Ырайым көрсөтүүдө Иегованы туурагыла
«Мына ошентип, Атаңар кандай ырайымдуу болсо, силер да ошондой ырайымдуу болгула» (ЛУКА 6:36).
1. Ырайымсыз болушканын фарисейлер кантип көрсөтүшкөн?
АДАМДАР Кудайдын образы боюнча жаратылышса да, алар көп учурда Кудайдай ырайымдуу боло алышпайт (1 Муса 1:27). Мисалга фарисейлерди алалы. Ырайымдуулук көрсөтүп, Ыйса колу куурап калган бир кишини ишемби күнү айыктырганда, фарисейлер кубанышкан эмес. Анын ордуна «кандайча Аны [Ыйсаны] өлтүрүү керек деп» кеңешишкен (Матфей 12:9—14). Башка бир жолу Ыйса тубаса сокурду айыктырат. Ошондо да «фарисейлердин кээ бирөөлөрү» Ыйсанын боорукер экенине кубанышпай: «Бул Киши Кудайдан эмес, анткени ишемби күнүн сактабайт»,— деп наалышкан (Иоанн 9:1—7, 16).
2, 3. ‘Фарисейлердин ачыткысынан сактангыла’ деп, Ыйса эмнени айткысы келген?
2 Фарисейлердин таш боорлугу адамдарга каршы кылмышкерлик жана Кудайдын алдында күнөө катары эсептелген (Иоанн 9:39—41). Мына ошондуктан Ыйса окуучуларын фарисейлерге жана саддукейлерге окшогон башка дин топторунун ‘ачыткысынан сактанууга’ чакырган (Матфей 16:6). Ыйык Китепте ачыткы күнөөнүн же бузулгандыктын белгиси катары колдонулат. Ошондуктан Ыйса ‘окумуштуулардын жана фарисейлердин’ окутуулары таза сыйынууну бузуп салары жөнүндө айткан. Кантип? Кудайдын Мыйзамын өздөрүнүн эрежелери жана каада-салттары аркылуу гана кароого үйрөтүшүп, «заңдын негизгисин», анын ичинде ырайымдуулукту жокко чыгарышкан (Матфей 23:23). Каада-салттарга негизделген мындай дин Кудайга болгон сыйынууну чыдагыс түйшүккө айландырган.
3 Ысырапчы жөнүндөгү каймана аңгеменин экинчи бөлүгүндө Ыйса иудей дин жетекчилеринин туура эмес ой жүгүртүүлөрүн ашкерелеген. Каймана аңгемедеги Иегованы билдирип турган ата өкүнгөн уулун абдан кечиргиси келген. Бирок «фарисейлерди жана окуумуштууларды» билдирип турган тун уул болгон окуяга таптакыр башкача мамиле жасаган (Лука 15:2).
Агасынын ачуулануусу
4, 5. Ысырапчынын агасы кандай мааниде «адашкан»?
4 «Анын тун уулу талаада эле; кайра кайтып, үйүнө жакындаганда, ырларды жана шаттанууларды укту; Жана бир кулун чакырып: “Бул эмне деген?“ — деп сурады. Ал ага: “Сенин иниң келди, жана атаң аны аман-эсен көргөнү үчүн, борго байланган торпокту сойду“,— деп айтты. Ал ачууланып, үйгө киргиси келбеди» (Лука 15:25—28).
5 Бирок ысырапчыдан башкасы дагы өзгөрүлүүгө муктаж болгон. Бир эмгекте: «Бул жерде эки бир тууган тең адашкан; кичүүсүнө акыйкаттуулук жетпеген, улуусу болсо өзүн ашыкча акыйкаттуу сезген»,— деп айтылат. Агасынын кубанмак түгүл, ‘ачууланганына’ көңүл бурсаңар. «Ачуулануу» деген грек сөзүнүн уңгусу адамдын заматта кыжырланганын гана эмес, ошол рухтун дайыма болорун көрсөтүп турат. Ошондуктан катуу нааразыланган тун уул үйдү таштабашы керек болгон адамдын кайтып келишин белгилөө орунсуз деген.
6. Тун уул кимди билдирип турат жана эмнеликтен?
6 Тун уул Ыйсанын күнөөлүү адамдарга ырайым көрсөткөнүнө жана көңүл бурганына нааразы болгон адамдарды билдирип турат. Ыйсанын ырайымдуулугу өздөрүн акыйкатуу сезген ошол адамдардын жүрөктөрүнө таасир тийгизбеген; күнөөлүү адамдардын кечирилишине байланыштуу асмандагы кубанычты да чагылдырышкан эмес. Анын ордуна Ыйсанын ырайымдуулугу алардын кыжырын келтирген жана алар жүрөктөрүндө ‘жамандыкты ойлой’ башташкан (Матфей 9:2—4). Бир жолу кээ бир фарисейлер ушунчалык катуу кыжырланышкандыктан, Ыйса айыктырган адамды чакырышып, кыязы, динден чыгаруу менен аны синагогадан «кууп жиберишкен» (Иоанн 9:22, 34). Үйгө ‘киргиси келбеген’ тун уулга окшоп, иудей дин жетекчилери ‘сүйүнгөндөр менен сүйүнгөндү’ каалашкан эмес (Римдиктер 12:15). Ыйса каймана аңгемесинде алардын жаман ойлорун ашкерелеген.
Жаңылыш бүтүм
7, 8. а) Тун уулдун чыныгы уул болуу эмне экенин түшүнбөгөнү кайдан көрүнүп турат? б) Тун уул кайсы жактан атасына окшош болбогон?
7 «Атасы сыртка чыгып, аны чакырды. Бирок ал жооп катарында атасына: „Мына, мен канча жылдан бери сага кызмат кылып, бир да жолу буйругуңду бузбадым: бирок сен эч качан, менин досторум менен көңүл ачууга, мага улак да бербедиң. Ал эми, мал-мүлкүңдү аягы суюк аялдар менен сарп кылып жоготкон бул уулуң келсе, сен ага борго байланган торпокту сойдуң“,— деп айтты» (Лука 15:28—30).
8 Бул сөздөр тун уулдун чыныгы уул болуу эмне экенин түшүнбөгөнүн айкындап турат. Ал атасына жалданып иштеген адамдай кызмат кылган. Ал атасына: ‘Мен... кызмат кылып жатам’,— деген. Чын эле, тун уул эч качан атасынын үйүн таштаган эмес же атасынын сөзүн эки кылбаган. Бирок анын баш ийүүсү сүйүүгө негизделди беле? Ал атасына кызмат кылганынан кубаныч тапчу беле же «талаада» кызмат кылып жүргөнү менен гана жакшы уулмун деп, өзүнө ыраазы болду беле? Эгерде ал чындап берилген уул болсо, эмне үчүн атасы менен тилектеш болгон эмес? Ырайым көрсөтүү мүмкүнчүлүгү пайда болгондо, эмне үчүн ал инисине боор ооруган жок? (Салыштыргыла Забур 49:20—22.)
9. Иудей дин башчылары менен тун уулдун ортосундагы окшоштукту түшүндүрүп бергиле.
9 Иудей дин башчылары тун уулга окшош болушкан. Алар мыйзамдын эрежелерин кылдаттык менен аткарышкандыктан, өздөрүн Кудайга берилген адамдарданбыз деп эсептешкен. Ырас, баш ийүү маанилүү (1 Падышалык 15:22). Бирок алар мыйзамдын иштерин аткарууга ашыкча көңүл бурушкандыктан, Кудайга сыйынуу чыныгы рухийликке негизделбестен, көрүнүшкө же сыртынан динге берилип көрүнгөн түргө айланган. Алардын акыл-эсин каада-салттар ээлеген. Жүрөктөрүндө сүйүү калбай калган. Алар жөнөкөй элди таман астындагы чаң катары эсептешкен, атүгүл аларды «каргыш тийген [эл]» деп аташчу (Иоанн 7:49). Ошол таш боор дин башчыларынын кылган иштери Кудайды кантип кубандырмак эле? (Матфей 15:7, 8).
10. а) «Курман чалуу эмес, ырайым кылууну каалайм» деген сөздөр эмне үчүн орундуу эле? б) Кимдир бирөөлөрдө ырайымдуулук жок болсо, бул канчалык олуттуу?
10 Ыйса фарисейлерге мындай деген: «Барып: „Курман чалуу эмес, ырайым кылууну каалайм“,— дегендин мааниси эмне экенин үйрөнгүлө» (Матфей 9:13; Осия 6:6). Алар эң маанилүү нерсени — курмандыктары ырайымы жок кылынса курулай болмоктугун — түшүнүшкөн эмес. Бул чын эле олуттуу нерсе, себеби, Ыйык Китеп боюнча, «ырайымсыздар» Кудай «өлүмгө татыктуу» деп эсептеген адамдардын санына киришет (Римдиктер 1:31, 32). Ошондуктан дин башчылар тобу биротоло жок болууга белгиленгени жөнүндө Ыйсанын айтканы таң калыштуу эмес. Мындай каардуу өкүм алардын таш боорлугунун негизинде чыгарылса керек (Матфей 23:33). Бирок ошол адамдардын кээ бирине дагы жардам берүүгө болмок. Каймана аңгемесинин аягында Ыйса ошол иудейлердин ой жүгүртүүлөрүн атасынын тун уулуна айткан сөздөрү менен оңдоого аракет жасаган. Эмне дегенин карап көрөлү.
Атасынын ырайымы
11, 12. Ыйсанын каймана аңгемесиндеги тун уулду оң жолго салуу үчүн атасы кандай аракет жасаган жана анын «иниң» деп айтканы эмне үчүн маанилүү?
11 «Атасы ага: „Менин уулум! Сен дайыма мени мененсиң жана менин бардык мүлкүм сеники; ал эми иниңдин келгенине кубанып, көңүл ачуу керек, анткени сенин ушул иниң өлүп, кайра тирилди, жоголуп — табылды“,— деди» (Лука 15:31, 32).
12 Атасынын «иниң» деп айтканына көңүл бурсаңар. Эмне үчүн ал ушул сөздү колдонгон? Тун уулунун атасына берген жообун эстесек, ал өз инисин «иним» дебей, «бул уулуң» деген. Ал иниси менен болгон бир туугандык байланышты капарына алгысы келген эмес. Ошондо атасы тун уулуна, мүмкүн, мындай дегендир: «Бул менин гана уулум эмес, ал сенин да боордошуң, сенин денең, сенин каның. Анын кайтып келгенине кубанууга сенде себеп бар!» Ыйсанын ою иудей дин башчыларына түшүнүктүү болушу керек эле. Алар жек көргөн күнөөкөрлөр, чындап келгенде, алардын боордоштору эле. Ооба, «жакшылык кылып, күнөө кылбаган адилеттүү адам жер үстүндө жок» (Үгүтчү 7:20). Демек, көрүнүктүү абалды ээлеген иудейлерде күнөөлүү адамдардын өкүнүшкөнүнө кубанууга негиз бар эле.
13. Ыйсанын аңгемени күтүлбөгөн жерден бүтүрүп салганы кандай орундуу суроону туудурат?
13 Ыйса каймана аңгемесин атасынын жогоруда айтылган сөздөрүнөн кийин күтүлбөгөн жерден үзгөн. Ыйса каймана аңгеменин аягын угуучулар акырына чейин өздөрү ойлонсун десе керек. Тун уул кандай жооп берген болсо да, Ыйсаны ар бир угуучусунун алдында: «Күнөөлүү адамдын өкүнгөндүгү үчүн асмандагы кубанычка мен кошуламынбы?» — деген суроо турган. Ыйсанын бүгүнкү жолдоочуларында бул суроого жооп берип жаткандарын көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк бар. Кантип?
Ырайым көрсөтүүдө Кудайды тууроо
14. а) Павелдин Ефесалыктар 5:1деги кеңешин ырайымдуулук көрсөтүүдө кантип колдоно алабыз? б) Кудайдын ырайымдуулугу тууралуу кандай туура эмес көз караштан алыс болушубуз керек?
14 Павел ефесалыктарды: «Сүйүктүү балдар сыяктуу Кудайды туурагыла»,— деп чакырган (Ефесалыктар 5:1). Демек, биз Ыйсанын жолдоочулары болгондуктан, Кудайдын ырайымдуулугун баалап, жүрөгүбүздүн түпкүрүнө салып, аны башкаларга мамиле кылууда көрсөтүшүбүз керек. Бирок этият болуу да керек. Кудайдын ырайымдуулугу күнөөгө жол берүү дегенди билдирбейт. Мисалы, кээ бирөөлөр терең ойлонбостон: «Эгерде күнөө жасасам да, Кудайдан ар дайым кечирим сурай алам, ошондо ал мени кечирет»,— дешеттир. Мындай көз караш, Ыйык Китептин жазуучуларынын бири Иуда айткандай, «биздин Кудайыбыздын ырайымын алар шылтоо кылып, бузуктукка» алып барат (Иуда 4). Иегова ырайымдуу болсо да, ал өкүнбөгөндөрдү ‘жазалоосуз калтырбайт’ (2 Муса 34:7; Салыштыргыла Иса Навин 24:19; 1 Иоанн 5:16.).
15. Ырайымдуулук көрсөтүүдө эмне үчүн айрыкча насаатчы агаларга тең салмактуулук керек? б) Насаатчы агалар, бир жагынан, атайлап жасалган күнөөлөрдү жактырышпаса, экинчи жагынан, кандай аракеттерди жасашы керек жана эмне үчүн?
15 Ошондой эле, күнөөлөрүн мойнуна алып, чын жүрөктөн өкүнгөн адамдарга ырайымсыз болуудан жана аларды ыгы жок соттоодон да алыс болушубуз керек (2 Коринфтиктер 7:11). Насаатчы агаларга Иегованын койлорун көзөмөлдөө иши тапшырылгандыктан, айрыкча укуктук суроолорду чечүүдө алардын тең салмактуу болушканы маанилүү. Ыйсанын жолдоочуларынын жыйналышы таза болушу керек, ошондуктан ал Ыйык Китептин негизинде ‘бузулганды... чыгарууга,’ же болбосо, пикирлешүүдөн четтетүүгө укуктуу (1 Коринфтиктер 5:11—13). Ошол эле учурда, эгерде бул үчүн негиз болсо, ырайымдуулук көрсөтүү жакшы. Насаатчы агалар атайлап жасалган күнөөнү көргүсү келбесе да, адилеттүүлүктүн чегинен чыкпай, сүйүү жана ырайымдуулук көрсөтүүгө аракеттенишет. Ыйык Китептеги: «Ырайым кылбаган адамга соттун ырайымсыз өкүмү болот; ырайымдуулук болсо соттун үстүнө чоң ийгиликке чыгат»,— деген принцип дайыма алардын эсинде (Жакып 2:13; Аңгемелер 19:17; Матфей 5:7).
16. а) Адашкандардын кайтып келишин Иегова эңсеп жатканын Ыйык Китептин жардамы менен көрсөтүп бергиле. б) Өкүнгөндөрдүн кайтып келишин каалап жатканыбызды кантип көрсөтө алабыз?
16 Ысырапчы жөнүндөгү каймана аңгеме адашып жүргөндөрдүн кайтып келишин Иегова эңсеп жатканын айкын көрсөтүп турат. Иегова алардын акыркы үмүтү өчкөнгө чейин кайтып келишин күтүп турат (Иезекиил 33:11; Малахия 3:7; Римдиктер 2:4, 5; 2 Пётр 3:9). Каймана аңгемедеги атага окшоп, Иегова кайтып келгендерди үй-бүлөнүн толук укуктуу мүчөлөрү катары кабыл алып, аларга урмат көрсөтөт. Бул жактан силер Иегованы туурап жатасыңарбы? Кайсы бир ишенимдештин пикирлешүүдөн четтетилип, бир нече убакыттан кийин кайра кабыл алынганына кандай карайсыңар? Мындай окуя ‘асмандагыларга... кубаныч’ алып келерин билдик (Лука 15:7). Бирок мындай кубаныч жерде, силердин жыйналышыңарда жана силердин жүрөгүңөрдө болобу? Же Кудайдын үйүрүн таштабашы керек болгон адамга урмат көрсөтүлсө, каймана аңгемедеги тун уулга окшоп, нааразы болосуңарбы?
17. а) Биринчи кылымдагы Коринфте кандай абал пайда болгон жана аны чечүү үчүн жыйналыштагыларга Павел кандай кеңеш берген? б) Эмне үчүн Павелдин кеңеши пайдалуу эле жана аны бүгүн кантип колдоно алабыз? (27-беттеги рамканы да карагыла.)
17 Бул жактан өзүбүздү текшериш үчүн, б.з. 55-жылына жакын Коринф шаарында эмне болгонун карап көрөлү. Ал жерде жыйналыштан чыгарылган бир адам турмушун адеп-ахлактык жактан оңогон. Бир туугандар ага кандай мамиле жасашкан? Өкүнгөнүнө шек санап, алар андан оолак болууга тийиш беле? Тескерисинче, Павел коринфтиктерден: «Ал өтө катуу капага чөмүлүп кетпесин деп, силер аны кечирип, сооротушуңар керек. Ошон үчүн аны сүйүүңөрдү суранам»,— деп өтүнгөн (2 Коринфтиктер 2:7, 8). Негизи өкүнүшкөн адамдар уялганга жана үмүт үзгөнгө жакын болушат. Ошондуктан аларды бир туугандар жана Иегова сүйөрүнө ынандыруу керек (Иеремия 31:3; Римдиктер 1:12). Бул абдан маанилүү. Эмне үчүн?
18, 19. а) Коринфтиктер өтө эле кечиримдүү болушканын кантип көрсөтүшкөн? б) Коринфтиктердин кечиримдүү болушпагандыгын Шайтан кантип колдонмок?
18 Кечиримдүү болуунун дагы бир себебин Павел: «Ошентип шайтан бизге зыян келтирбесин; себеби бизге анын арам ойлору жашыруун эмес»,— деп айтып кеткен (2 Коринфтиктер 2:11). Муну менен Павел эмне айткысы келген? Коринфтеги жыйналышка жазган биринчи катында Павел аларды күнөөлөргө өтө эле кечиримдүү болушканы үчүн ашкерелеген. Коринфтегилер ошол күнөөлүү адамдын жазаланбастан күнөө кыла беришине жол беришкен. Жыйналыш мүчөлөрү, айрыкча насаатчы агалар мындай иштерге жол берип, жыйналыштын беделин түшүрүшкөнү менен Шайтанды кубандырышкан (1 Коринфтиктер 5:1—5).
19 Эгерде коринфтиктер башка көз карашта болушуп, өкүнгөндөргө кечиримдүү болушпаса, Шайтан анда өз максатына башка жол менен жетмек. Кантип? Шайтан коринфтиктерди каардуу жана ырайымсыз болууга түртмөк. Эгерде өкүнгөн адамдар «кайгыга өтө эле чөгүп кетсе» же Ыйык Китептин бир котормосуна («Today’s English Version») ылайык, «кайгыга чөккөндүктөн биротоло үмүт үзүшсө», насаатчы агалар Иегованын алдында жооп беришмек. (Салыштыргыла Иезекиил 34:6; Жакып 3:1.) Өз окуучуларын ‘кичинелердин бирин азгыруудан’ алыс болууга чакыргандан кийин, Ыйса: «Өзүңөрдү байкап көргүлө. Эгер өз бир тууганың сага каршы күнөө кылса, эскертип айт; эгерде ал тобо кылса, аны кечир»,— деп айтканa (Лука 17:1—4).
20. Күнөөлүү адам өкүнгөндө, асмандагылардын жана жердегилердин кубанычы эмнеден көрүнөт?
20 Жыл сайын таза сыйынууга миңдеген адамдар кайтып келишип, Иегованын ырайымына ыраазы болушууда. Бир ишенимдеш өзүнүн кайтып келгендиги тууралуу мындай дейт: «Жашоомдо ушунчалык бактылуу болгон эмесмин». Албетте, анын кубанычына периштелер да кошулушат. Күнөөлүү адам өкүнгөндө, асмандагыдай кубаныч бизде да болсун (Лука 15:7). Ошентүү менен биз ырайым көрсөтүүдө Иегованы туурай алабыз.
[Шилтеме]
a Коринфтеги күнөөлүү адам жыйналышка тез эле кайра кабыл алынган болсо да, бул пикирлешүүдөн четтетүүнүн бардык эле учурларында андай боло беришин билдирбейт. Ар бир иштин өзгөчөлүктөрү бар. Кээ бир күнөөкөрлөр жыйналыштан чыгарылгандан кийин эле чын жүрөктөн өкүнө башташат. Башкалар үчүн бир далай убакыт өтүшү керек. Бирок бардык учурда кайра кабыл алынгандар Кудайдын алдында күнөө кылганы үчүн кайгырып, мүмкүн болсо, өкүнгөнүн иши менен далилдеши керек (Расул 26:20; 2 Коринфтиктер 7:11).
Кайталоо
◻ Тун уул иудей дин башчыларына эмнеси менен окшош?
◻ Тун уулдун чыныгы уул болуу эмне экенин түшүнбөгөнү кайдан көрүнүп турат?
◻ Кудайдын ырайымдуулугун чагылдырууда кандай туура эмес көз караштардан алыс болушубуз керек?
◻ Бүгүнкү күндө ырайым көрсөтүүдө Иегованы кантип туурай алабыз?
[17-беттеги кутуча]
‘АГА СҮЙҮҮ КӨРСӨТКҮЛӨ’
Өкүнгөн күнөөкөр адам жөнүндө Павел коринфтик жыйналышка мындай деген: «Ага сүйүү көрсөтүүңөрдү суранам» (2 Коринфтиктер 2:8, «Инжил»). Грек тилинен «көрсөтүү» деп которулган сөз юридикалык термин жана «бекемдөө» дегенди билдирет. Ооба, жыйналышка кайра кабыл алынган өкүнгөн адам башкалардын аны сүйөрүн жана жыйналыштын мүчөсү катары кайрадан жылуу кабыл алынарын сезиши керек.
Бирок кимдир бирөөнүн жыйналыштан чыгарылганына же кайра кабыл алынганына кандай өзгөчө жагдай себеп болгонун жыйналыштагылардын көбү билбегенин эске алышыбыз керек. Ошондой эле, жыйналышта ошол өкүнгөн адамдын күнөөсүнөн азап чеккен же дагы эле азап чегип жүргөн адамдар бардыр. Биз башкалардын сезимдерин эске алабыз, ошондуктан, жыйналышка кайра кабыл алуу жөнүндө кулактандыруу айтылганда, кайра кабыл алынган адамды тигил же бул себептер боюнча эл алдында куттуктабайбыз, куттуктоону жекече кылса болот.
Кайра кабыл алынгандар аларды башкалар жыйналыштан кайра көргөнүнө кубаныша турганын билишет, бул алардын ишенимин бекемдейт! Өкүнгөн адамдар менен Падышалык залында пикир алышып, кабар таратууда кызматташ болуп жана башка ыңгайлуу учурларда аларды кайраттандыра алабыз. Ошонубуз менен сүйүү көрсөтөбүз же аларды бекемдейбиз, муну кылуу менен алардын күнөөлөрүнүн оордугун жеңилдетпейбиз. Өкүнгөн адамдар күнөө жолун таштап, Иеговага кайра кайрылышса, биз асмандагы көпчүлүк менен бирге кубанабыз (Лука 15:7).
[25-беттеги сүрөт]
Агасы инисинин кайтып келгенине кубангысы келген эмес.