13-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ
127-ЫР: Кандай адам болушум керек?
Жахаба сени жакшы көрөбү?
«Мен сага ыраазымын» (ЛК. 3:22, ККЖД).
МАКАЛАНЫН ӨЗӨГҮ
Бул макала Жахабанын бизди жакшы көрөрүнө ынандырат.
1. Жахабанын айрым ишенимдүү кызматчылары эмне деп бушайман болушу мүмкүн?
ЖАХАБАНЫН жалпы элин жакшы көрөрүн билгенибиз кандай гана жагымдуу! Ыйык Китепте да: «Жахаба өз элин жакшы көрөт»,— деп айтылат (Заб. 149:4). Бирок кээде айрымдар көңүлү чөгүп, өзүн эч кимге кереги жоктой сезгендиктен: «Жахаба мени жакшы көрөбү?» — деп ойлонушат. Байыркы учурда Жахабанын көптөгөн ишенимдүү кызматчыларынын да ошентип бушайман болгон учурлары болгон (1 Шем. 1:6—10; Аюп 29:2, 4; Заб. 51:11).
2. Жахабага кимдер жага алат?
2 Ыйык Китепте жеткилең эмес адамдардын да Жахабага жага алары, аны кубанта алары айтылат. Ан үчүн эмне кылыш керек? Исага ишенерибизди иш жүзүндө көрсөтүп, чөмүлүшүбүз керек (Жкн. 3:16). Ошентсек, кылган күнөөлөрүбүз үчүн өкүнгөнүбүздү жана Кудайга анын эркин аткарам деп убада бергенибизди эл алдында көрсөтөбүз (Элч. 2:38; 3:19). Жахаба менен ынак болуш үчүн ушул кадамдарды жасап жатканыбызды көргөндө ал сүйүнөт. Чөмүлгөндө берген антыбызга бек турганга бүт күчүбүздү жумшасак, Жахаба бизге ыраазы болот жана ынак досу деп кабыл алат (Заб. 25:14).
3. Бул макалада кайсы суроолорго жооп алабыз?
3 Ошондой болсо да, эмне үчүн айрымдар Жахаба мени жакшы көрбөйт болуш керек деп ойлоно беришет? Жахаба бизди жакшы көрөрүн кантип көрсөтөт? Жахабанын бизди жакшы көрөрүнө канткенде мурункудан да көбүрөөк ынана алабыз?
ЭМНЕ ҮЧҮН АЙРЫМДАР ЖАХАБА МЕНИ ЖАКШЫ КӨРБӨЙТ БОЛУШ КЕРЕК ДЕП ОЙЛОШОТ?
4, 5. Өзүбүздү эч нерсеге татыксыз сезсек да, эмнеден шектенбесек болот?
4 Көбүбүз бала кезибизден тартып эле мен эч нерсеге татыксызмын деген ой менен күрөшүп келебиз (Заб. 88:15). Адриан деген ишенимдешибиз мындай дейт: «Мен өзүмдү дайыма эч нерсеге татыксыз сезип келгем. Кичинекей кезимде үйдөгүлөр бейиште жашаса экен деп тиленчүмүн. Өзүмдү болсо ал жакта жашаганга татыксызмын деп эсептечүмүн». Эми Тонинин айткандарына көңүл буралы. Анын ата-энеси Жахабанын Күбөсү эмес болчу. Ал: «Ата-энем мага: „Сени жакшы көрөбүз, сени менен сыймыктанабыз“,— деп эч качан айтчу эмес. Ушундан улам эмне кылсам да аларга жакпайм деп ойлочумун»,— дейт.
5 Өзүңдү эч нерсеге татыксыз сезген учурларда сени чындык жолуна Жахаба өзү тартканын унутпа (Жкн. 6:44). Ал биздин өзүбүз көрбөгөн жакшы жактарыбызды көрөт жана жүрөгүбүздө эмне бар экенин билет (1 Шем. 16:7; 2 Жылн. 6:30). Ошондуктан анын бизди баалаарынан түк да шектенбесек болот (1 Жкн. 3:19, 20).
6. Элчи Пабыл мурунку күнөөлөрү үчүн өзүн кандай сезген?
6 Ыйык Китептеги чындыкты билгенге чейин айрымдарыбыз туура эмес иштерди кылып келгенбиз. Ошолорду эстеп, өзүбүздү азыркыга чейин жемелешибиз мүмкүн (1 Пет. 4:3). Атүгүл Кудайга жан-дили менен кызмат кылгандар да күнөөгө түртө турган каалоолор менен күрөшүп келет. Сенде да ушундай болобу? Кээде: «Жахаба мени кечирбейт болуш керек» — деп ойлоносуңбу? Ушундай болсо, көңүлүңдү чөгөрбө. Анткени Жахабанын ишенимдүү кызматчыларынын да ошондой ойлор менен алышкан учурлары болгон. Мисалы, элчи Пабыл ката-кемчиликтеринин айынан кээде өзүн бир байкуш сезген (Рим. 7:24). Албетте, ал мурунку күнөөлөрү үчүн өкүнүп, чөмүлгөн. Ошентсе да өзүн «элчилердин эң кичинеси», «эң күнөөкөрү» деп эсептеген (1 Кор. 15:9; 1 Тим. 1:15).
7. Мурунку күнөөлөрүбүзгө байланыштуу эмнени эсибизден чыгарбашыбыз керек?
7 Эгер өкүнсөк, асмандагы Атабыз, өзү убада бергендей, бизди кечирет (Заб. 86:5). Ошондуктан чын жүрөктөн кечирим сурасак, Жахабанын убадасына туруп, күнөөлөрүбүздү кечиргенине шектенбесек болот (Кол. 2:13).
8, 9. Көп кызмат кылбасам, Жахабага жага албайм деген ойдон кантип арыла алабыз?
8 Баарыбыз тең эле Жахабага мүмкүн болушунча көбүрөөк кызмат кылгыбыз келет. Бирок айрымдар мен эч качан Жахабаны ыраазы кылгыдай кызмат кыла албайм деп ойлошу ыктымал. Аманда деген ишенимдешибиз мындай деп бөлүшөт: «Мен Жахабага эң жакшысын берүү деген колуман келгенден да көптү кылуу деп ойлогонго жакынмын. Ошон үчүн жанымды сабай берем. Анан кээде оюмдагыдай кыла албай калганда жаман болом. Жахаба мени жаман көрүп калды болуш керек деген ойлор да кыйнай берет».
9 Жахабаны ыраазы кылгыдай кызмат кылбай жатам деген ойдон кантип арылсак болот? Анын талапты катуу койгон, катаал Кудай эмес экенин унутпайлы. Ал алыбыз жетпеген нерсени эч качан талап кылбайт. Эң жакшысын бергенге бүт күчүбүздү жумшап жатканыбызды жогору баалайт. Жахабага жан-дили менен кызмат кылган байыркы кызматчылар жөнүндө да ой жүгүртүп көрсөң. Пабылды мисалга алалы. Ал көп жылдар бою жан үрөп кызмат кылган. Жакшы кабар таратыш үчүн миңдеген чакырымдарды басып өткөн, көптөгөн жыйналыштарды негиздеген. Бирок мүмкүнчүлүктөрү чектелип, мурункудай кабар айта албай калганда, Жахаба аны жаман көрүп калды беле? Жок. Пабыл колунан келгенин кыла берген. Жахаба анын аракетине батасын берген (Элч. 28:30, 31). Ошо сыңары, кээде жагдайыбызга жараша аз эле кызмат кыла алышыбыз мүмкүн. Бирок Жахаба үчүн аны кандай ниет менен кылып жатканыбыз маанилүү. Анда келгиле, Жахабанын бизди жакшы көрөрүн кандай жолдор менен көрсөтөрүнө токтололу.
ЖАХАБА БИЗДИ ЖАКШЫ КӨРӨРҮН КАНТИП КӨРСӨТӨТ?
10. Жахабанын бизди жакшы көрөм деп айтканын кантип «уга» алабыз? (Жакан 16:27).
10 Ыйык Китеп аркылуу. Жахаба кызматчыларына аларды жакшы көрөрүн, кылып жаткандарына ыраазы экенин билдиргенди жакшы көрөт. Ыйык Китепте анын Исаны жакшы көрөрүн, сүйүктүү Уулу экенин айтканы эки жолу жазылган (Мт. 3:17; 17:5). Жахабанын сага да ушинтип айтышын каалайсыңбы? Албетте, Жахаба асмандан түзмө-түз сүйлөбөсө да, Ыйык Китеп аркылуу сүйлөйт. Жахабанын сени жакшы көрөм деп айтканын Исанын Инжилде жазылган сөздөрүн окуганда «уга» аласың. (Окугула: Жакан 16:27.) Иса Атасынын сапаттарын жеткилең түрдө чагылдырган. Ыйык Китепте Исанын жеткилең эмес, бирок ишениминен жазбаган жолдоочуларын жакшы көрөрүн көрсөткөн сөздөрү жазылган. Аларды окуганда аны Жахаба сага айтып жаткандай кабыл алсаң болот (Жкн. 15:9, 15).
Жахаба бизди жакшы көрөрүн көптөгөн жолдор менен көрсөтүп келет (10-абзацтарды карагыла)
11. Эмне үчүн кыйынчылыктар Жахабанын ырайымынан айрылып калганыбызды билдирбейт? (Жакып 1:12).
11 Иштери аркылуу. Жахаба бизди зарыл нерселер менен камсыз кылгысы келет. Анткен менен айрым учурларда, Аюптун сыналышына жол бергендей эле, биздин да кыйынчылыкка туш болушубузга жол бериши мүмкүн (Аюп 1:8—11). Ошондой болсо да бул анын ырайымынан айрылып калганыбызды билдирбейт. Тескерисинче, башыбызга кыйынчылык түшкөндө Кудайды канчалык жакшы көрөрүбүздү, ага канчалык таянарыбызды көрсөткөнгө мүмкүнчүлүк болот. (Окугула: Жакып 1:12.) Андан тышкары, ошондой учурларда анын бизге канчалык мээримин төгүп жатканын жана кыйынчылыкты көтөрүп кетиш үчүн бизди колдоп жатканын сезе алабыз.
12. Дмитрийдин айтып бергендеринен эмнени үйрөнө аласың?
12 Азияда жашаган Дмитрий деген ишенимдешибизди мисалга алалы. Ал жумушунан айрылып калып, көпкө чейин жумуш таппай жүргөн. Ошондо ал Жахабага таянарын көрсөтүп, көбүрөөк кызмат кылайын деп чечкен. Бирок, арадан айлар өтсө да, жумуш тапкан эмес. Анысы аз келгенсип, ден соолугу начарлап, төшөккө жатып калган. Ал үй-бүлөмдү бага албай калдым деп өзүн жей баштаган жана мунун баары Жахабанын ырайымынан айрылып калган үчүн болуп жаткан жокпу деп санаа тарткан. Бир күнү кечинде кызы кагазга Ышая 30:15ти чыгарып келген. Ал жерде: «Тынчыңар кетпесе, ишеним артсаңар, бул силерге күч берет»,— делген. Анан аны атасына берип: «Ата, жаман болгондо ушул аятты эстеп туруңуз»,— деп айткан. Дмитрий Жахаба жардам берип келаткандыктан үй-бүлөсүнүн ичер тамагы, киер кийими, баш калкалар жайы бар экенин түшүнгөн. Ал: «Болгону эле мен көп тынчсызданбай, андан ары да Жахабага таяна беришим керек болчу экен»,— дейт. Эгер сен да ушундай кыйынчылыкка кабылсаң, Жахабанын сага ошону жеңгенге жардам берерине, кам көрөрүнө бекем ишен.
Жахаба бизди жакшы көрөрүн көптөгөн жолдор менен көрсөтүп келет (12-абзацты карагыла)a
13. Жахаба бизди жакшы көрөрүн кимдер аркылуу билдириши мүмкүн жана кантип?
13 Ишенимдештерибиз аркылуу. Жахаба бизди жакшы көрөрүн ишенимдештерибиз аркылуу да билдирет. Алсак, ал аларга так биз муктаж болгон кезде жылуу сөз айтканга түрткү берип коюшу мүмкүн. Азиялык бир ишенимдешибиз биринен сала бири келген көйгөйлөргө туш болгон. Ал жумушсуз калган, катуу ооруп да калган. Анан күйөөсү олуттуу күнөө кетирип, аксакал болбой калган. «Эмне үчүн ушундай нерселер башыма түшкөнүн такыр түшүнө албай жаттым. Жахабанын ырайымынан айрылып калган окшойм деген ойлор келип жатты»,— дейт ал. Ошондуктан Жахабадан аны жакшы көрөрүн көрсөтүшүн сурап жалбарган. Жахаба анын тилегине кантип жооп берген? Ал ишенимдешибиз мындай дейт: «Жыйналыштагы аксакалдар көңүл буруп, Жахабанын мени жакшы көрөрүнө ынандырды». Кийинчерээк кайра эле ошол жөнүндө тиленген. Ал: «Ошол эле күнү жыйналыштагы ишенимдештеримен кат алдым. Алар жазган жылуу сөздөрдү окуп жатып Жахабанын тилегиме жооп бергенин сездим»,— деген. Ооба, Жахаба көп учурда башкалардын күч-кайрат берерлик сөздөрү аркылуу да бизди жакшы көрөрүн билдирет (Заб. 10:17).
Жахаба бизди жакшы көрөрүн көптөгөн жолдор менен көрсөтүп келет (13-абзацты карагыла)b
14. Жахаба бизди жакшы көрөрүн дагы кантип билдирет?
14 Жахаба бизди жакшы көрөрүн, зарыл болгондо, ишенимдештерибиз аркылуу кеңеш берип да көрсөтөт. Мисалы, ал 1-кылымда элчи Пабылга ыйык руху аркылуу 14 кат жаздырган. Ал каттар аркылуу Пабыл ишенимдештерине жылуу жумшак, бирок түз кеңеш берген. Эмне үчүн Жахаба Пабылга ошондой кеңештерди камтыган каттарды жаздырган? Жахаба — жакшы Ата. Ал балдарын жакшы көргөндүктөн оңдоп-түзөйт (Накыл 3:11, 12). Андыктан кимдир бирөө Ыйык Китепке негиздеп кеңеш берсе, муну Жахабанын ырайымынан айрылып калганыбыздын эмес, бизди жакшы көрөрүнүн белгиси катары кабыл алышыбыз керек (Евр. 12:6). Жахаба бизди жакшы көрөрүн дагы кандай жолдор менен айкын кылат?
ЖАХАБАНЫН БИЗДИ ЖАКШЫ КӨРӨРҮН КӨРСӨТКӨН ДАГЫ БАШКА ДАЛИЛДЕР
15. Жахаба кимдерге ыйык рухун берет жана бул бизди эмнеге ынандырат?
15 Жахаба кимди жакшы көрсө, ошого ыйык рухун берет (Мт. 12:18). Мындай деп ойлонуп көрсөң болот: «Жашоомдо ыйык рухтун жемишине кирген сапаттарды чагылдырамбы? Жахабаны таанып-билгенге чейинки убакка караганда азыр көбүрөөк чыдамдуу болуп калдымбы?» Рухтун жемишине кирген сапаттарды канчалык көп чагылдырсаң, Жахабанын сени жакшы көрөрүнө ошончолук бекем ишенесиң. («Рухтун жемиши» деген кутучаны карагыла.)
Канткенде Жахабанын сени жакшы көрөрүн байкай аласың? (15—17-абзацтарды карагыла)
16. Жакшы кабар таратыш үчүн Жахаба кимдерди колдонот жана муну билгениң сага кандай таасир этет? (1 Тесалоникалыктар 2:4).
16 Жахаба кимдерди жакшы көрсө, аларга жакшы кабар айтуу ишин тапшырат. (Окугула: 1 Тесалоникалыктар 2:4.) Жаслин деген ишенимдешибиз чын эле ушундай экенине ынанган. Ал бир күнү эртең менен турса эле, эч нерсе кылгысы келбей, эч нерсеге көңүлү чаппай калыптыр. «Жан дүйнөм аңгырап, боппоштой сезилди. Өзүм пионер элем. Ошол күн кабарга чыга турган күнүм болчу. Ошондуктан Жахабадан тиленип алып, кызматка жөнөп кеттим»,— дейт ал. Жаслин так ошол күнү эртең менен Мэри деген келинге жолуккан. Ал Ыйык Китепти изилдегенге макул болгон. Бир нече айдан кийин Мэри Жаслинге ал анын эшигин тыкылдатканда Кудайдан жардам сурап тиленип жатканын айткан. Ошол окуя тууралуу ой жүгүртүп, Жаслин мындай деген: «Ошондо Жахаба мага: „Сени жакшы көрөм“,— деп айткандай эле болгон». Албетте, аймактагылардын баары эле айткан кабарыбызды уга бербеши мүмкүн. Бирок жакшы кабар таратыш үчүн колдон келгендин баарын кылып жатканыбызды көргөндө Жахабанын сүйүнөрүнөн шектенбесек болот.
Канткенде Жахабанын сени жакшы көрөрүн байкай аласың? (16-абзацты карагыла)c
17. Виккинин кун жөнүндө айткандарынан эмнени билдиң? (Забур 5:12).
17 Жахаба кимдерди жакшы көрсө, аларга кундун пайдасын көрүүгө мүмкүнчүлүк берет (1 Тим. 2:5, 6). Кун төлөнгөнүнө ишенип, чөмүлгөндөн кийин да жүрөгүбүздө Жахабанын бизди жакшы көрөрүнө шектенип жатсак, эмне кылсак болот? Бир нерсени эсибизден чыгарбайлы: биз сезимдерибизге дайыма эле таяна бербешибиз керек. Анын ордуна, Жахабага таянышыбыз керек. Ал кун төлөнгөнүнө ишенгендерди адил деп эсептеп, батасын берерин убада кылат. (Окугула: Забур 5:12; Рим. 3:26.) Кун жөнүндө ой жүгүрткөнү Виккиге кандай жардам бергенине токтололу. Бир күнү кун жөнүндө терең ой жүгүрткөндөн кийин ал мындай жыйынтыкка келген: «Жахаба мага канчадан бери чыдап келатыптыр. . . Мен ага, мындайча айтканда: „Сен мени жакшы көрө албайсың. Сенин сүйүүң анчалык күчтүү эмес. Уулуңдун курмандыгы күнөөлөрүмдүн баарын жууй албайт“,— деп айтып жүрүптүрмүн». Бирок ал кун жөнүндө ой жүгүрткөн сайын, аны канчалык жакшы көрөрүн сезе баштаган. Эгер биз да кун тууралуу ой жүгүртсөк, Жахабанын бизди жакшы көрөрүн, кылып жаткан кызматыбызга ыраазы экенин сезе алабыз.
Канткенде Жахабанын сени жакшы көрөрүн байкай аласың? (17-абзацты карагыла)
18. Асмандагы Атабызды жакшы көрө бергендер эмнеден шектенбесе болот?
18 Жогоруда айтылгандарды колдонгонго канчалык аракет кылбайлы, кээде көңүлүбүз чөгүп, Жахабанын бизди жакшы көрөрүнө шектене беришибиз мүмкүн. Эгер ошондой болсо, Жахабанын «аны сүйгөндөрдү» сүйөрүн эсиңден чыгарба (Жкп. 1:12). Жахабага мындан ары да жакындай бер жана анын сени жакшы көрөрүн көрсөткөн белгилерди байкаганга аракет кыл. Анын «ар бирибизге жакын» экенин эсиңе бек түйүп жүр (Элч. 17:27).
ЭМНЕ ДЕП ЖООП БЕРЕТ ЭЛЕҢЕР?
Эмне үчүн айрымдар Жахаба аларды жакшы көрбөйт деп ойлошу мүмкүн?
Жахаба бизди жакшы көрөрүн кандай жолдор менен көрсөтөт?
Жахабанын бизди сүйөрүнө эмне үчүн бекем ишенсек болот?
88-ЫР: Өз жолуңда жүрүүгө үйрөт
a СҮРӨТТҮН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ: Ойдон чыгарылган жагдай.
b СҮРӨТТҮН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ: Ойдон чыгарылган жагдай.
c СҮРӨТТҮН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ: Ойдон чыгарылган жагдай.