Күзөт мунарасынын ОНЛАЙН КИТЕПКАНАСЫ
Күзөт мунарасы
ОНЛАЙН КИТЕПКАНА
Кыргыз
  • ЫЙЫК КИТЕП
  • АДАБИЯТТАР
  • ЖОЛУГУШУУЛАР
Кыргызча адабияттар (1997-2025)
Чыгуу
Кирүү
Күзөт мунарасынын ОНЛАЙН КИТЕПКАНАСЫ
Күзөт мунарасы
ОНЛАЙН КИТЕПКАНА
Кош келиңиз!
Бул китепкана Жахабанын Күбөлөрү чыгарган ар кайсы тилдеги адабияттарды изилдөөгө арналган.
Адабиятты жүктөп алуу үчүн jw.org дарегине кириңиз.
Кулактандыруулар
Кошулган тил: Betsileo
  • Бүгүн

Шейшемби, 28-октябрь

[Жахаба] —. . . коопсуз баш маанам (Заб. 62:2).

Жахабага ишенимдүү кызмат кылып жатсак деле, башкалардай болуп, кыйынчылыктарга туш болобуз, ооруга чалдыгабыз. Ошондой эле Кудайдын элин жек көргөндөр бизге каршы чыгышы же куугунтукташы ыктымал. Жахаба бизди ушул сыяктуу кыйынчылыктардан калкалай бербесе да, таштабай турганын убада кылган (Ыш. 41:10). Анын жардамы менен эң оор учурларда да кубанычыбызды жоготпойбуз, туура чечимдерди чыгара алабыз жана берилгендигибизди сактай алабыз. Жахаба бизге тынчтык берерин убада кылат. Ыйык Китепте ал «Кудайдын. . . тынчтыгы» деп аталат (Флп. 4:6, 7). Бул тынчтык жан дүйнөбүздөн орун алган бейкуттукту билдирет. Ал болсо Жахаба менен ынак мамиледе болгонубуздун аркасында пайда болот. Андай тынчтык «ар кандай ой-түшүнүктөрдөн жогору турат». Анын канчалык сонун экенин сөз менен айтып жеткире албайбыз. Жахабадан жалындуу тиленгенден кийин жан дүйнөңдүн мемиреп, тынчып калганын сездиң беле? «Кудайдын. . . тынчтыгы» деген — мына ушул! w24.01 20-б., 2-абз.; 21-б., 4-абз.

Ыйык Жазманы күндө изилдөө—2025

Шаршемби, 29-октябрь

Жахабаны алкап-мактайын, бүт жан дүйнөм ыйык ысмын даңктасын (Заб. 103:1).

Кудайды жакшы көргөндүктөн ишенимдүү кызматчылары анын ысымын чын жүрөктөн даңкташат. Дөөтү падыша Жахабанын ысмын даңктаганы анын өзүн даңктаганга тете экенин түшүнгөн. Чынында эле, Жахаба деген ысымды укканда биз анын кандай Кудай экенин, бүт сапаттарын жана кереметтүү иштерин эстейбиз. Дөөтү асмандагы Атасынын ысмын ыйык көрүп, аны «бүт жан дүйнөсү» менен даңктагысы келген. Лебилер да Жахабаны даңкташкан. Алар Жахабанын ыйык ысымын даңктап-даңазалаганга сөз кудурети жетпей турганын момундук менен моюнга алышкан (Нек. 9:5). Бул Жахабаны кубантканына шек жок. w24.02 9-б., 6-абз.

Ыйык Жазманы күндө изилдөө—2025

Бейшемби, 30-октябрь

Буга чейин кандай ийгиликке жеткен болсок, багытыбыздан жазбай, алга илгерилей берели (Флп. 3:16).

Колуңан келбей турган максатка жете албаганың үчүн Жахаба сени эчтекеге жарабаган бирөө деп эсептебейт (Кор. 2-к. 8:12). Кайсы бир максатка жете албай калган учурларды үйрөнө турган тажрыйба катары көр. Ийгиликтериңди унутпа. Ыйык Китепте: «Кудай. . . эмгегиңерди унутуп калгыдай адилетсиз эмес»,— деп айтылат (Евр. 6:10). Сен да унутпашың керек. Мисалы, буга чейин Жахаба менен достук мамиле өрчүтүп, башкаларга ал жөнүндө айтып, чөмүлгөндүрсүң. Ушулар жөнүндө ой жүгүрт. Мурун рухий максаттарга умтулуп, аларга жеткениңдей эле, учурдагы максаттарыңа да умтула аласың. Жахабанын жардамы менен көздөгөн максатыңа жете аласың. Рухий максатыңа бет алып баратканда Жахабанын сага кантип жардам берип жатканын, батасын төгүп жатканын байкап, ошондон рахат ал (Кор. 2-к. 4:7). Эгер багынбасаң, өзүң ойлогондон да чоң баталарды аласың (Гал. 6:9). w23.05 31-б., 16—18-абз.

Ыйык Жазманы күндө изилдөө—2025
Кош келиңиз!
Бул китепкана Жахабанын Күбөлөрү чыгарган ар кайсы тилдеги адабияттарды изилдөөгө арналган.
Адабиятты жүктөп алуу үчүн jw.org дарегине кириңиз.
  • Кыргыз
  • Бөлүшүү
  • Жөндөө
  • Copyright © 2025 Күзөт мунарасы, Ыйык Китеп жана баракчалар коому (Пенсильвания)
  • Колдонуу шарттары
  • Купуялуулук саясаты
  • Колдонуу шарттарын жөндөө
  • JW.ORG
  • Кирүү
Бөлүшүү