Күзөт мунарасынын ОНЛАЙН КИТЕПКАНАСЫ
Күзөт мунарасы
ОНЛАЙН КИТЕПКАНА
кыргыз
  • ЫЙЫК КИТЕП
  • АДАБИЯТТАР
  • ЖОЛУГУШУУЛАР
  • Чыгуу 30
  • Ыйык Китеп

Бул жерде видео жок.

Кечиресиз, ката кеткендиктен видео ойнотулбай жатат.

Чыгуу. Мазмуну

      • Жыпарзат түтөткүч (1—10)

      • Эл каттоо, жан үчүн төлөнгөн кун (11—16)

      • Жуунуш үчүн жасалган чоң жез казан (17—21)

      • Курамы өзгөчө ыйык май (22—33)

      • Ыйык жыпарзаттын курамы (34—38)

Чыгуу 30:1

Байланышы бар аяттар

  • +Чг 37:25—28
  • +Чг 40:5

Чыгуу 30:2

Шилтемелер

  • *

    Сөзмө-сөз: «узундугу 1, туурасы 1, бийиктиги 2 чыканак». Б14 тиркемесин кара.

Байланышы бар аяттар

  • +Чг 27:1, 2; Лб 4:7

Чыгуу 30:6

Байланышы бар аяттар

  • +Чг 26:33; Ев 9:3
  • +Чг 25:22

Чыгуу 30:7

Байланышы бар аяттар

  • +Жл1к 23:13
  • +Сн 16:39, 40; Шм1к 2:27, 28; Лк 1:9
  • +Чг 30:34, 35
  • +Чг 27:20

Чыгуу 30:9

Байланышы бар аяттар

  • +Лб 10:1; Жл2к 26:18; Жз 8:11, 12

Чыгуу 30:10

Байланышы бар аяттар

  • +Лб 23:27; Ев 9:7
  • +Лб 16:5, 6, 18, 19

Чыгуу 30:12

Байланышы бар аяттар

  • +Чг 38:25; Сн 1:2; Шм2к 24:10, 15

Чыгуу 30:13

Шилтемелер

  • *

    Сөзмө-сөз: «жарым шекел берсин. Бир шекел 20 герага барабар». Б14 тиркемесин кара.

Байланышы бар аяттар

  • +Лб 27:25
  • +Жл2к 24:9; Мт 17:24

Чыгуу 30:14

Байланышы бар аяттар

  • +Чг 38:26; Сн 1:3; 26:1, 2

Чыгуу 30:15

Шилтемелер

  • *

    Сөзмө-сөз: «жарым шекелден».

Чыгуу 30:18

Байланышы бар аяттар

  • +Чг 38:8; Лб 8:11; Пд1к 7:38
  • +Чг 40:7

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Түбөлүккө рахаттанып өмүр сүр!», 40-сабак

Чыгуу 30:19

Байланышы бар аяттар

  • +Чг 40:30, 31; Ев 10:22

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Түбөлүккө рахаттанып өмүр сүр!», 40-сабак

Чыгуу 30:21

Байланышы бар аяттар

  • +Жл2к 4:6

Чыгуу 30:23

Шилтемелер

  • *

    Жыттуу чайыр. Сөздүктү кара.

  • *

    Бактын кабыгы. Жыты таттуу, тамак-ашка да колдонулат.

  • *

    Жыпар жыттуу камыш.

Чыгуу 30:24

Шилтемелер

  • *

    Корицанын башка түрү.

  • *

    Сөзмө-сөз: «1 гин». 1 гин = 3,67 л. Б14 тиркемесин кара.

Байланышы бар аяттар

  • +Сн 3:47

Чыгуу 30:25

Байланышы бар аяттар

  • +Чг 37:29

Чыгуу 30:26

Байланышы бар аяттар

  • +Чг 40:9; Сн 7:1

Чыгуу 30:29

Байланышы бар аяттар

  • +Лб 8:10
  • +Чг 29:37

Чыгуу 30:30

Байланышы бар аяттар

  • +Лб 8:12
  • +Сн 3:2, 3
  • +Чг 40:15

Чыгуу 30:31

Байланышы бар аяттар

  • +Чг 37:29; Пд1к 1:39; Зб 89:20

Чыгуу 30:33

Шилтемелер

  • *

    Б. а. Арундун тукумунан болбогон кишиге.

Байланышы бар аяттар

  • +Чг 30:37, 38

Чыгуу 30:34

Шилтемелер

  • *

    Бактардан алынган жыпар жыттуу чайыр.

  • *

    Белгисиз зат. Кайсы бир жыттуу өсүмдүктөн же үлүлдүн кайсы бир түрүнүн кабыгынан алынышы мүмкүн.

  • *

    Өсүмдүктүн чайыры. Аны башка жыпар жыттуу заттар менен аралаштырганда жытын күчөтүп, көпкө сактала тургандай кылат.

  • *

    Сөздүктү кара.

Байланышы бар аяттар

  • +Чг 25:3, 6

Чыгуу 30:35

Байланышы бар аяттар

  • +Чг 37:29; Зб 141:2; Аян 5:8
  • +Лб 2:13

Чыгуу 30:37

Байланышы бар аяттар

  • +Чг 30:31, 32

Башка котормолор

Байланышы бар аяттар чыгышы үчүн аяттын санын басыңыз

Башкасы

Чыг. 30:1Чг 37:25—28
Чыг. 30:1Чг 40:5
Чыг. 30:2Чг 27:1, 2; Лб 4:7
Чыг. 30:6Чг 26:33; Ев 9:3
Чыг. 30:6Чг 25:22
Чыг. 30:7Жл1к 23:13
Чыг. 30:7Сн 16:39, 40; Шм1к 2:27, 28; Лк 1:9
Чыг. 30:7Чг 30:34, 35
Чыг. 30:7Чг 27:20
Чыг. 30:9Лб 10:1; Жл2к 26:18; Жз 8:11, 12
Чыг. 30:10Лб 23:27; Ев 9:7
Чыг. 30:10Лб 16:5, 6, 18, 19
Чыг. 30:12Чг 38:25; Сн 1:2; Шм2к 24:10, 15
Чыг. 30:13Лб 27:25
Чыг. 30:13Жл2к 24:9; Мт 17:24
Чыг. 30:14Чг 38:26; Сн 1:3; 26:1, 2
Чыг. 30:18Чг 38:8; Лб 8:11; Пд1к 7:38
Чыг. 30:18Чг 40:7
Чыг. 30:19Чг 40:30, 31; Ев 10:22
Чыг. 30:21Жл2к 4:6
Чыг. 30:24Сн 3:47
Чыг. 30:25Чг 37:29
Чыг. 30:26Чг 40:9; Сн 7:1
Чыг. 30:29Лб 8:10
Чыг. 30:29Чг 29:37
Чыг. 30:30Лб 8:12
Чыг. 30:30Сн 3:2, 3
Чыг. 30:30Чг 40:15
Чыг. 30:31Чг 37:29; Пд1к 1:39; Зб 89:20
Чыг. 30:33Чг 30:37, 38
Чыг. 30:34Чг 25:3, 6
Чыг. 30:35Чг 37:29; Зб 141:2; Аян 5:8
Чыг. 30:35Лб 2:13
Чыг. 30:37Чг 30:31, 32
  • Ыйык Китеп
  • Окуңуз: Жаңы дүйнө котормосу (bi12)
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8
  • 9
  • 10
  • 11
  • 12
  • 13
  • 14
  • 15
  • 16
  • 17
  • 18
  • 19
  • 20
  • 21
  • 22
  • 23
  • 24
  • 25
  • 26
  • 27
  • 28
  • 29
  • 30
  • 31
  • 32
  • 33
  • 34
  • 35
  • 36
  • 37
  • 38
Ыйык Китеп
Чыгуу 30:1—38

Чыгуу

30 Жыпарзат түтөтүш үчүн акация жыгачынан+ жыпарзат түтөткүч+ жаса. 2 Ал төрт бурчтуу болсун: узундугу 45, туурасы 45, бийиктиги 90 сантиметр* болсун. Ал мүйүздөрү менен чогуу бир бүтүн жыгачтан жасалсын.+ 3 Жыпарзат түтөткүчтү: үстүн, капталдарын, мүйүздөрүн таза алтын менен каптап, өзүн тегерете алтын менен кооздоп жээктеп кой. 4 Карама-каршы турган эки капталына, тегерете жасалган жээгинин астына экиден алтын шакек жаса. Аларга аны көтөрүп жүрүш үчүн шыргыйлар киргизилет. 5 Шыргыйларды акация жыгачынан жасап, алтын менен капта. 6 Жыпарзат түтөткүчтү келишим сандыгын тосуп турган көшөгөнүн жанына, сырт жагына кой.+ Ал келишим сандыгынын капкагынын — мен сага көрүнө турган жердин — тушунда турсун.+

7 Арун+ анын үстүндө+ жыпарзат түтөтсүн.+ Аны күн сайын эртең менен чыракпаяны+ даярдап жатканда түтөтсүн. 8 Ошондой эле аны күүгүмдө чыракпаяны күйгүзүп жатканда да түтөтсүн. Ал Жахабанын алдында дайыма укумдан-тукумга түтөтүлүп турушу керек. 9 Үстүнө башка жыпарзат түтөтпөгүлө,+ бүтүндөй өрттөлчү курмандыкты же тартуу катары алынып келген дан азыктарын өрттөбөгүлө, суюк тартуу куйбагыла. 10 Жыпарзат түтөткүчтү күнөөдөн арылтыш үчүн жылына бир жолу+ Арун күнөө үчүн чалынган курмандыктын канынан алып, анын мүйүздөрүнө сыйпасын.+ Укумдан-тукумга ушундай кылынышы керек. Жыпарзат түтөткүч Жахаба үчүн абдан ыйык».

11 Андан кийин Жахаба Мусага: 12 «Ысрайыл элиндеги эркектерди санап жатканыңда,+ ар бири өз жаны үчүн Жахабага кун төлөсүн. Ошондо каттоо учурунда эч кандай балээге кабылышпайт. 13 Каттоодон өтүп жаткандардын ар бири 6 грамм күмүш берсин*. Күмүштү ыйык жайдын чен-өлчөмү менен өлчөгүлө.+ 6 грамм күмүш — Жахабага берилчү тартуу.+ 14 20 жаштагылардан тартып каттоодон өтүп жаткандардын ар бири Жахабага ошондой тартуу берсин.+ 15 Кунун төлөп, өмүрүн сактап калыш үчүн Жахабага тартуу бергенде байдын күмүшү 6 граммдан* көп, кедейдики 6 граммдан аз болбосун. 16 Ысрайылдыктар өмүрүн сактап калыш үчүн төлөгөн күмүштү алып, жолугушуу чатырындагы кызмат үчүн бер. Ал күмүш Жахабага ысрайылдыктарды эстетип турат»,— деди.

17 Андан кийин Жахаба Мусага: 18 «Жезден чоң казан менен анын алдына коюла турган түпкүч жаса.+ Анан аны жолугушуу чатыры менен курмандык жайынын ортосуна коюп, ичине суу куй.+ 19 Арун менен уулдары андан суу алып, колу-бутун жуушат.+ 20 Жолугушуу чатырына кирерде же кызмат кылыш үчүн жана Жахабага арналган тартууну өрттөш үчүн курмандык жайына барарда сууга жуунушсун, болбосо өлүп калат. 21 Өлүп калбашы үчүн колу-бутун жуушсун. Бул — Арун менен анын укум-тукумдары кылымдар бою аткарышы керек болгон көрсөтмө»,— деди.+

22 Жахаба Мусага дагы мындай деди: 23 «Жыпар жыттуу заттардын эң жакшыларынан: коюуланып калган миррадан* 6 килограмм, таттуу корицадан* андан эки эсе аз, 3 килограмм, таттуу айырдан* 3 килограмм, 24 кассиядан* ыйык жайдын чен-өлчөмү+ менен 6 килограмм, зайтун майынан 3 жарым литр* ал. 25 Алардан ыйык май жаса. Аны жыпар жыттуу аралашма жасагандай чебердик менен жасаш керек.+ Ал ыйык май болот.

26 Аны менен буларды майла:+ жолугушуу чатыры менен келишим сандыгын, 27 үстөл менен ага тиешелүү бардык нерселерди, чыракпая менен ага тиешелүү бардык нерселерди, жыпарзат түтөткүчтү, 28 бүтүндөй өрттөлчү курмандык чалынчу курмандык жайы менен ага тиешелүү бардык нерселерди, чоң казан менен түпкүчүн майла. 29 Алардын баарын мага кызмат кылганда колдонуш үчүн бөлүп кой. Ошондо алар ыйык болот.+ Аларга тийгендердин баары ыйык болушу керек.+ 30 Дин кызматчы болушу үчүн, Арун+ менен уулдарын+ да башына май куюп, мага кызмат кылганга бөлүп кой.+

31 Ысрайыл элине мындай де: „Бул мен үчүн ыйык май болот. Силер аны ыйык май катары укумдан-тукумга колдонушуңар керек.+ 32 Аны эч кимдин денесине сыйпабагыла, курамы аныкына окшош май жасабагыла. Ал — ыйык май. Ал силер үчүн ыйык болот. 33 Ким ошондой май жасаса же башка бирөөгө* сыйпаса, өлтүрүлүшү керек“».+

34 Жахаба Мусага мындай деди: «Жыпар жыттуу заттардан:+ стакти чайырынан*, онихтен*, жыты аңкыган галбандан* жана таза ладандан* бирдей өлчөмдө ал. 35 Аларды аралаштырып, чебердик менен жыпарзат жаса.+ Ал туз+ кошулган таза, ыйык аралашма болсун. 36 Анын бир бөлүгүн майда кылып талкалап, бир аз алып, жолугушуу чатырындагы келишим сандыгынын алдына, мен сага көрүнө турган жерге, коюп кой. Ал силер үчүн аябай ыйык болушу керек. 37 Өзүңөргө курамы ушундай жыпарзат жасабагыла.+ Аны Жахабанын алдындагы ыйык нерсе катары көргүлө. 38 Ким жытынан рахат алыш үчүн ушундай жыпарзат жасаса, өлтүрүлүшү керек».

Кыргызча адабияттар (1997-2025)
Чыгуу
Кирүү
  • кыргыз
  • Бөлүшүү
  • Жөндөө
  • Copyright © 2025 Күзөт мунарасы, Ыйык Китеп жана баракчалар коому (Пенсильвания)
  • Колдонуу шарттары
  • Купуялуулук саясаты
  • Колдонуу шарттарын жөндөө
  • JW.ORG
  • Кирүү
Бөлүшүү