Окууга жана изилдөөгө убакыт бөлүү
«Өзүңөргө ылайыктуу убакыт сатып алгыла, себеби күндөр каардуу» (ЕФЕСАЛЫКТАР 5:16, ЖД).
1. Убакытты бөлүштүрө билүү эмне үчүн акылмандыкка жатат жана убакытты кандай пайдаланып жатканыбыз өзүбүз тууралуу эмнени айкындайт?
«УБАКЫТТЫ бөлүштүрө билүү аны үнөмдөгөнгө тете»,— деп айтышат. Убактысын зарыл нерселерге бөлгөн адам көп учурда убакыттан утат. Сулайман аттуу акылман падыша: «Бардыгынын өз мезгили бар жана асман астындагы бардык нерсенин мезгили бар»,— деп жазган (Үгүтчү 3:1). Баарыбыздын убактыбыз бирдей, бирок аны ким кандай пайдаланат — ар кимдин өзүнөн. Алдыңкы орунга эмнени коюп, убакытты кандай бөлүштүрөрүбүз, негизинен, жүрөгүбүз эмнени бааларын айкындайт (Матфей 6:21).
2. а) Тоодогу насаатында Ыйса рухий муктаждыктарыбыз тууралуу эмне деген? б) Биз өзүбүздү кантип текшерип көрсөк болот?
2 Биз тамактанууга жана уйкуга убакыт бөлүүгө милдеттүүбүз, анткени алар — денелик муктаждыктарыбыз. А рухий муктаждыктарыбыз жөнүндө эмне десе болот? Алар да канааттандырылууга тийиш. Тоодогу насаатында Ыйса: «Рухий муктаждыктарын сезгендер бактылуу»,— деген (Матфей 5:3, ЖД). Мына ошондуктан «ишенимдүү жана эстүү кул» Ыйык Китепти окууга жана изилдөөгө убакыт арноо маанилүү экенин ар убак эсибизге салып келет (Матфей 24:45, СК). Силер Ыйык Китепти окуп-изилдөө абдан маанилүү экенин баамдайт чыгарсыңар, бирок болгону убакыт гана жетишпейт деп ойлошуңар мүмкүн. Андай болсо, келгиле, Кудайдын Сөзүн окууга, жекече изилдөөгө жана ой жүгүртүүгө убакыт бөлүүнүн жолдорун, мүмкүнчүлүктөрүн карап көрөлү.
Ыйык Китепти окуп-изилдөөгө убакыт табуу
3, 4. а) Убакытты пайдаланууга байланыштуу расул Павел кандай кеңеш берген жана бул эмнени билдирет? б) «Өзүбүзгө ылайыктуу убакыт сатып алууну» кеңеш кылып, Павел эмне дегиси келген?
3 Кайсы убакта жашап жатканыбызды эске алып, баарыбыз расул Павелдин: «Акылсыздардай эмес, акылдуулардай абайлап мамиле кылгыла, убакытты пайдаланып билгиле [«өзүңөргө ылайыктуу убакыт сатып алгыла», ЖД], себеби жаман убак келди. Демек, акылсыз болбогула, бирок Кудайдын каалаганы эмне экенин түшүнгүлө»,— деген сөздөрүнө назар салышыбыз керек (Ефесалыктар 5:15—17). Албетте, бул кеңеш Кудайга берилген адамдардын жашоосунун бардык тармактарына тиешелүү, ошондой эле тиленүүгө, изилдөөгө, жолугушууларга жана «Падышалык жөнүндөгү Жакшы Кабарды» таратууга мүмкүн болушунча толук катышууга убакыт табууну билдирет (Матфей 24:14; 28:19, 20).
4 Бүгүнкү күндө Иегованын көптөгөн кызматчылары үчүн Ыйык Китепти окууга жана терең изилдөөгө өз жашоолорунан орун берүү кыйынга туруп жаткандыр. Бир да күнүбүзгө кошумча бир саат да кошо албай турганыбыз айдан ачык, ошондуктан Павелдин кеңеши башка маанини туюнтат. «Ылайыктуу убакыт сатып алуу» деген сөздөр грек тилинде башка бир нерсенин эсебинен сатып алуу дегенди билдирет. Өзүнүн «Түшүндүрмө сөздүгүндө» У. Е. Вайн бул сөз тизмегине «колдон чыгарылган мүмкүнчүлүктөр кайрылып келбей тургандыктан, ар бир мүмкүнчүлүктү эң мыкты түрдө колдонуу, ар биринен мүмкүн болушунча пайда алуу» деген аныктама берет. Ыйык Китепти окууга жана изилдөөгө эмненин эсебинен же кайдан ылайыктуу убакыт «сатып алсак» болот?
Маанилүү нерселерди биринчи орунга коюу керек
5. «Маанилүүрөөк нерселерди» эмне себептен жана кантип аныктай билишибиз керек?
5 Турмуш-тиричилик милдеттеринен сырткары, биз рухий көптөгөн нерселерге көңүл бурууга тийишпиз. Биз Иегованын берилген кызматчылары катары «Теңирдин ишинде көп эмгектенебиз» (1 Коринфтиктер 15:58, ЖД). Ошо себептен Павел Ыйсанын Филиппидеги жолдоочуларына «артыгыраагын [«маанилүүрөөк нерселерди», ЖД] билүүгө» чакырган (Филиппиялыктар 1:10). Бул айрым иштерди биринчи орунга коюуну билдирет. Рухий иштер ар дайым материалдык нерселерден жогору турушу керек (Матфей 6:31—33). Ошол эле учурда, рухий милдеттерибизди аткарууда тең салмактуу болуу да зарыл. Кудайга арнаган жашообуздун ар кайсы тармактарына убактыбызды кантип бөлүштүрүп жатабыз? Кыдыруучу көзөмөлчүлөрдүн айтуусу боюнча, көңүл бурушубуз керек болгон «маанилүүрөөк нерселердин» ичинен жекече изилдөө менен Ыйык Китепти окууга анча маани берилбей жаткандай.
6. Жумушка же үй-тиричилик жагына келгенде кантип «ылайыктуу убакыт сатып алууга» болот?
6 Жогоруда белгилүү болгондой, «ылайыктуу убакыт сатып алуу» деген «ар бир мүмкүнчүлүктү эң мыкты түрдө колдонууну» жана «ар биринен мүмкүн болушунча пайда алууну» билдирет. Ошондуктан, Ыйык Китепти окууга жана изилдөөгө тийиштүү түрдө көңүл бурулбай жатса, убакытты кандай пайдаланып жатканыбызды аныктоо үчүн, өз алдыбызча талдоо жүргүзүп көрүү дурус болмок. Эгер жумушубуз өтө көп убакытты, күчтү талап кылса, бул тууралуу Иеговага тиленүү керек (Забур 54:23). Мүмкүн, биз Иеговага сыйынуу менен байланышы бар маанилүүрөөк нерселерге, анын ичинде изилдөөгө жана Ыйык Китепти окууга көбүрөөк убакыт калгыдай өзгөрүүлөрдү жасай алаттырбыз. Аялдын иши түгөнбөйт деп бекеринен айтылбайт. Андыктан Ыйсаны жолдогон аялдар да биринчи орунга эмнени коюу керектигин аныктап, Ыйык Китепти окууга жана сапаттуу изилдөө жүргүзүүгө белгилүү бир убакыт калтырышы керек.
7, 8. а) Эмнелердин эсебинен окууга жана изилдөөгө убакыт «сатып алсак» болот? б) Эс алуунун максаты эмне болуш керек жана бул маанилүүрөөк нерселерди алдыга коюуга кандайча жардам берет?
7 Анча маанилүү эмес нерселердин эсебинен изилдөөгө убакыт «сатып алууга», жалпы жонунан, көбүбүздүн мүмкүнчүлүгүбүз бар. Биз өзүбүздөн: «Гезит-журналдарды окууга, сыналгы көрүүгө, музыка угууга же видеооюндарын ойноого канча убактым кетет? Ыйык Китепти окууга караганда компьютердин алдында көбүрөөк убакыт өткөрүп жаткан жокмунбу?» — деп сурасак болот. Павел: «Акылсыз болбогула, бирок Кудайдын каалаганы эмне экенин түшүнгүлө»,— дейт (Ефесалыктар 5:17). Көп Күбөлөрдүн жекече изилдөөгө жана Ыйык Китепти окууга жетишерлик убакыт бөлбөй жатканынын негизги себеби сыналгыны акылсыз колдонуп жатышканында сыяктанат (Забур 100:3; 118:37, 47, 48).
8 Айрымдар кечке эле изилдөө жүргүзө берүү кыйын, эс алуу да керек деши мүмкүн. Ооба, эс алуу зарыл, бирок көңүл ачууга канча убакыт сарптаарыбызды эсептеп чыгып, ал убакытты изилдөө жүргүзүүгө же Ыйык Китепти окууга жумшаган убактыбыз менен салыштырып көрсөк, дурус болор эле. Жыйынтыгы таң калтырышы ыктымал. Ошондуктан, эс алуу жана көңүл ачуу зарыл болсо да, ар биринин өз орду болууга тийиш. Чер жазуудан биз рухий иштерибизди уланткыдай сергитүү алышыбыз керек. Көптөгөн телекөрсөтүүлөр менен видеооюндардан шайың оойт. Ал эми Кудайдын Сөзүн окуу жана изилдөө көңүл сергитет, кайраттандырат (Забур 18:8, 9).
Изилдөөгө айрымдар кантип убакыт бөлүшөт
9. «Жазманы күндө изилдөө» китепчесинин 1999-жылкы басылмасындагы кеңешти колдонуунун пайдасы кандай?
9 «Жазманы күндө изилдөө» (ор.) китепчесинин 1999-жылдагы басылмасынын кириш сөзүндө мындай деп айтылган: «Бул китепчедеги күндөлүк аяттарды жана комментарийлерди эртең менен талкуулоодон зор пайда аласың. Сенде Улуу Насаатчы Иегова өз насааттары менен ойготуп жаткандай сезим болот. Пайгамбарлык түрдө: „Ар күнү эртең менен Ал [Иегова] Мени ойготот, Мен шакирт сыяктуу кунт коюп угушум үчүн, Менин кулагымды ачат“ — деп, күн сайын Иегованын насааттарына назар салган Ыйса тууралуу айтылат. Ал насааттардан Ыйса „алсыраганга сөз менен кубат киргизиш үчүн“ „акылдуулардын тилин“ алган (Ис. 30:20; 50:4; Матф. 11:28—30). Күнүгө эртең менен Кудайдын Сөзүнүн өз учурундагы кеңештери менен ойгонуп, сен өз көйгөйлөрүңдү гана чечпестен, башкаларга жардам берүү үчүн „акылдуулардын тилине“ да ээ болосуң»a.
10. Ыйык Китепти окууга жана изилдөөгө айрымдар кантип убакыт табышат жана мунун пайдасы кандай?
10 Бул кеңешти Ыйсанын көп жолдоочулары күндөлүк аяттарды, комментарийлерди окуу менен, таң заарда изилдөө жүргүзүү же Ыйык Китепти окуу менен колдонушат. Франциядагы бир ишенимдүү пионер бир нече жылдан бери күнүгө эрте туруп, 30 мүнөт Ыйык Китеп окуйт. Эмненин күчү менен? «Мен зор дем-шык алам жана эчтекеге карабай окуунун тартибине бекем карманам!» — дейт ал. Ыйык Китепти окууга биз кайсы убакытты тандап албайлы, маанилүүсү — окуунун тартибине бекем кармануу. Европада жана Түндүк Африкада 40 жылдан ашык убакыт пионер болуп кызмат кылып келген Рене Мика мындайча ой бөлүшөт: «Мен 1950-жылдан бери Ыйык Китепти толугу менен жыл сайын окууну максат кылып келгем, мына ушу кезге чейин аны 49 ирет окуп чыктым. Менимче, Жаратканым менен болгон өз ара мамилемди сактоо үчүн бул өтө маанилүү. Кудайдын Сөзүнүн үстүнөн ой жүгүртүү мага Иегованын адилеттигин жана башка сапаттарын жакшыраак түшүнүүгө жардам берет, ошондой эле күч-кубаттын эбегейсиз зор булагы болуп берет»b.
«Өз убагындагы тамак»
11, 12. а) «Ишенимдүү үй башкаруучу» аркылуу кандай рухий «тамак» берилүүдө? б) «Тамак» кандайча өз убагында берилип келатат?
11 Үзгүлтүксүз тамактанып туруу ден соолугубуздун чың болушуна салым кошкондой эле, изилдөөнүн жана Ыйык Китепти окуунун тартибине үзгүлтүксүз кармануу рухий саламаттыгыбызды чыңдайт. Луканын Инжилинен биз Ыйсанын: «Ээси өз кызматчыларына, аларга өз убагында тамак берүү үчүн, койгон чыныгы [«ишенимдүү», СК] жана эстүү үй башкаруучу ким?» — деген сөздөрүн окуйбуз (Лука 12:42). Рухий «өз убагындагы тамак» 120 жылдан ашык убакыт бою «Күзөт мунарасы» жана Ыйык Китепке негизделген башка адабияттар аркылуу берилип келүүдө.
12 «Өз убагындагы тамак» деген сөздөргө көңүл бурсаңар. Биздин Улуу Насыятчыбыз Иегова өзүнүн Уулун жана кул тобун колдонуп, ыйык китептик окуулар жана жүрүш-туруш суроолору боюнча элине өз маалында жетекчилик берип келатат. «Эгерде оңго кыйшайып же солго кыйшайып баратсак», «мына жол, ушул жолдо баскыла» деген үндү баарыбыз тегиз угуп жаткандайбыз (Исаия 30:20, 21). Андан сырткары, Ыйык Китепти жана ага негизделген адабияттарды кунт коюп окуган адамдарга көп учурда ал булактардагы ойлор атайы алар үчүн жазылгандай сезилет. Ооба, Кудайдын кеңештери жана жетекчилиги бизге өз убагында жетип, азгырыктарга туруштук берүүгө же туура чечим чыгарууга жардам берет.
Жакшы тамактанууга көнгүлө
13. Рухий жактан начар тамактануунун айрым мисалдары кайсылар?
13 Өз убагында берилип жаткан мындай «тамактан» толук пайда алуу үчүн, жакшы тамактанууга көнүү зарыл. Ыйык Китепти окуунун жана жекече изилдөөнүн туруктуу тартибин түзүп алып, ага бек кармануу маанилүү. Силер рухий жактан жакшы азыктанууну адатка айлантып алдыңарбы жана үзгүлтүксүз түрдө өз алдыңарча терең изилдөө жүргүзөсүңөрбү? Же биз үчүн кылдат даярдалган «тамакты» шашып-бушуп жеп, чекесин челип, ортосун оюп эле кете бермей же атүгүл айрым «азыктарды» такыр эле калтырып кетмей адатыңар барбы? Рухий жактан начар тамактануу айрымдарды ишениминин мокошуна, ал тургай чындыктан четтеп кетүүгө алып келген (1 Тимофей 1:19; 4:15, 16).
14. Тааныш сыяктанган материалды кылдат окуу эмне үчүн пайдалуу?
14 Биз негизги окууларды мурунтадан эле билебиз, макалаларда болсо жаңы нерселер дайыма эле талкуулана бербейт, ошондуктан үзгүлтүксүз изилдөө жүргүзүү жана жолугушууларга катышуу зарыл деле эмес деп ойлошу мүмкүн айрымдар. Бирок, Ыйык Китепте айтылгандай, биз мурун өтүлгөн нерселердин эске салынып турушуна муктажбыз (Забур 118:95, 99, ЖД; 2 Пётр 3:1; Иуда 5). Жакшы ашпоз бирдей эле азык-түлүктөрдөн даамдуу дүйүм тамак-аштарды жасай алган сыңары, кул тобу берекелүү рухий тамакты түрлөнтүп берип жатат. Мурун көп жолу талкууланган темалардагы макалаларда да аздыр-көптүр өзгөчөлүктөр болот. Биз аларды байкабай калгыбыз келбейт да. Чын-чынына келгенде, окуган нерсебизден канчалык пайда аларыбыз, негизинен, аны изилдөөгө канча убакыт жана күч-аракет жумшаганыбыздан көз каранды.
Окуп-изилдөөнүн рухий пайдасы
15. Ыйык Китепти окуп-изилдөө Кудайдын Сөзүн мыктыраак колдонууга кандайча жардам берет?
15 Ыйык Китепти окуунун жана изилдөөнүн пайдасы арбын. Мисалы, Ыйсанын жолдоочуларына артылган негизги жоопкерчиликтердин бирине ылайык келүүгө, атап айтканда, «абийири таза жана чындык сөзүн туура үйрөтүүчү жумушчу» болууга жардам берет (2 Тимофей 2:15, БМК). Ыйык Китепти канчалык көбүрөөк окуп-изилдесек, акылыбызга Кудайдын ойлору ошончолук көбүрөөк толо берет. Ошондо, Павелге окшоп, Иегованын ой-ниеттери жөнүндөгү кереметтүү чындыкты «ачып, далилдеп», «Жазуулардан окуп, адамдар менен сүйлөшө» алабыз (Расул 17:2, 3). Ошондой эле биздин окутуу жөндөмүбүз жогорулайт, сүйлөгөн сөзүбүз, кеңештерибиз рухий жактан бекемдээрлик болот (Аңгемелер 1:5).
16. Кудай Сөзүн окуп-изилдеп, өзүбүз кандай пайда алабыз?
16 Мындан тышкары, Кудайдын Сөзүн изилдөөгө убакыт бөлүү менен биз жашообузду Иегованын жолдоруна көбүрөөк ылайык келтире алабыз (Забур 24:4; 118:9, 10; Аңгемелер 6:20—23). Аны менен бирге момундук, ишенимдүүлүк жана кубаныч сыяктуу рухий сапаттарыбыз курчуйт (5 Муса 17:19, 20; Аян 1:3). Ыйык Китепти окуп-изилдөөдөн алган билимибизди колдонгонубузда, Кудайдын руху жашообузга көбүрөөк таасир этет да, кылган иштерибиздин баарында рухтун жемиши мол болот (Галатиялыктар 5:22, 23).
17. Ыйык Китепти жекече окуунун жана изилдөөнүн саны менен сапаты кандайча Иегова менен болгон мамилелерибизге таасир этет?
17 Эң негизгиси, башка нерселердин эсебинен Кудайдын Сөзүн окууга жана изилдөөгө убакыт «сатып алуу» Кудай менен болгон мамилебиздин чыңдалышына чоң салым кошот. Павел өз ишенимдештеринин «бардык акылмандуулук жана рухий түшүнүк менен Анын [Кудайдын] каалоосун түшүнүүгө толуп... Теңирге жараша татыктуу мамиле кылып, Ага бардык жагынан жагуусу» тууралуу тиленген (Колоссадагылар 1:9, 10). Ушу сыяктуу, «Теңирге жараша татыктуу мамиле кылуу» үчүн, биз «бардык акылмандуулук жана рухий түшүнүк менен Анын каалоосун түшүнүүгө толушубуз» керек. Демек, Иегованын батасына жана колдоосуна ээ болушубуз көбүнесе Ыйык Китепти жекече окуунун жана изилдөөнүн саны менен сапатынан көз каранды.
18. Ыйсанын Иоанн 17:3тө жазылган сөздөрүнө ылайык иш кылсак, биз кайсы баталарга жетебиз?
18 «Түбөлүк өмүр ошол: Сени, бирден-бир чын Кудайды жана Сен жиберген Ыйса Христосту таанышсын» (Иоанн 17:3). Бул — башкаларга Кудайдын Сөзүн изилдөө маанилүү экенин түшүнүүгө жардам берүү үчүн, Иегованын Күбөлөрү тарабынан эң көп колдонулуучу аяттардын бири. Ырас, Ыйык Китепти жекече изилдөө ар бирибиз үчүн маанилүү. Иегова жана анын Уулу Ыйса Машайык тууралуу билимибизди өстүрсөк гана түбөлүк өмүр сүрүүгө үмүттөнө алабыз. Ойлоп көрсөңөр: Иегова жөнүндө билим алуубуз эч убакта токтобойт, түбөлүктөн түбөлүккө уланат! (Үгүтчү 3:11; Римдиктер 11:33).
[Шилтемелер]
a Күзөт Мунарасы Коому тарабынан чыгарылган.
b Карагыла: «Күзөт мунарасы», «Алар Ыйык Китепти качан окушат жана мындан кандай пайда алышат?» аттуу макала, 1-май, 1995-жыл, 20, 21-беттер, ор.
Кайталоо үчүн суроолор
• Убакытты кандай пайдаланып жатканыбыз эмнени айкындайт?
• Ыйык Китепти окууга жана изилдөөгө эмнелердин эсебинен убакыт «сатып алууга» болот?
• Эмне үчүн рухий жактан тамактанууга көңүл бурушубуз керек?
• Жазманы окуп-изилдөө кандай пайда алып келет?
[26-беттеги сүрөт]
Ыйык Китепти үзгүлтүксүз окуу жана изилдөө «чындык сөзүн туура үйрөтүүгө» жардам берет.
[29-беттеги сүрөт]
Түйшүгү көп турмушта башка иштерди рухий иштер менен тең салмакташтыруу чоң пайда алып келет.