Шаршемби, 30-июль
Биз уккан-көргөнүбүздү айтпай коё албайбыз (Элч. 4:20).
Бийликтегилер кабар айтканга тыюу салышса да, элчилерден үлгү алып, кабар айта беребиз. Жахаба бизге кабар айтуу ишин уланта бергенге көмөк көрсөтөрүнөн эч шектенбесек болот. Андыктан андан эр жүрөк болушубузду жана акылмандык беришин сурап тиленсек болот. Ошондой эле кыйынчылыктарга туруштук бергенге жардам сурашыбыз зарыл. Көптөрүбүз оору же эмоциялык кыйынчылыктар менен алпурушуп жатабыз. Балким, жакыныбыздан айрылгандырбыз. Же үй-бүлөдөгү көйгөйлөргө, куугунтукка же башка кыйынчылыктарга дуушар болуп жаткандырбыз. Булар аз келгенсип, пандемиялар жана согуштар жонубуздагы ушул жүктүн үстүнө дагы жүк кошуп жатат. Ошон үчүн Жахабага жүрөгүңөрдөгүнүн баарын төккүлө. Аны менен жакын досуңар менен сүйлөшкөндөй сүйлөшүп, жагдайыңарды айтып бергиле. Жахабанын силер үчүн «өзү иш-аракет кыларынан» түк да шектенбегиле (Заб. 37:3, 5). Тиленгенибизди токтотпогонубуз «кыйынчылыкка кабылганда туруктуу болгонго» жардам берет (Рим. 12:12). Жахаба кызматчыларынын эмнени башынан кечирип жатканын билет. Алардын «зарлаган үндөрүн угат» (Заб. 145:18, 19). w23.05 5, 6-б., 12—15-абз.
Бейшемби, 31-июль
Теңирге эмне жагарын баамдап биле бергиле (Эф. 5:10).
Олуттуу чечим чыгарарда «Жахабанын эрки» кандай экенин аңдаганга жана ошого ылайык иш кылганга умтулушубуз зарыл (Эф. 5:17). Жагдайыбызга тиешелүү Ыйык Китептеги принциптерди тапканда ошого карата Кудайдын оюн билгенге аракет кылган болобуз. Анан ошол принциптерди колдонгондо туура чечим чыгарарыбыз шексиз. Душманыбыз «кара өзгөй» Шайтан, Жахабага кызмат кылганга убактыбыз калбай калышы үчүн, көр оокат менен алагды кылгысы келет (Жкн. 1-к. 5:19).Сак болбосок, акча топтоп алайын, жогорку окуу жайында окуп, жакшы жумушта иштейин деп жатып Жахабага көбүрөөк кызмат кылганга түзүлгөн мүмкүнчүлүктөрдү колдон чыгарып жиберишибиз мүмкүн. Эгер ушул нерселерге умтулуп жатсак, анда бул — дүйнөнүн көз карашы бизге таасир этип жатканынын белгиси. Булардын жаман деле жери жок. Болгону алар эч качан жашообузда биринчи орунду ээлеп калбашы керек. w24.03 24-б., 16, 17-абз.
Жума, 1-август
Адил адамдын кыйынчылыгы көп, бирок Жахаба анын баарынан арылтат (Заб. 34:19).
Бул забурда эки маанилүү ой камтылган: 1) Адил адамдын кыйынчылыгы көп. 2) Жахаба анын баарынан арылтат. Кантип? Мунун бир жолу — турмуш түйшүктөрүнө туура көз карашта болуу. Ал ушинткенге жардам берет. Жахаба мага кызмат кылгандан рахат аласыңар деп убада берген. Бирок санаага батпай, телегейи тегиз жашайсыңар деп кепилдик берген эмес (Ыш. 66:14). Ал түбөлүккө рахаттанып өмүр сүрүшүбүздү каалайт. Ошол заманга аз калды. Жахаба бизди ошого көңүл топтогонго үндөйт (Кор. 2-к. 4:16—18). Ал убак келгенге чейин талбай кызмат кыла бергенге азыртадан эле күч берет (Ый 3:22—24). Жахабанын байыркы учурдагы жана бүгүнкү күндөгү ишенимдүү кызматчыларынан эмнени үйрөнө алабыз? Биз күтүлбөгөн кыйынчылыктарга кабылышыбыз мүмкүн. Бирок Жахабага таянсак, ал түк да калтырбайт (Заб. 55:22). w23.04 14, 15-б., 3, 4-абз.