Күзөт мунарасынын ОНЛАЙН КИТЕПКАНАСЫ
Күзөт мунарасы
ОНЛАЙН КИТЕПКАНА
кыргыз
  • ЫЙЫК КИТЕП
  • АДАБИЯТТАР
  • ЖОЛУГУШУУЛАР
  • Матай 26
  • Ыйык Китеп

Бул жерде видео жок.

Кечиресиз, ката кеткендиктен видео ойнотулбай жатат.

Матай. Мазмуну

      • Дин кызматчылар Исаны өлтүрүштү ойлонуштурушат (1—5)

      • Исанын башына жыпар жыттуу май куюлат (6—13)

      • Акыркы Куткарылуу майрамы белгиленип, Исага чыккынчылык кылынат (14—25)

      • Мырзабыздын кечки тамагы (26—30)

      • Иса Петирдин баш тартып кетерин айтат (31—35)

      • Иса Гетсемани багынан Кудайдан тиленет (36—46)

      • Исаны кармап кетишет (47—56)

      • Иши Жогорку сотто каралат (57—68)

      • Петир Исаны тааныбайм деп танат (69—75)

Матай 26:2

Шилтемелер

  • *

    Же: «Пасха». Еврейче песах. Мааниси: «кыя өтүү, өтүп кетүү». Сөздүктү кара.

  • *

    Сөздүктү кара.

Байланышы бар аяттар

  • +Чг 12:14; Мр 14:1, 2; Лк 22:1, 2; Жн 13:1
  • +Мт 16:21; 20:18, 19; 27:26; Мр 15:15; Жн 19:16

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Иса Машаяк - жол», 266-б.

Матай 26:3

Шилтемелер

  • *

    Сөздүктү кара.

Байланышы бар аяттар

  • +Мт 26:57; Лк 3:2; Жн 11:49; 18:13, 24

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Иса Машаяк - жол», 266-б.

Матай 26:4

Байланышы бар аяттар

  • +Зб 2:2

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Иса Машаяк - жол», 266-б.

Матай 26:6

Байланышы бар аяттар

  • +Мр 14:3—9; Жн 12:1—8

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Иса Машаяк - жол», 236-б.

Матай 26:7

Шилтемелер

  • *

    Сөзмө-сөз: «алебастр бөтөлкө». Кумура сыяктуу мындай кичинекей идиштер Мисирдеги Алабастрон шаарынын жанынан казылып алынган таштан жасалчу.

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Иса Машаяк - жол», 236-б.

    «Күзөт мунарасы»,

    1/2/2007, 21-б.

Матай 26:11

Байланышы бар аяттар

  • +Мз 15:11
  • +Мр 14:7

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Күзөт мунарасы»,

    15/6/2015, 4—5-бб.

Матай 26:12

Байланышы бар аяттар

  • +Мр 14:8; Жн 12:7

Матай 26:13

Байланышы бар аяттар

  • +Мр 14:9

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «„Ыйык кызматыбыз жана жашообуз“ окуу куралы»,

    12/2017, 5-б.

Матай 26:14

Байланышы бар аяттар

  • +Мт 10:2, 4; Жн 13:2
  • +Мр 14:10, 11; Лк 22:3—6

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Иса Машаяк - жол», 266—267-бб.

Матай 26:15

Байланышы бар аяттар

  • +Жн 11:57
  • +Чг 21:32; Зак 11:12; Мт 27:3

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Таалим-тарбия ал», 201-б.

    «Иса Машаяк - жол», 266—267-бб.

Матай 26:17

Шилтемелер

  • *

    Сөздүктү кара.

Байланышы бар аяттар

  • +Чг 12:18; 23:15; Лк 22:1
  • +Мр 14:12—16; Лк 22:7—13

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «„Ыйык кызматыбыз жана жашообуз“ окуу куралы»,

    4/2018, 2-б.

    «Иса Машаяк - жол», 267-б.

Матай 26:18

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Иса Машаяк - жол», 267-б.

    «Күзөт мунарасы»,

    1/8/2013, 10-б.

Матай 26:20

Байланышы бар аяттар

  • +Мз 16:6
  • +Мр 14:17—21; Лк 22:14

Матай 26:21

Байланышы бар аяттар

  • +Лк 22:21—23; Жн 6:70; 13:21, 22

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Иса Машаяк - жол», 270-б.

Матай 26:23

Байланышы бар аяттар

  • +Зб 41:9; Мр 14:20; Лк 22:21; Жн 13:26

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Иса Машаяк - жол», 270-б.

Матай 26:24

Байланышы бар аяттар

  • +Лк 22:22; Жн 17:12
  • +Мз 27:25
  • +Мр 14:21

Матай 26:25

Шилтемелер

  • *

    Бул ырастоону билдирген сөз айкашы.

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Күзөт мунарасы»,

    1/7/2011, 18-б.

Матай 26:26

Байланышы бар аяттар

  • +Кр1к 10:16
  • +Мр 14:22; Лк 22:19; Кр1к 11:23—26

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Күзөт мунарасы»,

    15/12/2013, 23, 24—26-бб.

Матай 26:27

Байланышы бар аяттар

  • +Мр 14:23; Лк 22:20

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Күзөт мунарасы»,

    15/12/2013, 23—24-бб.

Матай 26:28

Байланышы бар аяттар

  • +Мт 20:28; Мр 14:24
  • +Эф 1:7; Ев 9:20, 22
  • +Кр1к 10:16
  • +Чг 24:8; Жр 31:31; Ев 7:22

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Иса Машаяк - жол», 271-б.

    «Күзөт мунарасы»,

    15/12/2013, 25-б.

Матай 26:29

Байланышы бар аяттар

  • +Мр 14:25; Лк 22:18

Матай 26:30

Байланышы бар аяттар

  • +Лк 22:39; Жн 18:1

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Күзөт мунарасы»,

    1/2/2002, 11-б.

Матай 26:31

Байланышы бар аяттар

  • +Зак 13:7; Мр 14:27, 28; Жн 16:32

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Күзөт мунарасы»,

    15/8/2011, 13-б.

Матай 26:32

Байланышы бар аяттар

  • +Мт 28:7, 16

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Күзөт мунарасы»,

    1/3/2000, 14-б.

Матай 26:33

Байланышы бар аяттар

  • +Мр 14:29—31

Матай 26:34

Байланышы бар аяттар

  • +Мр 14:30; Лк 22:34; Жн 13:38

Матай 26:35

Байланышы бар аяттар

  • +Лк 22:33

Матай 26:36

Байланышы бар аяттар

  • +Жн 18:1
  • +Мр 14:32—36; Лк 22:40

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Иса Машаяк - жол», 282-б.

Матай 26:37

Байланышы бар аяттар

  • +Ыш 53:3

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Иса Машаяк - жол», 282-б.

Матай 26:38

Байланышы бар аяттар

  • +Мр 14:34

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Иса Машаяк - жол», 282-б.

Матай 26:39

Шилтемелер

  • *

    Бул жерде «чөйчөк» деген сөз Кудайдын эрки боюнча Исанын Кудайга акарат кылды деп ак жерден айыпталып өлтүрүлөрүн билдирет.

Байланышы бар аяттар

  • +Мт 20:22; Жн 18:11
  • +Мр 14:36; Лк 22:42; Жн 5:30; 6:38; Ев 10:9
  • +Ев 5:7

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Иса Машаяк - жол», 282-б.

    «Күзөт мунарасы»,

    15/5/2011, 18—19-бб.

Матай 26:40

Байланышы бар аяттар

  • +Мр 14:37—42; Лк 22:45

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Күзөт мунарасы»,

    1/1/2003, 30-б.

Матай 26:41

Шилтемелер

  • *

    Же: «Албетте, рух дилгир, дене болсо алсыз». Бул жерде «дене» адамдын күнөөкөр, жеткилең эмес экенин билдирет.

Байланышы бар аяттар

  • +Мт 6:13; Лк 22:46
  • +Мр 13:33; Пт1к 5:8; Аян 16:15
  • +Лк 18:1; Рим. 12:12; Эф 6:18; Пт1к 4:7
  • +Мр 14:38; Рим. 7:23

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Күзөт мунарасы» (изилдөөгө арналган),

    5/2020, 18-б.

    «Иса Машаяк - жол», 282-б.

    «Күзөт мунарасы»,

    15/11/2013, 4—5-бб.

    15/2/2012, 4—5-бб.

    1/1/2003, 30-б.

    «Сергек болгула!», 24—26-бб.

Матай 26:42

Байланышы бар аяттар

  • +Мт 6:10; Жн 12:27

Матай 26:46

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Жолдоочум бол», 43—45-бб.

Матай 26:47

Байланышы бар аяттар

  • +Мр 14:43—47; Лк 22:47—51; Жн 18:3

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Иса Машаяк - жол», 284-б.

Матай 26:48

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Иса Машаяк - жол», 284-б.

Матай 26:50

Байланышы бар аяттар

  • +Зб 41:9

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Иса Машаяк - жол», 284-б.

Матай 26:51

Байланышы бар аяттар

  • +Мр 14:47; Лк 22:50; Жн 18:10

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Иса Машаяк - жол», 284-б.

Матай 26:52

Байланышы бар аяттар

  • +Жн 18:11
  • +Бш 9:6

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Күзөт мунарасы» (изилдөөгө арналган),

    6/2018, 6—7-бб.

    «Күзөт мунарасы»,

    1/4/2005, 5-б.

    1/1/2005, 22-б.

Матай 26:53

Шилтемелер

  • *

    Сөзмө-сөз: «12 легиондон ашуун». Легион деп байыркы Римдеги чоң аскер бөлүгү аталган. Бул жердеги «легион» деген сөз чоң санды билдирет.

Байланышы бар аяттар

  • +Пд2к 6:17; Дн 7:10; Мт 4:11

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Күзөт мунарасы»,

    1/9/2002, 19-б.

Матай 26:54

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Күзөт мунарасы»,

    1/9/2002, 19-б.

Матай 26:55

Байланышы бар аяттар

  • +Лк 19:47; Жн 18:20
  • +Мр 14:48, 49; Лк 22:52, 53

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Күзөт мунарасы» (изилдөөгө арналган),

    3/2020, 31-б.

Матай 26:56

Байланышы бар аяттар

  • +Зб 22:16—18; Ыш 53:1—12; Дн 9:26
  • +Зак 13:7; Мр 14:50; Жн 16:32

Матай 26:57

Байланышы бар аяттар

  • +Жн 18:13
  • +Мр 14:53, 54; Лк 22:54, 55

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Иса Машаяк - жол», 286—288-бб.

Матай 26:58

Байланышы бар аяттар

  • +Жн 18:16

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Иса Машаяк - жол», 288-б.

    «Үлгү алгыла», 199—200-бб.

    «Күзөт мунарасы»,

    1/4/2010, 22-б.

Матай 26:59

Шилтемелер

  • *

    Сөзмө-сөз: «Синедриондун». Сөздүктү кара.

Байланышы бар аяттар

  • +Мр 14:55—59

Матай 26:60

Байланышы бар аяттар

  • +Зб 27:12; 35:11

Матай 26:61

Байланышы бар аяттар

  • +Мт 27:39, 40; Жн 2:19; Элч 6:14

Матай 26:62

Байланышы бар аяттар

  • +Мр 14:60—65

Матай 26:63

Байланышы бар аяттар

  • +Ыш 53:7; Элч 8:32
  • +Лк 22:67—71

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Иса Машаяк - жол», 287-б.

    «Күзөт мунарасы»,

    15/5/2009, 4-б.

Матай 26:64

Байланышы бар аяттар

  • +Дн 7:13; Жн 1:51
  • +Зб 110:1; Лк 22:69
  • +Мр 14:62; Аян 1:7

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Иса Машаяк - жол», 287-б.

    «Күзөт мунарасы»,

    1/7/2011, 18-б.

Матай 26:66

Байланышы бар аяттар

  • +Лб 24:16; Жн 19:7

Матай 26:67

Байланышы бар аяттар

  • +Лк 22:63, 64
  • +Ыш 50:6
  • +Ыш 53:3

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Күзөт мунарасы»,

    15/1/2009, 22-б.

    1/1/2009, 5-б.

    «Жолдоочум бол», 172-б.

    «Адамдарга арналган китеп», 17-б.

Матай 26:68

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Адамдарга арналган китеп», 17-б.

Матай 26:69

Байланышы бар аяттар

  • +Мр 14:66—72; Лк 22:54—62; Жн 18:15—17

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Иса Машаяк - жол», 288-б.

Матай 26:71

Байланышы бар аяттар

  • +Жн 18:25—27

Матай 26:74

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Иса Машаяк - жол», 288-б.

Матай 26:75

Байланышы бар аяттар

  • +Мт 26:34; Мр 14:30; Жн 13:38

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Иса Машаяк - жол», 288-б.

Башка котормолор

Байланышы бар аяттар чыгышы үчүн аяттын санын басыңыз

Башкасы

Мт. 26:2Чг 12:14; Мр 14:1, 2; Лк 22:1, 2; Жн 13:1
Мт. 26:2Мт 16:21; 20:18, 19; 27:26; Мр 15:15; Жн 19:16
Мт. 26:3Мт 26:57; Лк 3:2; Жн 11:49; 18:13, 24
Мт. 26:4Зб 2:2
Мт. 26:6Мр 14:3—9; Жн 12:1—8
Мт. 26:11Мз 15:11
Мт. 26:11Мр 14:7
Мт. 26:12Мр 14:8; Жн 12:7
Мт. 26:13Мр 14:9
Мт. 26:14Мт 10:2, 4; Жн 13:2
Мт. 26:14Мр 14:10, 11; Лк 22:3—6
Мт. 26:15Жн 11:57
Мт. 26:15Чг 21:32; Зак 11:12; Мт 27:3
Мт. 26:17Чг 12:18; 23:15; Лк 22:1
Мт. 26:17Мр 14:12—16; Лк 22:7—13
Мт. 26:20Мз 16:6
Мт. 26:20Мр 14:17—21; Лк 22:14
Мт. 26:21Лк 22:21—23; Жн 6:70; 13:21, 22
Мт. 26:23Зб 41:9; Мр 14:20; Лк 22:21; Жн 13:26
Мт. 26:24Лк 22:22; Жн 17:12
Мт. 26:24Мз 27:25
Мт. 26:24Мр 14:21
Мт. 26:26Кр1к 10:16
Мт. 26:26Мр 14:22; Лк 22:19; Кр1к 11:23—26
Мт. 26:27Мр 14:23; Лк 22:20
Мт. 26:28Мт 20:28; Мр 14:24
Мт. 26:28Эф 1:7; Ев 9:20, 22
Мт. 26:28Кр1к 10:16
Мт. 26:28Чг 24:8; Жр 31:31; Ев 7:22
Мт. 26:29Мр 14:25; Лк 22:18
Мт. 26:30Лк 22:39; Жн 18:1
Мт. 26:31Зак 13:7; Мр 14:27, 28; Жн 16:32
Мт. 26:32Мт 28:7, 16
Мт. 26:33Мр 14:29—31
Мт. 26:34Мр 14:30; Лк 22:34; Жн 13:38
Мт. 26:35Лк 22:33
Мт. 26:36Жн 18:1
Мт. 26:36Мр 14:32—36; Лк 22:40
Мт. 26:37Ыш 53:3
Мт. 26:38Мр 14:34
Мт. 26:39Мт 20:22; Жн 18:11
Мт. 26:39Мр 14:36; Лк 22:42; Жн 5:30; 6:38; Ев 10:9
Мт. 26:39Ев 5:7
Мт. 26:40Мр 14:37—42; Лк 22:45
Мт. 26:41Мт 6:13; Лк 22:46
Мт. 26:41Мр 13:33; Пт1к 5:8; Аян 16:15
Мт. 26:41Лк 18:1; Рим. 12:12; Эф 6:18; Пт1к 4:7
Мт. 26:41Мр 14:38; Рим. 7:23
Мт. 26:42Мт 6:10; Жн 12:27
Мт. 26:47Мр 14:43—47; Лк 22:47—51; Жн 18:3
Мт. 26:50Зб 41:9
Мт. 26:51Мр 14:47; Лк 22:50; Жн 18:10
Мт. 26:52Жн 18:11
Мт. 26:52Бш 9:6
Мт. 26:53Пд2к 6:17; Дн 7:10; Мт 4:11
Мт. 26:55Лк 19:47; Жн 18:20
Мт. 26:55Мр 14:48, 49; Лк 22:52, 53
Мт. 26:56Зб 22:16—18; Ыш 53:1—12; Дн 9:26
Мт. 26:56Зак 13:7; Мр 14:50; Жн 16:32
Мт. 26:57Жн 18:13
Мт. 26:57Мр 14:53, 54; Лк 22:54, 55
Мт. 26:58Жн 18:16
Мт. 26:59Мр 14:55—59
Мт. 26:60Зб 27:12; 35:11
Мт. 26:61Мт 27:39, 40; Жн 2:19; Элч 6:14
Мт. 26:62Мр 14:60—65
Мт. 26:63Ыш 53:7; Элч 8:32
Мт. 26:63Лк 22:67—71
Мт. 26:64Дн 7:13; Жн 1:51
Мт. 26:64Зб 110:1; Лк 22:69
Мт. 26:64Мр 14:62; Аян 1:7
Мт. 26:66Лб 24:16; Жн 19:7
Мт. 26:67Лк 22:63, 64
Мт. 26:67Ыш 50:6
Мт. 26:67Ыш 53:3
Мт. 26:69Мр 14:66—72; Лк 22:54—62; Жн 18:15—17
Мт. 26:71Жн 18:25—27
Мт. 26:75Мт 26:34; Мр 14:30; Жн 13:38
  • Ыйык Китеп
  • Окуңуз: Жаңы дүйнө котормосу (bi12)
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8
  • 9
  • 10
  • 11
  • 12
  • 13
  • 14
  • 15
  • 16
  • 17
  • 18
  • 19
  • 20
  • 21
  • 22
  • 23
  • 24
  • 25
  • 26
  • 27
  • 28
  • 29
  • 30
  • 31
  • 32
  • 33
  • 34
  • 35
  • 36
  • 37
  • 38
  • 39
  • 40
  • 41
  • 42
  • 43
  • 44
  • 45
  • 46
  • 47
  • 48
  • 49
  • 50
  • 51
  • 52
  • 53
  • 54
  • 55
  • 56
  • 57
  • 58
  • 59
  • 60
  • 61
  • 62
  • 63
  • 64
  • 65
  • 66
  • 67
  • 68
  • 69
  • 70
  • 71
  • 72
  • 73
  • 74
  • 75
Ыйык Китеп
Матай 26:1—75

Матай

26 Иса ушуларды айткандан кийин шакирттерине: 2 «Өзүңөр билгендей, эки күндөн кийин Куткарылуу майрамы* болот.+ Ошондо адам Уулун устунга* кадап өлтүрүш үчүн кармап беришет»,— деди.+

3 Жогорку дин кызматчылар менен эл аксакалдары болсо Каяпа деген башкы дин кызматчынын* короосуна чогулуп,+ 4 Исаны амалкөйлүк менен кармап, өлтүрүш үчүн кеңешишти.+ 5 Бирок: «Аны майрам учурунда кармаганга болбойт, болбосо эл көтөрүлүш чыгарат»,— деп жатышты.

6 Иса Бетанияда мурун пес оорусу менен ооруган Симондун үйүндө+ 7 дасторкон үстүндө отурганда, бир аял идиш* көтөрүп келип, ичиндеги кымбат баалуу жыпар жыттуу майды Исанын башына куя баштады. 8 Шакирттери муну көргөндө нааразы болуп: «Мындай ысырапкорчулуктун эмне кереги бар эле? 9 Муну кымбат баага сатып, түшкөн акчаны жакырларга таратып берсе болот эле да»,— дешти. 10 Иса алардын эмне жөнүндө сүйлөшүп жатканын билип: «Эмнеге бул аялды кыжалат кылып жатасыңар? Бул мага жакшылык кылды. 11 Жакырлар дайыма жаныңарда болот,+ мен болсо дайыма эле жаныңарда боло бербейм.+ 12 Бул аял денемди жыпар жыттуу май менен майлап, мени көргө койгонго даярдады.+ 13 Силерге айтып коёюн, Кудайдын Падышалыгы жөнүндөгү жакшы кабар дүйнөнүн кайсы гана жеринде таратылбасын, бул аялды да эстеп, ушул иши жөнүндө айтышат»,— деди.+

14 Ошондон кийин 12 элчинин бири Жүйүт Искариот+ жогорку дин кызматчыларга барып:+ 15 «Аны колуңарга салып берсем, эмне бересиңер?» — деди.+ Алар ага 30 күмүш тыйын сунуш кылышты.+ 16 Ошол убактан тартып Жүйүт Исаны алардын колуна салып бергенге ыңгайлуу учурду күтүп жүрдү.

17 Калама майрамынын*+ биринчи күнүндө шакирттер Исага келип: «Куткарылуу майрамында жей турган тамакты кайсы жерге даярдашыбызды каалайсың?» — деп сурашты.+ 18 Ал мындай деди: «Шаардагы баланчаныкына баргыла да: „Устатыбыз: “Өлүмгө кыйыла турган убагым жакындап калды. Куткарылуу майрамын шакирттерим менен сеникинде өткөрөм”,— деп айтты“,— дегиле». 19 Ошентип, шакирттери ал буйругандай кылып, Куткарылуу майрамына керектүүнүн баарын даярдашты.

20 Кеч киргенде,+ Иса менен 12 шакирти дасторкон тегеректей отурушту.+ 21 Тамактанып жатышканда, Иса: «Силерге айтып коёюн, араңардан бирөө мага чыккынчылык кылат»,— деди.+ 22 Шакирттер буга катуу капаланып, биринин артынан бири: «Мырзам, мен эмесминби?» — деп сурай баштады. 23 Иса: «Мени менен бир табактан жеп жаткан бирөө мага чыккынчылык кылат.+ 24 Дегинкиси, адам Уулу, өзү жөнүндө жазылгандай, силерден кетип баратат, бирок ага чыккынчылык кыла турган адамдын+ башына каран түн түшөт!+ Анын мындан көрө төрөлбөй эле койгону жакшы болмок»,— деди.+ 25 Ошондо ага чыккынчылык кылганы жаткан Жүйүт: «Устат, мен эмесминби?» — деп сурады. Иса ага: «Муну өзүң билесиң да*»,— деп жооп берди.

26 Тамак ичип отурушканда, Иса нанды алып, Кудайдан тиленген соң аны сындырды да,+ шакирттерине узатып жатып: «Алгыла, жегиле. Бул менин денемди билдирет»,— деди.+ 27 Ошондой эле чөйчөктү алып, Кудайга ыраазычылык билдирди да, аны шакирттерине узатып: «Мындан баарыңар ичкиле,+ 28 себеби бул көптөрдүн+ күнөөлөрү кечирилиши үчүн+ төгүлө турган канымды,+ „келишимдин канын“,+ билдирет. 29 Силерге айтып коёюн, Атамдын Падышалыгында силер менен жаңы шарап иче турган күн келгенге чейин, шарап ичпейм»,— деди.+ 30 Акырында алар Кудайды даңктап ырдашты да, Зайтун тоосун көздөй жөнөштү.+

31 Ошондо Иса шакирттерине: «Ушул түнү баарыңар менден баш тартып кетесиңер, анткени Ыйык Жазмада: „Койчусун өлтүрөм, ошондо отордогу койлор туш-тушка чачырап кетет“,— деп жазылган.+ 32 Бирок тирилгенимден кийин силерден мурун Галилеяга барам. Ошол жактан силерге жолугам»,— деди.+ 33 Муну укканда Петир: «Сенден баары баш тартып кетсе да, мен эч качан баш тартпайм!» — деди.+ 34 Иса ага: «Сага айтып коёюн, короз кыйкырганга чейин, ушул түнү менден үч жолу баш тартасың»,— деп айтты.+ 35 Буга Петир: «Атүгүл сени менен чогуу өлүшүм керек болсо да, сенден эч качан баш тартпайм!» — деди.+ Башка шакирттер да ошентишти.

36 Андан кийин Иса шакирттери менен Гетсемани деп аталган жерге барды.+ Анан аларга: «Мен тиги жакка барып, Кудайдан тиленип келгиче, ушул жерде отура тургула»,— деди да,+ 37 Петир менен Зебедейдин эки уулун ээрчитип кетти. Анын көңүлү чөгүп, санаасы санга бөлүнүп жатты.+ 38 Ошондо аларга: «Жаным аябай кыйналып турат. Бул жерде калып, уктабай, мага окшоп сергек тургула»,— деди.+ 39 Анан арыраак барып, жүзтөмөндөп жыгылды да: «Ата, эгер мүмкүн болсо, бул чөйчөк*+ менден кыя өтсө экен. Бирок мен каалагандай эмес, сен каалагандай болсун»,+— деп Кудайдан тилене баштады.+

40 Кайра келип, шакирттеринин уктап жатканын көргөндө Петирге: «Жок дегенде, бир саат мени менен чогуу сергек тура алган жоксуңарбы?+ 41 Азгырыкка алдырбаш үчүн+ сергек болгула,+ Кудайдан тынбай тиленгиле.+ Негизи, адамдын өзү туура иш кылганга дилгир болсо да, денеси алсыз келет*»,— деди.+ 42 Анан кайра ары барып: «Ата, мүмкүн болсо, бул чөйчөк менден кыя өтсүнчү. Бирок андан ичишим керек болсо, анда сен каалагандай болсун»,— деп тиленди.+ 43 Кайра келсе, шакирттери дагы уктап калыптыр. Аларды катуу уйку басып жаткан эле. 44 Иса кайрадан арыраак барып, ошол эле сөздөрдү айтып үчүнчү жолу тиленди. 45 Анан шакирттерине келип: «Ушундай убакта да уктап, эс алып жатасыңарбы?! Мына, адам Уулу күнөөкөрлөрдүн колуна салынып берилчү убак келип калды. 46 Тургула, кеттик. Мага чыккынчылык кылган киши келатат»,— деди. 47 Ал сүйлөп бүтө электе эле, 12 элчинин бири Жүйүт колдоруна кылыч, союл көтөргөн жоон топ кишини ээрчитип келди. Аларды жогорку дин кызматчылар менен эл аксакалдары жиберген эле.+

48 Чыккынчы Жүйүт аларга: «Мен кимди өпсөм, ошону кармагыла» — деп, кандай белги берерин айткан болчу. 49 Ал түз эле Исага барып: «Кандайсың, Устат!» — деди да, аны акырын өөп койду. 50 Бирок Иса ага: «Дос, бул жерге эмнеге келдиң?»+ — деди. Ошондо жиберилген кишилер келип, Исаны кармашты. 51 Ошол учурда Исанын жанында жүргөндөрдүн бири кылычын сууруп чыгып, башкы дин кызматчынын кулунун кулагын шылый чапты.+ 52 Бирок Иса ага: «Кылычыңды кынына сал,+ анткени кылыч көтөргөндөрдүн баары кылычтан өлөт.+ 53 Же мени Атама жалынып, түмөндөгөн* периштелерин заматта жиберишин сурана албайт дейсиңби?+ 54 Анда ушундай болушу керектиги жөнүндө Ыйык Жазмада айтылгандар кантип аткарылмак?» — деди. 55 Анан өзүн кармаганы келгендерге: «Каракчыны кармачудай болуп, кылыч, союл көтөрүп келгениңер кандай? Күн сайын ибадатканада отуруп, элди окутуп жүргөнүмдө+ кармаган жок элеңер го.+ 56 Бирок мунун баары пайгамбарлар жазган сөздөр аткарылышы үчүн болду»,+— деп айтты. Ошондо бардык шакирттери аны таштап, качып кетишти.+

57 Исаны кармагандар аны башкы дин кызматчы Каяпага+ алып барышты. Аныкына диний мыйзамдарды окуткандар менен эл аксакалдары чогулушкан эле.+ 58 Петир болсо Исаны алыстан ээрчип, башкы дин кызматчынын короосуна чейин барды. Анан ичкери кирип, аягы эмне менен бүтөрүн көрүш үчүн үй кызматчыларынын жанына барып отурду.+

59 Ал ортодо жогорку дин кызматчылар менен Жогорку соттун* бардык мүчөлөрү Исаны өлүм жазасына тартыш үчүн ага жалаа жаба тургандарды издеп жатышты,+ 60 бирок таба алышкан жок. Көптөгөн жалган күбөлөр келсе да, эч майнап чыккан жок.+ Акырында эки киши келип: 61 «Бул деген: „Мен Кудайдын ибадатканасын бузуп, кайра үч күндө тургуза алам“,— деп айткан»,+— дешти. 62 Ошондо башкы дин кызматчы ордунан туруп, Исага: «Жооп бербейсиңби? Булардын сени эмне деп айыптап жатканын уккан жоксуңбу?» — деди.+ 63 Иса унчуккан жок.+ Башкы дин кызматчы ага: «Тирүү Кудайдын алдында карганып туруп, айт бизге, Кудайдын Уулу Машаяк сенсиңби?» — деди.+ 64 Иса: «Муну өзүң билесиң да. Айтып коёюн, ушундан тартып силер адам Уулунун+ Кудурети Күчтүүнүн оң жагында отурганын+ жана асмандагы булуттардын үстүндө келатканын көрөсүңөр»,+— деди. 65 Ошондо башкы дин кызматчы сырт кийимин айрып жиберип: «Бул Кудайга акарат кылды! Бизге дагы кандай күбөлөр керек?! Мына, мунун акарат сөздөрүн азыр эле өз кулагыңар менен укпадыңарбы! 66 Буга эмне дейсиңер?» — деди. Алар: «Өлтүрүш керек»,— деп жооп беришти.+ 67 Анан Исаны муштагылап,+ бетине түкүрө башташты.+ Айрымдары болсо жаакка чаап:+ 68 «Эй, Машаяк! Пайгамбар болсоң, айтчы, сени ким чапты?» — деп жатышты.

69 Ал убакта Петир сыртта, короодо отурган эле. Анын жанына бир күң келип: «Сен да галилеялык Иса менен чогуу жүргөнсүң!» — деди.+ 70 Бирок Петир: «Түшүнгөн жокмун. Эмне деп жатасың?» — деп, баарынын алдында танып койду. 71 Анан дарбазанын жанындагы кароолканага барганда, аны дагы бир күң көрүп, ал жердегилерге: «Бул назареттик Иса менен жүргөн»,— деди.+ 72 Петир карганып: «Мен аны тааныбайм!» — деп дагы танып койду. 73 Бир аздан кийин ошол жерде тургандар Петирдин жанына келип: «Сен, чын эле, ошолордун бири экенсиң. Сүйлөгөнүңөн эле билинип турбайбы»,— дешти. 74 Петир болсо: «Мен ал кишини тааныбайм!» — деп, дагы каргана баштады. Ошол замат короз кыйкырды. 75 Ошондо Петир Исанын: «Короз кыйкырганга чейин, менден үч жолу баш тартасың»,— деген сөздөрүн+ эстеп, сыртка чыкты да, өксөп ыйлады.

Кыргызча адабияттар (1997-2025)
Чыгуу
Кирүү
  • кыргыз
  • Бөлүшүү
  • Жөндөө
  • Copyright © 2025 Күзөт мунарасы, Ыйык Китеп жана баракчалар коому (Пенсильвания)
  • Колдонуу шарттары
  • Купуялуулук саясаты
  • Колдонуу шарттарын жөндөө
  • JW.ORG
  • Кирүү
Бөлүшүү