Пайдалуу кеңештер камтылган китеп
Кеңештер жазылган ар кандай китептер биздин күндөрдө абдан кеңири таралган. Бирок алар көп учурда эскирип, убакыттын өтүшү менен кайра каралат же алмаштырылат. Ал эми Ыйык Китепчи? Ыйык Китеп мындан 2000 жылдай мурун жазылып бүткөн. Бирок андагы баштапкы кабарга эч кандай өзгөртүүлөр да, жаңы маалыматтар да киргизилген эмес. Андан бүгүнкү күндө пайдалуу кеңештерди табууга мүмкүнбү?
КЭЭ БИРӨӨЛӨР мүмкүн эмес дешет. Доктор Илай Чесен эмне себептен Ыйык Китепти эскирген деп эсептээрин түшүндүрүп: «Бүгүнкү күндө химия сабагында 1924-жылы басылган химия китебин колдонуу керек деп эч ким талашмак эмес»,— деп жазган1. Бул ой жүйөлүүдөй көрүнүшү ыктымал. Анткени Ыйык Китеп жазылгандан бери адамдын психикасы жана жүрүм-туруму жөнүндө көп нерселер белгилүү болду. Анда мындай байыркы китеп жашообуз үчүн бүгүнкү күндө да пайдалуу болушу мүмкүнбү?
Өзгөрүлгүс принциптер
Заман өзгөргөнү менен, адамдын негизги муктаждыктары ошол эле бойдон калды. Адамдар кылымдар бою сүйүүгө жана ынактыкка муктаж болуп келишкен. Алар бактылуу болууну, маңыздуу жашоо өткөрүүнү каалашкан. Ошондой эле экономикалык кыйынчылыктарды жеңүү, никени бекемдөө, балдарды адеп-ахлактыкка үйрөтүү боюнча кеңештерди издеп келишкен. Ыйык Китепте ушундай негизги муктаждыктарды канааттандырууга байланыштуу кеңештер камтылган (Насаатчы 3:12, 13; Римдиктерге 12:10; Колосалыктарга 3:18—21; 1 Тиметейге 6:6—10).
Андагы кеңештер Жараткандын адамдын кулк-мүнөзүн терең түшүнөөрүн чагылдырат. Ал китептин бүгүнкү күндө да пайдалуу, өзгөрүлгүс принциптерине байланыштуу айрым мисалдарды карап көрөлү.
Никеге байланыштуу кеңештер
«БУУнун хроникасында» айтылгандай, үйбүлө — бул «адамзат коомунун байыртадан келаткан алгачкы негизи, муундардын ортосундагы байланыштын түйүнү». А бирок азыр ошол «байланыштын түйүнү» дүйнө жүзү боюнча бошоп баратат. «Учурда көптөгөн үйбүлөлөр үйбүлөлүк жашоосуна жана анын сакталып калуусуна коркунуч туудурган көйгөйлөргө дуушар болууда»2,— деп айтылган «БУУнун хроникасында». Ыйык Китеп үйбүлөнү сактап калуу үчүн кандай кеңеш берет?
Ыйык Китепте жубайлар бири-бирине кандай мамиле жасашы керектиги тууралуу көп нерселер айтылат. Мисалы, анда күйөөлөргө карата: «Күйөөлөр да аялдарын өздөрүнүн денесин сүйгөндөй сүйүшү керек. Аялын сүйгөн адам өзүн сүйөт. Анткени эч ким эч качан өзүнүн денесин жек көрбөйт, тескерисинче... өз денесин азыктандырат, жылытат»,— деп айтылат (Эфестиктерге 5:28, 29). Зайыпка «күйөөсүн урматтасын» деген кеңеш берилген (Эфестиктерге 5:33).
Ушул кеңештерди колдонууга эмнелер кирерин карап чыгалы. Аялын өзүнүн «денесиндей» сүйгөн күйөө аны жек көрбөйт жана ага ырайымсыз мамиле кылбайт. Ал аялына кол көтөрбөйт, аны сөз менен кордобойт жана жүрөгүн оорутпайт. Тескерисинче, өзүн кандай баалап, урматтаса, аялына да ошондой эле мамиле кылат (1 Петир 3:7). Ошондуктан аялы өзүн сүйүктүү да, коопсуз да сезет. Аялына ушундай мамиле кылуу менен, ата балдарына аялзатка мамиле кылуу жагынан жакшы үлгү көрсөтөт. Ошол эле учурда, күйөөсүн «урматтаган» аял аны сынга албайт, басынтпайт, анын кадырын түшүрбөйт. Аялы урматтагандыктан, күйөөсү анын ага ишенип, баш ийип жана аны баалап жатканын сезет.
Мындай кеңешти азыр да колдонууга болобу? Бүгүнкү күндө үйбүлөлөрдү изилдеп жаткан адистер да ушул өңдүү кеңештердин пайдалуу экенин түшүнүүдө. Үйбүлөлөргө кеңеш берүү программасын жетектеген бир аял: «Мен билгенден, атасы менен энеси бири-бирин чындап сүйгөн үйбүлөлөр бактылуу... Эгер ушул негизги мамилелер бекем болсо, балдар өздөрүн коопсуз сезет көрүнөт»,— деп айткан3.
Никеге байланыштуу суроолор боюнча сансыз кеңешчилердин чын ыкластан берген кеңештерине караганда, Ыйык Китептеги кеңештер ушул күнгө чейин пайдалуу болуп келет. Жакында эле көптөгөн адистер мамилелери келишпей калган жарларга ажырашууну жагдайды бат жана оңой чечүүнүн жолу катары сунуштап келишкен. Бүгүн алардын көбү никени кандай болбосун сактап калууга үндөп калышты. Бирок мындай өзгөрүүлөр ажырашуу көп зыян алып келгенден кийин гана жасала баштады.
Ал эми Ыйык Китеп никеге карата акылмандыкка негизделген, туура кеңештерди берет. Анда өзгөчө жагдайларда гана ажырашууга жол берилери айтылган (Матай 19:9). Ошол эле учурда, Ыйык Китеп жеңил ойлуулук менен ажырашууну айыптайт (Малахия 2:14—16). Ойноштук да айыпталат (Эврейлерге 13:4). Ыйык Китепте: «Ошондуктан адам ата-энесин таштап, аялы менен биригет. Ошентип, экөө бир дене болот» — деп, никеде олуттуу милдеттерди аткаруу талап кылынары белгиленгенa (Башталыш 2:24; Матай 19:5, 6).
Ыйык Китептин нике тууралуу кеңеши бүгүн, ал жазылып жаткан кездегидей эле, пайдалуу. Жубайлар бири-бирине сүйүү жана урмат менен мамиле кылышканда, никенин өзгөчө ынак мамиле экенин түшүнүшкөндө, нике да, үйбүлө да, сакталып калары бышык.
Ата-энелер үчүн жетекчилик
Мындан ондогон жылдар мурун көптөгөн ата-энелер, балдарды тарбиялоо жөнүндөгү «алдыңкы пикирлердин» таасири астында, «тыюу салууга тыюу салынат» деп эсептешкен8. Алар, балдарга чек коё берсе, алардын сезимине, өз күчүнө болгон ишенүүсүнө доо кетет деп коркушкан. Балдарды тарбиялоо боюнча кеңешчилер жакшы ниеттери менен ата-энелерге балдарын акырын гана тартипке салып коюудан башка эч нерсе кылбоону таңуулашкан. Бирок азыр ошол адистердин көбү жазалоонун маанисин кайрадан карап чыгууда, ал эми тынчсызданган ата-энелер ушул маселелерге байланыштуу жооп издеп жатышат.
Ыйык Китепте болсо башынан эле балдарды тарбиялоо боюнча айкын, туура кеңеш берилген. Анда 2000ге жакын жыл мурун: «Аталар, силер да балдарыңарды кыжырдантпагыла, аларды Теңирдин үйрөтүүсү жана акыл-насааты менен тарбиялагыла»,— деп айтылган (Эфестиктерге 6:4). «Үйрөтүү» деп которулган грек тилиндеги этиш «тарбиялоо, окутуу, акыл-насаат берүү» дегенди билдирет9. Ыйык Китепте мындай үйрөтүү же акыл-насаат берүү ата-энелик сүйүүнүн далили катары каралат (Накыл сөздөр 13:24). Балдарга адеп-ахлактык жактан так жетекчилик жана жаман менен жакшыга байланыштуу айкын түшүнүк берилсе, алар бактылуу болуп чоңоюшат. Жазаланганда алар ата-энелеринин кам көрүп жатканын жана алардын кандай адам болоруна кайдыгер карабаарын түшүнүшөт.
Бирок ата-энелер өз бийлигин, «тарбиялоочу чыбыгын», эч качан кыянаттык менен колдонбоого тийишb (Накыл сөздөр 22:15; 29:15). Ыйык Китепте ата-энелерге: «Балдарыңар капа болбошу үчүн, аларга өтө эле көп эскертүү бере бербегиле»,— деп айтылат (Колосалыктарга 3:21, Филипстин англисче котормосу). Ыйык Китепте уруп-согууну тарбиянын бирден-бир натыйжалуу жолу деп ойлоонун жаңылыштык экени көрсөтүлөт. Накыл сөздөр 17:10до: «Акылсыз адамга жүз балак таасир эткенге караганда, акылдуу адамга сөгүш катуу таасир этет»,— делген. Андан тышкары, Ыйык Китепте балдарды, жамандыктан коргоо үчүн, жазалоо кеңеш кылынат. Мыйзам 11:19да ата-энелер, балдарга адеп-ахлактыкты баалоону үйрөтүү үчүн, ыңгайлуу учурларды мүмкүн болушунча жакшы пайдаланууга чакырылат. (Мыйзам 6:6, 7ни да карагыла.)
Демек, Ыйык Китептин ата-энелерге берген кеңеши боюнча, балдарды сүйүү жана ырааттуулук менен тарбиялоо керек. Мындай кеңештин чынында эле натыйжалуу экенин турмуштук тажрыйба көрсөтөтc.
Адамдарды бөлгөн тоскоолдуктарды жеңүү
Адамдар бүгүн расалык, улуттук жана этностук айырмачылыктары боюнча бөлүнүп-жарылууда. Мындай адамдар чыгарган тоскоолдуктардан улам тутанган согуш-жаңжалдарда дүйнө жүзү боюнча көптөгөн эл кырылып жатат. Тарыхка көз чаптырып көрсөк, ар башка расадагы, улуттагы аял-эркектер бири-бирин тең көрүп, бири-бирине калыс мамиле кылышарына үмүттөнүүгө негиз аз. Африкалык мамлекеттик ишкердин айтымында, бул көйгөйдүн «чечилиши жүрөгүбүзгө көзкаранды»11. Бирок адамдардын жүрөгүн өзгөртүү оңой эмес. Ошондой болсо да Ыйык Китептин кабары адамдын жүрөгүнө таасир тийгизип, башкаларга калыс мамиле кылууга түрткү берет. Кандайча?
Ыйык Китептин Кудай «бир адамдан бүткүл адамзатты жаратты» деген окуусу расалык артыкчылык жөнүндөгү ой-пикирлерди жоёт (Элчилер 17:26). Ыйык Китепте чын-чынында адамзат тукуму деген бир гана раса бар экени көрсөтүлөт. Ыйык Китеп бизди «бет карамалыгы жок», «ар бир элден Кудайдан корккон жана адилеттик боюнча иш кылган адамды» жактырган «Кудайды тууроого» чакырат (Элчилер 10:34, 35; Эфестиктерге 5:1). Ыйык Китептеги айтылгандарга олуттуу карагандар жана анын окуулары боюнча жашоого чындап аракет кылгандар анын таасири менен биримдикке ээ болот. Андай билим адамдын жүрөгүнө таасир этип, адамдарды бөлгөн көзкараштарды жок кылат. Буга далил катары бир мисалды карап чыгалы.
Гитлер бүткүл Европа боюнча согуш жүргүзүп жаткан кезде, бир диний топ — Жахабанын Күбөлөрү — айыбы жок адамдарды массалык түрдө өлтүрүүгө катышуудан кескин түрдө баш тарткан. Жахабанын Күбөлөрү башка адамдарга каршы «кылыч көтөрүшкөн» эмес. Алар Кудайга жагууну каалашкан (Ышайа 2:3, 4; Михей 4:3, 5). Алар Ыйык Китептин сөздөрүнө, бир да улут же раса башка раса же улуттан жогору эмес экенине, ишенишкен (Галатиялыктарга 3:28). Тынчтыкты сүйгөндүгү үчүн алар биринчилерден болуп концлагерлерге камалган (Римдиктерге 12:18).
Бирок Ыйык Китепке карманабыз деп ырасташкандардын баары эле ошондой көзкарашты жакташпайт. Экинчи дүйнөлүк согуштан көп өтпөй немис протестант диний кызматчысы Мартин Нимёллер: «Кимдир бирөө [согуштар] жүрүп жатканы үчүн Кудайды күнөөлөгүсү келсе, ал Кудайдын Сөзүн билбейт же болбосо билгиси келбейт... Христиан чиркөөлөрү кылымдар бою согуштарга, аскерлерге жана куралдарга бата берип келишкен. Алар Кудайдан душмандарынын өлүмүн сурашкан — бул Кудайга жагарлык ишпи? Мунун баары Кудайдын эмес, биздин, биздин ата-бабабыздын күнөөсү. Биз, Кудайга ишенебиз дегендер, аскердик кызмат өтөөдөн, адамдарды атуудан баш тартканы үчүн жүздөп, миңдеп концентрациялык лагерлерге түшкөн, [ал түгүл] өлүмгө баш коюшкан, секта делген «Ыйык Китеп Изилдөөчүлөрүнүн» [Жахабанын Күбөлөрүнүн] алдында шылдың болдук»,— деп жазган12.
Ушул күнгө чейин Жахабанын Күбөлөрү арабдар менен эврейлерди, хорваттар менен сербдерди, хуту менен тутсини бириктирген биртуугандык катары таанылып келет. А бирок Күбөлөр мындай биримдүүлүккө, башкалардан артык болушкандыктан эмес, ыйык китептик кабардын күчү түрткү бергендиктен ээ экенин түшүнүшөт (1 Тесалоникалыктарга 2:13).
Психикалык саламаттыкка өбөлгө түзүүчү жетекчилик
Көп учурда адамдын психикалык жана эмоциялык абалы денсоолугуна таасир этет. Мисалы, илимий изилдөөлөрдөн ачуулануу зыян тийгизери аныкталган. Дьюк университетинин карамагындагы медициналык борбордун жүрүм-турумду изилдөө бөлүмүнүн жетекчиси д-р Редфорд Уильямз жана анын аялы Виржиния Уильямз «Ачуулануу өлтүрөт» аттуу китебинде мындай дешкен: «Колдо бар маалыматтардын көбү далилдегендей, чыр адамдар арасында, ар кандай себептер боюнча, маселен, достук пикир алышуунун жетишсиздигинен, ачууланганда денедеги биологиялык процесстердин өзгөчө активдүү жүрө башташынан жана денсоолукка зыян келтирүүчү адаттардан улам жүрөк-кан тамыр системасынын ооруларына (жана башка ооруларга) кабылуу ыктымалдыгы жогору болот»13.
Мындай илимий изилдөөлөрдөн миңдеген жылдар мурун эле Ыйык Китепте жөнөкөй, айкын сөздөр менен биздин эмоциялык абалыбыз менен денсоолугубуздун байланышы бар экени: «Момун жүрөк — денеге өмүр, ал эми көрө албастык — сөөккө ириң»,— деп көрсөтүлгөн (Накыл сөздөр 14:30; 17:22). Ыйык Китепте «ачууңду токтот, кыжырланба» жана «ачууланганга шашпа» деген жакшы кеңештер берилген (Забур 36:8; Насаатчы 7:9).
Ыйык Китепте ачууну ооздуктоого байланыштуу да жакшы кеңеш берилет. Мисалы, Накыл сөздөр 19:11де: «Акыл-эстүү адам ачууга алдырбайт, бирөөнүн кылмышын кечирип коюу — ал үчүн даңк»,— деп айтылган. «Акыл-эс» деп которулган эврей сөзү бир нерсенин «себебин көрө билүүнү» туюнткан этиштен пайда болгон14. «Бир нерсе кылар алдында ойлон»,— деген кеңеш бар эмеспи. Ошондуктан башкалардын сүйлөгөн сөзүнүн же жасаган ишинин аркасында кандай себеп жатканын түшүнүүгө аракеттенүү сабырдуу болуп, ачуубузду ооздуктоого жардам берет (Накыл сөздөр 14:29).
Колосалыктарга 3:13тө: «Көтөрүмдүү болгула, бири-бириңерди кечиргиле»,— деген дагы бир кеңеш берилген. Жашоодо бизди кыжырланткан нерселер аз эмес. Ал эми «көтөрүмдүү болгула» деген сөздөр — башкалардын өзүбүзгө жакпаган жактарына чыдоону, «кечирүү» деген таарынычтын өрчүп кетишине жол бербөөнү билдирет. Таарыныч менен жашагыча, андан арылуу жакшыраак. Кек сактай берсек, өзүбүз эле кыйналабыз. («Өз ара мамилелерге байланыштуу кеңештер» деген кутучаны карагыла.)
Бүгүнкү күндө туш тараптан сансыз кеңеш, жетекчилик берилет. Ал эми Ыйык Китеп — баарынан өзгөчө китеп. Анын кеңеши «туптуура», ошон үчүн бизге эч качан зыян келтирбейт (Забур 92:5). Дээрлик 2000 жыл мурун жазылса да, андагы кеңештер күнү бүгүнкүдөй баалуу. Андыктан Ыйык Китептин кеңештерин көптөр, кайсы өлкөдө жашабасын, кайсы расадан болбосун, колдонуп жатат. Ыйык Китеп өзгөчө күчкө, адамдарды жакшы жакка өзгөртө ала турган күчкө, ээ (Эврейлерге 4:12). Ошондуктан ал китепти окуу жана андагы принциптерди колдонуу силердин да жашооңорду жакшырта алат.
[Шилтемелер]
a «Бир дене болот» деп которулган дава́к деген эврей сөзү «кимдир бирөөгө болуучу назик ынактыкты жана берилгендикти» билдирет4. Грек тилинде Матай 19:5те «бир дене болот» деген сөз «желимделип калуу», «цементтелип калуу», «бекем биригип калуу» деген маанини берет5.
b Байыркы убактарда «чыбык» деген сөз (эврей тилинде — ше́вет) малчынын «таягын» же «союлун» билдирген10. Бул контекстте чыбык же ата-энелик бийлик ырайымсыздыкты эмес, сүйүүгө негизделген тарбияны билдирет. (Салыштыргыла: Забур 22:4.)
c Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «Үй-бүлөлүк бакыттын сыры» аттуу китептин «Баланы ымыркай кезинен тарбиялагыла», «Өспүрүм балаңарга жардам бергиле», «Үйдө ээнбаш бар болсо...» жана «Үй-бүлөңөрдү зыяндуу таасирлерден коргогула» деген бөлүмдөрүн карагыла.
[24-беттеги кыстырма]
Ыйык Китепте үйбүлөлүк жашоого карата айкын, туура кеңештер берилген
[23-беттеги кутуча]
Бекем үйбүлөлөргө мүнөздүү белгилер
Мындан бир нече жыл мурун үйбүлөлүк суроолор боюнча бир адис, педагог кеңири изилдөө жүргүзгөн. Изилдөөгө үйбүлөлүк суроолор боюнча 500дөн ашуун кеңешчи катышып, бекем үйбүлөлөргө кандай белгилер мүнөздүү болорун байкаганын айтышкан. Кызыктуусу, кеңешчилердин атаган белгилеринин арасында Ыйык Китепте эчактан эле жазылган белгилер да болгон.
Тизмектин башында жакшы пикир алмашуу жана уруш-талашты чечүүнүн натыйжалуу ыкмалары ээлейт. Изилдөөнүн автору белгилегендей, бекем үйбүлөлөрдүн жалпы урааны — «элдешмейин уктабайбыз»6. Мындан 1900 жылдан ашуун убакыт мурун эле Ыйык Китепте: «Ачууланганыңарда күнөө кетирбегиле: күн батканча, ачууңарды баскыла»,— деген кеңеш берилген (Эфестиктерге 4:26). Байыркы убактарда күн баткандан тартып кайра күн батканга чейинки убак бир күн деп саналчу. Ошондуктан үйбүлөлөрдү изилдеп жаткан азыркы адистерден мурун эле Ыйык Китепте келишпестиктерди кийинки күн башталганга чейин, создуктурбай чечүү кеңеш кылынган.
Бекем үйбүлөлөр «чыр-чатак чыгара турган сөздөрдү үйдөн чыгар алдында да, уктаар алдында да козгобойт,— деп белгилейт автор.— Мен изилдөө маалында „орундуу учурда“ деген сөздү көп уктум»7. Ал үйбүлөлөр, өзүлөрү билишпесе да, Ыйык Китептеги 2700 жылдай мурун айтылган: «Орундуу сөз — жаркыраган күмүш идиштеги алтын алма»,— деген накыл сөздөгү ойду айтышкан (Накыл сөздөр 15:23; 25:11). Бул жерде байыркы учурлардагы баалуу, көрктүү күмүш идишке салынган, алтындан жасалган алмалар айтылат. Мындай салыштыруу орундуу, ыңгайлуу учурда айтылган сөздөрдүн канчалык баалуу экенин туюнтат. Жагдай курчуп турган кезде туура тандалган, орундуу учурда айтылган сөздөр, чынында эле, баа жеткис (Накыл сөздөр 10:19).
[26-беттеги кутуча]
Өз ара мамилелерге байланыштуу кеңештер
«Ачууланганыңарда күнөө кетирбегиле: төшөктө жатканыңарда ойлонуп сабыр кылгыла» (Забур 4:5). Майда-чүйдө таарыныч пайда болгондо ачууга алдырбай, этият сүйлөө акылмандуулук болор эле.
«Маңызсыз сүйлөгөн адам кылыч менен жаралагандай жаралайт, ал эми акылдуу адамдардын тили сакайтат» (Накыл сөздөр 12:18). Сүйлөөрдүн алдында ойлонгула. Ойлонбой айткан сөздөр башкаларды жаралантышы, достук мамилелерди бузушу мүмкүн.
«Момундук менен айтылган жооп каарды токтотот, ал эми кордогон сөз ачууну козгойт» (Накыл сөздөр 15:1). Момундук менен жооп берүү үчүн, кармана билүү керек. Бул келишпестиктерди азайтып, ынтымакка өбөлгө түзөт.
«Чатактын башталышы жарып кирген суудай. Чатакты күчөп кете электе токтот» (Накыл сөздөр 17:14). Ачууга алдыра элегиңде, чоң чыр-чатакка алып баруучу жагдайлардан качканың туура.
«Ачууланганга [«таарынууга», «ЖД»] шашпа, анткени ачуу [«таарынуу», «ЖД»] акылсыздардын жүрөгүндө уялайт» (Насаатчы 7:9). Иш-аракетке, адатта, сезим түрткү берет. Бат таарынган адам «акылсыз», анткени таарыныч туура эмес сүйлөөгө же терс иш жасоого алып барышы мүмкүн.
[25-беттеги сүрөт]
Жахабанын Күбөлөрү концлагерлерге камалгандардын биринчилеринен болушкан