Корунттуктарга 1-кат
10 Эми бир туугандарым, буларды билишиңерди каалайм: ата-бабаларыбыздын баары булут астында+ деңизден өтүшкөн,+ 2 баары Мусанын артынан ээрчип булут астында деңизден өтүшкөн, ошондой жол менен аны менен чогуу чөмүлүшкөн; 3 баары Кудай берген тамактан жеп,+ 4 Кудай берген суудан ичишкен.+ Алар өздөрүнүн артынан келаткандай көрүнгөн жана Кудай берген аскадан суу ичишкен. Ал аска Машаякты билдирген*.+ 5 Бирок көбү Кудайды нааразы кылгандыктан чөлдө кырылып калган.+
6 Аларга окшоп жаман нерселерди эңсебешибиз үчүн, бул бизге сабак болуп калды.+ 7 Ошондой эле кээ бирлерине окшоп бурканга табынбагыла. Алар жөнүндө Ыйык Жазмада: «Эл ичип-жегени отурду. Анан туруп, көңүл ача башташты»,— деп жазылган.+ 8 Айрымдарына окшоп жыныстык адеп-ахлаксыздык да кылбайлы. Ошондой ишке баргандыктан бир күндө алардын 23 000и кырылган.+ 9 Кээ бирлерине окшоп Жахабаны сынабайлы;+ аны сынагандарды жыландар чагып өлтүргөн.+ 10 Айрымдарына окшоп наалыбагыла; наалыгандар+ кыйратуучунун* колунан өлүшкөн.+ 11 Бул замандын* соңунда жашап жатып алардай болбошубуз үчүн, алардын башынан өткөндүн баары бизге сабак болушу үчүн жазылып калган.+
12 Ошондуктан ким бекем турам деп ойлосо, жыгылып калбашы үчүн сак болсун.+ 13 Силер бардык эле адамдар кабылып жүргөн азгырыктарга* кабылып жатасыңар.+ Бирок Кудай сөзүнө бек турат*; ал силердин көтөрө албай калганчалык деңгээлде сыналышыңарга жол бербейт.+ Азгырыкка дуушар болгондо туруштук бере алышыңар үчүн, жагдайдан чыгуунун жолун да көрсөтөт.+
14 Ошондуктан, сүйүктүү боордошторум, буркандарга табынбагыла.+ 15 Буларды силерге акыл-эстүү болгонуңар үчүн айтып жатам. Айткандарымды өзүңөр таразалап көргүлө. 16 Кудайга кайрылып, ыраазычылык билдирген чөйчөктөгү шараптан ооз тийгенибиз Машаяктын канына үлүштөш экенибизди билдирбейби?+ Ошондой эле нандан сындырып жегенибиз Машаяктын денесине үлүштөш экенибизди билдирбейби?+ 17 Нан бирөө эле, ошондуктан көп болгонубузга карабай биз да бир денебиз,+ себеби баарыбыз ошол бир нандан жеп жатабыз.
18 Ысрайыл эли жөнүндө ойлонуп көргүлөчү: курмандык жайында Кудайга багышталган курмандыктардан жегендер аны менен үлүштөш эмеспи?+ 19 Муну менен эмнени айткым келип жатат? Бурканга багышталган курмандыктын же буркандын өзү чындап эле мааниге ээ экенинби? 20 Жок. Бирок айтайын дегеним, башка элдер чалган курмандыктар Кудайга эмес, жиндерге багышталат.+ Мен болсо силердин жиндер менен үлүштөш болушуңарды каалабайм.+ 21 Силер бир эле учурда Жахабанын да, жиндердин да чөйчөгүнөн иче албайсыңар; бир эле учурда «Жахабанын дасторконунан»+ да, жиндердин дасторконунан да тамактана албайсыңар. 22 Же «Жахабаны кызганткыбыз» келеби?+ Биз, эмне, анын каарына туруштук бергидей андан күчтүү белек?
23 Баарын кылганга укугубуз бар, бирок баары эле пайдалуу эмес. Баарын кылганга укугубуз бар, бирок баары эле ишенимди бекемдей бербейт.+ 24 Ар бир адам өзүнүн эмес, дайыма башканын пайдасын көздөсүн.+
25 Эт базарында сатылгандын баарын таза абийир менен, сураштырбай жей бергиле. 26 Анткени «жер жана андагынын баары Жахабага таандык».+ 27 Машаяктын жолун жолдобогон кимдир бирөө конокко чакырса, аныкына барганда алдыңарга коюлгандын баарын таза абийир менен, сураштырбай жей бергиле. 28 Бирок кимдир бирөө: «Бул — курмандыкка чалынган малдын эти»,— деп калса, анда айткан киши үчүн жана эч кимди абийири жемелебеши үчүн, аны жебегиле.+ 29 Мен силердин эмес, башканын абийирин айтып жатам. Анткени кайсы бир нерсени кылганга укугум бар болсо да, аны кылгым келбейт, себеби кимдир бирөө абийиринен улам мени айыпташын каалабайм.+ 30 Тамакты Кудайга ыраазычылык билдирип жеген күндө да, эгер кимдир бирөө ошол үчүн мени айыптап жатса, аны жегеним туура болобу?+
31 Ошондуктан жесеңер да, ичсеңер да, деги эле эмне кылсаңар да, баарын Кудай даңкталышы үчүн кылгыла.+ 32 Жүйүттөрдү да, гректерди да*, Кудайдын жыйналышындагыларды да, кимисин болбосун, иренжитип алгандан сак болгула.+ 33 Мен да өзүмдүн эмес,+ көптөрдүн пайдасын көздөп, Кудай аларды куткарып калышы үчүн, баарына бардык жагынан жакканга аракет кылып жатам.+