Күзөт мунарасынын ОНЛАЙН КИТЕПКАНАСЫ
Күзөт мунарасы
ОНЛАЙН КИТЕПКАНА
Кыргыз
  • ЫЙЫК КИТЕП
  • АДАБИЯТТАР
  • ЖОЛУГУШУУЛАР
  • w25 май 20—25-бб.
  • Жахабанын ысымы Иса үчүн кандай мааниге ээ?

Бул жерде видео жок.

Кечиресиз, ката кеткендиктен видео ойнотулбай жатат.

  • Жахабанын ысымы Иса үчүн кандай мааниге ээ?
  • Күзөт мунарасы Жахабанын Падышалыгын жарыялайт—2025
  • Бөлүмчөлөр
  • Окшош материалдар
  • «СЕНИН АТЫҢДЫ АЛАРГА ТААНЫТЫП, АЧЫП БЕРДИМ»
  • «ӨЗҮҢДҮН ЫСМЫҢ ҮЧҮН — МЕН АЛЫП ЖҮРГӨН ЫСМЫҢ ҮЧҮН»
  • «АТА, ӨЗ ЫСМЫҢДЫ ДАҢКТА»
  • «ӨЗ ӨМҮРҮМДҮ БЕРИП ЖАТАМ»
  • «ӨЗҮҢ ТАПШЫРГАН ИШТИ АЯГЫНА ЧЫГАРДЫМ»
  • Жахабанын ысымы биз үчүн кандай мааниге ээ болушу керек?
    Күзөт мунарасы Жахабанын Падышалыгын жарыялайт—2025
  • «Жахабанын ысмын даңктагыла»
    Күзөт мунарасы Жахабанын Падышалыгын жарыялайт—2024
  • Кун төлөнгөнүнөн эмнелерди биле алабыз?
    Күзөт мунарасы Жахабанын Падышалыгын жарыялайт—2025
  • «Кимге кызмат кыларыңарды өзүңөр тандагыла»
    Күзөт мунарасы Жахабанын Падышалыгын жарыялайт—2025
Дагы башкасы
Күзөт мунарасы Жахабанын Падышалыгын жарыялайт—2025
w25 май 20—25-бб.

22-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

15-ЫР: Жахабанын Туңгучун тосуп алгыла!

Жахабанын ысымы Иса үчүн кандай мааниге ээ?

«Сенин атыңды аларга таанытып, ачып бердим» (ЖКН. 17:26).

МАКАЛАНЫН ӨЗӨГҮ

Исанын Жахабанын атын таанытышы, ыйыкташы жана жактап-коргошу.

1, 2. а) Иса өлөр алдындагы түнү эмне кылган? б) Бул макаладан кайсы суроолорго жооп алабыз?

БИЗДИН ЗАМАНДЫН 33-жылынын 14-нисаны, төртүнчү күн. Кечки убак. Иса өзүнүн берилген элчилери менен өзгөчө аземге байланыштуу акыркы жолу кечки тамакка отурат. Ал ошол эле түнү ага чыккынчылык кылынарын, андан кийин душмандары аны кыйнап, акыры өлтүрөрүн билген. Ошон үчүн тамактангандан кийин элчилерине күч-кубат бере турган көп нерселерди айткан. Анан бөлмөдөн чыгып кетерде маанилүү нерселерди айтып Кудайдан тиленген. Ошондо айткандарынын баарын элчи Жакан кийинчерээк өзүнүн китебине жазган. Бул жөнүндө Жакандын китебинин 17-бөлүмүнөн окусак болот.

2 Иса эмнелерди айткан? Аны баарынан мурда эмне тынчсыздандырган? Тиленгенинен көрүнүп тургандай, жерде жүргөндө ал үчүн баарынан да эмне маанилүү болгон? Анда ушул суроолорго жооп алалы.

«СЕНИН АТЫҢДЫ АЛАРГА ТААНЫТЫП, АЧЫП БЕРДИМ»

3. «Атыңды аларга таанытып, ачып бердим»,— дегенде Иса эмнени айткысы келген? (Жакан 17:26).

3 Иса ошол түнү Жахабага: «Атыңды аларга таанытып, ачып бердим»,— деген. Ал Жахабанын атын шакирттерине ачып бергени жөнүндө эки жолу айткан. (Окугула: Жакан 17:6, 26.) Муну менен эмне дегиси келген? Шакирттери Кудайдын аты ким экенин билишкен эмес беле? Албетте, андай эмес. Алар жүйүт болгондуктан Кудайдын аты Жахаба экенин эң сонун билишкен. Себеби Еврей Жазмаларында ал ысым миңдеген жолу кездешет. Ошон үчүн Иса Кудайдын аты жөнүндө эмес, атынын мааниси жөнүндө айткан. Ал адамдарга Жахаба деген аттын артында тургандын өзүн, анын ой-ниетин, кылган иштерин, сапаттарын тааныткан. Муну эч ким Исачалык ачып бере алмак эмес.

4, 5. а) Кимдир бирөөнүн аты биз үчүн кандайча чоң мааниге ээ болуп калышы мүмкүн? Мисал келтиргиле. б) Исанын шакирттери Жахабаны кандайча жакшыраак таанып-билип калышкан?

4 Муну түшүнүш үчүн бир жагдайды элестетели. Мисалы, жыйналышыңарда хирург болуп иштеген Жоодар деген аксакал бар деп коёлу. Силер аны көптөн бери тааныйсыңар. Анан бир күнү эле тезинен медициналык жардам алганга муктаж болуп каласыңар. Ошондо дароо эле жанагы аксакал иштеген ооруканага кайрыласыңар. Ал болсо колунан келгендин баарын кылып, өмүрүңөрдү сактап калат. Ошондон кийин Жоодар деген ат силер үчүн өзгөчө мааниге ээ болуп калат, чынбы? Эми ал силер үчүн жөн эле аксакал эмес, силердин өмүрүңөрдү сактап калган хирург да болуп калат.

5 Ошол сыяктуу эле, Исанын шакирттери да Жахабанын атын мурун эле билишчү. Бирок Иса жерге келип, аларга Жахабаны жакыныраак таанып-билгенге жардам бергенден кийин, ал ысым алар үчүн мурункудан да чоң мааниге ээ болуп калган. Себеби Иса дайыма Атасынын сапаттарын чагылдырган. Бул анын сүйлөгөн сөзүнөн да, кылган ишинен да байкалып турган. Ошондуктан Исанын кантип окутканын угуп, элге кылган мамилесин көрүп, шакирттери Жахабаны жакшыраак билип калышкан (Жкн. 14:9; 17:3).

«ӨЗҮҢДҮН ЫСМЫҢ ҮЧҮН — МЕН АЛЫП ЖҮРГӨН ЫСМЫҢ ҮЧҮН»

6. Иса кандай мааниде Жахабанын атын алып жүргөн? (Жакан 17:11, 12).

6 Иса өзүнүн шакирттери үчүн Жахабадан тиленгенде: «Өзүңдүн ысмың үчүн — мен алып жүргөн ысмың үчүн — аларды коргой жүр»,— деген. (Окугула: Жакан 17:11, 12.) Бул Жахаба деген ат Исага таандык экенин билдиреби? Жок. Өзүңөр байкагандай, бул аятта Иса Жахабага кайрылганда «өзүңдүн ысмың үчүн» деп айткан. Демек, Жахабанын аты Исанын аты болуп калган эмес. Анда Иса эмнеге «мен алып жүргөн ысмың үчүн» деп айткан? Биринчиден, Иса Жахабанын өкүлү болгон жана анын атынан сүйлөгөн. Ал жерге Атасынын атынан келип, анын атынан көптөгөн кереметтерди жасаган (Жкн. 5:43; 10:25). Экинчиден, Исанын аты «Жахаба — куткаруучу» дегенди билдирет. Ооба, Кудайдын аты менен Исанын аты тыгыз байланышта болгон.

7. Иса эмне үчүн Жахабанын атынан сүйлөй алмак? Мисал келтиргиле.

7 Мисалы, президенттин өкүлү анын атынан сүйлөшү мүмкүн. Ошон үчүн анын сөздөрү, президенттин сөздөрүндөй эле күчкө ээ. Ошол сыңары эле, Иса да Жахабанын өкүлү болгон жана анын атынан сүйлөгөн (Мт. 21:9; Лк. 13:35).

8. Кандайча Иса жерге келгенге чейин эле Жахабанын атынан иш кылган? (Чыгуу 23:20, 21).

8 Ыйык Китепте Иса «Сөз» деп аталган. Ошол наамына ылайык, ал Жахабанын өкүлү катары кызмат кылып периштелерге, ошондой эле адамдарга кайсы бир маалыматты, көрсөтмөлөрдү жеткирип турган (Жкн. 1:1—3). Ысрайылдыктар Мисирден чыгып жатканда, Жахаба аларга жардамга жиберген периште, сыягы, Иса болгон. Жахаба ысрайылдыктарга ал периштеге баш ийгиле деп айтканда: «Ал менин атымдан иш кылат»,— дегенa. (Окугула: Чыгуу 23:20, 21.) Жахабанын ушул айткан сөздөрүнөн Иса анын өкүлү экенин, жана анын ысымын ыйыктоодо, жактап-коргоодо башкы ролду ойной турганын билсек болот.

«АТА, ӨЗ ЫСМЫҢДЫ ДАҢКТА»

9. Иса үчүн Жахабанын аты канчалык маанилүү болгон? Түшүндүргүлө.

9 Буга чейин сөз кылынгандай, Жахабанын аты Иса үчүн ал жерге келгенге чейин эле баарынан маанилүү болгон. Ошондуктан жерге келгенде Исанын ар бир кылган иши Жахабанын ысмы менен тыгыз байланышта болгону таң калыштуу эмес. Жердеги кызматты аяктап баратканда Иса Жахабадан: «Ата, өз ысмыңды даңкта»,— деп суранган. Ошондо Атасы айлана-тегеректи дүңгүрөтө асмандан: «Даңктадым, дагы да даңктайм»,— деп жооп берген (Жкн. 12:28).

10, 11. а) Иса Жахабанын ысымын кантип ыйыктаган? (Сүрөттү да карагыла.) б) Жахабанын ысымы эмне үчүн ыйыкталып, акталышы керек эле?

10 Иса өзү да Атасынын ысмын даңктаган. Ал адамдарга анын кереметтүү сапаттары жөнүндө, ошондой эле кылып жаткан иштери жөнүндө айтып берген. Бирок ошону менен эле чектелген эмес. Ал Атасынын көө жабылган аброюн актап, коргоп-жакташы керек болчу. Бул Иса үчүн канчалык маанилүү болгонун анын сөздөрүнөн байкасак болот. Ал шакирттерин Кудайдан: «Асмандагы Атабыз, ысмың ыйык тутулсун»,— деп тиленгиле деп үйрөткөн (Мт. 6:9).

11 Жахабанын ысымы эмне үчүн ыйыкталып, акталышы керек? Себеби тээ байыркы убакта Эйден багында Шайтан Ибилис Жахабанын атын каралап, ага жалаа жапкан. Ал Жахабаны калпычы деп, Адам ата менен Обо энеден жакшы бир нерсени жашырып жатат деп чыккан (Башт. 3:1—5). Ошондой эле Жахаба туура эмес бийлик жүргүзүп жатат деген. Ушундай жалган нерселерди айтып, Шайтан Жахабанын атына түздөн түз сокку урган. Кийинчерээк Аюп пайгамбардын күндөрүндө Шайтан Жахабага кызмат кылгандардын баары ага өз пайдасы үчүн гана кызмат кылышат деп чыккан. Ал бир да адам Жахабаны чындап сүйбөйт жана башына кыйынчылык түшкөндө андан баш тартып кетет деген (Аюп 1:9—11; 2:4). Жахабаныкы чынбы же Шайтандыкыбы, далилдениш үчүн убакыт керек болгон.

Иса тоодо калың элге насаат айтып жатат.

Жолдоочуларына Кудайдын ысмын ыйыктоонун маанилүүлүгүн түшүндүрүп жаткан Иса (10-абзацты карагыла)


«ӨЗ ӨМҮРҮМДҮ БЕРИП ЖАТАМ»

12. Жахабанын ысмы үчүн Иса эмне кылганга даяр болгон?

12 Жахабаны сүйгөндүктөн Иса анын атын ыйыктап, акташ үчүн баарын кылганга даяр болгон. Ошон үчүн: «Мен өз өмүрүмдү берип жатам»,— деген (Жкн. 10:17, 18). Ооба, Жахабанын ысымы үчүн ал атүгүл өмүрүн бергенb. Жер бетиндеги эң биринчи жеткилең түгөйлөр Адам ата менен Обо эне Жахабадан баш тартып, Шайтан тарапка өтүп кеткен. Алардан айырмаланып, Иса жерге келип, Жахабаны сүйөрүн далилдеген. Ал муну ага толугу менен баш ийип далилдеген (Евр. 4:15; 5:7—10). Ал өзүнүн кынтыксыздыгын жаза устунунда кыйналып өлгөнгө чейин сактаган (Евр. 12:2). Ошентип Жахабаны жана анын ысымын жакшы көрөрүн далилдеген.

13. Шайтандын жалганчы экенин эмне үчүн Иса эң мыкты далилдей алмак? (Сүрөттү да карагыла.)

13 Иса жерде жашап жүргөндө бардык иштери менен Жахабанын эмес, Шайтандын калпычы экенин далилдеген (Жкн. 8:44). Жахабаны Исачалык эч ким жакшы билген эмес. Эгер Шайтандын Жахабаны айыптагандагы кайсы бир сөзү чын болсо, Иса аны сөзсүз билмек. Бирок сөзүндө чындыктын күкүмү да жок болгондуктан, Иса Жахабанын беделин, башкача айтканда, ысымын чечкиндүү түрдө коргогон. Атүгүл Жахаба Исаны коргобой калган учурда да, ал асмандагы Атасынан баш тартып кеткенден көрө, анын тарабында болуп, өлгөнгө даяр болгонc (Мт. 27:46).

Жаза устунунда кадалып турган Иса.

Исанын жердеги жашоосу Жахабанын эмес, Шайтандын жалганчы экенин далилдеген! (13-абзацты карагыла)


«ӨЗҮҢ ТАПШЫРГАН ИШТИ АЯГЫНА ЧЫГАРДЫМ»

14. Берилгендиги үчүн Жахаба Исага кандай сыйлык берген?

14 Өлөр алдындагы түнү Кудайга кайрылганда Иса ага: «Мен өзүң тапшырган ишти аягына чыгардым»,— деп айта алган. Ал ушундай берилгендиги үчүн Жахаба ага сыйлык берерине бекем ишенген (Жкн. 17:4, 5). Анын ушул үмүтү таш капкан эмес. Жахаба, чынында эле, аны көрдө калтырган эмес (Элч. 2:23, 24). Ал аны тирилтип, асмандагы эң жогорку абалга ээ кылган (Флп. 2:8, 9). Кийинчерээк Иса Кудайдын Падышалыгынын Падышасы катары бийлик жүргүзө баштаган. Ал Падышалык эмнелерди ишке ашырмак? Кудайдан кантип тиленишти шакирттерине үйрөтүп жатканда Иса: «Падышалыгың келсин. Асмандагыдай эле, жерде да сенин эркиң аткарылсын»,— деген (Мт. 6:10).

15. Жакынкы келечекте Иса эмнелерди ишке ашырат?

15 Жакынкы келечекте Иса Кудайдын душмандары менен согушуп, ыймансыздардын бардыгын Армагедон учурунда жок кылат (Аян 16:14, 16; 19:11—16). Ошондон көп өтпөй эле Шайтанды түпсүз туңгуюкка ыргытат. Ал жакта ал өлгөн адамдай эле иш-аракетсиз абалда болот (Аян 20:1—3). Андан кийин Иса 1 000 жыл башкарат, ошондо жер бетинде тынчтык өкүм сүрүп, адамзат жеткилеңдикке жетет. Иса өлгөндөрдү да тирилтет. Бүт жер жүзү бейишке айланат. Ошентип, Жахабанын ой-ниети жүзөгө ашат (Аян 21:1—4).

16. Иса башкарган 1 000 жылдан кийинки жашоо кандай болот?

16 Миң жылдан кийин эмне болот? Күнөө менен жеткилең эместик изи да калбай жок болот. Ошонун аркасында биз үчүн төлөнгөн кундун негизинде күнөөлөрүбүз үчүн Кудайдан кечирим суроонун зарылдыгы болбой калат. Ошондой эле Кудай менен адамзаттын ортосунда кимдир бирөөнүн арачы же дин кызматчы болушунун кереги жок болуп калат. Ошондо «душмандардын ичинен эң акыркы болуп өлүм жок кылынат». Мүрзөлөр бош калат, өлгөндөр тирилет. Жерде жашагандардын баары жеткилең болушат (Кор. 1-к. 15:25, 26).

17, 18. а) Миң жылдык башкаруунун аягында эмне болот? б) Башкара турган мөөнөтү бүткөндөн кийин Иса эмне кылат? (Корунттуктарга 1-кат 15:24, 28). (Сүрөттү да карагыла.)

17 Иса башкарган 1 000 жылдан кийин өзгөчө дагы бир нерсе болот. Жахабанын ысмынын ыйыктыгына байланыштуу талаш маселе чечилип, ага чекит коюлат. Себеби Эйден багында Шайтан Жахабаны калпычы кылып көрсөтүп, адамзатты сүйөрүнө, ага туура бийлик жүргүзөрүнө шек туудурган. Ошондон бери Жахабанын берилген кызматчылары анын караланган ысымын актап, ыйыктап келатышат. Ошентип, миң жылдык башкаруунун аягында Жахабанын жакшы аты толугу менен акталат. Жахаба өзүнүн мээримдүү Ата экенин төгүндөлгүс кылып далилдейт.

18 Ошондо Шайтан айткандардын баары карандай калп экени биротоло далилденет. Ал эми Иса өзүнүн бийлик кыла турган мөөнөтү бүткөндөн кийин эмне кылат? Шайтанга окшоп, Жахабага каршы чыгабы? Жок! (Окугула: Корунттуктарга 1-кат 15:24, 28.) Ал бийликти Атасына өткөрүп берип, ага баш иет. Ооба, Жахабаны ушунчалык сүйгөндүктөн Иса баарын кайра ага өткөрүп бергенге даяр.

Падышалык таажыны Жахабага өткөрүп берип жаткан Иса.

1 000 жылдык башкаруусу соңунда Иса бийликти кайра Жахабага өткөрүп бергенге даяр болот (18-абзацты карагыла)


19. Жахабанын аты Иса үчүн кандай мааниге ээ?

19 Мына ошон үчүн Жахабанын өзүнүн ысмын Исанын алып жүрүшүн каалаганы таң калыштуу эмес. Иса, чын эле, Атасынын эң мыкты жеткилең өкүлү болгон. Демек, корутундулай турган болсок, Жахабанын аты Иса үчүн кандай мааниге ээ? Иса үчүн бул — эң маанилүү нерсе. Иса Атасынын аты үчүн өлгөнгө даяр болгон, ал эми 1 000 жылдык башкаруусунун аягында бүт бардыгын кайра ага өткөрүп бергенге даяр болот. Биз андан кандай үлгү алсак болот? Бул тууралуу эмки макалада сөз жүрөт.

ЭМНЕ ДЕП ЖООП БЕРЕТ ЭЛЕҢЕР?

  • Иса Жахабанын атын шакирттерине кантип таанытып, ачып берген?

  • Иса кандай мааниде Жахабанын ысмын алып жүргөн?

  • Иса Жахабанын аты үчүн эмне кылганга даяр болгон жана эмне үчүн?

16-ЫР: Жахтын Майланганын даңктайлы!

a Кээде периштелер да Жахабанын өкүлү катары кызмат кылып, анын атынан башкаларга кабар жеткиришкен. Мына ошон үчүн Ыйык Китепте кээде адамдардын периштеге Жахабанын өзүнө кайрылгандай кайрылганы жазылган (Башт. 18:1—33). Ошондой эле Ыйык Китепте Жахаба Мыйзамды Мусага бергени жазылса да, кээ бир аяттарда ошол Мыйзамды бериш үчүн периштелерди колдонгону жазылган (Леб. 27:34; Элч. 7:38, 53; Гал. 3:19; Евр. 2:2—4).

b Исанын өлүмүнүн аркасында адамзаттын түбөлүк жашашына жол ачылган.

c Карагыла: «Окурмандардын суроолору», «Күзөт мунарасы», 2021-ж., апрель, 30, 31-б.

    Кыргызча адабияттар (1997-2025)
    Чыгуу
    Кирүү
    • Кыргыз
    • Бөлүшүү
    • Жөндөө
    • Copyright © 2025 Күзөт мунарасы, Ыйык Китеп жана баракчалар коому (Пенсильвания)
    • Колдонуу шарттары
    • Купуялуулук саясаты
    • Колдонуу шарттарын жөндөө
    • JW.ORG
    • Кирүү
    Бөлүшүү