Жекшемби, 27-июль
Башкаларды үндөй да,.. ашкерелей да алгыла (Тит 1:9).
Машаяктын рухий жактан жетилген жолдоочусу болуш үчүн кийин пайдасы тие турган нерселерди үйрөнүп алганыңар жакшы. Бул жыйналыштагы милдеттериңерди аткарганга, өзүңөргө же үй-бүлөңөргө кам көрүш үчүн жумуш тапканга жана башкалар менен жакшы мамиледе болгонго жардам берет. Мисалы жакшы окуганды, сабаттуу жазганды үйрөнгүлө. Ыйык Китепте Кудайдын Сөзүн күн сайын окуганга, окугандары тууралуу ой жүгүрткөнгө убакыт бөлгөн адамдын бактылуу болору жана ийгиликке жетери айтылат (Забур 1:1—3). Ыйык Китепти күндө окугандыктан ал Жахабанын ой жүгүртүүсүн түшүнө алат. Бул болсо тунук ой жүгүрткөнгө, окугандарын кантип колдонсо болорун түшүнгөнгө жардам берет (Накыл 1:3, 4). Анткени алар ишенимдештерин Кудайдын Сөзүндө айтылгандарга окутуп, туура кеңештерди бере алат. Эгер жакшы окусаңар жана сабаттуу жаза алсаңар, башкалардын ишенимин бекемдей турган маңыздуу баяндамаларды жана жоопторду даярдай аласыңар. Ошондой эле өздүк изилдөө жүргүзгөндө, жыйналыштан, жыйындан баяндамаларды укканда керектүү ойлорду жаза аласыңар. Аларды болсо өзүңөрдүн ишенимиңерди бекемдеш үчүн жана башкаларга дем-шык бериш үчүн колдонсоңор болот. w23.12 26, 27-б., 9—11-абз.
Дүйшөмбү, 28-июль
Силер менен биримдикте болгон Кудай бул дүйнө менен биримдикте болгон Ибилистен күчтүү (Жкн. 1-к. 4:4).
Коркунуч каптаганда Жахабанын келечекте Шайтан жок кылынганда эмнелерди кылары тууралуу ой жүгүрт. Эсиңде болуш керек, 2014-жылы өткөрүлгөн региондук жыйында бир демонстрация болгон. Анда келечек жөнүндө кантип ой жүгүртсөк болору көрсөтүлгөн. Бир үй-бүлө башчысы 2 Тиметей 3:1—5-аяттарда бейиш жөнүндө айтылган болсо, кантип окумактыгыбыз жөнүндө үй-бүлөсү менен сүйлөшкөн. Ал минтип окуп берген: «Жаңы заманда эң сонун күндөр болорун бил. Себеби адамдар башкаларды сүйгөн, чындыкты сүйгөн, жөнөкөй, момун, Кудайды даңктаган, ата-энесинин тилин алган, жакшылыкты баалаган, ишенимдүү, жакындарын сүйгөн, эпке-сөзгө келген, башкалар жөнүндө жалаң гана жакшы нерселерди сүйлөгөн, өзүн кармай билген, жумшак, жакшылык кылгысы келген, ишеничтүү, ылайыкташа билген, өзүн көтөрбөгөн, ырахаттын ордуна Кудайды сүйгөн, Кудайга берилгендигин иш жүзүндө көрсөткөн адамдар болушат. Ошондойлорго жабыш». Сен да жаңы заманда жашоо кандай болору жөнүндө үйүңдөгүлөр, ишенимдештериң менен сүйлөшүп турасыңбы? w24.01 6-б., 13, 14-абз.
Шейшемби, 29-июль
Мен сага ыраазымын (Лк. 3:22).
Жахабанын жалпы элин жакшы көрөрүн билгенибиз кандай гана жагымдуу! Ыйык Китепте да: «Жахаба өз элин жакшы көрөт»,— деп айтылат (Заб. 149:4). Бирок кээде айрымдар көңүлү чөгүп, өзүн эч кимге кереги жоктой сезгендиктен: «Жахаба мени жакшы көрөбү?» — деп ойлонушат. Байыркы учурда Жахабанын көптөгөн ишенимдүү кызматчыларынын да ошентип бушайман болгон учурлары болгон (Шем. 1-к. 1:6—10; Аюп 29:2, 4; Заб. 51:11). Ыйык Китепте жеткилең эмес адамдардын да Жахабага жага алары, аны кубанта алары айтылат. Ан үчүн эмне кылыш керек? Исага ишенерибизди иш жүзүндө көрсөтүп, чөмүлүшүбүз керек (Жкн. 3:16). Ошентсек, кылган күнөөлөрүбүз үчүн өкүнгөнүбүздү жана Кудайга анын эркин аткарам деп убада бергенибизди эл алдында көрсөтөбүз (Элч. 2:38; 3:19). Жахаба менен ынак болуш үчүн ушул кадамдарды жасап жатканыбызды көргөндө ал сүйүнөт. Чөмүлгөндө берген антыбызга бек турганга бүт күчүбүздү жумшасак, Жахаба бизге ыраазы болот жана ынак досу деп кабыл алат (Заб. 25:14). w24.03 26-б., 1, 2-абз.