Октябрь
Шаршемби, 1-октябрь
Кудай берген акылмандыкка ээ болгон адам. . . баш ийгенге даяр болот (Жкп. 3:17).
Кимдир бирөөгө баш ийгиңер келбеген учурлар болду беле? Дөөтү падышада болгон, ошон үчүн ал: «Тилиңди алууга дилгир кыл»,— деп тиленген (Заб. 51:12). Дөөтү Жахабаны жакшы көрсө да, ага баш ийүү кыйынга турган учурлар болгон. Бизде да ошондой болот. Эмне үчүн? Биринчиден, бул биздин каныбызда бар. Экинчиден, Шайтан биз да ага окшоп Жахабага каршы чыгышыбыз үчүн тынбай аракет кылып келет (Кор. 2-к. 11:3). Үчүнчүдөн, биз «тил албаган адамдарга таасир этип жаткан рух», тактап айтканда, козголоңчул маанай өкүм сүрүп турган дүйнөдө жашайбыз (Эф. 2:2). Андыктан Жахабага жана ал бийлик жүргүзсүн деп дайындагандарга баш ийиш үчүн күнөөкөр табиятыбыз, Шайтан жана анын дүйнөсү менен тынбай күрөш жүргүзүшүбүз керек. w23.10 6-б., 1-абз.
Бейшемби, 2-октябрь
Сен болсо жакшысын ушул убакка чейин сактап коюптурсуң (Жкн. 2:10).
Исанын сууну шарапка айлантканынан эмнени үйрөнө алабыз? Биз момун болушубуз керек. Иса ошол кереметин айтып мактанган эмес. Деги эле, ал «муну кылдым, тигини кылдым» деп эч качан көкүрөгүн каккан эмес. Анын ордуна, момун болуп, бардык даңкты дайыма Атасына ыйгарган (Жкн. 5:19, 30; 8:28). Биз да, Исадай болуп, момун болсок, кылган иштерибизди айтып мактанбайбыз. Тескерисинче, ага кызмат кылуу сыймыгын ыйгарган кереметтүү Кудайыбыз менен мактанабыз (Жер. 9:23, 24). Даңкталууга ал гана татыктуу! Чын эле, Жахаба болбосо, биздин колубуздан эмне келмек эле?! (Кор. 1-к. 1:26—31). Момун болсок, башкаларга кылган жакшылыгыбызды айтып өзүбүздүн атыбызды чыгарбайбыз. Биздин кылып жаткандарыбызды Жахаба көрүп, баалап жатканынын өзү эле жетиштүү. (Салыштыргыла: Матай 6:2—4; Еврейлерге 13:16.) Исадан үлгү алып, момун болсок, Жахабаны кубантабыз (Пет. 1-к. 5:6). w23.04 4-б., 9-абз.; 5-б., 11, 12-абз.
Жума, 3-октябрь
Өзүңөрдүн эле эмес, башкалардын да кызыкчылыгын ойлогула (Флп. 2:4).
Ыйык рухтун жетеги менен элчи Пабыл ишенимдештерин башкалардын кызыкчылыгын ойлогонго чакырган. Ошол кеңешти жолугушуу учурунда кантип колдонсок болот? Биздей болуп, башкалар да жооп бергиси келет. Ушуну эсибизден чыгарбаганыбыз жакшы. Минтип ойлонуп көрсөңөр болот: «Досторум менен отурганда сөзгө конок бербей, кечке эле сүйлөй берет белем?» Албетте жок. Анткени алардын да сөзгө аралашышын каалайсыңар. Ошол сыяктуу эле, жыйналыштан көптөргө жооп бергенге мүмкүнчүлүк бергибиз келет. Ооба, ишенимдештерибизди бекемдөөнүн эң мыкты жолдорунун бири — аларга жооп бергенге мүмкүнчүлүк берүү (Кор. 1-к. 10:24). Кыска-нуска жооп бергиле. Ошондо башкаларга жооп бергенге көбүрөөк убакыт калат. Атүгүл кыска жооп берген күндө да, бир нече ойду бир айтып салгандан качкыла. Абзацтагы ойдун баарын айтып салсаңар, башкаларга эч нерсе калбай калат. w23.04 22, 23-б., 11—13-абз.
Ишемби, 4-октябрь
Мунун баарын жакшы кабарды башкаларга жарыялаш үчүн кылып жатам (Кор. 1-к. 9:23).
Биз башкаларга жардам бере бергенибиздин, өзгөчө, башкаларга кабар айтып, жардам бергенибиздин канчалык маанилүү экенин эсибизден чыгарбашыбыз керек. Кабар айтып жатканда да ийилчээк болушубуз зарыл. Кызматта жүргөндө туткан дини, көз карашы, маданияты, тек-жайы ар кандай кишилерге жолугабыз. Пабыл башкаларга ылайыкташкан жагынан жакшы үлгү калтырган. Биз да аны туурасак болот. Иса аны «башка элдерге жиберилген элчи» кылып дайындаган (Рим. 11:13). Ошол кызматын аткарып жатканда Пабыл жүйүттөргө, гректерге, билимдүүлөргө, кара таман элге, бийлик өкүлдөрүнө жана падышаларга кабар айткан. Алардын жүрөгүн козгош үчүн ал «бардыгы үчүн бардыгы болгон» (Кор. 1-к. 9:19—22). Пабыл өзү кабар айткан кишилердин маданияты, тек-жайы жана дини жөнүндө кылдат ойлонгон. Бул болсо ага угармандарына ылайыкташканга жардам берген. Эгер биз да тапкыч болуп, аймагыбыздагыларга ылайыкташып кабар айтсак, кызматыбыз жемиштүүрөөк болот. w23.07 23-б., 11, 12-абз.
Жекшемби, 5-октябрь
Теңирдин кулу чатакташпашы керек, анын ордуна, баарына жумшак мамиле кылышы. . . керек (Тим. 2-к. 2:24, 25).
Жумшак киши алсыз эмес, тескерисинче, күчтүү. Кыйын жагдайга кабылганда өзүбүздү кармап, токтоо болуш үчүн көбүрөөк күч керек. Жумшактык — рухтун жемишине кирген сапаттардын бири (Гал. 5:22, 23). Грек тилиндеги «жумшактык» деген сөз колго көндүрүлгөн жапайы жылкыны сүрөттөш үчүн да колдонулган. Жапайы жылкынын жоошуп калганын элестетип көрсөңөр. Ал жоошуп калса да, күчтүү бойдон кала берет. Канткенде биз да жумшак, ошол эле учурда күчтүү болгонго үйрөнө алабыз? Муну өз күчүбүз менен кыла албайбыз. Жумшак болууга үйрөнүүнүн сыры — Кудайдан ыйык рух сурап тиленүү. Боордошторубуздун окуялары көрсөтүп тургандай, жумшак боло алабыз. Көптөгөн ишенимдештерибиз ачуусуна тийгендерге жумшактык менен жооп беришет. Мунун аркасында башкалар Жахабанын Күбөлөрү жөнүндө жакшы ойдо калат (Тим. 2-к. 2:24, 25). w23.09 15-б., 3-абз.
Дүйшөмбү, 6-октябрь
Тиленген элем. Жахаба тилегимди берди (Шем. 1-к. 1:27).
Элчи Жакан кастарлоо сезимине чулгаган аян алган. Ал 24 аксакалдын асманда Жахабага сыйынып жатканын көргөн. Алар Кудайды даңазалап: «Кудуреттүү Кудайыбыз Жахаба, сен даңкталууга, урматталууга татыктуусуң»,— деп жатышкан (Аян 4:10, 11). Ишенимдүү периштелерде да Жахабаны аздектегенге көптөгөн себептер бар. Алар асманда жашагандыктан Жахабаны абдан жакшы билишет. Периштелер Жахабанын иштеринен анын сапаттарын көрүшөт. Ошондой эле анын кантип иш-аракет кылып жатканын байкап, аны даңазалаганга түрткү алышат (Аюп 38:4—7). Биз да тиленип жатканда Жахабаны даңкташыбыз керек. Ан үчүн аны эмне себептен жакшы көрөрүбүздү жана эмне үчүн урматтаарыбызды айтсак болот. Ыйык Китепти окуп-изилдеп жатканда Жахабанын силерге өзгөчө жаккан сапаттарын баамдаганга аракет кылгыла (Аюп 37:23; Рим. 11:33). Анан ошол сапаттары силерге эмне үчүн жагарын Жахабага айткыла. Жахабаны жеке бизге жана дүйнө жүзүндөгү боордошторубузга жардам берип жатканы үчүн да алкасак болот (Шем. 1-к. 2:1, 2). w23.05 3, 4-б., 6, 7-абз.
Шейшемби, 7-октябрь
Жахаба Кудай даңкталгыдай жашагыла (Кол. 1:10).
Кудайдын эли 1919-жылы Улуу Бабылдан бошонгон. Так ошол жылы «ишенимдүү жана акылдуу кул» дайындалган. Ал, жүрөгү таза кишилер «Ыйыктык жолуна» түшө алышы үчүн, кызматын баштаган (Мт. 24:45—47; Ыш. 35:8). Ошол жолду даярдаганга аларга чейин салымын кошкон ишенимдүү кишилердин эмгегинин аркасында жаңылар Жахаба жана анын ой-ниети жөнүндө көбүрөөк биле алышкан (Накыл 4:18). Ошондой эле Жахабанын талаптарына ылайык жашай башташкан. Жахаба элинин бир заматта өзгөрөт деп күткөн эмес. Анын ордуна, ал аларды акырындык менен оңдоп-түзөй берген. Кудайга бардык жагынан жага ала турган күн келгенде кандай гана сүйүнөбүз! Ар бир жолду оңдоп туруу маанилүү. 1919-жылдан бери «Ыйыктык жолунда» оңдоо иштери жүргүзүлүп келатат. Ушунун аркасында дагы көптөрдө Улуу Бабылдан чыгып, ал жолго түшкөнгө мүмкүнчүлүк бар. w23.05 17-б., 15-абз.; 19-б., 16-абз.
Шаршемби, 8-октябрь
Силерди эч качан калтырбайм (Евр. 13:5).
Жетектөөчү Кеңештин мүчөлөрү аларга караштуу комитеттерде кызмат кылган эркектерди жекече үйрөтүп келишет. Өз кезегинде алар чоң жоопкерчиликтерди аркалап, ишенимдүү кызмат кылып жатышат. Ал эркектер Машаяктын койлоруна андан ары да кам көргөнгө жакшы үйрөтүлүшкөн. Улуу алаамат аяктап калган кезде, майлангандардын акыркылары асманга кеткенде, жердеги чыныгы сыйынуу дагы деле гүлдөп-өсө берет. Иса Машаяк жетектегендиктен, Кудайдын эли түз жолдон адашпайт. Ошол кезде Магок жеринен чыккан Гок — улуттардын бирикмеси — Кудайдын элине чабуул коюп жаткан болот (Жез. 38:18—20). Бирок ал чабуул кыска эле мөөнөткө созулат. Кудайдын эли алардын чабуулуна карабай, ага сыйына берет. Жахаба элин сөзсүз куткарат! Элчи Жакан аянында жер бетинде жашай турган «эбегейсиз көп адамдарды» көргөн. Периште Жаканга «эбегейсиз көп адамдардын» «улуу алааматтан аман өткөндөр» экенин айткан (Аян 7:9, 14). Андыктан Жахабанын бизди сактап каларынан күмөн санабасак болот! w24.02 5, 6-б., 13, 14-абз.
Бейшемби, 9-октябрь
Кудайдын ыйык рухунун оттой болгон жалынын өчүрбөгүлө (Тес. 1-к. 5:19).
Кудай ыйык рухун бериш үчүн эмне кылыш керек? Ыйык рух сурап тиленишибиз, анын рухунун жетеги менен жазылган Сөзүн изилдешибиз жана ыйык руху менен жетектеп жаткан уюму менен тыгыз байланышта болушубуз керек. Ушул нерселер бизге «рухтун жемишин» өрчүткөнгө жардам берет (Гал. 5:22, 23). Кудай өзүнүн рухун ой жүгүртүүсүн, жүрүм-турумун таза сактагандарга гана берет. Эгер жүрөгүбүздө ыпылас ойлор жашап алса жана ыпылас иштерди кылсак, ал бизге ыйык рухун бербей калат (Тес. 1-к. 4:7, 8). Кудай бизге ыйык рухун бере бериши үчүн булардан тышкары, «пайгамбарлык сөздөрдү баркка албай койбошубуз» керек (Тес. 1-к. 5:20). «Пайгамбарлык сөздөргө» Кудайдын ыйык руху аркылуу берип жаткан маалыматтар кирет. Ал өз ичине Жахабанын күнү жана убакыттын тардыгы жөнүндө айтылгандарды камтыйт. Биз Армагедон менин көзүмдүн тирүүсүндө келбейт деп оюбузда Кудайдын күнүн артка жылдырып койбошубуз керек. Анын ордуна «Кудайга берилген адамдардай» жашап, ага жаккан иштер менен алек болгонго умтулалы. Ошентсек, ал күндү эсибизге бек сактайбыз (Пет. 2-к. 3:11, 12). w23.06 12-б., 13, 14-абз.
Жума, 10-октябрь
Жахабадан коркуу — акылмандыктын башталышы (Накыл 9:10).
Эгер электрондук каражатыбыздан порнография чыга калса, эмне кылышыбыз керек? Дароо көзүбүздү алышыбыз керек. Эгер биз үчүн Жахаба менен болгон мамилебиз баарынан кымбат болсо, андай кылыш кыйынга деле турбайт. Кээде порнография деп деле эсептелбеген нерселер ыпылас каалоолорду ойготушу мүмкүн. Алардан эмне үчүн качышыбыз абзел? Анткени биз бузуктукка жүрөгүбүздө да баргыбыз келбейт. Андай нерселерди оюбузга да жакын жууткубуз келбейт (Мт. 5:28, 29). Таиландда жашаган Дейвид деген аксакал мындай дейт: «Мен: „Атүгүл порнография болбосо да, ошого окшогон сүрөттөрдү карай берсем, Жахаба кандай сезимде болот?“ — деп ойлоном. Бул мага акылдуулук менен иш кылганга жардам берет». Жахабанын жүрөгүн оорутуп алгандан коркконубуз бизге акылдуулук менен иш кылганга жардам берет. Ыйык Китепте: «Акылмандыктын башталышы — Жахабадан коркуу»,— делет. w23.06 23-б., 12, 13-абз.
Ишемби, 11-октябрь
Бар, элим, ички бөлмөлөрүңө кир (Ыш. 26:20).
Аяттагы «төркү бөлмөлөр» жыйналыштарды билдириши ыктымал. Улуу алаамат учурунда ишенимдештерибиз менен биримдикте болсок, Жахаба бизди коргойм деп убада берген. Ошондуктан ишенимдештерибизге эптеп эле чыдап жүрө бербей, аларды сүйгөнгө азыртадан бүт күчүбүздү жумшашыбыз керек. Аман каларыбыз ушундан көз каранды болушу ыктымал. «Жахабанын улуу күнү» бүтүндөй адамзат үчүн оор учур болот (Сеп. 1:14, 15). Кыйынчылыктар Жахабанын элинен да кыя өтпөйт. Эгер азыртадан даярдансак, ошол кезде дүрбөлөңгө түшпөйбүз, башкаларга да жардам бере алабыз. Кандай кыйынчылыкка кабылбайлы, туруктуулук менен көтөрүп кетебиз. Ишенимдештерибиздин башына мүшкүл түшкөндө, боорукердик менен аларга колубуздан келген жардамыбызды бергенге даяр болобуз. Боордошторубуз менен азыртадан ынак болсок, аларга болгон сүйүүбүз келечекте да муздап калбайт. Анан Жахаба бизге кырсык-каргаша, азап-кайгы унутулган заманда түбөлүк өмүр тартуулайт (Ыш. 65:17). w23.07 7-б., 16, 17-абз.
Жекшемби, 12-октябрь
Кудай. . . силерди күчтүү кылып, ишенимдүү бойдон калганга, бекем турганга жардам берет (Пет. 1-к. 5:10).
Кудайдын Сөзүндө анын ишенимдүү кызматчылары көбүнчө күчтүү кишилер катары сыпатталат. Бирок атүгүл алардын эң күчтүүсү да өзүн алсыз сезген учурлары болгон. Мисалга Дөөтү падышаны алалы. Ал өзүн кээде «тоодой козголгус» сезсе, кээде «үрөйү учуп корккон» (Заб. 30:7). Ал эми Шымшонго Кудайдын руху түшкөндө, ал адаттан тышкаркы күчкө ээ болгон. Эгер Кудайдын руху болбосо, күчү кетип, «башкалардай эле болуп каларын» түшүнгөн (Бий. 14:5, 6; 16:17). Ушул ишеними бекем инсандар Жахабанын жардамы менен гана күчтүү боло алышкан. Элчи Пабыл да Жахабанын күч беришине муктаж экенин түшүнгөн (Кор. 2-к. 12:9, 10). Оорунун азабын тарткан (Гал. 4:13, 14). Айрым учурларда ага да туура иштерди кылуу кыйынга турган (Рим. 7:18, 19). Кээде болсо катуу тынчсызданып, белгисиздиктин туңгуюгуна кептелген (Кор. 2-к. 1:8, 9). Анткен менен Пабыл алсыз болгондо күчтүү болгон. Кандайча? Жахаба ага кыйынчылыктарын көтөрүп кетиши үчүн күч берген. w23.10 12-б., 1, 2-абз.
Дүйшөмбү, 13-октябрь
Жахаба. . . жүрөктөгүнү көрөт (Шем. 1-к. 16:7).
Өзүңдү эч нерсеге татыксыз сезген учурларда сени чындык жолуна Жахаба өзү тартканын унутпа (Жкн. 6:44). Ал биздин өзүбүз көрбөгөн жакшы жактарыбызды көрөт жана жүрөгүбүздө эмне бар экенин билет (Жыл. 2-к. 6:30). Ошондуктан анын бизди баалаарынан түк да шектенбесек болот (Жкн. 1-к. 3:19, 20). Ыйык Китептеги чындыкты билгенге чейин айрымдарыбыз туура эмес иштерди кылып келгенбиз. Ошолорду эстеп, өзүбүздү азыркыга чейин жемелешибиз мүмкүн (Пет. 1-к. 4:3). Атүгүл Кудайга жан-дили менен кызмат кылгандар да күнөөгө түртө турган каалоолор менен күрөшүп келет. Сенде да ушундай болобу? Кээде: «Жахаба мени кечирбейт болуш керек» — деп ойлоносуңбу? Ушундай болсо, көңүлүңдү чөгөрбө. Анткени Жахабанын ишенимдүү кызматчыларынын да ошондой ойлор менен алышкан учурлары болгон. Мисалы, элчи Пабыл ката-кемчиликтеринин айынан кээде өзүн бир байкуш сезген (Рим. 7:24). Албетте, ал мурунку күнөөлөрү үчүн өкүнүп, чөмүлгөн. Ошентсе да өзүн «элчилердин эң кичинеси», «эң күнөөкөрү» деп эсептеген (Кор. 1-к. 15:9; Тим. 1-к. 1:15). w24.03 27-б., 5, 6-абз.
Шейшемби, 14-октябрь
Эл. . . Жахабанын ибадатканасын таштады (Жыл. 2-к. 24:18).
Жааш падышанын катасынан мындай сабак алсак болот: биз жакшы таасир эте турган, тагыраак айтканда, Жахабаны сүйгөн жана ага жаккысы келген адамдар менен дос болушубуз керек. Досторду ар кандай курактагылардын арасынан издегенибиз жакшы. Эстесеңер, Жааш досу Жояттан бир топ эле кичүү болгон. Андыктан дос тандап жатканда мындай деп ойлонуп көргүлө: «Ал мага Жахабага болгон ишенимимди бекемдегенге жардам береби? Анын осуяттарына карманып жашаганга үндөп турабы? Жахаба жана Ыйык Китептеги баалуу ойлор жөнүндө сүйлөшөбү? Кудайдын осуяттарын баалайбы? Ал мен уккум келген нерсени гана айтабы же зарыл болгондо коркпой мени оңдоп-түзөйбү?» (Накыл 27:5, 6, 17). Ачыгын айтканда, эгер досуңар Жахабаны сүйбөсө, андай достун барынан жогу жакшы. Ал эми досуңар Жахабаны сүйсө, андан эч качан алыстабагыла, анткени ал силерге жакшылык гана каалайт (Накыл 13:20). w23.09 9, 10-б., 6, 7-абз.
Шаршемби, 15-октябрь
Мен Альфамын жана Омегамын (Аян 1:8).
Грек тилинин алфавити альфа тамгасы менен башталып, омега тамгасы менен бүтөт. «Мен Альфамын жана Омегамын»,— дегенде Жахаба кайсы бир нерсени баштаса, сөзсүз аягына чыгарарын айкын кылган. Жахаба Адам ата менен Обо энени жараткандан кийин аларга: «„Укумдап-тукумдагыла, жер бетин толтургула, аны иштеткиле“»,— деген (Башт. 1:28). Ошол учурда Жахаба: «Альфа»,— деп айткандай болгон. Ал Адам ата менен Обо эненин Кудайга баш ийген, жеткилең урпактары бара-бара жер бетин толтуруп, жерди бейишке айлантышын каалаган. Анан, акыры, Жахаба: «Омега»,— деп айтмак. «Асман менен жер жана алардагынын бардыгын» жаратып бүткөндөн кийин Жахаба ниет кылган нерселерин аткарарына кепилдик берген. Муну менен ал адамзатка жана жерге карата ой-ниетинин сөзсүз ишке ашарын көрсөткөн. Жетинчи күндүн аягында анын ой-максаты толугу менен ишке ашат (Башт. 2:1—3). w23.11 5-б., 13, 14-абз.
Бейшемби, 16-октябрь
Жахабага жол даярдагыла! Чөлдүү аймакта Кудайыбызга түз жол салгыла! (Ыш. 40:3)
Бабылдан Ысрайылга жеткенге төрт айдай кетмек. Жол да татаал болчу. Бирок Жахаба тоскоолдуктай көрүнгөн нерселердин баарын алып таштайм деп убада берген. Кудайга ишенимдүү болгон жүйүттөр бир нерсени жакшы түшүнүшкөн. Алардын Ысрайылга кайтып барганы баш тарткан нерселеринен ашып түшмөк. Ысрайылдыктар ала турган баталардын эң эле чоңу Кудайга сыйынууга байланыштуу болгон. Бабылда Жахабага арналган бир да ибадаткана болгон эмес. Мусанын мыйзамында талап кылынган курмандыктарды чалганга бир да курмандык жайы жок эле. Аларды чала турган дин кызматчылардын уюшулган тобу да жок болчу. Мындан тышкары, Жахабаны жана анын мыйзамдарын баркка албаган кишилер ысрайылдыктардан алда канча көп болчу. Андыктан Кудайдан корккон миңдеген жүйүттөрдүн мекенибизге кайтып, таза сыйынууну калыбына келтирсек дегенде эки көзү төрт болгон. w23.05 14, 15-б., 3, 4-абз.
Жума, 17-октябрь
Мындан ары да жарыкта жүргөндөрдөй жашагыла (Эф. 5:8).
Биз ар убак «жарыктын балдарындай» жашаш үчүн Кудайдын ыйык рухунун жардамына муктажбыз. Эмне үчүн? Анткени адеп-ахлаксыздыкка белчесинен баткан дүйнөдө таза бойдон калуу оңой-олтоң иштерден эмес (Тес. 1-к. 4:3—5, 7, 8).Ыйык рух бизге дүйнөнүн ой толгоолоруна, анын ичинде Кудайдын ой жүгүртүүсүнө каршы келген көз караштарга, философияларга туруштук бергенге жардам берет. Ошондой эле жакшылыкка, адилдикке жаткан иштерди кылганга түрткү берет (Эф. 5:9). Жахаба ыйык рухун бериши үчүн, аны сурап тиленишибиз керек. Иса да Жахабанын «сурагандарга ыйык рухун» берерин айткан (Лк. 11:13). Ошондой эле жолугушууларга барып, ишенимдештерибиз менен чогуу Жахабаны даңктаганда ыйык рухка толобуз (Эф. 5:19, 20). Ал эми ыйык рухка жетектелсек, Жахабага жаккандай жашай алабыз. w24.03 23, 24-б., 13—15-абз.
Ишемби, 18-октябрь
Кайра-кайра сурай бергиле, ошондо силерге берилет; издей бергиле, ошондо табасыңар; тыкылдата бергиле, ошондо эшик ачылат (Лк. 11:9).
Көбүрөөк чыдамдуу болушуңар керекпи? Анда ошону сурап тиленгиле. Чыдамдуулук рухтун жемишине кирген сапаттардын бири (Гал. 5:22, 23). Ошондуктан ошол сапатты өрчүткөнгө Жахабадан ыйык рух беришин сурасак болот. Чыдамдуулугубуз сыналганда Жахабадан ыйык рух сураганыбызды токтотпошубуз зарыл (Лк. 11:13). Ошондой эле Жахабадан ошол жагдайга анын көз карашы менен караганга жардам беришин сурасак болот. Андан соң тиленгенибизге жараша иш кылып, чыдамдуулукту күн сайын чагылдырыш үчүн бүт күчүбүздү жумшашыбыз керек. Чыдамдуулук сурап тиленген сайын жана чыдамдуу болгонго күч жумшаган сайын, бул сапат жүрөгүбүзгө терең тамырлап, табиятыбыздын бир бөлүгү болуп калат. Ошондой эле Ыйык Жазмада үлгү көрсөткөндөр жөнүндө да ой жүгүрткөнгө жардам берет. Ыйык Китептен чыдамдуулук көрсөткөн көп адамдардын үлгүсү жөнүндө окуйбуз. Алар тууралуу ой жүгүртсөк, кайсы жактардан чыдамдуу боло аларыбызды биле алабыз. w23.08 22-б., 10, 11-абз.
Жекшемби, 19-октябрь
Тор салгыла (Лк. 5:4).
Иса элчи Петирди Жахабанын кам көрөрүнө ынандырган. Тирилгенден кийин Иса Петир менен башка элчилерге дагы бир жолу көп балык кармаганга жардам берген (Жкн. 21:4—6). Ошол керемет Петирди Жахабанын аны керектүү нерселер менен оңой эле камсыз кылып коё аларына ынандырганы шексиз. Балким, ал Исанын «биринчи кезекте Кудайдын Падышалыгын. . . издегендер» эч нерседен кем болбой турганын айтканын эстеген чыгар (Мт. 6:33). Ошол сөздөрдөн кийин Петир балык улоону эмес, кабар айтуу ишин биринчи орунга койгон. Б. з. 33-жылы Элүүнчү күн майрамында Петир кайраттуулук менен кабар айтып, миңдегендерге чындык жолуна түшкөнгө жардам берген (Элч. 2:14, 37—41). Ошондой кийин ал самариялыктарга жана башка улуттагыларга Машаяктын жолдоочусу болгонго көмөк кылган (Элч. 8:14—17; 10:44—48). Чынында эле, Жахаба Петирди ар кайсы улуттагы адамдарды чындыкка алып келиш үчүн колдонгон. w23.09 20-б., 1-абз.; 23-б., 11-абз.
Дүйшөмбү, 20-октябрь
Эгерде мага кандай түш көргөнүмдү айтып, жоруп бербесеңер, силерди бырчалап кескилетем (Дан. 2:5).
Бабылдыктар Иерусалимди талкалаганына эки жылдай болуп калганда Бабыл падышасы Небухаданасар килейген айкел жөнүндө түш көрүп, тынчы кеткен. Эгер ак сарайдагы акылмандар анын түшүн жана чечмеленишин айтып бербесе, алардын баарын, анын ичинде Даниелди жок кыларын айткан (Дан. 2:3—5). Даниел тез аранын ичинде иш-аракет кылышы керек болчу. Антпесе көптөр өмүрүнөн айрылмак. Андыктан ал «падышага кирип, түшүн жоруш үчүн убакыт берүүнү өтүнгөн» (Дан. 2:16). Буга кайраттуулук, ишеним талап кылынмак. Айта кетчү нерсе, ошого чейин Даниелдин түш жоруганы жөнүндө Ыйык Китепте эч нерсе айтылбайт. Андан тышкары, досторунан «асман Кудайына кайрылууну, бул сырды ачып берип кайрымдуулук кылышын өтүнүүнү суранган» (Дан. 2:18). Жахаба алардын тилегин кабыл кылган. Даниел Кудайдын жардамы менен Небухаданасар падышанын түшүн жоруп берген. Ошентип, ал өзүнүн да, досторунун да өмүрүн сактап калган. w23.08 3-б., 4-абз.
Шейшемби, 21-октябрь
Туруктуу болуп, акырына чейин чыдаган адам куткарылат (Мт. 24:13).
Чыдамдуу болуунун кандай пайдалары бар экени жөнүндө ойлонгула. Эгерде чыдамдуу болсок, бактылуураак жана токтоо болобуз. Бул биздин акыл-эс саламаттыгыбызды жана ден соолугубузду жакшыртат. Ошондой эле башкалар менен жакшы мамиледе болобуз, жыйналышыбыздын биримдигине салым кошобуз. Кимдир бирөө кыжырыбызга тийгенде, ачууга алдырып, жагдайды курчутуп жибербейбиз (Заб. 37:8; Накыл 14:29). Баарынан маанилүүсү, асмандагы Атабызды туурайбыз жана ага мурункудан да жакындайбыз. Чынында эле, чыдамкайлык баарыбызга пайда алып келе турган баалуу сапат. Сабыр сакташ дайыма эле оңойго турбаса да, Жахабанын жардамы менен бул сапатты өстүрө беребиз. Жаңы заманды чыдамкайлык менен күтүп жатып, «Жахабанын көзү андан корккондорду, мээримдүүлүгүн күткөндөрдү карап турарынан» шектенбейли (Заб. 33:18). Келгиле, баарыбыз тең мындан ары да «чыдамкайлыкты кийгенге» чечкиндүү бололу! w23.08 22-б., 7-абз.; 25-б., 16, 17-абз.
Шаршемби, 22-октябрь
Ишсиз ишеним өлүк (Жкп. 2:17).
Жакып анын Кудайга ишенем деп ырастаганы менен иши такыр башканы көрсөтүп турарын баса белгилеген (Жкп. 2:1—5, 9). Ал ишенимдешинин тамак-ашы, кийим-кечеги жок экенин көрүп турса да, эч кандай жардам бербеген бирөө жөнүндө айткан. Кудайга ишенем дегени менен ишенимин иши менен бышыктаган эмес. Ошондуктан анын ишенгенинен эч кандай пайда болмок эмес (Жкп. 2:14—16). Жакып Рахапты ишенимин иш жүзүндө көрсөткөн инсан катары мисал кылган (Жкп. 2:25, 26). Рахап Жахаба жөнүндө уккан жана анын ысрайылдыктарды колдоп жатканын түшүнгөн (Жаш. 2:9—11). Ал эки ысрайылдык чалгынчыны өлүмдөн алып калып ишенимин иши менен көрсөткөн. Натыйжада, ал аял жеткилең эмес болсо да, Муса пайгамбарга берилген мыйзамга карманбаса да, Ыбрайым сыяктуу эле адил деп эсептелген. Рахаптын үлгүсү ишенимибизди иш жүзүндө көрсөтүү канчалык маанилүү экенин баса белгилеп турат. w23.12 5, 6-б., 12, 13-абз.
Бейшемби, 23-октябрь
Терең тамырлап, бекем пайдубалдын үстүндө турсаңар экен (Эф. 3:17).
Кудайдын кызматчылары катары биз Ыйык Китептеги негизги окууларды түшүнгөнүбүзгө ыраазы болуп калгыбыз келбейт. Биз ыйык рухтун жардамы менен «Кудайдын терең сырларын» да билгибиз келет (Кор. 1-к. 2:9, 10). Ан үчүн Жахабага жакындаганга көмөк кылган макалаларды изилдеп көрсөк болот. Алсак, ал байыркы убактагы кызматчыларын жакшы көрөрүн кантип көрсөткөнүн жана бул анын силерди да жакшы көрөрүнө кандайча далил болорун изилдеп көргүлө. Балким, Жахаба ысрайылдыктар ага сыйына алышы үчүн эмнелерди кылганын жана бүгүнкү күндө эмнелерди кылып жатканын салыштырып көрөттүрсүңөр. Же болбосо Иса Машаяктын жердеги жашоосуна жана кызматына байланыштуу аткарылган пайгамбарлыктарды терең изилдеп көрөттүрсүңөр. Ушул сыяктуу темаларды «Күзөт мунарасы коомунун адабияттарынын индексинен» же «Жахабанын Күбөлөрүнүн изилдөө жүргүзүүгө арналган куралынан» изилдеп көрсөңөр болот. Ыйык Китепти терең изилдесеңер, ишенимиңер бекемделип, «Кудай жөнүндөгү билимди» таап, жүрөгүңөр кубанычка толот (Накыл 2:4, 5). w23.10 18, 19-б., 3—5-абз.
Жума, 24-октябрь
Айта кетчү дагы бир маанилүү нерсе, бири-бириңерди жан-дилиңер менен сүйгүлө, анткени сүйүү көп күнөөлөрдү жаап коёт (Пет. 1-к. 4:8).
Элчи Петир бул аятта колдонгон «жан-дилиңер менен» деген сөз түзмө-түз «чоюу» дегенди билдирет. Ал эми аяттын экинчи бөлүгүндө кимдир бирөө башкаларды жан-дили менен сүйсө, кандай иш-аракет кылары көрсөтүлгөн. Андай сүйүү боордошторубуздун күнөөлөрүн жаап коёт. Сүйүүнү чоюлчаак кездемеге салыштырсак болот. Аны бир туугандарыбыздын бир же эки эле эмес, «көп күнөөлөрүн жаап» калмайынча чоё беребиз. Кечирүү деген сөздү бериш үчүн аятта «жаап коёт» деген сөз колдонулган. Кандайдыр бир такты кездеме менен жаап койсо көрүнбөй калгандай эле, сүйүүбүз башкалардын ката-кемчиликтерин, алсыздыктарын жаап коё алат. Боордошторубузга болгон сүйүүбүз алардын ката-кемчиликтерин, атүгүл оор болсо да, кечирип коё алганчалык күчтүү болушу керек (Кол. 3:13). Башкаларды кечиргенибизде сүйүүбүздүн күчтүү экенин жана Жахабага жаккыбыз келерин көрсөтөбүз. w23.11 11, 12-б., 13—15-абз.
Ишемби, 25-октябрь
[Шапан] китепти. . . падышанын алдында окуй баштады (Жыл. 2-к. 34:17, 18).
26 жашында Жошия падыша Жахабанын ибадатканасын оңдоп-түзөгөнгө киришкен. Ошол учурда ибадатканадан «Жахабанын Муса аркылуу берген мыйзам китеби» табылган. Аны окуп беришкенде, падыша анда жазылгандарга ылайык иш кылганга түрткү алган (Жыл. 2-к. 34:14, 19—21). Силер да Ыйык Китепти үзбөй окуганга аракет кыласыңарбы? Эгер ошондой болсо, аны окуган жагып жатабы? Өзүңөргө пайдалуу боло турган аяттарды жазып аласыңарбы? Кийин Жошия 39 жашында катуу жаңылып, ошонун айынан өмүрүнөн айрылып калган. Ал Жахабадан жардам сурабай, өзүнө таянып алган (Жыл. 2-к. 35:20—25). Демек, канча жашта болбогула же Ыйык Китепти канча жылдан бери изилдеп келатпагыла, Жахаба менен мындан ары да ынак боло беришиңер керек. Ан үчүн Жахабадан дайыма жетекчилик сурап тиленгиле, анын Сөзүн изилдегиле жана рухий жактан жетилген ишенимдештериңердин кеп-кеңешине кулак салгыла. Ошентсеңер, жашоодо олуттуу каталарды азыраак кетирип, көбүрөөк бактылуу болосуңар (Жкп. 1:25). w23.09 12-б., 15, 16-абз.
Жекшемби, 26-октябрь
Кудай бой көтөргөндөргө каршы, ал эми момундарга ырайым кылат (Жкп. 4:6).
Ыйык Китепте Жахабаны сүйгөн жана ага кызмат кылган көптөгөн аялдар жөнүндө айтылат. Алар, «бардык нерсенин чегин билишкен» жана «бардык жагынан ишенимдүү болушкан» (Тим. 1-к. 3:11). Кыздар жыйналышындагы рухий жактан жетилген эжелеринен да үлгү алса болот Алардын кимисинен үлгү алсаңар болорун ойлонуп көрдүңөр беле? Алардын кандай жакшы сапаттары бар экенин байкагыла. Анан ал сапаттарды кантип чагылдырсаңар болорун ойлонуп көргүлө. Машаяктын жетилген жолдоочусу болуш үчүн момун болушубуз зарыл. Кыздар, момун болсоңор, Жахаба менен да, башкалар менен да жакшы мамиледе боло аласыңар. Мисалга башчылык принцибин алалы. Жахабаны сүйгөн кыздар ал бекиткен башчылык принцибин момундук менен колдойт (Кор. 1-к. 11:3). Ал принципке баш ийүү жыйналышта да, үйдө да абдан маанилүү. w23.12 18, 19-б., 3—5-абз.
Дүйшөмбү, 27-октябрь
Күйөө аялын өзүн сүйгөндөй сүйүшү керек (Эф. 5:28).
Жахаба күйөөлөрдөн аялын сүйүшүн, ага материалдык, эмоциялык жана рухий жактан кам көрүшүн күтөт. Акыл калчап иш кылуу, аялзатын урматтоо, ишеничтүү болуу сыяктуу жакшы сапаттар мыкты үй-бүлө башчысы болгонго жардам берет. Үйлөнгөндөн кийин балалуу болуп калышыңар мүмкүн. Жакшы ата болуу жагынан Жахабадан эмнеге үйрөнө аласыңар? (Эф. 6:4). Жахаба Уулу Исага жакшы көрөрүн ачык айтып, аны колдоп турган (Мт. 3:17). Эгер ата болуп калсаңар, балдарыңарга жакшы көрөрүңөрдү дайыма айтып тургула. Аларды жакшы иштери үчүн сөзсүз мактагыла. Жахабадан үлгү алган аталар баласына Машаяктын жетилген жолдоочусу болгонго жардам бере алат. Ата болгонго азыртан эле даярдана аласыңар. Ан үчүн үйүңөрдөгүлөргө, жыйналышыңардагыларга мээримдүүлүк менен кам көргүлө. Аларды жакшы көрөрүңөрдү, баалаарыңарды айтканды үйрөнгүлө (Жкн. 15:9). w23.12 28, 29-б., 17, 18-абз.
Шейшемби, 28-октябрь
[Жахаба] —. . . коопсуз баш маанам (Заб. 62:2).
Жахабага ишенимдүү кызмат кылып жатсак деле, башкалардай болуп, кыйынчылыктарга туш болобуз, ооруга чалдыгабыз. Ошондой эле Кудайдын элин жек көргөндөр бизге каршы чыгышы же куугунтукташы ыктымал. Жахаба бизди ушул сыяктуу кыйынчылыктардан калкалай бербесе да, таштабай турганын убада кылган (Ыш. 41:10). Анын жардамы менен эң оор учурларда да кубанычыбызды жоготпойбуз, туура чечимдерди чыгара алабыз жана берилгендигибизди сактай алабыз. Жахаба бизге тынчтык берерин убада кылат. Ыйык Китепте ал «Кудайдын. . . тынчтыгы» деп аталат (Флп. 4:6, 7). Бул тынчтык жан дүйнөбүздөн орун алган бейкуттукту билдирет. Ал болсо Жахаба менен ынак мамиледе болгонубуздун аркасында пайда болот. Андай тынчтык «ар кандай ой-түшүнүктөрдөн жогору турат». Анын канчалык сонун экенин сөз менен айтып жеткире албайбыз. Жахабадан жалындуу тиленгенден кийин жан дүйнөңдүн мемиреп, тынчып калганын сездиң беле? «Кудайдын. . . тынчтыгы» деген — мына ушул! w24.01 20-б., 2-абз.; 21-б., 4-абз.
Шаршемби, 29-октябрь
Жахабаны алкап-мактайын, бүт жан дүйнөм ыйык ысмын даңктасын (Заб. 103:1).
Кудайды жакшы көргөндүктөн ишенимдүү кызматчылары анын ысымын чын жүрөктөн даңкташат. Дөөтү падыша Жахабанын ысмын даңктаганы анын өзүн даңктаганга тете экенин түшүнгөн. Чынында эле, Жахаба деген ысымды укканда биз анын кандай Кудай экенин, бүт сапаттарын жана кереметтүү иштерин эстейбиз. Дөөтү асмандагы Атасынын ысмын ыйык көрүп, аны «бүт жан дүйнөсү» менен даңктагысы келген. Лебилер да Жахабаны даңкташкан. Алар Жахабанын ыйык ысымын даңктап-даңазалаганга сөз кудурети жетпей турганын момундук менен моюнга алышкан (Нек. 9:5). Бул Жахабаны кубантканына шек жок. w24.02 9-б., 6-абз.
Бейшемби, 30-октябрь
Буга чейин кандай ийгиликке жеткен болсок, багытыбыздан жазбай, алга илгерилей берели (Флп. 3:16).
Колуңан келбей турган максатка жете албаганың үчүн Жахаба сени эчтекеге жарабаган бирөө деп эсептебейт (Кор. 2-к. 8:12). Кайсы бир максатка жете албай калган учурларды үйрөнө турган тажрыйба катары көр. Ийгиликтериңди унутпа. Ыйык Китепте: «Кудай. . . эмгегиңерди унутуп калгыдай адилетсиз эмес»,— деп айтылат (Евр. 6:10). Сен да унутпашың керек. Мисалы, буга чейин Жахаба менен достук мамиле өрчүтүп, башкаларга ал жөнүндө айтып, чөмүлгөндүрсүң. Ушулар жөнүндө ой жүгүрт. Мурун рухий максаттарга умтулуп, аларга жеткениңдей эле, учурдагы максаттарыңа да умтула аласың. Жахабанын жардамы менен көздөгөн максатыңа жете аласың. Рухий максатыңа бет алып баратканда Жахабанын сага кантип жардам берип жатканын, батасын төгүп жатканын байкап, ошондон рахат ал (Кор. 2-к. 4:7). Эгер багынбасаң, өзүң ойлогондон да чоң баталарды аласың (Гал. 6:9). w23.05 31-б., 16—18-абз.
Жума, 31-октябрь
Мени жакшы көрүп, Атамдын өкүлү катары келгениме ишенгениңер үчүн, Атам да силерди жакшы көрөт (Жкн. 16:27).
Ыйык Китеп аркылуу Жахаба кызматчыларына аларды жакшы көрөрүн, кылып жаткандарына ыраазы экенин билдиргенди жакшы көрөт. Ыйык Китепте анын Исаны жакшы көрөрүн, сүйүктүү Уулу экенин айтканы эки жолу жазылган (Мт. 3:17; 17:5). Жахабанын сага да ушинтип айтышын каалайсыңбы? Албетте, Жахаба асмандан түзмө-түз сүйлөбөсө да, Ыйык Китеп аркылуу сүйлөйт. Жахабанын сени жакшы көрөм деп айтканын Исанын Инжилде жазылган сөздөрүн окуганда «уга» аласың. Иса Атасынын сапаттарын жеткилең түрдө чагылдырган. Ыйык Китепте Исанын жеткилең эмес, бирок ишениминен жазбаган жолдоочуларын жакшы көрөрүн көрсөткөн сөздөрү жазылган. Аларды окуганда аны Жахаба сага айтып жаткандай кабыл алсаң болот (Жкн. 15:9, 15). Кыйынчылыктарга туш болуп жатсак, бул анын ырайымынан айрылып калганыбызды билдирбейт. Тескерисинче, башыбызга кыйынчылык түшкөндө Кудайды канчалык жакшы көрөрүбүздү, ага канчалык таянарыбызды көрсөткөнгө мүмкүнчүлүк болот (Жкп. 1:12). w24.03 28-б., 10, 11-абз.