Дүйшөмбү, 27-октябрь
Күйөө аялын өзүн сүйгөндөй сүйүшү керек (Эф. 5:28).
Жахаба күйөөлөрдөн аялын сүйүшүн, ага материалдык, эмоциялык жана рухий жактан кам көрүшүн күтөт. Акыл калчап иш кылуу, аялзатын урматтоо, ишеничтүү болуу сыяктуу жакшы сапаттар мыкты үй-бүлө башчысы болгонго жардам берет. Үйлөнгөндөн кийин балалуу болуп калышыңар мүмкүн. Жакшы ата болуу жагынан Жахабадан эмнеге үйрөнө аласыңар? (Эф. 6:4). Жахаба Уулу Исага жакшы көрөрүн ачык айтып, аны колдоп турган (Мт. 3:17). Эгер ата болуп калсаңар, балдарыңарга жакшы көрөрүңөрдү дайыма айтып тургула. Аларды жакшы иштери үчүн сөзсүз мактагыла. Жахабадан үлгү алган аталар баласына Машаяктын жетилген жолдоочусу болгонго жардам бере алат. Ата болгонго азыртан эле даярдана аласыңар. Ан үчүн үйүңөрдөгүлөргө, жыйналышыңардагыларга мээримдүүлүк менен кам көргүлө. Аларды жакшы көрөрүңөрдү, баалаарыңарды айтканды үйрөнгүлө (Жкн. 15:9). w23.12 28, 29-б., 17, 18-абз.
Шейшемби, 28-октябрь
[Жахаба] —. . . коопсуз баш маанам (Заб. 62:2).
Жахабага ишенимдүү кызмат кылып жатсак деле, башкалардай болуп, кыйынчылыктарга туш болобуз, ооруга чалдыгабыз. Ошондой эле Кудайдын элин жек көргөндөр бизге каршы чыгышы же куугунтукташы ыктымал. Жахаба бизди ушул сыяктуу кыйынчылыктардан калкалай бербесе да, таштабай турганын убада кылган (Ыш. 41:10). Анын жардамы менен эң оор учурларда да кубанычыбызды жоготпойбуз, туура чечимдерди чыгара алабыз жана берилгендигибизди сактай алабыз. Жахаба бизге тынчтык берерин убада кылат. Ыйык Китепте ал «Кудайдын. . . тынчтыгы» деп аталат (Флп. 4:6, 7). Бул тынчтык жан дүйнөбүздөн орун алган бейкуттукту билдирет. Ал болсо Жахаба менен ынак мамиледе болгонубуздун аркасында пайда болот. Андай тынчтык «ар кандай ой-түшүнүктөрдөн жогору турат». Анын канчалык сонун экенин сөз менен айтып жеткире албайбыз. Жахабадан жалындуу тиленгенден кийин жан дүйнөңдүн мемиреп, тынчып калганын сездиң беле? «Кудайдын. . . тынчтыгы» деген — мына ушул! w24.01 20-б., 2-абз.; 21-б., 4-абз.
Шаршемби, 29-октябрь
Жахабаны алкап-мактайын, бүт жан дүйнөм ыйык ысмын даңктасын (Заб. 103:1).
Кудайды жакшы көргөндүктөн ишенимдүү кызматчылары анын ысымын чын жүрөктөн даңкташат. Дөөтү падыша Жахабанын ысмын даңктаганы анын өзүн даңктаганга тете экенин түшүнгөн. Чынында эле, Жахаба деген ысымды укканда биз анын кандай Кудай экенин, бүт сапаттарын жана кереметтүү иштерин эстейбиз. Дөөтү асмандагы Атасынын ысмын ыйык көрүп, аны «бүт жан дүйнөсү» менен даңктагысы келген. Лебилер да Жахабаны даңкташкан. Алар Жахабанын ыйык ысымын даңктап-даңазалаганга сөз кудурети жетпей турганын момундук менен моюнга алышкан (Нек. 9:5). Бул Жахабаны кубантканына шек жок. w24.02 9-б., 6-абз.