиптир»+ — деп, аны тосуп чыгышты да, жерге чейин ийилип таазим кылышты. 16 Анан: «Арабызда 50 эр жүрөк киши бар. Алар барып, мырзаңды издеп келишсин. Балким, Жахабанын ыйык руху* аны көтөрүп барып, тоолордун же өрөөндөрдүн бирине таштап койгондур»,+— дешти. Ал: «Жок, жибербей эле койгула»,— деди. 17 Бирок алар болбой сурана беришкендиктен, Элиша ыңгайсызданып: «Мейли, жибергиле»,— деди. Ошентип, алар 50 кишисин жиберишти. Алар Илиясты 3 күн бою издеп, таппай коюшту. 18 Кайра кайтып келишкенде, Элиша Жериходон+ кете элек болчу. Ал аларга: «„Барбай эле койгула“,— деп айтпадым беле»,— деди.

19 Бир нече убактан кийин шаардын тургундары Элишага: «Мырзам, шаарыбыз жакшы эле жерде жайгашкан,+ бирок суусу начар, жерибиз да түшүмсүз*»,— дешти. 20 Элиша: «Кичирээк жаңы чөйчөккө туз салып, мага алып келгиле»,— деди. Алар ошондой кылышты. 21 Анан Элиша суунун башатына барып, ага туз чачып:+ «Жахаба мындай дейт: „Мен бул сууну тазартып койдум. Мындан ары мунун айынан эч ким өлбөйт, тукумсуздук да болбойт*“»,— деди. 22 Анан Элиша айткандай, суу таза болуп калды; ушул күнгө чейин ошондой.

23 Элиша ал жактан чыгып, Бейтелге жөнөдү. Жолдо кетип баратканда, шаардан балдар чыгып: «Эй, кашка баш, кет! Кашка баш, кет!» — деп, аны шылдыңдай башташты.+ 24 Акыры, Элиша бурулуп, балдарды карады да, Жахабанын ысмын айтып каргады. Ошондо токойдон 2 ургаачы аюу+ чыгып, алардын 42син жара тартты.+ 25 Элиша ал жерден Кармел тоосуна+ барды, андан кийин Самарияга кайтты.

Кыргызча адабияттар (1997-2025)
Чыгуу
Кирүү
  • Кыргыз
  • Бөлүшүү
  • Жөндөө
  • Copyright © 2025 Күзөт мунарасы, Ыйык Китеп жана баракчалар коому (Пенсильвания)
  • Колдонуу шарттары
  • Купуялуулук саясаты
  • Колдонуу шарттарын жөндөө
  • JW.ORG
  • Кирүү
Бөлүшүү