Күзөт мунарасынын ОНЛАЙН КИТЕПКАНАСЫ
Күзөт мунарасы
ОНЛАЙН КИТЕПКАНА
кыргыз
  • ЫЙЫК КИТЕП
  • АДАБИЯТТАР
  • ЖОЛУГУШУУЛАР
  • w24 март 20—25-бб.
  • Караңгыда эмес, жарыкта жүрөлү

Бул жерде видео жок.

Кечиресиз, ката кеткендиктен видео ойнотулбай жатат.

  • Караңгыда эмес, жарыкта жүрөлү
  • Күзөт мунарасы Жахабанын Падышалыгын жарыялайт—2024
  • Бөлүмчөлөр
  • Окшош материалдар
  • КАРАҢГЫЛЫКТАН ЖАРЫККА ЧЫГУУ
  • «КАРАҢГЫЛЫКТЫН» ИШТЕРИНЕН КАЧКЫЛА
  • «ЖАРЫКТЫН БАЛДАРЫНДАЙ ЖАШАГЫЛА»
  • Жахабага таянарыбызды көрсөткөн чечимдер
    «Ыйык кызматыбыз жана жашообуз» окуу куралы—2023
  • Баарын билип-түшүнө бербей турганыңарды моюнга алгыла
    Күзөт мунарасы Жахабанын Падышалыгын жарыялайт—2025
  • Чындыкты жалгандан айырмалай аласыңарбы?
    Күзөт мунарасы Жахабанын Падышалыгын жарыялайт—2024
  • Ишенимдүү карыялардын керээз сөзү
    Күзөт мунарасы Жахабанын Падышалыгын жарыялайт—2024
Дагы башкасы
Күзөт мунарасы Жахабанын Падышалыгын жарыялайт—2024
w24 март 20—25-бб.

12-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

77-ЫР: Караңгы дүйнөгө нур чачкан жарык

Караңгыда эмес, жарыкта жүрөлү

«Силер бир кезде караңгы элеңер, азыр болсо. . . жарыксыңар» (ЭФ. 5:8).

МАКАЛАНЫН ӨЗӨГҮ

Бул макалада Эфестиктер 5-бөлүмдө караңгылык жана жарык жөнүндө айтылгандардан эмнелерди биле аларыбызды карайбыз.

1, 2. а) Пабыл эфестиктерге кандай жагдайда кат жазган? б) Кайсы суроолорго жооп алабыз?

ЭЛЧИ ПАБЫЛ Римде үй камагында отурганда ишенимдештерин бекемдегиси келген. Аларга бара албагандыктан кат жазууну чечкен. Ошентип, болжолу, б. з. 60, 61-жылдары Эфестеги жыйналышка кат жазган (Эф. 1:1; 4:1).

2 Андан дээрлик 10 жыл мурун Пабыл ал жакта кызмат кылып, жакшы кабар тараткан (Элч. 19:1, 8—10; 20:20, 21). Боордошторун ушунчалык жакшы көргөндүктөн аларга андан ары да Жахабага ишенимдүү бойдон калганга жардам бергиси келген. Бирок ал эмне үчүн Машаяктын майланган жолдоочуларына караңгылык жана жарык жөнүндө жазган? Аларга берген кеңешин бүгүн биз кантип колдоно алабыз? Анда ушул суроолорго жооп алалы.

КАРАҢГЫЛЫКТАН ЖАРЫККА ЧЫГУУ

3. Пабыл эфестиктерге кат жазганда кандай салыштырууну колдонгон?

3 Пабыл Машаяктын Эфестеги жолдоочуларына: «Силер бир кезде караңгы элеңер, азыр болсо. . . жарыксыңар»,— деп жазган (Эф. 5:8). Пабыл бул жерде бири-биринен айырмаланган же бири-бирине карама-каршы келген нерселерди түшүндүрүш үчүн каймана маанидеги караңгылык жана жарык деген салыштырууну колдонгон. Бирок адегенде Пабылдын: «Бир кезде караңгы элеңер»,— деп эмне үчүн жазганына токтололу.

4. Эфес шаарын эмне үчүн жалган диндин чордону болгон деп айтсак болот?

4 Жалган дин. Чындык жолуна түшүп, Машаяктын жолдоочусу болгонго чейин эфестиктер жалган диндин окууларына, спиритизмге белчесинен батып келишкен. Эфес шаарында байыркы учурда дүйнөнүн жети кереметинин бири деп эсептелген Артемида ибадатканасы жайгашкан болчу. Элдер ал ибадатканага буркандарга сыйыныш үчүн агылып барчу. Артемида деген аял кудайынын ибадатканасынын үлгүсүн жасап саткандар көп акча табышчу. Ал иш ошол жакта абдан өнүккөн эле (Элч. 19:23—27). Андан тышкары, ал шаарда көптөр сыйкырчылык кылышчу (Элч. 19:19).

5. Эфестиктер канчалык деңгээлде адеп-ахлактык жактан бузулган болчу?

5 Адеп-ахлаксыз иштер. Эфес шаарынын тургундары адеп-ахлактык жактан абдан бузулганы менен белгилүү болчу. Театрларда, атүгүл диний майрамдарда жыныстык мамиле жөнүндө ачык эле айтылып, ыпылас нерселер ачык эле көрсөтүлчү (Эф. 5:3). Пабыл ал шаарда жашагандардын көбүн «уят-сыйытты жыйыштырган» адамдар деп сүрөттөгөн. Бул сөз айкашы түзмө-түз «оорууну сезбөө» дегенди билдирет (Эф. 4:17—19). Жахабанын талаптарын билгенге чейин туура эмес иштерди кылганы үчүн эфестиктерди абийири жемелечү эмес. Ал турсун Жахаба менен иши да болгон эмес. Ошол себептен Пабыл алар жөнүндө: «Акылдарын караңгылык басып, Кудай сунуш кылып жаткан жашоону четке кагып жатышат»,— деп жазган.

6. Пабыл эмне үчүн эфестиктерге: «Азыр болсо. . . жарыксыңар»,— деп жазган?

6 Анткен менен Эфесте жашагандардын айрымдары караңгылыктан чыккан. Пабыл аларга: «Азыр болсо Мырзабыз менен биримдикте болгондуктан жарыксыңар»,— деп жазган (Эф. 5:8). Себеби алар жолуна жарык чачкан Жахабанын Сөзү боюнча жашай башташкан (Заб. 119:105). Кудайдын жолуна түшкөн Эфестеги ал адамдар адеп-ахлаксыздыктан баш тартып, жалган динге байланыштуу иштерди ташташкан. Эми алар Кудайды туурап, ага жаккандай сыйынып, ага жаккандай жашаш үчүн колунан келгендин баарын кыла башташкан (Эф. 5:1).

7. Биздин жагдай Машаяктын Эфестеги жолдоочуларыныкына эмнеси менен окшош?

7 Ошо сыңары, чындык жолуна түшкөнгө чейин биз да караңгыда жүрчүбүз. Алсак, айрымдарыбыз жалган динге байланышы бар майрамдарды майрамдачубуз. Башкаларыбыз болсо адеп-ахлаксыз иштерди кылчубуз. Бирок Жахабага эмне жакпаарын билгенден кийин жашообузду толугу менен өзгөрткөнбүз. Биз анын адил нормаларына ылайык жашаганга аракет кыла баштаганбыз. Мунун аркасында жашообуз көп жагынан жакшырды (Ыш. 48:17). Ошентсе да «караңгылыктын» иштеринен алыс болуп, «жарыктын балдарындай» жашаш дайыма эле оңойго тура бербейт. Анда «жарыкта» жүрүш үчүн эмне кылсак болот?

Курама сүрөт: 1. Пабыл кат жазып жатат. Аны Рим жоокерине чынжырлап коюшкан. 2. Элчи Пабылдын эфестиктерге жазган катынын алгачкы көчүрмөсү.

Image digitally reproduced with the permission of the Papyrology Collection, Graduate Library, University of Michigan, P.Mich.inv. 6238. Licensed under CC by 3.0

Пабылдын эфестиктерге жазган катындагы кеңештерди бүгүн биз да колдоно алабыз (7-абзацты карагыла)b


«КАРАҢГЫЛЫКТЫН» ИШТЕРИНЕН КАЧКЫЛА

8. Эфестиктер 5:3—5-аяттарга ылайык, Эфестеги Машаяктын жолдоочулары эмнелерден алыс болушу керек эле?

8 Окугула: Эфестиктер 5:3—5. Эфестеги Машаяктын жолдоочулары адеп-ахлаксыз иштерден качыш үчүн Жахаба жек көргөн нерселерди четке кагышы керек болчу. Буга бузуктукка алып бара турган жүрүм-турум эле эмес, ыпылас сөздөр да кирген. Элчи Пабыл, эгер эфестиктер «Машаяктын жана Кудайдын Падышалыгында мураска» ээ болгусу келсе, ушул сыяктуу нерселерден алыс болушу керектигин эскерткен.

9. Адеп-ахлаксыз иштерге түрткөн нерселерди эмне үчүн четке кагышыбыз керек?

9 Биз да «караңгылыктын жемишсиз иштерине» аралашып калбаш үчүн дайыма күрөш жүргүзүшүбүз керек (Эф. 5:11). Тажрыйба көрсөтүп тургандай, эгер кимдир бирөө ыпылас, адепсиз нерселерди канчалык көп көрсө, укса же ошол жөнүндө сүйлөшсө, ага андай ишке барыш ошончолук оңой болуп калат (Башт. 3:6; Жкп. 1:14, 15). Маселен, бир өлкөдө ишенимдештерибиз онлайн группа ачып, ага көптөр кошулган. Алар бири-бири менен «дос» болуп калышкан. Башында чындык жолу, Жахаба жөнүндө сүйлөшүшсө, кийин Жахабага жакпаган темалар жөнүндө кеп козгой башташкан. Алар көбүнесе жыныстык мамиле жөнүндө жазышышчу. Өкүнүчтүүсү, айрымдары жыныстык адеп-ахлаксыздыкка барышкан. Кийин алар буга ошол группада ыпылас нерселер жөнүндө сүйлөшкөндөрү түрткөнүн мойнуна алган.

10. Шайтан бизди эмнеге ишендиргиси келет? (Эфестиктер 5:6).

10 Шайтандын дүйнөсү бизди Жахаба ыпылас, таза эмес деп эсептеген нерселердин жаман жери жок дегенге ишендирип, адаштыргысы келет (2 Пет. 2:19). Буга таң калбайбыз. Анткени бул — Ибилистин тээ илгертен бери колдонуп келаткан ыкмаларынын бири. Ал адамдар эмне туура, эмне туура эмес экенин айырмалай албай калышын көксөйт (Ыш. 5:20; 2 Кор. 4:4). Ошол себептен көптөгөн кинолордо, телеберүүлөрдө, веб-сайттарда Жахабанын адил нормаларына каршы келген нерселер көрсөтүлөт. Шайтан бүгүнкү күндө бизди ыпылас иштерди кылгандын жана ошондой жашоо өткөргөндүн эч жаман жери жок дегенден сырткары, алар рахат тартуулайт, кесепетин деле тартпайсың деп ойлоп калышыбызды каалайт. (Окугула: Эфестиктер 5:6.)

11. Анжеланын окуясынан көрүнүп тургандай, Эфестиктер 5:7деги кеңешке ылайык иш кылганыбыз эмне үчүн акылдуулукка жатат? (Сүрөттү да карагыла.)

11 Шайтан Жахабанын нормаларына бекем карманганга тоскоол боло турган кишилер менен мамиле түзүшүбүздү каалайт. Ошондуктан Пабыл эфестиктерди Кудайдын алдында туура эмес иш кылгандар менен «эч кандай байланышта» болбогонго үндөгөн (Эф. 5:7). Бүгүн биз байыркы эфестиктерге караганда өзгөчө сак болушубуз керек. Себеби биз башкалар менен жүзмө-жүз эле эмес, соцтармактар аркылуу да баарлашышыбыз мүмкүн. Азияда жашаган Анжелаa мунун канчалык кооптуу экенин түшүнгөн. Ал мындай дейт: «Соцтармактар билинбеген тузак экен. Абайлабасаң, ой жүгүртүүң акырындык менен тунара берет экен. Мен өзүм байкабай эле Ыйык Китептеги принциптерди баркка албагандар менен достошкондун жаман жери жок деп ойлой баштаптырмын. Акыры, атүгүл Жахабага жакпагандай жашасам эмне болмок эле деп калгам». Бактыга жараша, мээримдүү аксакалдар Анжелага өзгөргөнгө жардам беришкен. Ал: «Азыр мен акылымды соцтармактагы нерселерге эмес, рухий нерселерге толтурганга аракет кылам»,— дейт.

Курама сүрөт: 1. Жаш кыз телефонунан соцтармактарга салынган видео, сүрөт, комментарийлерди карап жатат. 2. Ошол эле кыз ишенимдеши менен кызматка чыгып, жыргап сүйлөшүп баратат.

Жахабанын адил талаптарына бекем карманарыбыз ким менен мамилелешкенибизден көз каранды болот (11-абзацты карагыла)


12. Жахабанын адил талаптарына бекем карманганга бизге эмне жардам берет?

12 Азыр көптөр адеп-ахлаксыздыкты боло жүргөн нерсе катары көрүшөт. Биз ошондой көз карашка алдырбаш үчүн күрөш жүргүзүшүбүз керек. Анткени мунун туура эмес экенин билебиз (Эф. 4:19, 20). Ошондуктан мындай деп ойлонуп көрүшүбүз керек: «Чогуу иштешкендерим, классташтарым же Жахабанын адил нормаларын баркка албагандар менен, зарыл болбосо, мамилелешпей эле койгонго аракет кыламбы? Башкалар мени фанат деп эсептесе да, Жахабанын адил талаптарын кайраттуулук менен жактаймынбы?» 2 Тиметей 2:20—22-аяттарда жазылгандай, атүгүл жыйналыштын ичинде да досторду кылдат тандашыбыз керек. Анткени айрымдары Жахабага берилгендигибизди сактаганга тоскоол болушу мүмкүн.

«ЖАРЫКТЫН БАЛДАРЫНДАЙ ЖАШАГЫЛА»

13. «Жарыктын балдарындай жашоо» деген эмнени билдирет? (Эфестиктер 5:7—9).

13 Пабыл Эфестеги ишенимдештерин караңгылыктын иштерин четке каккандан тышкары, «жарыктын балдарындай жашаганга» үндөгөн. (Окугула: Эфестиктер 5:7—9.) Бул сөздөр эмненин билдирет? Жөнөкөй сөз менен айтканда, өзүбүздү дайыма Жахабанын кызматчыларындай алып жүрүүнү билдирет. Ан үчүн Ыйык Китепти жана ага негизделген адабияттарды көңүл коюп окуп, кылдат изилдешибиз керек. Биз «дүйнөнүн жарыгы» болгон Иса Машаяктын окууларына, үлгүсүнө өзгөчө көңүл бурганыбыз маанилүү (Жкн. 8:12; Накыл 6:23).

14. Ыйык рух бизге эмне кылганга жардам берет?

14 Биз ар убак «жарыктын балдарындай» жашаш үчүн Кудайдын ыйык рухунун жардамына муктажбыз. Эмне үчүн? Анткени адеп-ахлаксыздыкка белчесинен баткан дүйнөдө таза бойдон калуу оңой-олтоң иштерден эмес (1 Тес. 4:3—5, 7, 8). Ыйык рух бизге дүйнөнүн ой толгоолоруна, анын ичинде Кудайдын ой жүгүртүүсүнө каршы келген көз караштарга, философияларга туруштук бергенге жардам берет. Ошондой эле жакшылыкка, адилдикке жаткан иштерди кылганга түрткү берет (Эф. 5:9).

15. Жахаба ыйык рухун бериши үчүн, эмне кылышыбыз керек? (Эфестиктер 5:19, 20).

15 Жахаба ыйык рухун бериши үчүн, аны сурап тиленишибиз керек. Иса да Жахабанын «сурагандарга ыйык рухун» берерин айткан (Лк. 11:13). Ошондой эле жолугушууларга барып, ишенимдештерибиз менен чогуу Жахабаны даңктаганда ыйык рухка толобуз. (Окугула: Эфестиктер 5:19, 20.) Ал эми ыйык рухка жетектелсек, Жахабага жаккандай жашай алабыз.

16. Канткенде туура чечим чыгара алабыз? (Эфестиктер 5:10, 17).

16 Олуттуу чечим чыгарарда «Жахабанын эрки» кандай экенин аңдаганга жана ошого ылайык иш кылганга умтулушубуз зарыл. (Окугула: Эфестиктер 5:10, 17.) Жагдайыбызга тиешелүү Ыйык Китептеги принциптерди тапканда ошого карата Кудайдын оюн билгенге аракет кылган болобуз. Анан ошол принциптерди колдонгондо туура чечим чыгарарыбыз шексиз.

17. Убактыбызды туура пайдалануу деген өз ичине эмнелерди камтыйт? (Эфестиктер 5:15, 16). (Сүрөттү да карагыла.)

17 Элчи Пабыл Эфестеги Кудайдын кызматчыларына убактысын акылдуулук менен колдонууга байланыштуу да кеңеш берген. (Окугула: Эфестиктер 5:15, 17.) Душманыбыз «кара өзгөй» Шайтан, Жахабага кызмат кылганга убактыбыз калбай калышы үчүн, көр оокат менен алагды кылгысы келет (1 Жкн. 5:19, шилт.). Сак болбосок, акча топтоп алайын, жогорку окуу жайында окуп, жакшы жумушта иштейин деп жатып Жахабага көбүрөөк кызмат кылганга түзүлгөн мүмкүнчүлүктөрдү колдон чыгарып жиберишибиз мүмкүн. Эгер ушул нерселерге умтулуп жатсак, анда бул — дүйнөнүн көз карашы бизге таасир этип жатканынын белгиси. Булардын жаман деле жери жок. Болгону алар эч качан жашообузда биринчи орунду ээлеп калбашы керек. Андыктан мындан ары да «жарыктын балдарындай» жашаш үчүн убактыбызды туура колдонуп, чындап маанилүү нерселерге көңүл топтогонубуз кажет.

Исанын алгачкы жолдоочулары Эфес шаарынын киши көп жүргөн көчөсүндө кабар айтып жатышат.

Машаяктын Эфестеги жолдоочулары убактысын туура колдонуп кабар айтып жатышат (17-абзацты карагыла)


18. Дональд убактысын туура пайдаланыш үчүн эмне кылган?

18 Жахабага көбүрөөк кызмат кылганга түзүлгөн мүмкүнчүлүктөрдү колдон чыгарбагыла. Түштүк Африкада жашаган Дональд так ошондой кылган. Ал мындай дейт: «Мен жагдайымды таразалап чыгып, Жахабадан керегиңе көбүрөөк жараш үчүн дагы эмне кылсам болорун көрсөтчү деп жалбаргам. Ошондой эле көбүрөөк кызмат кылганга шарт түзгөн жумуш таап берчи деп да тиленгем. Ошентип, Жахабанын жардамы менен ылайыктуу жумуш таптым. Ошонун аркасында жубайым экөөбүз толук убакыт кызматтын кызыктуу сапарына чогуу аттандык».

19. Канткенде мындан ары да «жарыктын балдарындай жашай» алабыз?

19 Пабылдын эфестиктерге жазган каты аларга Кудайдын жолунан чыкпаганга жардам бергени шексиз. Жахабанын ыйык руху менен жазылган ал кеңештер биз үчүн да пайдалуу. Жогорудан окуганыбыздай, ал принциптер кимдер менен достошорубузду, кантип көңүл ачарыбызды тандаганга көмөк кылат. Ошондой эле алар Ыйык Китепти изилдөөнүн жакшы күн тартибине карманганга түрткү берет. Бул болсо бизге чындыктын жарыгында жүргөнгө жардам берет. Андан тышкары, Пабылдын каттарында ыйык рух бизге жакшы сапаттарды өрчүткөнгө жардам берери баса белгиленген. Пабылдын жазгандарын колдонсок, Жахабанын ой жүгүртүүсүнө ылайык келген туура чечимдерди чыгарабыз. Ошондо караңгылыктын иштеринен качып, жарыкта жүрөбүз!

ЭМНЕ ДЕП ЖООП БЕРЕТ ЭЛЕҢЕР?

  •  Эфестиктер 5:8ге ылайык, «караңгы» жана «жарык» деген сөздөр эмнеге карата айтылган?

  •  Канткенде «караңгылыктын» иштеринен алыс болобуз?

  •  Дайыма «жарыктын балдарындай жашаш» үчүн эмне кылышыбыз керек?

95-ЫР: Жарык уламдан-улам жаркыроодо

a  Айрым ысымдар өзгөртүлдү.

b СҮРӨТТҮН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ: Пабылдын эфестиктерге жазган катынын байыркы көчүрмөсү тартылып турат.

    Кыргызча адабияттар (1997-2025)
    Чыгуу
    Кирүү
    • кыргыз
    • Бөлүшүү
    • Жөндөө
    • Copyright © 2025 Күзөт мунарасы, Ыйык Китеп жана баракчалар коому (Пенсильвания)
    • Колдонуу шарттары
    • Купуялуулук саясаты
    • Колдонуу шарттарын жөндөө
    • JW.ORG
    • Кирүү
    Бөлүшүү