Матай
17 Алты күн өткөндөн кийин, Иса Петирди, Жакыпты жана анын бир тууганы Жаканды алып, бийик тоого чыкты.+ 2 Анан алардын көз алдында Исанын көрүнүшү өзгөрдү: жүзү күндөй нур чачып, сырт кийими көз уялта жаркырап* турду.+ 3 Бир убакта шакирттерге Муса менен Илияс көрүндү. Ал экөө Иса менен сүйлөшүп жатышты. 4 Ошондо Петир Исага: «Мырзам, бул жер бизге аябай жакты. Эгер кааласаң, ушул жерге үч алачык жасайын: бири сага, бири Мусага, бири Илияска болсун»,— деди. 5 Ал сүйлөп жатканда, аларды жаркыраган булут каптады. Анан булут ичинен: «Бул — менин сүйүктүү Уулум, мен Уулума ыраазымын.+ Уулумду уккула»,+— деген үн угулду. 6 Муну укканда шакирттер катуу коркуп, жүзтөмөндөп жыгылышты. 7 Ошондо Иса алардын жанына келди да, колун тийгизип: «Тургула, коркпогула»,— деди. 8 Шакирттер башын көтөрүп, Исадан башка эч ким жок экенин көрүштү. 9 Тоодон түшүп келатышканда, Иса аларга: «Адам Уулу өлүп, кайра тирилгенге чейин, ушул көргөнүңөр жөнүндө эч кимге айтпагыла»,— деп буйруду.+
10 Шакирттери андан: «Диний мыйзамдарды окуткандар эмнеге: „Адегенде Илияс келиши керек“,— деп айтышат?» — деп сурашты.+ 11 Иса: «Туура, Илияс келип, бардыгын калыбына келтирет.+ 12 Бирок, силерге айтып коёюн, Илияс келген, анткен менен аны таанышкан жок, тескерисинче, ага өздөрү каалагандай мамиле кылышты.+ Адам Уулу да алардын колунан ошентип азап чегиши керек»,— деп жооп берди.+ 13 Ошондо шакирттер анын Чөмүлдүрүүчү Жакан жөнүндө айтканын түшүнүштү.
14 Алар чогулган элдин жанына келгенде,+ бир киши Исанын алдына чөгөлөп: 15 «Мырзам, уулума кайрымдуулук кыла көр. Анын талмасы бар, абалы өтө оор болуп турат. Боюн бирде отко, бирде сууга таштап жиберет.+ 16 Шакирттериңе алып келсем, айыктыра албай коюшту»,— деди. 17 Ошондо Иса: «Оо, ишеними жок бузулган муун,+ качанга чейин силер менен болушум керек? Силерге дагы канча чыдашым керек? Баланы мага алып келгиле»,— деп айтты. 18 Анан Иса жинге буйрук бергенде, ал баладан чыгып кетти. Бала ошол замат айыгып калды.+ 19 Иса жалгыз калганда, шакирттери жанына келип: «Эмне үчүн биз жанагы жинди кууп чыгара албай койдук?» — деп сурашты. 20 Ал: «Ишенимиңер күчтүү болбогондуктан кууп чыгара албай койдуңар. Силерге айтып коёюн, эгер сары кычы данындай эле ишенимиңер бар болсо, анан бул тоого: „Бул жерден тиги жерге жыл“,— десеңер, жылат. Ошентип, силер кыла албаган эч нерсе болбойт»,— деди.+ 21*——
22 Галилеяга чогулушканда, Иса шакирттерине: «Адам Уулун душмандарынын колуна салып беришет.+ 23 Алар аны өлтүрүшөт, бирок ал үчүнчү күнү тирилет»,— деп айтты.+ Шакирттери буга аябай капаланышты.
24 Алар Капернаумга барышканда, ибадаткана салыгын* жыйнап жүргөндөр Петирден: «Устатыңар ибадаткана салыгын төлөйбү?»+ — деп сурашты. 25 Петир: «Ооба»,— деп жооп берди. Бирок ал үйгө киргенде, Иса андан мурун сөз баштап: «Кандай деп ойлойсуң, Симон, падышалар* алык-салыктарды кимден алышат? Өз уулдарынанбы же бөтөн кишилерденби?» — деп сурады. 26 Петир: «Бөтөн кишилерден»,— деди. Иса ага: «Демек, уулдары салык төлөбөйт турбайбы. 27 Бирок тигилер биз жөнүндө жаман ойдо болуп калбашы үчүн,+ деңизге барып, кайырмак сал. Биринчи эле кармаган балыгыңдын оозун ачсаң, күмүш тыйын* табасың. Аны алып, экөөбүз үчүн төлөп кой»,— деди.