Күзөт мунарасынын ОНЛАЙН КИТЕПКАНАСЫ
Күзөт мунарасы
ОНЛАЙН КИТЕПКАНА
кыргыз
  • ЫЙЫК КИТЕП
  • АДАБИЯТТАР
  • ЖОЛУГУШУУЛАР
  • w99 1/2 8—12-бб.
  • Тиленүүңөр ‘жыпардайбы’?

Бул жерде видео жок.

Кечиресиз, ката кеткендиктен видео ойнотулбай жатат.

  • Тиленүүңөр ‘жыпардайбы’?
  • Күзөт мунарасы Жахабынын Падышалыгын жарыялайт—1999
  • Бөлүмчөлөр
  • Окшош материалдар
  • Ишеним менен айтылган тиленүүлөр
  • Иеговага мактоо жана алкыш айтуу
  • Жардам үчүн момундук менен Иеговага кайрылгыла
  • Тиленүүнү Ыйсадан үйрөнгүлө
  • Тиленүүлөрүңөргө жараша иш кылгыла
  • Тиленүү аркылуу Кудайга жакында
    Ыйык Китепте чынында эмне делет?
  • Тиленүү белегин баалагыла
    Күзөт мунарасы Жахабанын Падышалыгын жарыялайт—2022
  • Кудайдан тиленүү
    Ыйык Китептен эмнелерди билебиз?
  • Тиленүүнү угуучуга кантип жакындай алабыз?
    Күзөт мунарасы Жахабынын Падышалыгын жарыялайт—2006
Дагы башкасы
Күзөт мунарасы Жахабынын Падышалыгын жарыялайт—1999
w99 1/2 8—12-бб.

Тиленүүңөр ‘жыпардайбы’?

«Менин сыйынуум [«тиленүүм», СК] жыпар жытындай Сенин дидарыңа багытталсын» (ЗАБУР 140:2).

1, 2. Жыпардын түтөшү эмнени билдирет?

ИЕГОВА КУДАЙ Муса пайгамбарына Израилдин сыйынуу чатырында колдонууга ыйык жыпар даярдоону буюрган. Ал жыпар төрт жыттуу заттын аралашмасынан жасалчу (2 Муса 30:34—38). Анын жыты өзгөчө аңкып турган.

2 Израиль эли кирген Мыйзам келишими боюнча, жыпар күндө түтөтүлүп турушу керек эле (2 Муса 30:7, 8). Мунун кандайдыр бир өзгөчө мааниси бар беле? Ооба, забурчу мындай деп ырдаган: «[Иегова Кудай,] менин сыйынуум [«тиленүүм», СК] жыпар жытындай Сенин дидарыңа багытталсын, колдорумду жайганым — дигер курмандыгындай сага багышталсын» (Забур 140:2). Расул Иоанн өзүнүн Аян китебинде жыпарга толгон алтын аяктар менен Кудайдын асмандагы тактысынын тегерегинде тургандарды сүрөттөгөн. Шыктандырылган билдирүү боюнча, «булар [жыпарлар] касиеттүүлөрдүн сыйынышы [«тиленүүлөрү», СК] экен» (Аян 5:8). Демек, түтөп турган аңкыган жыпар — Иегованын кызматчыларынын күнү-түнү айтылган жагымдуу тиленүүлөрү (1 Фессалоникалыктар 3:10; Еврейлер 5:7).

3. Иегованын алдында тиленүүлөрүбүздү жыпардай кылууга эмне жардам берет?

3 Тиленүүлөрүбүз Кудайга жагымдуу болсун десек, биз ага Ыйса Машайыктын атынан тиленишибиз керек (Иоанн 16:23, 24). Бирок тиленүүлөрүбүздүн сапатын кантип жакшыртсак болот? Жазмадагы кээ бир мисалдардын үстүнөн ой жүгүрткөнүбүз тиленүүлөрүбүздү Иегованын алдында жыпардай кылууга жардам бериши керек (Аңгемелер 15:8).

Ишеним менен айтылган тиленүүлөр

4. Кудайга жаккан тиленүү менен ишенимдин ортосунда кандай байланыш бар?

4 Тиленүүлөрүбүз Кудайга аңкыган жыпардай болушу үчүн, ишеним менен тиленишибиз керек (Еврейлер 11:6). Жыйналыштын насаатчы агалары рухий жактан ооруган адамдын жардам кабыл алууга даяр экенин көрүшсө, алардын ‘ишеним сыйынуусу [«тиленүүсү», СК] оорууну айыктырат’ (Жакып 5:15). Ишеним менен айтылган тиленүүлөр жана Кудайдын Сөзүн тиленүү менен окуу асмандагы Атабызга жагымдуу. Забурчу: «Колдорумду өзүм сүйгөн Сенин осуяттарыңа сунам жана Сенин көрсөтмөлөрүңдү ойлоном. Ак ниет акылдуулук менен адептүүлүккө үйрөт мени; анткени мен Сенин осуяттарыңа ишенем»,— деп ырдап, Кудайга чын көңүлү менен кайрылган (Забур 118:48, 66). Келгиле, ‘колдорубузду сунуп’, момундукта тиленели жана Кудайдын осуяттарын аткаруу менен ишеним көрсөтөлү.

5. Бизге акылмандык жетишпесе, эмне кылышыбыз керек?

5 Мисалы, сыноолорго туруштук берүү үчүн, бизге акылмандык жетишпей турат дейли. Балким, ыйык китептик кайсы бир пайгамбарлыктын азыр аткарылып жатканына көзүбүз жетпей жаткандыр. Бул бизди рухий жактан басаңдатпаш үчүн, келгиле, акылмандык тууралуу тиленели (Галатиялыктар 5:7, 8; Жакып 1:5—8). Албетте, Кудай бизге кереметтүү түрдө жооп берет деп күтпөшүбүз керек. Кудайдын өз кызматчыларынан күткөн нерселерди жасап, тиленүүбүз чын жүрөктөн экенин көрсөтүшүбүз зарыл. Ыйык Жазманы «ишенимдүү жана эстүү кул» аркылуу берилип жаткан адабияттардын жардамы менен окуп, ишенимибизди бекемдөө кажет (Матфей 24:45—47, СК; Иса Навин 1:7, 8). Ошондой эле, Кудайдын элинин жыйналыш жолугушууларына үзгүлтүксүз катышып, билимибизди тереңдетишибиз керек (Еврейлер 10:24, 25).

6. а) Биз жашап жаткан убакытка жана ыйык китептик пайгамбарлыктардын аткарылышына байлыныштуу эмнелерди унутпашыбыз керек? б) Иегованын ысымынын ыйыкталышы тууралуу тиленгенибизге жараша эмне кылышыбыз керек?

6 Бүгүн Ыйсанын кээ бир жолдоочуларынын жеке кызыкчылыктарына жана мансапка умтулушканы ‘акыр заманда’ жашап жатканыбызды унутуп коюшканын билдирип турат (Даниил 12:4). Ыйсанын катышуусу 1914-жылы, Иегова аны асмандагы Падыша кылып дайындаганда башталганын жана эми ал душмандарынын арасында бийлик кылып атканын айгинелеп турган ыйык китептик далилдерге карата мындай адамдардын ишеними жандандырылып же бекемделип башташы тууралуу ишенимдештеринин тиленгени дурус (Забур 109:1, 2; Матфей 24:3). «Улуу Вавилон» аттуу жалган диндин кыйрашы, Иегованын элине каршы Магог жеринен Гог аттуу Шайтандын чабуул жасашы жана Армагеддон согушунда Кудуреттүү Кудайдын өз элин сактап калышы сыяктуу алдын ала айтылган окуялардын капысынан жана кыска мөөнөттүн ичинде болуп кетиши мүмкүн экенин бардыгыбыз түшүнүшүбүз керек (Аян 16:14, 16; 18:1—5; Иезекиил 38:18—23). Ошондуктан, рухий жактан сергек болуш үчүн, Кудайдан жардам сурайлы. Иеговадан анын аты ыйыкталсын, Падышалыгы келсин, анын эрки асманда кандай аткарылса, жерде да ошондой аткарылсын деп дайыма тилене берели. Ооба, ишеним көрсөтүп, чын жүрөктөн тиленип жатканыбызды далилдешибиз керек (Матфей 6:9, 10). Иегованы сүйгөндөрдүн баарына, адегенде Падышалыкты жана анын адилеттигин издеп, дүйнөнүн акыры келгенге чейин колдон келишинче жакшы кабар таратуу ишине катышуу зарыл (Матфей 6:33; 24:14).

Иеговага мактоо жана алкыш айтуу

7. Дөөттүн 1 Тарых 29:10—13-аяттардагы тиленүүсү бизге кандай таасир калтырат?

7 ‘Тиленүүлөрүбүз жыпардай’ болуш үчүн, биз Кудайды чын жүрөктөн мактап, ага ыраазычылыгыбызды билдиришибиз керек. Дөөт падыша жана израиль эли Иегованын ийбадатканасынын курулушуна акча-каражат жактан салым кошкондо, Иегованы мактап, ал ага ыраазычылыгын билдирип тиленген: «Израилдин Теңири, атабыздын Кудайы, кылымдан кылымдарга даңктуусуң! Кудуреттүүлүк да, улуулук да, даңаза да, жеңиш да, шаңдуулук да, жердеги менен көктөгү сонундардын баарысы Сеники, Теңир! Падышалык бийлик Сеники, Теңир, бардыгына Эгедер, бир Өзүң бардыгынан жогорусуң! Байлык да, атак-даңк да Сенин ажарыңдан келет, бардыгына Сен үстөм, күч-кубат да, кудурет да Сенин колуңда. Бардыгын колдоо, зоболосун көтөрүү, бекем тургузуу бир Өзүңдөн! Бүгүн биз Сени, Теңир, даңазалап ырдайбыз да ысымыңды мактап турабыз!» (1 Тарых 29:10—13).

8. а) Забур 148—150-баптардагы айрыкча кайсы сөздөр жүрөгүбүздү козгойт? б) Забур 26:4төгү сөздөр менен макул болсок, биз кандай иштерди жасайбыз?

8 Мактоону жана ыраазычылыкты көрсөтүп турган кандай сонун сөздөр! Тиленүүлөрүбүз мынчалык көркөмдүү болбосо да, чын жүрөктөн чыгышы керек. Забур китебинде ыраазычылыкты жана мактоону камтыган тиленүүлөр көп. Мактоо сөздөрүн Забур 148—150-баптардан тапса болот. Кудайга ыраазычылык да көптөгөн забурларда айтылат. Дөөт: «Теңирден мен бир гана нерсе сурангам, ошону гана издеп келем, өмүр бою Теңирдин турагында болгум келет; Теңирдин чырайлуу ырайым кызматына көзүм тоюп, анын ак ордосуна келип турсам дейм»,— деп ырдаган (Забур 26:4). Келгиле, ушундай тиленүүлөргө ылайык жүрүп, Иегованын жыйынынын бардык иштерине ынталуу катышалы (Забур 25:12). Жыйналыштын иштерине катышып, Кудайдын Сөзүнүн үстүнөн күн сайын ой жүгүртсөк, Иегованы чын дилден мактаганга жана ага ыраазычылыгыбызды билдиргенге себептер көп болот.

Жардам үчүн момундук менен Иеговага кайрылгыла

9. Аса падыша кантип тиленген жана натыйжасы кандай болгон?

9 Иеговага анын Күбөсү катары бүт жүрөгүбүз менен кызмат кылып жүрсөк, ал биздин жардам тууралуу тиленүүлөрүбүздү угарына толук ишене алабыз (Исаия 43:10—12). Мисалга Иудеянын Аса аттуу падышасын алалы. Анын 41 жыл башкаруусунун (б.з.ч. 977—937-жылдар) биринчи 10 жылы тынчтыкта өткөн. Анан ефиопиялык Зарай түмөндөгөн аскери менен Иудеяга кол салган. Аскеринин саны салыштырмалуу абдан аз болсо да, Аса өзүнүн адамдары менен баскынчыларга каршы көтөрүлөт. Чабышуу башталаар алдында Аса жан-дили менен тиленген. Ал Иегованын жардамы керек экенин түшүнгөн. Жардам жөнүндө жалбарып, падыша: «Биз сага таянабыз, биз Сенин урматыңа бул сансыз душманга каршы аттандык. Теңир! Сен биздин Кудайыбызсың, адам Сага каршы чыга албайт»,— деген. Натыйжада иудейлер толук жеңишке ээ болушкан жана Иегова өзүнүн улуу аты үчүн Иудеяны сактап калган (2 Тарых 14:1—15). Кудай бизди сыноолордон арылтабы, же болбосо аларга туруштук бергидей кылып бекемдейби, ал биздин жардам тууралуу жалбарууларыбызды угат.

10. Кандайдыр бир кыйынчылыктан кантип чыгарыбызды билбей калганда, Иосафаттын тиленүүсү бизге кантип жардам берет?

10 Кандайдыр бир кыйынчылыктан кантип чыгууну билбей турсак, жардам тууралуу өтүнүчтөрүбүздү Иегова угат деген ишеничте болсок болот. Буга далил Иудеяны б.з.ч. 936-жылдан бери 25 жыл башкарган Иосафат падышанын убагында берилген. Моавдар, аммондор жана Сеир тоосунда жашагандар биригип, Иудеяга каршы чыкканда, Иосафат: «Биздин Кудайыбыз! Буларды Өзүң жазала. Анткени бизди каптап келаткан быкылдаган бул кара топко каршы турууга биздин күчүбүз жетпейт, эмне кылуу керек, билбейбиз, бирок биздин бардыгер назарыбыз Сенде»,— деп жалынып-жалбарган. Момундук менен айтылган бул тиленүүгө жооп берип, Иегова Иудеяга болушуу менен душмандардын арасына бири-бирин өлтүргүдөй дүрбөлөң салган. Бул окуяны угушкан кошуна элдердин жүрөктөрү түшкөн, ал эми Иудеяда тынчтык орногон (2 Тарых 20:1—30). Кыйын абалдан чыгууга акылмандык жетишпей жаткан учурда Иосафатка окшоп: ‘Биз эмне кыларыбызды билбейбиз, биздин бардыгер назарыбыз Сенде’,— деп тиленсек болот. Кыйынчылыкты чечүү үчүн, ыйык рух Ыйык Китептен керектүү ойлорду эстөөгө жардам бериши мүмкүн, же Кудай бизге адам оюна келбеген жолдор менен жардам бере алат (Римдиктер 8:26, 27).

11. Неемиянын Иерусалим дубалын тургузгусу келгени жөнүндө тиленгенинен эмнеге үйрөнсөк болот?

11 Кудайга жардам тууралуу тиленгенде кээде тырышчаактык көрсөтүү керек. Неемия Иерусалимдин ураган дубалы жана Иудеянын тургундарынын өтө начар абалы жөнүндө ойлонуп кайгырган, ыйлаган, орозо кармап, бир нече күн тиленген (Неемия 1:1—11). Анын тиленүүлөрү акыры Кудайга аңкыган жыпардай жеткен. Бир күнү Персия падышасы Артаксеркс капалуу Неемиядан: «Эмне каалайсың?» — деп сураган. «[«Ошол замат», ЖД] мен асмандагы Кудайга жалындым»,— деп Неемия баяндайт. Ошол кыска жана ичтен айтылган тиленүүнү Кудай уккан. Неемиянын жүрөгүндөгү Иерусалимдин дубалын тургузуу каалоосу иш жүзүнө ашырылганга уруксат берилгенинен улам ушундай жыйынтыкка келсе болот (Неемия 2:1—8).

Тиленүүнү Ыйсадан үйрөнгүлө

12. Өз сөзүңөр менен Ыйсанын үлгүлүү тиленүүсүнүн негизги жерлерин кантип жыйынтыктайт элеңер?

12 Ыйык Китепте ар кандай тиленүүлөр жазылган, Ыйсанын аңкыган жыпардай болгон үлгүлүү тиленүүсү айрыкча көңүлгө аларлык. Луканын китебинде мындай деп жазылган: «Анын [Ыйсанын] шакирттеринин бири Ага: „Теңир! Иоанн өзүнүн шакирттерине кандай үйрөтсө, бизди да сыйынууга [«тиленүүгө», СК] ошондой үйрөт“,— деди. Ыйса аларга айтты: „Силер сыйынганда [«тиленгенде», СК], мындай дегиле: Асмандагы Атабыз! Сенин ысымың ыйык болсун; Сенин Падышалыгың келсин; Сенин эркиң асманда болгон сыяктуу, жерде да болсун; ар күнү зарыл ырыскыбызды бизге бер; биздин күнөөлөрүбүздү кечир, анткени биз да бизге карыздардын ар кимисине кечиребиз; бизди азгырууга дуушар кылба“» (Лука 11:1—4; Матфей 6:9—13). Келгиле, бул тиленүүгө токтолуп, аны жаттоо үчүн эмес, жетекчилик катары карап чыгалы.

13. «Асмандагы Атабыз! Сенин ысымың ыйык болсун» деген сөздөрдү кантип түшүндүрүп берет элеңер?

13 «Асмандагы Атабыз! Сенин ысымың ыйык болсун». Кудайдын арналган кызматчылары үчүн Иеговага Атабыз деп кайрылышканы — өзгөчө артыкчылык. Мээримдүү атасына тартынбай кайрылган балдарга окшоп, Кудайга урматтоо жана сыйлоо сезими менен тиленүү үчүн, убакыт бөлүү керек (Забур 102:13, 14). Биздин тиленүүлөрүбүз Иегованын ысымынын ыйыкталышын каалаганыбызды көрсөтүп турушу керек, себеби анын ысымынын бардык жалаалардан тазаланышын чыдамсыздык менен күтөбүз. Ооба, Иегованын ысымы ыйык, касиеттүү тутулушун каалайбыз (Забур 5:12; 62:4, 5; 148:12, 13; Иезекиил 38:23).

14. «Сенин Падышалыгың келсин» деп тиленүү эмнени билдирет?

14 «Сенин падышалыгың келсин». Падышалык — Иегованын асмандагы Машайыктык өкмөт аркылуу башкаруусу, ошол өкмөттү анын Уулу жана «касиеттүүлөр» жетектешет (Даниил 7:13, 14, 18, 27; Аян 20:6). Бул падышалык Кудайдын бийлигине каршы чыккандардын бардык аракеттерине карабастан ‘келет’, алар жер жүзүнөн биротоло жок кылынат (Даниил 2:44). Ошондо Иегованын эрки асманда кандай аткарылып жатса, жерде да ошондой аткарылат (Матфей 6:10). Ааламдын Эгедерине берилип кызмат кылып жүргөндөрдүн баарына бул кандай кубаныч алып келет!

15. «Ар күнү зарыл ырыскыбызды бизге бер» деп Иеговадан сураганыбыз эмнени билдирет?

15 «Ар күнү зарыл ырыскыбызды бизге бер». ‘Ар күнгө’ дегенибиз Кудайдан дүйүм тамак эмес, күнүмдүк керектөөлөрүбүздү гана сураганыбызды көрсөтүп турат. Кудайдын бизге кам көрөрүнө ишенсек да, биз иштейбиз; тамак-аш жана башка керектүү нерселер менен өзүбүздү камсыздандыруу үчүн, мүмкүн болушунча бардык жолдорду колдонобуз (2 Фессалоникалыктар 3:7—10). Албетте, сүйүүсү, акылмандыгы жана кудурети менен бизге кам көрүп жаткан асмандагы Камкор Атабызга алкыш айтышыбыз керек (Расул 14:15—17).

16. Кудай бизди кайсы учурда кечирет?

16 «Биздин күнөөлөрүбүздү кечир, анткени биз да бизге карыздардын ар кимисине кечиребиз». Жеткилең эмес жана күнөөлүү болгондуктан, биз Иегованын жеткилең талаптарын толук аткара албайбыз. Ошондуктан Кудайдын кечирүүсү тууралуу Ыйсанын куткаруу курмандыгынын негизинде тиленишибиз керек. «Тиленүүнүн Угуучусу» биздин күнөөлөрүбүзгө ошо курмандыктын баасын колдонсун десек, жасаган күнөөлөрүбүз үчүн өкүнүп, бардык тарбиялоо чараларын даярдык менен кабыл алышыбыз керек (Забур 65:2, ЖД; Римдиктер 5:8; 6:23; Еврейлер 12:4—11). Андан тышкары, бизге каршы күнөө жасап ‘карыз болгондордун’ күнөөлөрүн кечирген учурда гана, Кудай бизди кечирет (Матфей 6:12, 14, 15).

17. «Бизди азгырууга дуушар кылба» деген сөздөрдү кантип түшүнсө болот?

17 «Бизди азгырууга дуушар кылба». Кээде Ыйык Китепте кандайдыр бир нерсени Иегова жасайт деп айтылса да, ал ага болгону жол берет (Руф 1:20, 21). Кудай бизди сынабайт жана күнөөгө түртпөйт (Жакып 1:13). Күнөө кылууга Шайтан, күнөөлүү денебиз жана дүйнө түрткү берет. Шайтан — бизди Кудайга каршы күнөө жасатууга азгырган Азыткы (Матфей 4:3; 1 Фессалоникалыктар 3:5). «Бизди азгырууга дуушар кылба» деп кайрылганда, биз Кудайдан күнөөгө азгырылып кетишибизге жана тилазар болуп калышыбызга жол бербешин суранабыз. Кудай бизди Шайтанга, «каардуу душманга», жем болуп калбагыдай жана алдатпагыдай кылып жетектей алат (Матфей 6:13; 1 Коринфтиктер 10:13).

Тиленүүлөрүңөргө жараша иш кылгыла

18. Бактылуу нике жана үй-бүлөлүк турмуш жөнүндөгү тиленүүлөрүбүзгө жараша кандай иштерди жасай алабыз?

18 Ыйсанын үлгүлүү тиленүүсү негизги нерселерди камтыйт, бирок биз башка нерселер жөнүндө да тиленсек болот. Мисалы, бактылуу үй-бүлө кургубуз келгени жөнүндө. Үй-бүлө курганга чейин ахлактыкты сактоо үчүн, өзүн өзү кармоо сапаты жөнүндө тиленүүгө болот. Келгиле анда, бузукулукка түрткү берген адабияттардан жана көңүл ачуулардан качып, тиленүүлөрүбүзгө жараша иш кылалы. Ошондой эле ‘Теңирде гана никелешели’ (1 Коринфтиктер 7:39; 5 Муса 7:3, 4). Үй-бүлө кургандан кийин, Кудайдын кеңештерин колдонуп, үй-бүлө бактысы тууралуу тиленгенибизге жараша иш кылышыбыз керек. Ал эми бала-чакалуу болсок, алар Иегованын ишенимдүү кызматчылары болсун деп тиленгенибиз аздык кылат. Ыйык Китепти бирге окуп жана Ыйсанын жолдоочуларынын жолугушууларына дайыма катышып, балдардын аң-сезимине Кудайдын чындыгын сиңдириш үчүн, бардык аракеттерибизди жумшашыбыз керек (5 Муса 6:5—9; 31:12; Аңгемелер 22:6).

19. Кудайга кызмат кылуу жөнүндө тиленсек, эмне кылышыбыз керек?

19 Кызматта баталарга жетүү жөнүндө тиленесиңерби? Анда Падышалыктын кабар таратуу ишинде жигердүү болуп, мындай тиленүүлөргө жараша иш кылалы. Башкаларга түбөлүк өмүргө жол көрсөтүү мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө тиленсек, кызыгуучу адамдар жөнүндөгү маалыматтарды иреттүү жазып, ыйык китептик изилдөөлөрдү өткөрүүгө даяр болушубуз керек. Пионер — толук убакыттагы кызматчы — болгубуз келсечи? Анда тиленүүлөрүбүзгө жараша, кабар айтууга көбүрөөк катышып, пионерлер менен кызматташалы. Мындай кадамдар тиленүүлөрүбүзгө жараша иш кылып жатканыбызды көрсөтөт.

20. Эмки макалада эмнелер каралат?

20 Иеговага ишенимдүү кызмат кылсак, анын эркине туура келген тиленүүлөрүбүзгө ал жооп берерине биз толук ишене алабыз (1 Иоанн 5:14, 15). Ыйык Китептеги кээ бир тиленүүлөрдү карап чыгып, пайдалуу нерселерди тапканыбыз шексиз. Иегованын алдында тиленүүлөрүн жыпардай кылгысы келгендер үчүн эмки макалада ыйык китептик башка көрсөтмөлөр каралат.

Эмне деп жооп бересиңер?

◻ Эмне үчүн ишеним менен тиленишибиз керек?

◻ Тиленүүлөрүбүздө мактоо жана ыраазычылык кандай ролду ойношу керек?

◻ Тиленгенде эмне үчүн Иегованын жардамына толук ишенсек болот?

◻ Ыйсанын үлгүлүү тиленүүсүнүн негизги жерлери кайсылар?

◻ Канткенде тиленүүлөрүбүзгө жараша иш кылган болобуз?

[10-беттеги сүрөт]

Кээде Иосафатка окшоп: ‘Биз эмне кыларыбызды билбейбиз, биздин бардыгер назарыбыз Сенде’,— деп тиленишибиз керек.

[11-беттеги сүрөт]

Силер Ыйсанын үлгүлүү тиленүүсүнө ылайык тиленесиңерби?

    Кыргызча адабияттар (1997-2025)
    Чыгуу
    Кирүү
    • кыргыз
    • Бөлүшүү
    • Жөндөө
    • Copyright © 2025 Күзөт мунарасы, Ыйык Китеп жана баракчалар коому (Пенсильвания)
    • Колдонуу шарттары
    • Купуялуулук саясаты
    • Колдонуу шарттарын жөндөө
    • JW.ORG
    • Кирүү
    Бөлүшүү