Күзөт мунарасынын ОНЛАЙН КИТЕПКАНАСЫ
Күзөт мунарасы
ОНЛАЙН КИТЕПКАНА
Кыргыз
  • ЫЙЫК КИТЕП
  • АДАБИЯТТАР
  • ЖОЛУГУШУУЛАР
  • w16 июль 31-б.—32-б. 6-абз.
  • Окурмандардын суроолору

Бул жерде видео жок.

Кечиресиз, ката кеткендиктен видео ойнотулбай жатат.

  • Окурмандардын суроолору
  • Күзөт мунарасы Жахабынын Падышалыгын жарыялайт—2016
  • Окшош материалдар
  • «Аларды... бир эл кылам»
    Акыры калыбына келтирилген таза сыйынуу
  • Эки таяктын бириктирилиши
    Акыры калыбына келтирилген таза сыйынуу
  • «Жанданасыңар»
    Акыры калыбына келтирилген таза сыйынуу
  • «Бир койчуну коём»
    Акыры калыбына келтирилген таза сыйынуу
Дагы башкасы
Күзөт мунарасы Жахабынын Падышалыгын жарыялайт—2016
w16 июль 31-б.—32-б. 6-абз.
Жезекиел пайгамбар эки таякты кармап турат

Окурмандардын суроолору

Жезекиел китебинин 37-бөлүмүндө айтылган эки таяктын биригиши эмнени билдирет?

Жахаба эки падышалыкка бөлүнүп кеткен ысрайыл элинин убада кылынган жерге кайтып келгенден кийин биригерин Жезекиел пайгамбар аркылуу алдын ала айткан. Бул пайгамбарлык акыркы күндөрдө Кудайдын кызматчыларынын бир эл болуп биригерин да билдирген.

Жахаба Жезекиел пайгамбарга эки таяк алып, бирине: «Жүйүткө жана ага шериктеш Ысрайыл уулдарына»,— деп, ал эми экинчисине: «Жусупка, Эпрайымдын таягына, ошондой эле ага шериктеш бүт Ысрайыл үйүнө»,— деп жазууну буйруган. Анан: «Ошол эки таякты бириктир; алар сенин колуңда бир таяк болот»,— деген (Жез. 37:15—17).

«Эпрайым» кимдерди билдирген? Он уруудан турган түндүк падышалыгынын алгачкы падышасы Жеробам эң чоң уруу болуп эсептелген Эпрайым уруусунан болгон (Мыйз. 33:13, 17; 1 Пад. 11:26). Бул уруу Жусуптун уулу Эпрайымдан келип чыккан (Сан. 1:32, 33). Жусупка атасы Жакып өзгөчө бата берген. Андыктан он уруудан турган падышалыкты билдирген таяктын «Эпрайымдын таягы» деп аталганы орундуу болгон. Жезекиел эки таяк жөнүндө пайгамбарлык айткан убакка чейин эле Ысрайыл түндүк падышалыгын б.з.ч. 740-жылы ашурлуктар туткундап кеткен (2 Пад. 17:6). Демек, ошол убакта түндүк падышалыгындагы ысрайылдыктардын көбү Ашур империясынын ордун ээлеген Бабыл империясынын чар тарабына чачырап кеткен болчу.

Ал эми б. з. ч. 607-жылы эки уруудан турган түштүк падышалыгында жашагандар жана сыягы, түндүк падышалыгындагы калган ысрайылдыктар Бабылга туткундалып кеткен. Жүйүт уруусунан чыккан падышалар түштүк падышалыгын башкарышкан жана дин кызматчылар Иерусалимдеги ибадатканада кызмат кылгандыктан Жүйүт падышалары менен тыгыз байланышта болушкан (2 Жылн. 11:13, 14; 34:30). Андыктан эки уруудан турган падышалыкты билдирген таяктын «Жүйүттүн таягы» деп аталганы жүйөлүү болгон.

Каймана маанидеги эки таяк качан бириккен? Ал эки таяк, ысрайылдыктар ибадаткананы калыбына келтирүү үчүн б. з. ч. 537-жылы Иерусалимге кайтып келишкенде, бириккен. Туткундан эки уруудан турган падышалык менен он уруудан турган падышалыктын өкүлдөрү чогуу кайтып келген. Ошондон кийин ысрайыл эли бөлүнгөн эмес (Жез. 37:21, 22). Алар Жахабага кайрадан биримдикте сыйына баштаган. Бөлүнүп кеткен элдин биригерин Ышая менен Жеремия пайгамбарлар да алдын ала айтышкан (Ыш. 11:12, 13; Жер. 31:1, 6, 31).

Бул пайгамбарлыктан таза сыйынууга байланыштуу кандай маанилүү нерсени биле алабыз? Жахаба кызматчыларын каймана мааниде «бир таяк» кылмак (Жез. 37:18, 19). Бул пайгамбарлык биздин күндөрдө аткарылып жатабы? Ооба. Пайгамбарлык адегенде 1919-жылы аткарыла баштаган. Ага чейин Шайтан Кудайдын элин бөлүп-жарып, биротоло чачыратып жиберүүгө аракет кылган болчу. Бирок ошол жылдан тартып Кудайдын эли акырындык менен кайрадан уюшулуп, биримдикте кызмат кыла баштаган.

Ал убакта алардын көбү асманда жашаарына жана Иса менен бирге падышалар, дин кызматчылар болоруна үмүттөнгөн (Аян 20:6). Каймана мааниде алар Жүйүттүн таягын билдирген. Бирок убакыттын өтүшү менен аларга жерде жашоого үмүттөнгөн көп адамдар кошула баштаган (Зак. 8:23). Жерде жашоого үмүттөнгөндөрдү Жусуптун таягына салыштырууга болот. Алар Машаяк менен бирге асманда бийлик кылууга үмүттөнүшпөйт.

Бүгүнкү күндө эки топ Жахабага биримдикте кызмат кылып жатышат. Аларды Жезекиелдин пайгамбарлыгында «кызматчым Дөөтү» деп аталган падыша — Иса Машаяк — жетектөөдө (Жез. 37:24, 25). Ал жерде жүргөндө Жахабадан: «Алардын бардыгы бир болсун. Ата, сен мени менен, мен сени менен биримдикте болгондой эле, алар да экөөбүз менен биримдикте болушсун»,— деп тиленгенa (Жкн. 17:20, 21). Иса майлангандардан турган кичине отордун «башка койлор» менен «бир отор» болорун да алдын ала айткан. Алардын баарын «бир койчу» кайтармак (Жкн. 10:16). Ооба, Иса пайгамбар айткандай эле, бүгүнкү күндө Кудайдын кызматчылары, асманда жашоого үмүттөнөбү же жердеби, биримдикте сыйынып жатышат.

Эки таяктын байыркы жана азыркы убакта бириктирилиши

a Иса пайгамбардын өзүнүн катышуусунун белгиси жөнүндө сөз кылганда келтирген мисалдарын кандай ырааттуулукта айтканы көңүлгө аларлык. Адегенде ал «ишенимдүү жана акылдуу кул» — жетекчиликти колго ала турган майлангандардан турган чакан топ — жөнүндө сөз кылган (Мт. 24:45—47). Андан соң, негизинен, асманга үмүттөнгөндөрдүн баарына тиешелүү болгон мисалдарды айткан (Мт. 25:1—30). Акырында жерде жашоого үмүттөнгөн жана анын бир туугандарын колдой турган жолдоочулары жөнүндө кеп кылган (Мт. 25:31—46). Анын сыңарындай, Жезекиел айткан пайгамбарлыктын азыркы күндөгү аткарылышы адегенде асманда жашоого үмүттөнгөндөргө тиешелүү болгон. Он уруудан турган падышалык дайыма эле жерде жашоого үмүттөнгөндөрдү билдире бербесе да, бул пайгамбарлыкта сөз кылынган биримдик жерде жашоого үмүттөнгөндөр менен асманда жашоого үмүттөнгөндөрдүн ортосундагы биримдикти эске салып турат.

    Кыргызча адабияттар (1997-2025)
    Чыгуу
    Кирүү
    • Кыргыз
    • Бөлүшүү
    • Жөндөө
    • Copyright © 2025 Күзөт мунарасы, Ыйык Китеп жана баракчалар коому (Пенсильвания)
    • Колдонуу шарттары
    • Купуялуулук саясаты
    • Колдонуу шарттарын жөндөө
    • JW.ORG
    • Кирүү
    Бөлүшүү