Тесалоникалыктарга 1-кат
5 Бир туугандарым, эми Кудай белгилеген убакыт-мөөнөттөр жөнүндө айта турган болсок, ал жөнүндө силерге жазыштын кажети деле жок. 2 Себеби Жахабанын күнү*+ так эле түн жамынган уурудай болуп келерин жакшы билесиңер.+ 3 «Тынчтык жана коопсуздук!» — деп айтып жатышканда, кош бойлуу аялдын толгоосу капысынан башталгандай эле, алар күтүлбөгөн жерден кыйратылышат, качып кутула алышпайт.+ 4 Бирок, бир туугандарым, ал күн силерге күтүлбөгөн жерден келгидей, капысынан кармалып кала турган уурудай болуп караңгыда жүргөн жоксуңар. 5 Анткени баарыңар күндүз, жарыкта жүрөсүңөр*.+ Биз түндө, караңгыда жүргөн жокпуз.+
6 Ошондуктан башкаларга окшоп уктап калбай,+ сергек бололу+ жана тунук ой жүгүртөлү.+ 7 Себеби уктагандар, адатта, түнкүсүн укташат, мас болгондор, адатта, түнкүсүн мас болушат.+ 8 Ал эми биз, күндүз жүргөндөр, тунук ой жүгүртөлү жана ишеним менен сүйүүнү соот кылып, куткарылабыз деген үмүтүбүздү туулга кылып киели.+ 9 Анткени Кудай бизди каарына калышыбыз үчүн эмес, Мырзабыз Иса Машаяк аркылуу куткарыш үчүн тандап алган.+ 10 Тирүү жүрсөк да, өлсөк да, Машаяк менен чогуу жашай алышыбыз үчүн,+ ал биз үчүн өлгөн.+ 11 Ошондуктан азыркыдай эле мындан ары да бири-бириңерди кубаттандырып*, дем-күч бере бергиле.+
12 Боордошторум, силерден суранарыбыз, араңарда талыкпай эмгектенип жаткандарды, Мырзабыздын ишинде жетекчиликти колго алгандарды, насаат айткандарды сыйлагыла. 13 Аларды кылган эмгеги үчүн өзгөчө урматтагыла, жакшы көргүлө.+ Бири-бириңер менен ынтымактуу болгула.+ 14 Бир туугандарым, силерден дагы өтүнөрүбүз, тартип бузгандарга* эскерткиле*,+ көңүлү чөккөндөрдү сооротуп-жубаткыла, Кудай менен болгон мамилеси сууп калгандарга* колдоо көрсөткүлө, баарына чыдамкайлык менен мамиле кылгыла.+ 15 Эч кимиңер жамандыкка жамандык кылбагыла,+ анын ордуна, дайыма бири-бириңерге да, башкаларга да жакшылык кылганга умтулгула.+
16 Дайыма кубангыла.+ 17 Ар убак тиленгиле.+ 18 Бардык нерсе үчүн ыраазычылык билдиргиле.+ Кудай Машаяк Исанын жолдоочуларынан ушуну күтөт. 19 Кудайдын ыйык рухунун оттой болгон жалынын өчүрбөгүлө.+ 20 Пайгамбарлык сөздөрдү баркка албай койбогула.+ 21 Бардыгын текшерип көргүлө,+ жакшысына бек кармангыла. 22 Жаман нерсенин баарынан алыс болгула.+
23 Тынчтыктын Кудайы силерди толугу менен ыйыктасын. Мырзабыз Иса Машаяк кайра келген убакта рухуңар, жаныңар* менен денеңер бардык жагынан бир да кемтиги жок, кынтыксыз бойдон сакталсын.+ 24 Силерди тандап алган* Кудай сөзүнө бек турат*, ал муну сөзсүз ишке ашырат.
25 Боордошторум, биз үчүн мындан ары да Кудайдан тиленип тургула.+
26 Бардык бир туугандарыбыз менен өбүшүп учурашкыла.
27 Мырзабыздын* атынан силерди милдеттендирем, бул катты бардык бир туугандарыбызга окуп бергиле.+
28 Мырзабыз Иса Машаяк силерге ырайымын төгө берсин.