«Менин моюнтуругумду алгыла»
1 Кысымга, коркунучка толгон бул дүйнөдө Ыйсанын сүйүүгө толгон чакырыгын кабыл алуу менен биз чыныгы жубатуу алабыз. Ал бизди сергитерлик моюнтуругун алууга чакырган (Мт. 11:29, 30). Ыйсанын шакирти катары анын моюнтуругун алуу бир чети оор, бир чети сергитерлик ишке катышууну камтыйт. Буга Падышалык жөнүндө жакшы кабар таратуу жана башкаларга биз менен чогуу Ыйсанын ыңгайлуу моюнтуругунан сергитүү алууга жардам берүү кирет (Мт. 24:14; 28:19, 20).
2 Сергитерлик кызмат. Ыйса жолдоочуларынан өздөрүнүн жүгүнө анын жүгүн кошуп көтөрүүнү талап кылган эмес. Тескерисинче, ал шакирттерин оор жүгүн өзүнүн жеңил жүгүнө алмаштырууга чакырган. Биз тынчсыздануулардын, үмүтсүздүктүн айынан түйшүк тартпайбыз, ошондой эле бүгүн бар, эртең жок боло турган байлык үчүн жашабайбыз (Лк. 21:34; 1 Тим. 6:17). Күнүмдүк муктаждыктарыбызды канааттандыруу үчүн иштесек да, Кудайга сыйынуу жашообузда алгачкы орунда турат (Мт. 6:33). Жашоодо эмне баарынан маанилүү экенин унутпасак, кызматыбыз биз үчүн жүк болбойт, тескерисинче, дайыма сергитет (Флп. 1:10).
3 Адатта, жүрөгүбүзгө жаккан нерселер тууралуу сүйлөшүү бизге кубаныч тартуулайт (Лк. 6:45). Ыйсанын бардык жолдоочуларына Жахаба жана анын Падышалыгы алып келе турган баталар жөнүндө айтуу да жагымдуу. Ошондуктан кызматта жүргөндө күнүмдүк кыйынчылыктарыбызды унутуп, «тынчтык тууралуу Жакшы Кабарды» жарыялоо бизди кандай гана сергитет! (Рим. 10:15). Ырас, бир ишти кайра-кайра жасоо тажрыйбалуураак болууга, андан көбүрөөк кубаныч алууга шарт түзөт. Анын сыңарындай, кызматка канчалык көп убакыт бөлсөк, бул бизди ошончолук сергитет. Ошондой эле адамдардын жакшы кабарга кулак какканын көрүү бизди абдан кубандырат (Элч. 15:3). Кабар айтууда кошкөңүлдүккө же каршылыкка кабылсак да, жумшаган аракетибиз Жахабага жагарын жана анын батасы менен ийгиликке жетерибизди унутпасак, кызматыбыз бизди чындап сергитет! (Элч. 5:41; 1 Кор. 3:9).
4 Биз Ыйсанын чакырыгын кабыл алуу менен Жахабанын Күбөлөрү катары Ыйса менен ийиндеш кызмат кылуу сыймыгына ээ болуп жатабыз (Ыш. 43:10; Аян 1:5). Эч нерсе мынчалык сергите албайт!