Күзөт мунарасынын ОНЛАЙН КИТЕПКАНАСЫ
Күзөт мунарасы
ОНЛАЙН КИТЕПКАНА
кыргыз
  • ЫЙЫК КИТЕП
  • АДАБИЯТТАР
  • ЖОЛУГУШУУЛАР
  • es25 67—77-бб.
  • Июль

Бул жерде видео жок.

Кечиресиз, ката кеткендиктен видео ойнотулбай жатат.

  • Июль
  • Ыйык Жазманы күндө изилдөө—2025
  • Бөлүмчөлөр
  • Шейшемби, 1-июль
  • Шаршемби, 2-июль
  • Бейшемби, 3-июль
  • Жума, 4-июль
  • Ишемби, 5-июль
  • Жекшемби, 6-июль
  • Дүйшөмбү, 7-июль
  • Шейшемби, 8-июль
  • Шаршемби, 9-июль
  • Бейшемби, 10-июль
  • Жума, 11-июль
  • Ишемби, 12-июль
  • Жекшемби, 13-июль
  • Дүйшөмбү, 14-июль
  • Шейшемби, 15-июль
  • Шаршемби, 16-июль
  • Бейшемби, 17-июль
  • Жума, 18-июль
  • Ишемби, 19-июль
  • Жекшемби, 20-июль
  • Дүйшөмбү, 21-июль
  • Шейшемби, 22-июль
  • Шаршемби, 23-июль
  • Бейшемби, 24-июль
  • Жума, 25-июль
  • Ишемби, 26-июль
  • Жекшемби, 27-июль
  • Дүйшөмбү, 28-июль
  • Шейшемби, 29-июль
  • Шаршемби, 30-июль
  • Бейшемби, 31-июль
Ыйык Жазманы күндө изилдөө—2025
es25 67—77-бб.

Июль

Шейшемби, 1-июль

[Иса] бүт өлкөнү кыдырып, элге жакшылык кылып,.. баарын айыктырган (Элч. 10:38).

Иса эмне дебесин, эмне кылбасын, Атасынын ой жүгүртүүсүн жана сезимдерин так чагылдырган. Бул анын кереметтеринен да көрүнүп турган (Жкн. 14:9). Исанын кереметтеринен эмнелерди билсек болот? Иса менен Атасы бизди абдан жакшы көрөт. Иса жерде жүргөндө кереметтүү күчүн колдонуп, элди азаптан арылткан. Муну менен аларды жакшы көрөрүн көрсөткөн. Бир жолу эки сокур киши ага жардам сурап кайрылган (Мт. 20:30—34). Ошондо Исанын адегенде «боору ооруп», анан айыктырганы көңүлгө аларлык. Бул жердеги «боор ооруу» деп которулган грек тилиндеги этиш ичтен чыккан күчтүү сезимди туюнтат. Ушундай күчтүү сезим Исанын адамдарды жакшы көрөрүн айгинелеп турган. Так ушул нерсе ага ачкаларды тойгузганга жана пес оорулууларды айыктырганга түрткү берген (Мт. 15:32; Мр. 1:41). Ооба, «боорукердиктин» Кудайы Жахаба жана анын Уулу бизди абдан жакшы көрөт. Ошондой эле кыйналганыбызда, кошо кыйналышат. Мындан шектенбесек болот (Лк. 1:78; Пет. 1-к. 5:7). Ырас, алар адамзатты мүңкүрөткөн кайгы-касиреттердин баарын жоё турган күндү чыдамсыздык менен күтүп жатышат. w23.04 3-б., 4, 5-абз.

Шаршемби, 2-июль

Жахабаны жакшы көргөндөр, жамандыкты жек көргүлө. Ал өзүнө берилген кызматчыларынын жанын сактайт, аларды ыймансыздардын колунан куткарат (Заб. 97:10).

Шайтандын дүйнөсүндө кеңири таралган туура эмес ой жүгүртүүнү таңуулаган нерселерди окугандан, уккандан качканыбыз туура. Анын ордуна Ыйык Китепти окуп-изилдеп, акылыбызды таза ойлорго толтурганыбыз жакшы. Жыйналышка барганыбыз, кызматка катышканыбыз дагы акылыбызды сактайт. Жахаба да алыңар жеткис азгырыктарга кабылышыңарга жол бербейм деп убада берет (Кор. 1-к. 10:12, 13). Биз азыр акыркы оор күндөрдө жашап жатабыз. Андыктан ар бирибиз ишенимдүүлүгүбүздү сакташ үчүн Жахабадан мурункудан да көбүрөөк тиленишибиз керек. Жахаба биздин ага жүрөгүбүздөгүнү төгүшүбүздү каалайт (Заб. 62:8). Тиленгениңерде Жахабаны даңктагыла. Ага бардык жакшылыктары үчүн ыраазычылык билдиргиле. Кызматта кайраттуу болгонго жардам сурагыла. Кандай кыйынчылыктарга же азгырыктарга туш болбогула, андан көмөк көрсөтүшүн өтүнгүлө. Жахабадан дайыма тиленгенге кимдир бирөөнүн же бир нерсенин тоскоол болушуна эч качан жол бербегиле. w23.05 7-б., 17, 18-абз.

Бейшемби, 3-июль

Бири-бирибизге көңүл бөлүп,.. бири-бирибизге дем-күч берип туралы (Евр. 10:24, 25).

Биз жыйналышка эмне үчүн катышабыз? Эң негизги себеби Жахабаны даңкташ үчүн (Заб. 26:12; 111:1). Ошондой эле азыркы оор күндөрдө бири-бирибизге жөлөк болуш үчүн катышабыз (Тес. 1-к. 5:11). Жооп бергенибизде ушул экөөнү тең кылган болобуз. Бирок жооп берейин деп жатканда кыйынчылыктарга туш болушубуз мүмкүн. Жооп бергенден тартынышыбыз, коркушубуз ыктымал. Же аябай жооп бергибиз келет, бирок бизди көп сурабашы мүмкүн. Мындайда эмне кылсак болот? Элчи Пабыл максатыбыз «бири-бирибизди. . . бекемдөө» болушу керектигин айткан. Андыктан жыйналыштан жөнөкөй эле сөздөр менен жооп берсек болот. Бул ишенимдештерибизге дем-шык берет. Ушуну эсибизде бек сактасак, коркпой эле кол көтөрөбүз. Жооп бергенибиз ишенимибизден да кабар берет. Биз өзүбүз каалагандай көп жооп бере албай калышыбыз мүмкүн. Ошентсе да кубансак болот. Анткени башкаларга катышканга мүмкүнчүлүк түзүлөт (Пет. 1-к. 3:8). w23.04 20-б., 1—3-абз.

Жума, 4-июль

Иерусалимге барсын да. . . Жахабанын. . . ибадатканасын кайра курсун (Эзра 1:3).

Падыша азаттык жарыялаган. Жүйүттөрдүн Бабылда туткунда жүргөнүнө 70 жыл болгон. Эми алар эркиндикке чыгып, мекенине, Ысрайылга, кайтып бара алмак (Эзра 1:2—4). Муну бир гана Жахаба кыла алмак. Эмне үчүн минтип айтсак болот? Анткени бабылдыктар туткундарын эзели бошотушчу эмес (Ыш. 14:4, 17). Бирок Бабыл империясынын күнү бүтүп, тактыга жаңы падыша отурган. Ал жүйүттөргө мекенине кайтканга уруксат берген. Ар бир жүйүт, айрыкча, үй-бүлө башчылары Бабылда калышабы же кетишеби, чечиши керек болчу. Бул оңойго турбаса керек. Кыязы, далайлар карып калгандыктан жол азабын ойлоп калып калышса керек. Ошондой эле көптөгөн жүйүттөр Бабылда төрөлгөндүктөн алардын киндик каны тамган жери ошол жер болуп калган. Андыктан Ысрайыл алардын эмес, ата-бабаларынын мекени болчу. Айрым жүйүттөр Бабылда бай турушса керек. Ошон үчүн ыңгайлуу үйүн, жүргүзгөн ишин таштап, белгисиз эле бир жакка көчүп барып отурукташуу кыйынга турмак. w23.05 14-б., 1, 2-абз.

Ишемби, 5-июль

Даяр болгула (Мт. 24:44).

Ыйык Китеп бизди туруктуулук, боорукердик жана сүйүү сапаттарын өрчүтө бергенге үндөйт. Лука 21:19да: «Туруктуу болуу менен жаныңарды сактап каласыңар»,— делген. Колосалыктарга 3:12де: «Боорукердикти. . . кийгиле»,— делет. Ал эми Тесалоникалыктарга 1-кат 4:9, 10до: «Бири-бириңерди сүйүүгө Кудайдан үйрөнгөнсүңөр. . . Ошентсе да, бир туугандар, силерди бул жагынан дагы да ийгилик кыла берүүгө үндөйбүз»,— деп айтылган. Бул сөздөр ушул сыяктуу сапаттарды ага чейин эле чагылдырып келаткан шакирттерге жазылган. Анткен менен алар ошол сапаттарды андан ары да өрчүтө бериши керек болчу. Биз да ошентишибиз керек. Ан үчүн мындай деп ойлонуп көргүлө: «Исанын 1-кылымдагы жолдоочулары ал сапаттарды кантип чагылдырган?» Ошондо аларды кантип туурасаңар болорун биле аласыңар, улуу алааматка да даяр болуп каласыңар. Мунун аркасында улуу алаамат башталганда туруктуу болгонго үйрөнөсүңөр жана андан жазбаганга чечкиндүү болосуңар. w23.07 3-б., 4, 8-абз.

Жекшемби, 6-июль

Ал жерде чоң жол болот, ал Ыйыктык жолу деп аталат (Ыш. 35:8).

Майланган болобузбу же «башка койлордонбузбу», «Ыйыктык жолунан» чыкпашыбыз керек. Анткени мунун аркасында азыртадан эле рухий бейиште Жахабага сыйынып, келечекте Падышалык төгө турган баталарга ээ болобуз (Жкн. 10:16). Б. з. 1919-жылынан тартып миллиондогон эркектер, аялдар жана балдар жалган диндин дүйнөлүк империясы болгон Улуу Бабылдан чыга башташкан. Анан каймана жолго түшүп, сапарын башташкан. Жүйүттөр Ысрайылга аман-эсен жетиши үчүн Жахаба алардын жолундагы тоскоолдуктардын жок болушуна кам көргөн (Ыш. 57:14). Бүгүнкү күндөгү «Ыйыктык жолу» жөнүндө эмне десек болот? 1919-жылга чейин бир нече кылым мурун Жахаба андан корккон кишилерди Улуу Бабылдан чыккандар түшө турган жолду даярдаганга колдоно баштаган. (Салыштыр: Ышая 40:3.) Алар рухий жолду тазалап, зарыл иштерди кылышкан. Мунун аркасында жүрөгү таза кишилер кийинчерээк Улуу Бабылдан чыга алышкан. Ошондой эле таза сыйынуу калыбына келтирилген рухий бейишке кире алышкан. w23.05 15, 16-б., 8, 9-абз.

Дүйшөмбү, 7-июль

Жахабага кубанып кызмат кылгыла. Анын алдына шаттана үн салып баргыла (Заб. 100:2).

Жахаба биздин ага өз эркибиз менен кубанып кызмат кылышыбызды каалайт (Кор. 2-к. 9:7). Анда өзүбүзгө жакпаса да, рухий максаттарыбызга умтула беришибиз керекпи? Элчи Пабылдын үлгүсүн карап көрөлү. Ал: «Денемди сабап, кулга айландырып жатам»,— деген (Кор. 1-к. 9:25—27). Пабыл Жахаба каалаган нерселерди кылгысы келбесе да, аларды кылганга өзүн мажбурлаган. Жахаба Пабылдын кызматына ыраазы болгонбу? Албетте. Ошон үчүн анын аракетине батасын берген (Тим. 2-к. 4:7, 8). Ошол сыяктуу эле, биздин да кээде максатыбызга умтулганга каалообуз жок болушу мүмкүн. Бирок аракет кыла берсек, бул Жахабага жагат. Себеби ал биздин дайыма эле кайсы бир ишти жакшы көргөндүктөн эмес, аны жакшы көргөндүктөн кылып жатканыбызды билет. Жахаба Пабылга батасын бергендей эле, бизге да батасын берет (Заб. 126:5). Муну сезгенде койгон максатыма жетем деген каалообуз жандана башташы мүмкүн. w23.05 29-б., 9, 10-абз.

Шейшемби, 8-июль

Жахабанын күнү. . . келет (Тес. 1-к. 5:2).

Элчи Пабыл Жахабанын күнүндө аман калбай тургандарды уктап жаткандарга салыштырган. Алар тегерек-четинде эмне болуп жатканын, убакыттын кантип өтүп жатканын байкабайт. Ошондуктан маанилүү окуяларды баамдап, ошого ылайык иш кыла албайт. Бүгүнкү күндө көптөр рухий жактан уктап жатат (Рим. 11:8). Алар «акыркы күндөрдө» жашап жатканыбыздын белгилерине көңүл бурбайт жана улуу алааматтын жакындап келатканына маани бербейт (Пет. 2-к. 3:3, 4). Бирок биз ыйык рухтун жетеги менен берилген: «Сергек тургула»,— деген кеңештин канчалык маанилүү экенин барган сайын түшүнүп жатабыз (Тес. 1-к. 5:6). Ошондуктан шашпашыбыз жана тең салмактуу болушубуз керек. Эмне үчүн? Эгер ошентсек, саясий же коомдук маселелерге аралашпайбыз. Жахабанын күнү жакындаган сайын, кайсы бир тарапты ээлөөгө байланыштуу кысымдын күчөй берери турган иш. Андайда эмне кылабыз деп тынчсызданбай эле койсок болот. Себеби Кудайдын ыйык руху бизге шашпай, тең салмактуулук менен ой жүгүрткөнгө, туура чечим чыгарганга жардам берет (Лк. 12:11, 12). w23.06 10-б., 6, 7-абз.

Шаршемби, 9-июль

Оо, Эгедер Теңир Жахаба, суранам, мени эстей көр, мага дагы бир эле жолу күч берчи! (Бий. 16:28)

Шымшон деген атты укканда оюңарга эмне келет? Балким, күчү ташкындаган кишини элестетет чыгарсыңар. Ооба, чынында ошондой болгон. Бирок анын бир туура эмес чечими көп азап тартышына себеп болгон. Ошентсе да Жахаба Шымшондун ишенимдүүлүгүнө көңүл топтогон жана аны туурай алышыбыз үчүн Ыйык Китепке жаздырып койгон. Жахаба Шымшонду колдонуп, өзүнүн элине, ысрайылдыктарга, жардам бериш үчүн укмуштуудай иштерди кылган. Ошондуктан Жахаба жүздөгөн жылдар өткөндөн кийин элчи Пабылга ыйык руху аркылуу күчтүү ишеними менен белгилүү болгон кишилер жөнүндө жаздырганда Шымшондун да атын кошкон (Евр. 11:32—34). Шымшондун үлгүсү бизге дем-күч бере алат. Ал Жахабага, атүгүл оор учурларда да, таянган. Шымшондун жашоосун көбүрөөк билген сайын анын үлгүсү бизди кандайча күч-кайратка толтурарын билебиз. w23.09 2-б., 1, 2-абз.

Бейшемби, 10-июль

Баарын дайыма Кудайга айтып,.. андан жетектешин. . . сурангыла (Флп. 4:6).

Жахабадан бат-баттан тиленип, ага жүрөгүбүздү өйүгөн санааларыбызды айтып турсак туруктуулугубуздан жазбайбыз (Тес. 1-к. 5:17). Балким, учурда олуттуу кыйынчылыкка кабылбай элесиңер. Ошондой болсо да көңүлүңөр чөккөндө, эмне кыларыңарды билбей калганда Жахабадан жетекчилик сурайсыңарбы? Эгер азыртан эле майда-чүйдө көйгөйлөрүңөрдү Кудайга айтып тиленсеңер, келечекте чоң кыйынчылыктарга туш болгондо ага буйдалбастан кайрыласыңар. Ошондо Жахабанын силерге качан жана кантип жардам берерин эң жакшы билеринен шектенбейсиңер (Заб. 27:1, 3). Учурдагы сыноолорго сынбасак, улуу алааматта да туруктуулугубуздан жазбайбыз (Рим. 5:3). Эмнеге ушинтип айта алабыз? Көптөгөн ишенимдештерибиз ар бир кыйынчылык кийинкисине туруштук бергенге көмөк кыларын айткан. Туруктуулугу алардын жакшы сапаттарын өрчүткөн. Жахабанын жардамга келгенге даяр экенине жана ошенткиси келерине болгон ишеними бекемделген. Ишеними болсо аларга кийинки кыйынчылыкка чыдаганга көмөк кылган (Жкп. 1:2—4). w23.07 3-б., 7, 8-абз.

Жума, 11-июль

Сен айткандай кылайын (Башт. 19:21).

Жахабага момундугу жана боорукердиги эстүү болгонго түрткү берет. Маселен, ыймансыздыкка белчесинен баткан содомдуктарды жок кыларда анын момун экени көрүнгөн. Ошондо Жахаба периштелери аркылуу адил Лотко тоого качууну айткан. Лот болсо ал жакка баргандан корккон. Ошондуктан үй-бүлөсүн алып, Соар деген шаарга качууну өтүнгөн. Негизи, Жахаба ал шаарды да жок кылууну чечкен болчу. Ал Лотко эмне десем, ошону кыласың деп туруп алса деле болмок. Бирок ал Лоттун суранычына макул болуп, Соарды талкалаган эмес (Башт. 19:18—22). Бир нече кылымдан кийин Жахаба нинебиликтерге да боорукердик көрсөткөн. Ал Жунус пайгамбарды жөнөтүп, Нинеби шаарынын ыймансыз тургундарынын жок боло турган күнү жакындап келатканын айттырган. Бирок нинебиликтер өкүнгөндө, Жахаба аларга боору ооруп, шаарды талкалаган эмес (Жун. 3:1, 10; 4:10, 11). w23.07 21-б., 5-абз.

Ишемби, 12-июль

Кызматчылары. . . [Жаашты] өлтүрүп салышты. . . Сөөгүн. . . падышалар коюлган жерге эмес, башка жерге коюшту (Жыл. 2-к. 24:25).

Жааштын катасынан кандай сабак алсак болот? Ал терең тамыр албаган, кулап калбашы үчүн жыгач менен сүйөп койгон көчөткө окшош болгон. Жыгач жок болуп калганда, башкача айтканда, Жоят көз жумгандан кийин, Жааш чындыктан четтегендердин шамалына туруштук бере албай, жыгылып калган. Бул мисал Жахабаны ишенимдештерибиз же үйдөгүлөрүбүз жакшы үлгү көрсөткөнү үчүн эле урматтаганыбыз туура эмес экенин көрсөтүп турат. Рухий жактан кулап калбаш үчүн Кудайга болгон берилгендигибизди чыңдап, аны терең урматтай бергенге жеке өзүбүз аракет кылышыбыз зарыл. Ан үчүн Ыйык Китепти дайыма изилдеп, ой жүгүрүп жана тиленип турганыбыз маанилүү (Жер. 17:7, 8; Кол. 2:6). Негизи, Жахаба бизден көп нерсени талап кылбайт. Ал бизден эмнени күтөрү Насаатчы 12:13тө жакшы айтылган. Ал жерде: «Чыныгы Кудайдан корк, анын осуяттарын аткар. Анткени адамдан талап кылынгандын баары — ушул»,— делет. Эгер Кудайдан корксок, келечектеги кыйынчылыктарга туруштук бере алабыз жана Жахабага болгон берилгендигибизден жазбайбыз. Ошондо Жахаба менен болгон достугубузду эч нерсе буза албайт. w23.06 19-б., 17—19-абз.

Жекшемби, 13-июль

Мына, мен бардыгын жаңы кылып жасап жатам (Аян 21:5).

5-аяттын кандай сөздөр менен башталганына көңүл бурсаңар. Ал жерде: «„Тактыда отурган. . .“ — деди»,— деп айтылат (Аян 21:5а). Бул сөздөр өзгөчө көңүлгө аларлык. Анткени Аян китебинде Жахабанын өзү сүйлөгөнү 3 эле жолу айтылат. Бул — алардын бирөөсү. Ооба, бизге кубаттуу периште, атүгүл Иса эмес, Жахаба өзү кепилдик берген! Бул андан кийинки сөздөрдүн чындык экенин баса белгилеп турат. Эмне үчүн минтип айта алабыз? Себеби Жахаба «жалган сүйлөй албайт» (Тит 1:2). Бул Аян 21:5, 6да айтылгандардын толугу менен ишенүүгө татыктуу экенин көрсөтүп турат. «Мына»,— деген сөзгө токтололу (Аян 21:5). Аян китебинде грек тилинен которулган «мына» деген сөз көп жолу колдонулат. Кудай: «Мына»,— деп айткандан кийин: «Мен бардыгын жаңы жаратып жатам»,— деген. Жахаба бул жерде келечектеги өзгөрүүлөр жөнүндө сөз кылса да, аларды азыр кылып жаткандай айткан. Анткени ал убадасын сөзсүз ишке ашыра алат (Ыш. 46:10). w23.11 3, 4-б., 7, 8-абз.

Дүйшөмбү, 14-июль

Сыртка чыкты да, өксөп ыйлады (Мт. 26:75).

Элчи Петир Исанын укмуштуудай сөздөрүн угуп, укмуштуудай иштерин көрсө да, алсыздыктарына алдырган учурлары болгон. Келгиле, анда ошолордун бир нечесине токтололу. Бир жолу Иса Ыйык Китептеги пайгамбарлык аткарылышы үчүн өзүнүн азап чегип, өлөрүн айтканда, Петир ага каршы болгон (Мр. 8:31—33). Петир менен башка элчилери кимибиз чоңбуз деп кайра-кайра талашкан (Мр. 9:33, 34). Иса өлтүрүлөр түнү болсо Петир көз ачып-жумгуча эле бир кишинин кулагынын шылый чапкан (Жкн. 18:10). Ошол эле түнү коркуп кетип, досун — Исаны — тааныбайм деп 3 жолу баш тарткан (Мр. 14:66—72). Ошентип алып, кайра өксөп ыйлаган. Иса кайгыга баткан элчисине кол шилтеп салган эмес. Тирилгенден кийин Петирге аны жакшы көрөрүн билдиргенге мүмкүнчүлүк берген. Ошондон кийин Иса Петирди койлоруна кам көрүп, момун койчу болгонго чакырган (Жкн. 21:15—17). Петир Иса айткандын баарын кылганга даяр болгон. Ошол себептен Иерусалимдеги Элүүнчү күн майрамына барган жана алгачкылардан болуп, ыйык рух менен майланган. w23.09 22-б., 6, 7-абз.

Шейшемби, 15-июль

Козуларымды кайтар (Жкн. 21:16).

Петир аны менен чогуу кызматташкан аксакалдарга: «Кудайдын. . . оторун кайтаргыла»,— деп кеңеш берген (Пет. 1-к. 5:1—4). Эгер аксакал болсоңор, ишенимдештериңерди жакшы көрөрүңөргө жана аларга койчу катары кам көргүңөр келерине шектенбейбиз. Бирок кээде ишиңер көп болгондуктан же чарчагандыктан бул ишти аткара албай жатам деген ойлор келеби? Андайда эмне кылсаңар болот? Жүрөгүңөрдү өйүгөн нерселердин баарын Жахабага айткыла. Петир: «Ким кызмат кылса, Кудай берген күчкө таянып кызмат кылсын»,— деп жазган (Пет. 1-к. 4:11). Балким, боордошторуңардын кыйынчылыктары жаңы заман келгенге чейин чечилбейттир. Бирок «башкы койчубуз» Иса Машаяк силерден да көбүрөөк жардам бере аларын эсиңерден чыгарбагыла. Ал муну азыр да, кийин жаңы заманда да кыла алат. Кудай болсо аксакалдардын тек гана ишенимдештерин сүйүшүн, кайтарышын жана «үлгү көрсөтүшүн» каалайт. w23.09 29, 30-б., 13, 14-абз.

Шаршемби, 16-июль

Жахаба акылмандардын ойлору куру ойлор экенин билет (Кор. 1-к. 3:20).

Биз адамдык ой толгоолордон алыс болушубуз керек. Эгер Жахабанын мыйзамдарын баркка албаган адамдардай ой жүгүртүп калсак, анда Жахабаны да, анын мыйзамдарын да баркка албай баштайбыз (Кор. 1-к. 3:19). «Бул дүйнөнүн акылмандыгы» көп учурда Кудайдын тилин албаганга түртөт. Пергам жана Тиатирадагы Исанын айрым жолдоочулары ошол шаарлардагы буркандарга табынган жана адеп-ахлаксыз жашоо өткөргөн адамдардын таасирине алдыра баштаган. Жыныстык адеп-ахлаксыздыкка көз жумган үчүн Иса ал эки жыйналышка тең катуу кеңеш берген (Аян 2:14, 20). Бүгүнкү күндө да тегерегибиздегилер бизге ошондой көз карашты сиңиргенге аракет кылышат. Үйдөгүлөрүбүз же тааныштарыбыз «өзүңдү өтө эле чектеп жатасың» деген ойго ишендирип, Жахабанын мыйзамдарын бузганга түртүшү мүмкүн. Маселен, алар «адеп-ахлак жактан таза болуунун пайдасы жок» жана «Ыйык Китепте айтылгандар эскирип калды» деши ыктымал. Кээде: «Жахаба бизге буга байланыштуу так көрсөтмө берген эмес»,— дешибиз мүмкүн. Атүгүл «жазылгандан четтегенге» азгырылышыбыз ыктымал (Кор. 1-к. 4:6). w23.07 16-б., 10, 11-абз.

Бейшемби, 17-июль

Чыныгы дос ар убак сүйөт, ал кыйын мезгилде бир тууганыңдай болот (Накыл 17:17).

Исанын энеси Мариям кимдир бирөөнүн аны бекемдешине муктаж болгон. Себеби турмушка чыга элек болсо да боюна бүтмөк. Мариям ага чейин балалуу болуп көргөн эмес. Эми болсо Машаяк боло турган баланы тарбиялап-чоңойтушу керек болмок. Ал эч качан жыныстык мамиледе болбогондуктан боюнда бар экенин жигити Жусупка кантип түшүндүрүп берет эле? (Лк. 1:26—33). Мариям эмне кылган? Ал башкалардан жардам сураган. Мисал үчүн, Жебирейил периштеден ага тапшырылган иш тууралуу көбүрөөк айтып беришин суранган (Лк. 1:34). Ошондон көп узабай эле «Жүйүт жеринин тоолуу аймагында» жашаган тууганы Элизабеттикине барган. Элизабет Мариямды мактап, Жахабанын ыйык рухунун жетеги менен анын курсактагы уулу тууралуу пайгамбарлык сөздөрдү айткан. (Лк. 1:39—45). Ошондо Мариям Жахабанын «өз колу менен кереметтерди жасаганын» айткан (Лк. 1:46—51). Ошентип, Жахаба Мариямды күчкө толтуруш үчүн Жебирейил периште менен Элизабетти колдонгон. w23.10 14, 15-б., 10—12-абз.

Жума, 18-июль

Ал бизди. . . өзүнүн Кудайына, Атасына, кызмат кылышыбыз үчүн дин кызматчы жана падыша кылды (Аян 1:5, 6).

Исанын шакирттеринин чектелүү саны гана ыйык рух менен майланган жана Жахаба менен өзгөчө мамиледе. Алардын саны 144 000. Алар асманда дин кызматчы болуп кызмат кылат (Аян 14:1). Жерде жашап жүргөндө эле Кудай аларды ыйык руху менен майлап, асырап алган. Жыйын чатырындагы ыйык жай алардын Жахаба менен болгон өзгөчө мамилесин билдирет (Рим. 8:15—17). Ал эми жыйын чатырындагы Ыйыктын ыйыгы Жахабанын турак жайын — асманды — билдирет. Ыйык жайды Ыйыктын ыйыгынан бөлүп турган «көшөгө» болсо Исанын денесин билдирет. Анткени ал адам болуп жерде жашап жүргөндө улуу Башкы дин кызматчы катары рухий ибадатканага кире алмак эмес. Ал денесин адамзат үчүн курмандыкка бергенде, бардык майлангандар үчүн асманда жашаганга жол ачкан. Майлангандар асмандагы сыйлыгын алыш үчүн денесин ташташы керек (Евр. 10:19, 20; Кор. 1-к. 15:50). w23.10 28-б., 13-абз.

Ишемби, 19-июль

Гидон. . . жөнүндө айтканга убактым да жетпейт (Евр. 11:32).

Гидон эпрайымдыктардын кыйкымына жумшак жооп кайтарган (Бий. 8:1—3). Ал өзүн кармап, ачууга алдырган эмес. Аларды кунт коюп угуп, туура сөздөрдү таап сүйлөп, курчуп турган жагдайды жөнгө салып кеткен. Анын сыңарындай, Гидондон үлгү алган аксакалдар сын пикир айтылганда кунт коюп угуп, ачууга алдырбай, жумшак жооп берет (Жкп. 3:13). Ушинтип жыйналышта тынчтык болушуна өбөлгө түзүшөт. Башкалар Гидонду мидиандыктарды жеңгени үчүн мактаганда, ал бүт көңүлдү Жахабага бурган (Бий. 8:22, 23). Жетекчиликти колго алгандар Гидонду кантип туурай алышат? Алар аткарган иши үчүн даңкты Жахабага ыйгарышы керек (Кор. 1-к. 4:6, 7). Мисалы, башкалар аксакалды жакшы окутканы үчүн мактаганда, ал бүт көңүлдү бардык көрсөтмөлөрдүн булагы болгон Кудайдын Сөзүнө же бизди окутуп үйрөтүп жаткан Жахабанын уюмуна бура алат. Маал-маалы менен аксакалдар: «Окутуп жатканда башкаларды таасирленткенге аракет кыламбы же Жахабаны даңктагангабы?» — деп ойлонуп турушу зарыл. w23.06 4-б., 7, 8-абз.

Жекшемби, 20-июль

Менин ойлогон оюм силердикиндей эмес (Ыш. 55:8).

Эгер тилегибизге жооп ала албай жатсак: «Туура нерсе жөнүндө тиленип жатамбы?» — деп ойлонуп көрсөк болот. Көп учурда: «Мага эмне керек экенин жакшы билем»,— деп ойлошубуз мүмкүн. Бирок, чын-чынында, сурап жаткан нерсенин бизге пайдасы деле жок болушу ыктымал. Эгер Жахабадан кайсы бир көйгөйүбүз жөнүндө тиленип жүрсөк, бир эле нерсеге көңүл топтоп алгандыктан аны чечүүнүн биз ойлогондон да жакшы жолу бар экенин баамдабай калышыбыз этимал. Андан тышкары, айрым өтүнүчтөрүбүз Жахабанын эркине ылайык келбеши мүмкүн (Жкн. 1-к. 5:14). Баласы чындык жолунан кетип калбашын сурап тиленген ата-эненин мисалына токтололу. Бир караганда, туура эле кылып жаткандай көрүнөт. Бирок Жахаба эч кимди ага кызмат кылганга мажбурлабайт. Ал баарыбыздын, анын ичинде балдарыбыздын, ага өз эркибиз менен кызмат кылышыбызды каалайт (Мыйз. 10:12, 13; 30:19, 20). Андыктан ата-энелер баласынын чындыктан кетпешин сурагандын ордуна, анын жүрөгүн козгогонго жардам беришин сураганы туура болот. Ошондо баласы Жахабаны сүйгөнгө, анын досу болгонго түрткү алат (Накыл 22:6; Эф. 6:4). w23.11 21-б., 5-абз.; 23-б., 12-абз.

Дүйшөмбү, 21-июль

Бири-бириңерди дайыма. . . кайраттандыргыла (Тес. 1-к. 4:18).

Эмне үчүн муну сүйүүбүздү айкын кылуунун маанилүү жолу десе болот? Ыйык Китеп жөнүндөгү бир эмгекке ылайык, Пабыл колдонгон «жубатуу» деген сөз «кимдир бирөө башынан оор сыноону кечирип жатканда, анын жанында болуу» деген маанини туюнтат. Андыктан кыйналып турган ишенимдешибизди жубатканда ага Жахабага андан ары да ишенимдүү кызмат кыла бергенге жардам беребиз. Кайгыга чөгүп турган бир туугандарыбыздан жылуу сөзүбүздү аябасак, аларды жакшы көрөрүбүздү көрсөтөбүз (Кор. 2-к. 7:6, 7, 13). Боор ооруй билүү жана жубатуу бири-бири менен тыгыз байланышта. Кандайча? Боорукер киши башкаларды жубатып, алардын кыйынчылыгын кандайдыр бир жол менен жеңилдеткиси келет. Демек, боорубуз ооругандыктан башкаларды жубатканга түрткү алабыз. Элчи Пабылдын Жахабанын боорукердигин анын соороткону менен кандайча байланыштырганына көңүл бурсаңар. Ал Жахабаны: «Боорукердиктин Атасы жана ар кандай жагдайда сооротуучу Кудай»,— деп сүрөттөгөн (Кор. 2-к. 1:3). w23.11 9, 10-б., 8—10-абз.

Шейшемби, 22-июль

Кыйынчылыктарга кабылып жатканыбызга. . . кубаналы (Рим. 5:3).

Машаяктын жолдоочуларынын баары ар кандай кыйынчылыктарга туш болорун билишет. Буга элчи Пабылды мисал кылсак болот. Ал Тесалоникадагыларга: «Жаныңарда жүргөнүбүздө силерге кыйынчылыктарга дуушар болорубузду алдын ала айтканбыз. Эми ошондой болуп жатканын өзүңөр көрүп жатасыңар»,— деп жазган (Тес. 1-к. 3:4). Ал эми Корунттагы ишенимдештерине: «Башыбызга кандай кыйынчылык түшкөнүн билишиңерди каалайм. . . Оор жагдайга туш болуп, аман каларыбыздан да үмүт үзүп койгон элек»,— деген (Кор. 2-к. 1:8; 11:23—27). Машаяктын бүгүнкү күндөгү жолдоочулары да жашоосу телегейи тегиз болбой турганын билишет (Тим. 2-к. 3:12). Машаяктын жолун жолдогонуңар үчүн силерди да досторуңар же туугандарыңар жаман көрөбү? Бардык жагынан чынчыл болууну каалагандыктан жумушуңарда көйгөйлөр туулабы? (Евр. 13:18). Үмүттөнгөн нерселериңер жөнүндө башкаларга айткан үчүн өкмөт тарабынан каршылыкка туш болуп жатасыңарбы? Бирок башыбызга кандай кыйынчылык түшпөсүн, Пабыл айткандай, кубанышыбыз керек. w23.12 10, 11-б., 9, 10-абз.

Шаршемби, 23-июль

Силер. . . башыма балээ үйдүңөр (Башт. 34:30).

Жакып көптөгөн кыйынчылыктарды башынан кечирген. Анын Шымон менен Леби деген эки уулу үйүндөгүлөрүнүн эл караган бетин жер караткан жана Жахабанын ысымына сөз тийгизишкен. Үстөккө-босток кайгы басып, сүйүктүү аялы Рахил экинчи уулун төрөп жатканда көз жумган. Кийинчерээк катуу ачарчылык болгон. Ошондо жашы өр тартып калган Жакып үй-бүлөсү менен Мисирге көчкөнгө аргасыз болгон (Башт. 35:16—19; 37:28; 45:9—11, 28). Ушулардын баарына карабай, Жакып Жахабага жана анын убадаларына бекем ишене берген. Жахаба болсо Жакыпты жакшы көрөрүн көрсөткөн. Мисалы, Жакыпка батасын берип, байыткан. Ошондой эле Жакып уулу Жусупту көптөгөн жылдар мурун эле каза болуп калды деп ойлоп келген. Бирок аны көргөндө Жахабага канчалык ыраазы болгонун элестетсеңер! Жакып Жахабанын ынак досу болгон. Мунун аркасында бир да сыноого сынган эмес (Башт. 30:43; 32:9, 10; 46:28—30). Биз да Жахаба менен ынак достордон болсок, күтүлбөгөн сыноолорду ийгиликтүү көтөрүп кете алабыз. w23.04 15-б., 6, 7-абз.

Бейшемби, 24-июль

Жахаба — менин Койчум. Мен эч нерседен кем болбойм (Заб. 23:1).

Ушул забурда Дөөтү Жахабанын аны жакшы көрөрүнө, ага кам көрөрүнө шектенбей турганын жазган. Ал Жахабаны Койчум деп атаган. Бул алардын мамилеси ысык болгонунан кабар берет. Ал Жахаба жетектегендей иш кылгандыктан, ага толук таянгандыктан өзүн коопсуз сезген. Дөөтү Жахабанын аны өмүрү өткүчө сүйүүсүнөн өксүтпөй турганын жакшы билген. Эмне үчүн ал буга бекем ишенген? Дөөтү Жахабанын аны зарыл нерселерден кем кылбай, дайыма жакшы кам көрөрүн сезген. Мындан тышкары, ал Жахаба менен дос болгон, жакшы көрөрүн да сезип турган. Ошондуктан, эртеңки күнү кандай болбосун, Жахабанын аны керектүү нерселерден өксүтпөй турганына бекем ишенген. Дөөтүнүн Жахаба мени жакшы көрөт деген ишеними жүрөгүн түпөйүл кылган ойлорунан да күчтүү болгон. Ошол себептен ал өзүн бактылуу сезген (Заб. 16:11). w24.01 29-б., 12, 13-абз.

Жума, 25-июль

Бул дүйнөнүн акырына чейин, мен ар дайым силер менен болом (Мт. 28:20).

Экинчи дүйнөлүк согуштан тартып көптөгөн өлкөлөрдө Жахабанын элине эч ким бут тоспой, кабар айтуу ишин эркин жүргүзүп келишет. Чынында эле, ал иш барган сайын илгерилей берген. Бүгүнкү күндө Жетектөөчү Кеңеш Машаякка баш иет. Алар боордошторуна Жахаба менен Исанын көз карашына төп келген көрсөтмөлөрдү бергиси келет. Ал көрсөтмөлөрдү жыйналыштарга жеткириш үчүн райондук көзөмөлчүлөр менен аксакалдарды колдонушат. Майланган аксакалдар, анын ичинде жыйналыштардагы аксакалдардын баары Машаяктын «оң колунда» (Аян 2:1). Албетте, алар бизге окшогон эле пенделер, ошондуктан ката кетиришет. Илгери Муса менен Жашыя да, элчилер да кээде жаңылып-жазышкан (Сан. 20:12; Жаш. 9:14, 15; Рим. 3:23). Ошентсе да Иса ишенимдүү кулду да, аксакалдарды да жетектей берет. Ал жыйналышта баш-көз болгондор аркылуу бизди жетектеп жатканынан күмөн санабасак болот. w24.02 23, 24-б., 13, 14-абз.

Ишемби, 26-июль

Кудайдын сүйүктүү балдары катары андан үлгү алгыла (Эф. 5:1).

Бүгүнкү күндө Жахаба жөнүндө айтып жатканда жылуу сезимдерибиз, ага канчалык ыраазы экенибиз жана аны канчалык жакшы көрөрүбүз көрүнүп турса, ал сүйүнөт. Кызматта жүргөндө негизги максатыбыз — башкаларга да биздей болуп Жахабаны жакшы көргөнгө, ага жакындаганга түрткү берүү (Жкп. 4:8). Биз элге Жахабанын сүйүү, адилеттик, акылмандык, күч жана башка ушул сыяктуу өзүнө тартып турган сапаттары жөнүндө айтып бергенди жакшы көрөбүз. Ошондой эле Жахабаны туураганга аракет кылсак, аны даңктап, ага жага алабыз. Эгер ошентсек, башкалар биздин элден айырмаланып турарыбызды байкап, мунун себебин билгиси келиши мүмкүн (Мт. 5:14—16). Күнүмдүк турмушта башкалар менен мамилелешкенде эмне үчүн тигиндей же мындай кыларыбызды түшүндүрүп берсек болот. Натыйжада ак ниет адамдар Кудайга жакындаганга түрткү алат. Жахабаны ушундай жолдор менен даңктаганыбызда анын жүрөгүн кубантабыз (Тим. 1-к. 2:3, 4). w24.02 10-б., 7-абз.

Жекшемби, 27-июль

Башкаларды үндөй да,.. ашкерелей да алгыла (Тит 1:9).

Машаяктын рухий жактан жетилген жолдоочусу болуш үчүн кийин пайдасы тие турган нерселерди үйрөнүп алганыңар жакшы. Бул жыйналыштагы милдеттериңерди аткарганга, өзүңөргө же үй-бүлөңөргө кам көрүш үчүн жумуш тапканга жана башкалар менен жакшы мамиледе болгонго жардам берет. Мисалы жакшы окуганды, сабаттуу жазганды үйрөнгүлө. Ыйык Китепте Кудайдын Сөзүн күн сайын окуганга, окугандары тууралуу ой жүгүрткөнгө убакыт бөлгөн адамдын бактылуу болору жана ийгиликке жетери айтылат (Забур 1:1—3). Ыйык Китепти күндө окугандыктан ал Жахабанын ой жүгүртүүсүн түшүнө алат. Бул болсо тунук ой жүгүрткөнгө, окугандарын кантип колдонсо болорун түшүнгөнгө жардам берет (Накыл 1:3, 4). Анткени алар ишенимдештерин Кудайдын Сөзүндө айтылгандарга окутуп, туура кеңештерди бере алат. Эгер жакшы окусаңар жана сабаттуу жаза алсаңар, башкалардын ишенимин бекемдей турган маңыздуу баяндамаларды жана жоопторду даярдай аласыңар. Ошондой эле өздүк изилдөө жүргүзгөндө, жыйналыштан, жыйындан баяндамаларды укканда керектүү ойлорду жаза аласыңар. Аларды болсо өзүңөрдүн ишенимиңерди бекемдеш үчүн жана башкаларга дем-шык бериш үчүн колдонсоңор болот. w23.12 26, 27-б., 9—11-абз.

Дүйшөмбү, 28-июль

Силер менен биримдикте болгон Кудай бул дүйнө менен биримдикте болгон Ибилистен күчтүү (Жкн. 1-к. 4:4).

Коркунуч каптаганда Жахабанын келечекте Шайтан жок кылынганда эмнелерди кылары тууралуу ой жүгүрт. Эсиңде болуш керек, 2014-жылы өткөрүлгөн региондук жыйында бир демонстрация болгон. Анда келечек жөнүндө кантип ой жүгүртсөк болору көрсөтүлгөн. Бир үй-бүлө башчысы 2 Тиметей 3:1—5-аяттарда бейиш жөнүндө айтылган болсо, кантип окумактыгыбыз жөнүндө үй-бүлөсү менен сүйлөшкөн. Ал минтип окуп берген: «Жаңы заманда эң сонун күндөр болорун бил. Себеби адамдар башкаларды сүйгөн, чындыкты сүйгөн, жөнөкөй, момун, Кудайды даңктаган, ата-энесинин тилин алган, жакшылыкты баалаган, ишенимдүү, жакындарын сүйгөн, эпке-сөзгө келген, башкалар жөнүндө жалаң гана жакшы нерселерди сүйлөгөн, өзүн кармай билген, жумшак, жакшылык кылгысы келген, ишеничтүү, ылайыкташа билген, өзүн көтөрбөгөн, ырахаттын ордуна Кудайды сүйгөн, Кудайга берилгендигин иш жүзүндө көрсөткөн адамдар болушат. Ошондойлорго жабыш». Сен да жаңы заманда жашоо кандай болору жөнүндө үйүңдөгүлөр, ишенимдештериң менен сүйлөшүп турасыңбы? w24.01 6-б., 13, 14-абз.

Шейшемби, 29-июль

Мен сага ыраазымын (Лк. 3:22).

Жахабанын жалпы элин жакшы көрөрүн билгенибиз кандай гана жагымдуу! Ыйык Китепте да: «Жахаба өз элин жакшы көрөт»,— деп айтылат (Заб. 149:4). Бирок кээде айрымдар көңүлү чөгүп, өзүн эч кимге кереги жоктой сезгендиктен: «Жахаба мени жакшы көрөбү?» — деп ойлонушат. Байыркы учурда Жахабанын көптөгөн ишенимдүү кызматчыларынын да ошентип бушайман болгон учурлары болгон (Шем. 1-к. 1:6—10; Аюп 29:2, 4; Заб. 51:11). Ыйык Китепте жеткилең эмес адамдардын да Жахабага жага алары, аны кубанта алары айтылат. Ан үчүн эмне кылыш керек? Исага ишенерибизди иш жүзүндө көрсөтүп, чөмүлүшүбүз керек (Жкн. 3:16). Ошентсек, кылган күнөөлөрүбүз үчүн өкүнгөнүбүздү жана Кудайга анын эркин аткарам деп убада бергенибизди эл алдында көрсөтөбүз (Элч. 2:38; 3:19). Жахаба менен ынак болуш үчүн ушул кадамдарды жасап жатканыбызды көргөндө ал сүйүнөт. Чөмүлгөндө берген антыбызга бек турганга бүт күчүбүздү жумшасак, Жахаба бизге ыраазы болот жана ынак досу деп кабыл алат (Заб. 25:14). w24.03 26-б., 1, 2-абз.

Шаршемби, 30-июль

Биз уккан-көргөнүбүздү айтпай коё албайбыз (Элч. 4:20).

Бийликтегилер кабар айтканга тыюу салышса да, элчилерден үлгү алып, кабар айта беребиз. Жахаба бизге кабар айтуу ишин уланта бергенге көмөк көрсөтөрүнөн эч шектенбесек болот. Андыктан андан эр жүрөк болушубузду жана акылмандык беришин сурап тиленсек болот. Ошондой эле кыйынчылыктарга туруштук бергенге жардам сурашыбыз зарыл. Көптөрүбүз оору же эмоциялык кыйынчылыктар менен алпурушуп жатабыз. Балким, жакыныбыздан айрылгандырбыз. Же үй-бүлөдөгү көйгөйлөргө, куугунтукка же башка кыйынчылыктарга дуушар болуп жаткандырбыз. Булар аз келгенсип, пандемиялар жана согуштар жонубуздагы ушул жүктүн үстүнө дагы жүк кошуп жатат. Ошон үчүн Жахабага жүрөгүңөрдөгүнүн баарын төккүлө. Аны менен жакын досуңар менен сүйлөшкөндөй сүйлөшүп, жагдайыңарды айтып бергиле. Жахабанын силер үчүн «өзү иш-аракет кыларынан» түк да шектенбегиле (Заб. 37:3, 5). Тиленгенибизди токтотпогонубуз «кыйынчылыкка кабылганда туруктуу болгонго» жардам берет (Рим. 12:12). Жахаба кызматчыларынын эмнени башынан кечирип жатканын билет. Алардын «зарлаган үндөрүн угат» (Заб. 145:18, 19). w23.05 5, 6-б., 12—15-абз.

Бейшемби, 31-июль

Теңирге эмне жагарын баамдап биле бергиле (Эф. 5:10).

Олуттуу чечим чыгарарда «Жахабанын эрки» кандай экенин аңдаганга жана ошого ылайык иш кылганга умтулушубуз зарыл (Эф. 5:17). Жагдайыбызга тиешелүү Ыйык Китептеги принциптерди тапканда ошого карата Кудайдын оюн билгенге аракет кылган болобуз. Анан ошол принциптерди колдонгондо туура чечим чыгарарыбыз шексиз. Душманыбыз «кара өзгөй» Шайтан, Жахабага кызмат кылганга убактыбыз калбай калышы үчүн, көр оокат менен алагды кылгысы келет (Жкн. 1-к. 5:19).Сак болбосок, акча топтоп алайын, жогорку окуу жайында окуп, жакшы жумушта иштейин деп жатып Жахабага көбүрөөк кызмат кылганга түзүлгөн мүмкүнчүлүктөрдү колдон чыгарып жиберишибиз мүмкүн. Эгер ушул нерселерге умтулуп жатсак, анда бул — дүйнөнүн көз карашы бизге таасир этип жатканынын белгиси. Булардын жаман деле жери жок. Болгону алар эч качан жашообузда биринчи орунду ээлеп калбашы керек. w24.03 24-б., 16, 17-абз.

    Кыргызча адабияттар (1997-2025)
    Чыгуу
    Кирүү
    • кыргыз
    • Бөлүшүү
    • Жөндөө
    • Copyright © 2025 Күзөт мунарасы, Ыйык Китеп жана баракчалар коому (Пенсильвания)
    • Колдонуу шарттары
    • Купуялуулук саясаты
    • Колдонуу шарттарын жөндөө
    • JW.ORG
    • Кирүү
    Бөлүшүү