Күзөт мунарасынын ОНЛАЙН КИТЕПКАНАСЫ
Күзөт мунарасы
ОНЛАЙН КИТЕПКАНА
кыргыз
  • ЫЙЫК КИТЕП
  • АДАБИЯТТАР
  • ЖОЛУГУШУУЛАР
  • Элчилер 28
  • Ыйык Китеп

Бул жерде видео жок.

Кечиресиз, ката кеткендиктен видео ойнотулбай жатат.

Элчилер. Мазмуну

      • Мальтага жетишкени билинет (1—6)

      • Пабыл Публийдин атасын айыктырат (7—10)

      • Кайра Римге жол тартышат (11—16)

      • Пабыл Римдеги жүйүттөр менен сүйлөшөт (17—29)

      • Пабыл тайманбай 2 жыл кабар айтат (30, 31)

Элчилер 28:1

Байланышы бар аяттар

  • +Элч 27:26

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Кылдат күбөлөндүрөбүз», 209—210-бб.

Элчилер 28:2

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Кылдат күбөлөндүрөбүз», 210-б.

    «Күзөт мунарасы»,

    1/6/2002, 14-б.

Элчилер 28:3

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Кылдат күбөлөндүрөбүз», 210-б.

Элчилер 28:4

Шилтемелер

  • *

    Же: «бөтөн тилде сүйлөгөн адамдар».

  • *

    Сөзмө-сөз: «Адилеттик аны тирүү калтырган жок». Грекче Дике. Бул сөз адилеттик үчүн өч алган аял кудайды же жалпы эле адилеттик деген түшүнүктү билдириши мүмкүн.

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Күзөт мунарасы»,

    1/10/2015, 9-б.

    «Кылдат күбөлөндүрөбүз», 210-б.

Элчилер 28:6

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Кылдат күбөлөндүрөбүз», 210-б.

Элчилер 28:7

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Кылдат күбөлөндүрөбүз», 210-б.

Элчилер 28:8

Байланышы бар аяттар

  • +Лк 4:38, 39

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Кылдат күбөлөндүрөбүз», 210-б.

Элчилер 28:9

Байланышы бар аяттар

  • +Мт 10:8

Элчилер 28:11

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Кылдат күбөлөндүрөбүз», 211-б.

Элчилер 28:12

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Кылдат күбөлөндүрөбүз», 211-б.

Элчилер 28:13

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Кылдат күбөлөндүрөбүз», 211-б.

Элчилер 28:14

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Кылдат күбөлөндүрөбүз», 211—212-бб.

Элчилер 28:15

Байланышы бар аяттар

  • +Кр2к 1:3, 4

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Күзөт мунарасы» (изилдөөгө арналган),

    11/2020, 16-б.

    1/1/2005, 11—12-бб.

    «Кылдат күбөлөндүрөбүз», 212—213-бб.

Элчилер 28:16

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Күзөт мунарасы»,

    15/2/2013, 14-б.

    «Кылдат күбөлөндүрөбүз», 213-б.

Элчилер 28:17

Байланышы бар аяттар

  • +Элч 24:11, 12; 25:8
  • +Элч 21:33

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Кылдат күбөлөндүрөбүз», 213—214-бб.

Элчилер 28:18

Байланышы бар аяттар

  • +Элч 24:10
  • +Элч 23:26, 29; 25:24, 25; 26:31, 32

Элчилер 28:19

Байланышы бар аяттар

  • +Элч 25:11, 12

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Кылдат күбөлөндүрөбүз», 213—214-бб.

Элчилер 28:20

Байланышы бар аяттар

  • +Элч 23:6; 26:6; Эф 6:19, 20; Тм2к 1:16

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Кылдат күбөлөндүрөбүз», 214-б.

Элчилер 28:21

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Кылдат күбөлөндүрөбүз», 213—214-бб.

Элчилер 28:22

Байланышы бар аяттар

  • +Элч 24:14
  • +Лк 2:34; Жн 15:19

Элчилер 28:23

Байланышы бар аяттар

  • +Жн 5:46
  • +Элч 26:22, 23
  • +Элч 17:2, 3

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Күзөт мунарасы»,

    15/1/2012, 12—13-бб.

    «Кылдат күбөлөндүрөбүз», 215-б.

Элчилер 28:24

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Күзөт мунарасы»,

    1/2/2003, 31-б.

Элчилер 28:25

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Кылдат күбөлөндүрөбүз», 215-б.

Элчилер 28:26

Байланышы бар аяттар

  • +Рим. 11:8

Элчилер 28:27

Байланышы бар аяттар

  • +Ыш 6:9, 10; Мт 13:14, 15

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Кылдат күбөлөндүрөбүз», 215-б.

Элчилер 28:28

Байланышы бар аяттар

  • +Лк 3:4, 6; Элч 13:45, 46; 22:21; Рим. 11:11
  • +Зб 67:2; 98:3; Ыш 11:10

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Кылдат күбөлөндүрөбүз», 215-б.

Элчилер 28:29

Шилтемелер

  • *

    Бул аят Ыйык Китептин айрым котормолорунда бар болсо да, грек тилиндеги байыркы негизги кол жазмаларда кездешпейт. А3 тиркемесин кара.

Элчилер 28:30

Байланышы бар аяттар

  • +Элч 28:16

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Күзөт мунарасы»,

    15/2/2013, 14—15-бб.

    «Кылдат күбөлөндүрөбүз», 216—217-бб.

Элчилер 28:31

Байланышы бар аяттар

  • +Эф 6:19

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Күзөт мунарасы»,

    15/2/2013, 14—15-бб.

    «Кылдат күбөлөндүрөбүз», 216—217-бб.

Башка котормолор

Байланышы бар аяттар чыгышы үчүн аяттын санын басыңыз

Башкасы

Элч. 28:1Элч 27:26
Элч. 28:8Лк 4:38, 39
Элч. 28:9Мт 10:8
Элч. 28:15Кр2к 1:3, 4
Элч. 28:17Элч 24:11, 12; 25:8
Элч. 28:17Элч 21:33
Элч. 28:18Элч 24:10
Элч. 28:18Элч 23:26, 29; 25:24, 25; 26:31, 32
Элч. 28:19Элч 25:11, 12
Элч. 28:20Элч 23:6; 26:6; Эф 6:19, 20; Тм2к 1:16
Элч. 28:22Элч 24:14
Элч. 28:22Лк 2:34; Жн 15:19
Элч. 28:23Жн 5:46
Элч. 28:23Элч 26:22, 23
Элч. 28:23Элч 17:2, 3
Элч. 28:26Рим. 11:8
Элч. 28:27Ыш 6:9, 10; Мт 13:14, 15
Элч. 28:28Лк 3:4, 6; Элч 13:45, 46; 22:21; Рим. 11:11
Элч. 28:28Зб 67:2; 98:3; Ыш 11:10
Элч. 28:30Элч 28:16
Элч. 28:31Эф 6:19
  • Ыйык Китеп
  • Окуңуз: Жаңы дүйнө котормосу (bi12)
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8
  • 9
  • 10
  • 11
  • 12
  • 13
  • 14
  • 15
  • 16
  • 17
  • 18
  • 19
  • 20
  • 21
  • 22
  • 23
  • 24
  • 25
  • 26
  • 27
  • 28
  • 29
  • 30
  • 31
Ыйык Китеп
Элчилер 28:1—31

Элчилер

28 Жээкке аман-эсен чыккандан кийин аралдын Мальта деп аталарын билдик.+ 2 Бөтөн тилде сүйлөгөн ал жерликтер аябай адамгерчиликтүү экен, бизге абдан жакшы мамиле кылышты. Алар от жагып, баарыбызды жылуу тосуп алышты, анткени жаан жаап, суук болуп турган эле. 3 Пабыл бир кучак чырпык терип келип, отко салганда, ысыктан качкан бир чаар жылан колуна оролуп, чагып алды. 4 Анын колунда салаңдап турган уулуу жыланды көргөндө аралдын тургундары*: «Бул, чын эле, киши өлтүргүч окшойт. Ошон үчүн деңизден аман калганы менен, адилет жазадан качып кутула алган жок*»,— деп өз ара сүйлөшө башташты. 5 Бирок Пабыл жыланды отко силкип салды. Өзү эч нерсе болгон жок. 6 Тигилер анын колу шишип чыгат же мүрт өлөт деп ойлоп жатышты. Бирок бир топ убакыт өткөндөн кийин деле эч нерсе болбогонун көрүшкөндө ойлорун өзгөртүп, аны кудай дей башташты.

7 Анча алыс эмес жерде аралдын башчысы Публий деген кишинин жерлери бар экен. Публий бизди жылуу тосуп алып, 3 күн бою коноктоду. 8 Анын атасынын эти ысып, ичи өтүп жаткан эле. Пабыл анын жанына барып, Кудайдан тиленди да, үстүнө колдорун коюп, айыктырып койду.+ 9 Ошондон кийин аралдагы башка оорулуулар да келе башташты. Пабыл аларды да айыктырып жатты.+ 10 Алар бизге көп белек берип, сый көрсөтүштү. Ал эми жолго чыгарыбызда керектүү нерселердин баарын алып келип, кемеге жүктөп беришти.

11 Аралда 3 ай жүргөндөн кийин тумшугунда Зевстин уулдарынын сөлөкөтү бар кемеге отуруп, жолго чыктык. Александриялыктардын ал кемеси кышы бою ушул аралда турган эле. 12 Сиракузадагы кеме жайга барып, ал жерде 3 күн болдук. 13 Анан ал жактан чыгып, Регийге бардык. Эртеси күнү түштүктөн шамал сого баштады. Бир күндөн кийин Путеолго жетип, 14 ал жерден боордошторубузду таптык. Алар бизден 7 күнгө калышыбызды өтүнүштү. Андан кийин Римге жөнөдүк. 15 Римдеги боордошторубуз баратканыбызды угуп, тосуп алыш үчүн Апий базарына чейин, айрымдары Үч мейманканага чейин келишти. Пабыл аларды көргөндө Кудайга ыраазычылык билдирди, ал кадимкидей кайраттанып калды.+ 16 Акыр-аягы, Римге жеттик. Пабылды бир жоокерге кайтартып, ижарага алынган үйдө өзүнчө жашаганга уруксат беришти.

17 Үч күндөн кийин Пабыл ошол жактагы жүйүттөрдүн арасынан таасирдүү кишилерди чакыртты. Алар чогулганда: «Агайын-туугандар, мен элибизге же ата-бабаларыбыздын салтына каршы эч нерсе кылбасам да,+ Иерусалимден мени камакка алып, римдиктердин колуна өткөрүп беришти.+ 18 Алар болсо мени суракка алып,+ өлүм жазасына тарткыдай эч айып табышпагандыктан бошотуп жибермекчи болушту.+ 19 Жүйүттөр буга каршы чыкканда, мен императордун соттошун талап кылганга аргасыз болдум.+ Бирок муну өз элимди айыпташ үчүн кылган жокмун. 20 Ошондуктан силер менен көрүшүп, сүйлөшүш үчүн силерди чакырттым. Себеби мен бул чынжыр менен ысрайылдыктар үмүттөнгөн нерсеге үмүттөнгөнүм үчүн байланып отурам»,— деди.+ 21 Алар Пабылга: «Биз сен тууралуу Жүйүт жеринен эч кандай кат алган жокпуз. Ал жактан келген боордошторубуздун эч кимиси да сен жөнүндө жаман нерсе айткан жок. 22 Бирок сенин көз карашың тууралуу өзүңдөн укканыбыз туура болот деп ойлойбуз, анткени бул секта+ жөнүндө бардык жерде ар кандай жаман сөздөр айтылып жатканын билебиз»,+— дешти.

23 Анан бир күндү белгилеп, Пабыл жашаган үйгө мурдагыдан да көбүрөөк болуп келишти. Аларды Иса жөнүндө айтылгандарга ишендириш үчүн Пабыл Мусанын Мыйзамында+ жана пайгамбарлардын китептеринде+ жазылгандарды колдонуп, алар менен эртеден кечке чейин сүйлөшүп, Кудайдын Падышалыгы жөнүндө кылдат күбөлөндүрдү.+ 24 Кээ бирлери анын айткандарына ишенсе, башкалары ишенген жок. 25 Алар өз ара келише албай, тарай башташты. Ошондо Пабыл:

«Кудай ыйык рухун колдонуп ата-бабаларыңарга Ышая пайгамбар аркылуу туура айтыптыр. 26 Ал ага: „Бул элге барып: “Силер угасыңар, бирок түшүнбөйсүңөр, карайсыңар, бирок көрбөйсүңөр.+ 27 Анткени бул элдин жүрөгү таштай катуу болуп калган. Алар угушат, бирок жооп беришпейт. Көздөрүн жумуп алышкан, ошондуктан көздөрү көрбөйт, кулактары укпайт, айтылгандардын мааниси жүрөктөрүнө жетпейт. Алар мага кайрылып келишпейт, мен да аларды айыктырбайм”,— деп айт“,— деген.+ 28 Эмесе, билип койгула: Кудайдын адамдарды куткарары жөнүндөгү ушул кабар башка элдерге жарыяланып жатат.+ Алар сөзсүз кулак салышат»,+— деди. 29*⁠——

30 Ошентип, Пабыл ошол жакта ижарага алган үйдө 2 жыл жашады.+ Ал өзүнө келгендердин баарын жылуу кабыл алып, 31 аларга Кудайдын Падышалыгы жөнүндө кабар айтып, Мырзабыз Иса Машаяк жөнүндө тайманбай окутуп жатты.+ Ага эч ким тоскоолдук кылган жок.

Кыргызча адабияттар (1997-2025)
Чыгуу
Кирүү
  • кыргыз
  • Бөлүшүү
  • Жөндөө
  • Copyright © 2025 Күзөт мунарасы, Ыйык Китеп жана баракчалар коому (Пенсильвания)
  • Колдонуу шарттары
  • Купуялуулук саясаты
  • Колдонуу шарттарын жөндөө
  • JW.ORG
  • Кирүү
Бөлүшүү